Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Элүүбай Отунчиев: Шайлоо комиссияларын жалаң бийлик партиясы ээлеп алды


-Элүүбай мырза, астыда шайлоо жакындап келе жатат. Бириккен элдик кыймылдан президентикке көрсөтүлгөн талапкер Атамбаевди колдоп иш алып барып жатасыңар. Жергиликтүү бийлик тараптан тоскоолдуктар болгон жокпу?

-Жергиликтүү бийлик тараптан тоскоолдуктар абдан көп болду! Эң биринчи тоскоолдук айыл өкмөттөрү, акимдер, губернатор баш болуп шайлоого чейин эле бир ай, эки ай мурда ишти баштап, шайлоо комиссияларына өздөрүн жактаган партиялардан, айылдарда иштеген китепканачыларды, мугалимдерди, айыл өкмөттө иштеген ар кандай кызматтагы адамдарды киргизип толуктап, ал эми оппозициядагы партияларга 28 участкадан бир гана орун берди. Ушунун өзү бийлик тараптан мыйзам бузууну айгинелейт.

-Ал жакка чучукулак кармап киргизчи эле го, ага катышкан жоксуңарбы?

-Чучукулак кармоого катыштык, катышкан менен ошонун алдында биз 28 участкадан ар биринен көрсөтүлгөн талапкерлерибизди ар кандай шылтоолор менен тигинин справкасы жок экен, тигини мындайы жок экен деп, болоор- болбос техникалык каталар менен 10 кана кишини киргизип ошол он кишинин ичинен бир гана кишини көрсөттү. Айрым талапкерлердин аркасынан киши салып, коркутуп- үркүтүп баш тарттырууга чейин барышты. Мисалы, Чимкент айылынан эки кишини, Бакыян айылынан, Жоон-Дөбөдөн биздин комиссияга кирген кишилерди кайра баш тартууга аргасыз кылдырышты.

-Алар жазбай койсо деле болмок да???

-Алардын айрымдарынын бир себептери бар экен да. Мисалы, бир кишинин кандайдыр бир айып иштери болсо ошону таап алып, аларга андай кылабыз мындай кылабыз дегендеринен коркуп, кээ бири кызматтарынан коркуп, ошол себептерден баш тартып жатышат да.

-Демек канча шайлоо участкаларда көзөмөл начар болот?

-Бардык участкаларда көзөмөл болот, бирок биздин шайлоо комиссиясынын ичине баягы кеңеш берүүчү добуш берүү укугу менен ар бирине бирден киргизүүнү аракет кылып жатабыз. Байкоочулар ишенимдүү адамдар болот. Бирок комиссиянын ичинде биз тараптан аз болуп жатат да.

-Бийлик тараптан алдын ала бюллетендер даярдалып калган деген сөздөр калк арасында айтылып жатат, сиз ошого ишенесизби?

-Мен ал сөздөргө ишенбейм! Бирок ошондой сөздөр чыгып жатат. Эгер андайлар байкалса биздин ишенимдүү адамдар алар жөнүндө акты жазып, сүрөтүн тартып текшерип, ошону далил катары ошол ишти ашкере койгонго аракет кылабыз.

-Кара-Буурада учурунда Куловду колдоп митинг уюштуруп,ал эми жакында Текебаевди курал жарак менен кармап, жумуртка ыргыткандар да болду. Кара-буура жеринде шайлоо кандай өтөт деген ойдосуз?

-Кара-Буура жеринде Атамбаев келгенде эмес, Текебаев келгенде ошондой көрүнүштөр болгон. Ошондой болбош үчүн шайлоо учурунда Атамбаевдин республикалык штабынан кат алып келип акимге тапшырдым мен. Ошол катта ушул шайлоону таза акыйкат өткөрүүгө аракет кылыңыздар деген сураныч- өтүнүч болду. Эгер добушту уурдай турган болсоңор, аркасы жаман чатакка айланып кетиши мүмкүн. Эгер Кыргызстандын биримдигин кааласаңар, Кыргызстандын келечегин кааласаңар, элди өзүнүн жайына койгула. Эл кимди шайласа - ошону шайласын. Мына ошондой талап койдук, ошол алап менен турабыз. Эгерде шайлоо күнү тоскоолдуктар болсо эл өзүнүн добушун өзү коргоп калууга даяр.

-А сизди бийлик чакырып, Элүүбай аксакал мындай кылалы, андай кылалы деген сөздөр болдубу?

-Жок, андай болгон жок анткени мен көп жылдардан бери оппозицияда жүргөнүмдү билет. Менин принциптүүлүгүмдү билет. Ошондуктан мага тоскоолдук кылгандары жок, азырынча жакшы эле иштеп жаабыз.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG