Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Эркиндик

Ош: Боорукердикке муктаж «Боорукердиктин» балдары

Жарыяланган учуру: 24.10.2009

Ош шаар бийлиги “Боорукердик” үй интернатынын тарбиячылары балдарды уруп-сабаган жана карыларга орой мамиле жасагандыгы үчүн интернаттын кызматкерлерин айыптап, директорун кызматынан четтетти.

Оштогу “Боорукердик” үй интернатында күн кечирген карылардын даттануусун териштирген атайын коммисия, аталган интернаттагы бир канча үрөй учурган фактыларды ашкере кылды.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Жазгүл Масалиева, интернаттын тарбиячылары карыларга орой мамиле жасаганы аз келгенсип, балдарга күч колдонууга чейин барышканын белгилөөдө:

- “Боорукердик” үй интернатында бир канча фактылардын бети ачылды. Мисалы, тарбиячылар ал жердеги балдарга күч колдонушкан. Муну интернаттын тарбиячысы Мамырова өзү дагы түшүнүк катында мойнуна алып, аны балдарды тарбиялоонун ыкмасы катары көрсөткөн.

Масалиеванын айтымында, эми “Боорукердик” үйүндөгү тарбиячылардын жоругун шаардык прокуратура иликтейт. Мындан сырткары шаар бийлиги үй интернаттын жетекчилигин мекемеде санитардык абалдын өтө начардыгын, тарбиялануучуларды жыл бою медициналык кароодон өткөрбөгөнүн жана карыларга жасаган орой мамилесин айыптап жатышат. Бирок аталган интернаттын тарбиячылары мындай дооматка макул эмес. Тарбиячы Гүлжан Мамырова:

- Бул жерде урат деген туура эмес. Биз ар дайым балдарды жакшы болсун деп, жакшы сөздөрдү айтабыз. Эгерде балдар чектен чыгып, туура эмес нерселерди жасаса, анда биз аларды жазалайбыз. Жазалоо – бул бөлмөлөрдү жыйна, коридорду жуу, идиштерди жуу, эшикти шыпыр деген гана нерсе.
Интернат жетекчилигине нааразы болуп шаар бийлигине даттанган 68 жаштагы Жолдош аксакал, бир топ убакыттан бери интернаттын жанында торпок багып, отун жарып иштеп жүргөнүн айтат:

- Мен эми мага айлык акыны аз берип койгон үчүн эле мэрияга кайрылгам. Кар күрөчүмүн, отун даярдачумун, ага карабай жазга маал бир бука жетелеп келди, анысын жайы менен бактым.

“Боорукердик” үй интернатында Жолдош аксакал сыяктуу 25 кары-картаңдар, отузга чукул кароосуз балдар тарбияланат. Бирок бул жердеги тестиерлер, тарбиячыларынын колунан анча-мынча таяк жегенине да кайыл, сырттан барган чоочундарга интернаттын жашоосун сөзсүз мыкты деп айтышат.

- Эч качан катуу урбайт. Өтө жаман нерсе жасап койсок кээде уруп койот. Башыңа бир чабат. Кол менен бир нерсе кылган болсоң колуна урат, бут менен бир нерсе жасасаң бутуна урат. Бирок биз аларга анча-мынча жардам да беребиз, бөлмөлөрдү тазалап, суу десе суу алып келип беребиз.

Ошентип “Боорукердик” үйүндөгү тарбиячылардын кароосуз балдарга көрсөткөн зордук-зомбулугун, алардын өтө начар шартта жашап жатышканын тиешелүү кызматтар иликтеп, жыйынтыгын жергиликтүү басылмаларга да жарыялап жиберишти. Бирок аталган интернаттын директору Бүбүсара Таштанова, аны шаар бийлиги негизсиз каралап жатканын айтып, коммисиянын ишин “атайын буйрук” деп баалады.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
     
Пикир
кимден: GYLSANA каяктан: iTALIA
27.10.2009 14:22
"Boorukerdiktin"baldari jana urmattuu karialari ech kachan biroonynda kolunan sokku albashtari kerek!!!"Eger alar Boorukerler yiynon sokku alip jaman ahvalda jashap jatishsa anda emne ychyn "boorukerdiktin baldari jana karialari"- dep atalishat?!Anda andai at alara takir jarashpai kalat!!!Boorukerler yiyndo birgana booruker jana ishtin metodun jakshi bilgen adamdar ishteshteri kerek!Eger baldar tuura emes bir ish kilip koiso kechirendida bilish kerek anan urbai sokpoi ozyncho bir jakshi psihologicheskij metod menen tarbialagandi bilish kerek..Anan jalpisinan Kirgiztanda kobyrook "Booruker" yilory achilsa koptogon kijinchilikta jashagan adamdar, kochodo jyrgon bechara baldar orun alishat
ele.Alarga ak niet menen jardam bere turgan uiumdarda chigat ele degen oidomun.Men jonokoi kirgizdin kizimin,biroolordy mindai kilgila tigindei kilgila dep aitkanga akim jok,birgana oi pikirimdi jazdim,al emi menim oi pikirimdei pikirdi birtop ele el aita alishat degen oidomun...
Salamim menen Gylsana

кимден: Айганыш каяктан: Ош
26.10.2009 17:40
"Жаңы шыпыргы, жаныча шыпырат", (Новая метла, метет по новому)
"Боорукердиктин" иштеп жатканына 1 жыл болгон жок. Эмне үчүн ушул күнгө чейин баардыгы ойдогудай болуп, кары-картаңдар деле,балдар деле жакшы жашап жатабыз деп жүрүшүп эле, эми башкача боло баштады. Жаңы шаар башчы келгенден кийин өзүнө команда түзүп, көп жерлердин жетекчилерин алмаштырды. "Боорукердик" дагы бирөөнү кызыктырып калды көрүнөт. Ал жердеги карыялар бекер отурбайлы деп өз ыктыярлары менен чарбачылык кылып жатышкан. Орус кемпирлер тоок, өрдөктөрдү карашып, абышкалар кой кайтарганын көрүп жүрөм.Бирок алар кайра эле өздөрүнүн тамак-ашына сарпталат да. Балдар туура эмес иш кылса аларды сөзсүз түрдө жазалаш керек. Өзүбүздүн балдарды деле урушабыз, керек болсо урабыз го. Балдарды жөн койсо, алар билгенин жасап,эч кимдин сөзүн укпай да коюшат.
Ошондуктан "кумурсканы төө кылыш" кимгедир керек. "Боорукердикке" жаңы жетекчи келсе эмне өзгөрөөрүн көрө жатарбыз.
     
Текст көлөмү - +

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)