Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Тынчыбаган өлкө туристтерди тартпайт


Июнь айындагы коогалаңдан улам Ошко келген туристтердин саны кескин азайган. Мунун айынан Ош шаарынын бюджети миллион сомго чукул каражаттан кур калгандыгын шаардык туризм бөлүмү ачыктады.

Былтыркы жылы шаар казынасына чет элден келген туристтерден 1 млн. 800 миң сом каражат түшсө, быйыл анын 10 пайызы гана араң түшкөн. Бул аралыкта аймактагы туристтик компаниялардын жарымынан көбү кардарларын жоготкондугу айтылууда.

Сатинай Ибраимова Сулайман-Тоо үңкүр музейинде көп жылдан бери эмгектенет. Ал бир нече жылдык иш тажрыйбасында адамдардын мынчалык аз келгенин быйыл гана кезиктирип отурат. Июндагы окуялардан кийин бул жерге жалаң жоокерлер гана келип турушкан:

- Музейибизге июнь айынан кийин Ошту коргоп жүргөн аскерлер гана келип жатышты. Алардан башка адам келген жок. Алар эми музейге бекер кирген үчүн эч кандай деле каражат түшкөн жок. Бизге чет өлкөдөн 2 миңге жакын турист келчү, алар деле жок. Мына эми эле студенттер шаарга көп келген үчүнбү, же шайлоо жакындап калганынан уламбы адамдар көбөйүп калды. Ошондо деле көп болсо күнүнө 30га жакын киши араң келет.
2009-жылы Ош шаарына чет элдик 19 миң турист келип кеткен.


Ачык асман алдындагы музейге айланган Сулайман-Тоого былтыркы жылы жалпысынан 140 миңден ашуун адам зыярат кылганы келген болсо, быйылкы жылы 9 айдын жыйынтыгында алардын саны араң 40 миңге жеткен. Зыяратчылардын бир нече бөлүгүн түзгөн чет элдик туристтер да кескин азайгандыгын айтат “Сулайман-Тоо” улуттук археологиялык музейдин директорунун орун басары Гүлжамал Темиралиева:

- Сулайман-Тоого кишилердин көп келбей жатканы жакында орун алган окуялардын айынан болуп жатат. Зыяратчылардын санын негизинен жергиликтүү тургундар түзчү эле, азыр эч ким чыкпай, киши жок. Экинчиден, бизге чет элден туристтер көп келчү. Алар болсо таптакыр эле келбей калган. Маселен былтыркы жылы бизге келген чет элдиктердин саны 500 болсо, азыр алардын жарымы да жок.

Гүлжамал Темиралиеванын айтымында, “тополоң күндөрү Сулайман-Тоонун башынан снайпер менен атышкан” деген сөздөр да тоого чыккандардын санын азайтууга түрткү болгон:

- Коогалаң күндөрү Сулайман-Тоодо атуулар болгон деген маалыматтарды угуп, өзүбүздүн эле тургундар чыккандан кооптонуп жатышат. Бирин-серин гана бар.

Ош шаары
Коогалаңдын кесепеттери оор болду


Июндагы коогалаңдын айынан бир эле Сулайман-Тоо эмес, Оштогу бардык туристтик жайлар түшө турган кирешеден кур калган. Ош шаардык мэриясынын туризм бөлүмүнүн жетекчиси Абдрашит Низамиев туристтердин аздыгынан шаардык бюджет миллиондогон кирешеден кол жуугандыгын ачыктады:

- 2009-жылы Ош шаарына чет элдик 19 миң турист келип кеткен. Алар менен иштеген 50 туристтик фирма калаанын казынасына 1 млн. 800 миң сом киреше түшүргөн. Эми өлкөдөгү окуялардын айынан ошол каражаттын 10 пайызы да жок.

Былтыркы жылы Ошто 50дөн ашуун туристтик фирма чет элден келген туристтерди кабыл алса, быйыл алардын ону гана иш алып барууда. Иштеп жаткандары деле жылда келчү кардарларынын 70 пайызын жоготуп алышкан.
Коогалаң күндөрү Сулайман-Тоодо атуулар болгон деген маалыматтарды угуп, өзүбүздүн эле тургундар чыккандан кооптонуп жатышат.


Жылына жүздөгөн туристти кабыл алчу «Мундуз-Турист» компаниясы 2010-жылы 82 тайпа менен 200 туристти кабыл алмак болсо, алардан 10 турист гана Ошко келген. Аталган туристтик компаниянын директору Умаржан Ессиддинов “Кыргызстанда абал тынчыган менен бийлик чет элдик туристтерди ишендирүүдө алсыздык кылган үчүн биз кардарларыбыздан айрылып калдык”, деди “Азаттыкка” курган маегинде:

- Биздин туризм агенттигиби, же министрлигиби коогалаңдан кийин туристтик фирмаларга жардам берген жок. Материалдык болбосо да моралдык колдоо көрсөтсө болмок. Бизге келип “чет элдик өнөктөштөрүңөргө айткыла, туристтерди жөнөтсүн” деп кабар алып койсо болот да. Туристтик фирмалар такыр иштебей калды. Мына эми туристтер көп келчү Сары-Челек, Арсланбап, Кара-Кой, Кара-Шоро, Апшыр-Ата, Апшыр-Сай, Сахаба, Мурдаш, Кожокелен деген сонун жерлерибизге быйыл эч ким барбай калды.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чет элдик туристтик өнөктөштөр менен интернет аркылуу, телефон аркылуу байма-бай байланышып, Ошто абал тынч экендигин жана бул жакка келүү коркунучтуу эмес экендигин тынбай айтып жаткандыгын билдирүүдө. Ошол эле мезгилде аймактагы байкоочулар туристтердин көбөйүшү 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун тынч өтүшүнөн көз каранды экендигин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG