Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:11

Саясат

Ж. Жекшеев: Түштүктөгү калаба алдын-ала даярдалган

Түштүктөгү кандуу окуяларды иликтөө боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев иликтөөлөрдө бул иш алдын ала атайын даярдалганы, куралчан топ бейкапар жаткан кыргыздарга катылып, бүлгүн салганы белгилүү болгонун айтат.

Оштогу тополоң, 12-июнь
Текст көлөмү - +
- Улуттук комиссия 1-августтан бери түштүктөгү кандуу окуялардын себептерин иликтеп жүрөт. Өзүңүздөргө карата элдин, өзгөчө өзбек коомчулугунун ишеничин сезе алдыңыздарбы?

- Бул жерде биздин комиссиянын курамында 4-5 улуттун өкүлдөрү бар. Ошол эле өзбек улутунун белгилүү инсандары, жергиликтүү тургундардан да кошулган. Комиссия ишин абдан ачык мүнөздө жүргүзүүдө. Биз Оштон, Жалал-Абаддан ар бир жетекчини, облус жетекчилерин, шаар мэрлерин, ошондой эле окуяга тиешелүү райондордун, күч органдардынын жетекчилерин чакырып, суракка алдык. Болгон маалыматтардын барын түз маалымдап айтып берүүсүн талап кылдык. Андан тышкары бизге окуя документ катары факты менен жазылып чыккан хронологиясын, саат канчада, кайсы күндөн башталып эмне болгонунун баарын биздин колубузга тапшырышты.
Жыпар Жекшеев Оштун Кызыл-Кыштак айылынын тургундары менен жолугушууда, 5-август.

- Өзбек улутундагы жарандар дагы кайрылып жатабы?

- Мен Жалал-Абадга барганда комиссиянын отурумунда айрым укук коргоочулар айтып жүргөндөй жалаң эле өзбек тектүү жарандар кордук көрүп атса эмне үчүн алар бизге кайрылбай жатканын айттым. Анткени биз Ошто комиссия иштеп жатканын бардык тараптар аркылуу жарыялаганбыз. Бирок өзбек улутундагылардан эч ким келип кайрылган жок. Мен бул сөздү айтарым менен бир өзбек аксакалды алып келе калышты. Ал киши менен мен аңгемелешсем эч кандай кордук көргөнүн далидеп айта албайт. Муну менен кыргыз тарап гана жабыр чекти деп айткым келбейт, эки тараптан тең жабыр чегишти.

- Иликтөө учурунда аскер техникасы, курал-жарак элдин колуна өтүп кеткени тууралуу далилдерди таба алдыңыздарбы?

- Эч куралы жок кыргыз тарапка куралданып алган өзбек тектүү топ 10-июнь күнү түн ичинде уктап аткан жеринен кол салып, кыргыздарга кыргын салган. Анан куралсыз кыргыздар аргасыздан аскер бөлүктөрүндөгү аскерлердин, кээ бир милиция кызматкерлеринин куралдарын тартып алган фактылар бар.

- Кечээ эл аралык Хюман Райтс Уотч уюму түштүктөгү окуялар боюнча баяндамасында кыргыз өкмөтү өзбектерге каршы чабуулдарды колдогон дегендей тыянагын жарыялады. Ошондой эле Улуттук комиссиянын иши айрым катачылыктар менен коштолуп жатканы белгилеген. Кандай катачылыктар туурасында сөз болуп жатат?

- Мен таң калам, алардын өкүлдөрү биздин арабызда жүрбөсө, биз кандай иштеп атканыбызды көрбөсө, биздин арабыздагы укук коргоочулар улам бир маалымат берип эле алган тыйынын актап атышат деп мен ачык эле айтам. Эч кандай андай факты болгон жок. Биз барыбыз тең иштеп аттык, комиссиянын мүчөлөрү чогуу, бөлүнүп алып иштесек да бир жөн, анын ичинде ар кайсы улуттардын өкүлдөрү баарыбыз тең чогуу, ачык иштеп аттык. Анан ал жерде туура эмес кандай иштер жүргүзүлөт? Бул жөн гана базар ушагы.

- Улуттук комиссия 10-сентябрга чейин корутунду чыгарат экен. Комиссия адилеттүүлүккө жетет деп ишенесизби?

- Мен комиссиядагы 35 кишинин атынан жооп бералбайм албетте. Бул жерде ар кандай талаш-тартыш болушу толук мүмкүн. Бирок чындыгында комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү окуя ким тарабынан, кандай башталганына ынанышты. Маселен өзбектер буга көп жылдан бери даярданып, куралданып, ал эмес үйлөрдүн үстүнө «SOS» деген тамгаларды өзгөчө аябай кымбат турган боёк менен жазып даярданышкан.

- Иликтөө иштери башталаардын алдында эл аралык эксперттер менен да иштешебиз деген маалымат тарады эле. Кимдер менен иштешип жатасыздар?

- Ошол эле эл аралык комиссия менен кызматташып иштешебиз деген убадасын биздин комиссиянын төрагасы катары Абдыганы Эркебаев берген экен.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: БОРООН каяктан: ЭЛ Аман
19.08.2010 18:47
Жекшеев аргументтуу акыйкат суйлогон беделдуу инсан жана коогаландын себебин так дааана белгилеген!Жогоруда аты аталган,деген улутчул –сепаратистер,саясий сокурлугу болсо, да ашынган улутчулдугу- амбициясы башынын -чачыннан ашып озбекти да кыргызды да канга бойоп,качып кетишти,Комиссия бул сепаратистер кайсыл булактан коогаланды акча каражат ,курал жарак менен камсыздаганын аныктаганга,активдуу уюштуруучуларын жогорудагы башчыларына кошуп аныктаса,Негиздуу ,комиссия акыйкат сунушун берсе Эле чон ишти Кыргыз элине жасаган болот эле.Ошондо калган кылмышкерлерди табууу жоопкерчиликке тартуу ,куч МВД,СНБ жана Сот -прокуратура кучу менен бул кандуу кагылышты атайын уюштургандарды жазалаганга урунтуктуу негиз болуп берет эле,ощондой эле улутчул-сепаратистерге -сырткы кучторго да Кыргыз Эли ,Бийлиги оз-ЭЛ _Жерин коргой алаарын бышыктаарын корсотот эле дунуйого!Комиссия документтештирип куру созун бышыктаса жанжалдын жабыркагандар да ырхматын айтып,Бул маселеге Укуктук-адамдык –акыйкат баа берилсе жакшы болот эле!Бул ишти Эркебаев чечкиндуу кадам жасап,Элди Тынчтандырып жардамы тийсе деген тилектебиз!

кимден: ОБСЕнин котормочусу каяктан: Тишландия
19.08.2010 08:30
2005 жылы мен ОБСЕин байкоочулары менен колдо иштегем. Бакиев анда де факто президент болуп калган. Бир кызыкты айтайын. Чолпо-Атада(кинотеатр го дейм, эсимде жок) президенттикке талапкерлер суйлоп элдин астында оздорунун келечекке болгон коз карашын айтып жатышты. Мен которуп аттым. Бакиев ошондо эч бир жыйнга катышкан эмес. Азыркы СНБнын торагасы Дюйшобаев кыргызча суйлоп атса бир орус тура калып "а почему вы горовире на киргизком? я вас не понимаю! я ухожу!" деп зоокурлонуп киргенде Дюйшобаев "мен программамды биринчи кыргыз тилинде, андан кийин орусча айтам" деген. Залда отургандардын 80 пайызы кыргыздар эле. Анан бир маалда Турсунбай Бакир уулу чыкканда свет очуп калды(атайын эле очуруп салышты деген соз тарап кетти). Бакир уулу кыйын киши экен карангыда элге суйлоп берди, бирок эл тарап чыга баштады. Мен ошондо ага баа бергем. Байкоочулар мага "Ай Х, кетели, бизге тушугуктуу" деп мени алып кетишти. Жыпар Жекшеев менен мен ошондо таанышкам. Дурус, токтоо, здравомыслящий инсандай корунгон. Мен котормочу болуп бир топ иштедим, адамдын козунон, суйлогон созунон, мимикасынан билем кандай экенин. Колдун кайсы бир жеринен унаа менен кетип баратканда ага кол салуу болптур. Шоферу кыйын жигит экен сактап калыптыр. Мен бул адамдын макалада айткан создоруно ишенем. Бул менин жеке пикирим. Рахмат

кимден: иса каяктан: ош
18.08.2010 11:07
урматтуу жыпар жекшеев сиз туура айтыныз ушул убакка чейин сизгеокшоп эч ким чындыкты айткан жок сизге ыраазыбыз. озбектер мурунтан даярданышкан булар согуш болуп атса кимин эсине келди дейсиз сос деп жасыш озбектердин баарынын уйундо ошолор жашаган жолдо сос деген жазуу аа бечара кыргыздар жазганга да улгургон жок

кимден: Эмил
18.08.2010 08:14
озбектер буга коптон бери даярданган деген чын чыкты! ушинтип чындыкты сыртка чыгаргылачы антпесе бизди жаман коруп атышат. рахмат сизге

кимден: kolduk kyz
18.08.2010 07:32
Ubakyt bardygyn orduna koet degen chyn, myna chyndyktyn cheti chyga bashtady, kee biroo uchun achuu chyndyk.

кимден: Бактыгул
18.08.2010 03:39
Жыпар Жекшеев менин билишимче туура,туз адам.

кимден: Бактыгул
18.08.2010 03:37
Мен тушуно алган жокмун HRW тун ичинде Кыргызстандык эксперттер жокпу же тескерисинче.Эмне себептен эки башка жыйынтык чыгып жатат. Окуя бир,чыккан жыйынтык эки. Бироосу озбектерге жан тарткандай,экинчиси кыргыздарга жан тарткандай. Бул жерде эч кимге жан тартып кереги жок,окуя кандай болсо ошондой гана чагылдырылышы жана изилдениши керек.Албетте,коз караштар ар башка боло билер бирок бир чындык бар да.

кимден: Ырысбек каяктан: Бишкек
17.08.2010 19:18
Азамат Ж.ЖЕКШЕЕВ мырза. Теренирээк изилденер. Чындыкты айтууну азыркы чиновниктерге да уйротуп койсонуз.

кимден: таш каяктан: тоо
17.08.2010 19:18
Чырды кимдин баштаганы мындан артык белгилүү эле болду го дейм. ӨИК (Өзбекистан Ислам Кыймылы) бул коогалаңда башкы ролду ойногону маалым. Каримов эмне себептен бул ишке кийлигишкен жок? Ал билген да бул иштин артында кимдер турганын. Каримов үчүн алар душман болуп эсептелгендиктен, ал да алардын жок болуусун каалайт.
Өзгөчө Ош жана Жалал-Абад аймактарында радикалдуу мүнөздөгү адамдар (ӨИКнын мүчөлөрү ж. б.) аябай эле көп. Мусулман атын булгагандар да ошолор болуп атпайбы. Ичибизден аларды тазалашыбыз керек. Алар арабыздагы чириктер болуп эсептелет. Эгер алардан өзүбүздү тазалабасак, анда бизди да өздөрүнө кошуп чиритет.
Мамлекет үчүн колубуздан келген жардамды берейли. УККга бул тууралуу маалыматтар болсо дароо эле жеткирсек, алар да эле менен күчүндө да, элибиз, жерибиз үчүн өз салымыбызды кошкон болот элек. Бул ишти саткындык деп эсептебөө керек. Андай адамдар эч нерсеге арзыбайт. Ошондуктан өз келечегибиз үчүн мекенибизге колубуздан келген жардамыбызды берейли. Убайын биз көрбөсөк да, бизден кийинкилер көрсүн. Бизден мурункулар ушул жерге чейин алып келди, эми мындан ары улантуу биздин колубузда!

кимден: Таза Кыргызстаным учун каяктан: Башымды Бийик котором
17.08.2010 18:11
Кылгылыкты кылып алып уайдоттун не кереги бар.
Ошодон коро ата-энесинин,уйбуло-балачаксынын алдында ысык чай ичип отурганга не жетсин. Оздорунон корушсун.
Соз болуп атканда (эл ичинде) оздорунчо кой жаман болот деп каршы чыкканда ушундай окуя болмок эмес. АТИҢ
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине