Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:07

Саясат

Элдик курултай элдик бийликти калыбына келтирүүнү сунуштады

Бишкектеги «Медиа-форум» комплексинин алдында саат 11де башталган оппозициялык күчтөрдүн Элдик курултайы саат үчтөн өтүп аяктады. Курултай соңунда кабыл алынган чечимде 7 пункттан турган талаптар коюлду. Эгерде бул талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса, анда жер-жерлерде курултайларды өткөрүп, элдик бийликти калыбына келтирүү сунушталды.

Бишкектеги Элдик курултай, 2010-жылдын 17-марты.
Текст көлөмү - +
Жыйынга чогулган беш миңдей адам “Үй-бүлөлүк башкарууга жол жок!”, “Исмаил Исаковго боштондук!”, “Бүлекбаев, Аргымбаев, Рыскуловго боштондук!”, “Гуревичти сотко!” “Азаттыкка азаттык!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Элдик курултайды БЭКтин лидерлеринин бири Эмил Каптагаев ачты. Ал 2002-жылы 17-мартта Аксы районунун Бозпиек айылында адамдардын атылышын эскерип, ал окуяга тиешеси барлар жазасын албай отурганын белгиледи. Андан соң Аксы окуясынын курмандыктары эскерилип, куран окулду жана асманга кара шарлар учурулду.
Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү

Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы жана СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева курултайдагы сөзүндө бийликти кескин сынга алды. Ал президент К.Бакиев бийликти узурпациялап жатканын, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүп, өзүнүн баласын бийликке алып келгенин, күнөөсүз адамдарды куугунтуктап, камап жатканын белгиледи. Ал ошондой Евгений Гуревич жаңжалын айтып, Бакиевдин финансылык кеңешчиси Италия мафиясынын мүчөсү болуп чыкканын атады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы өзүнүн сөзүндө президенттин саясатын кескин сынга алып, Кыргызстандын экономикасы бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына иштеп жатканын, өлкөдө мафиялык бийлик орногонун, аны таза күрөш менен жеңүүгө ишеничи бар экенин айтты.

Айтбай Жээналиев
Генерал Исмаил Исаковду эркиндикке чыгаруу боюнча Алайдагы комитеттин төрагасы Айтбай Жээналиев генерал Исаковдун ак жеринен камалып отурганын айтып, "ак адамды камаган бийлик - бийлик эмес" деп атады. Ал ошондой эле Исаковду бошотуу талабы менен акциялардын уюштуруучулары куугунтукка алынып жатканын белгиледи. Жээналиевдин айтымында, бул бийликти кетирмейин өлкөдө жакшылык болбойт. "Ал эми абакта отурган генерал Исмаил Исаковдун башынан тал чачы түшсө, ага Курманбек Бакиев жооп берет", - деди Жээналиев.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев 23-мартта Ынтымак курултайы ачылган күнү Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдында мэриянын уруксат бербегенине карабай митинг болоорун билдирди. Анда беш талап коюлуп, аларды аткаруу президентке жолдонмокчу. Ал талаптардын ичинде тарифтерди ордуна кайтаруу, мамлекеттик ири ишканаларды сатууну, саясий куугунтукту токтотуу бар.

Ал эми БЭКтин лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев нааразылык акцияларды күчөтүүгө чакырып, азыркы бийликти кетирүүгө, уурдалган мүлктөрдү кайтарууга үндөдү. Ал ошондой эле Элдик курултайдын чечимдерин аткаруу комитетин түзүүнү сунуштады

Курултайга өлкөнүн жети облусунан да өкүлдөр келишип, жер-жерлердеги кырдаал боюнча сөз сүйлөштү.

Курултай соңунда кабыл алынган чечимде тарифтерди калыбына келтирүү, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектрону” мамлекетке кайтаруу, И. Исаков жана башка саясий себептен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, президенттин бир туугандарын бийликтен алуу, Бакиевдердин финансылык кеңешчиси Гуревичтин ишин текшерүү үчүн оппозиция өкүлдөрү кирген комиссия түзүү, сөз эркиндигин, “Азаттыктын” өлкө боюнча уктурулуусун камсыздоо талаптары коюлду. Эгерде бул талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса, анда жер-жерлерде курултайларды өткөрүп, элдик бийликти калыбына келтирүү сунушталды. Элдик курултайдын катышуучулары бул чечимди бир добуштан кабыл алды. Чечимдерди турмушка ашыруу үчүн Роза Отунбаева башында турган аткаруу уюму түзүлдү.

Уюштуруучулар курултайга 5-6 миңдин тегерегиндеги эл келгенин, ИИМ болсо ага 1300-1500дөй эл катышканын айтса, көз карандысыз байкоочулар элдик жыйынга 5 миңдей эл чогулганын билдиришти.

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.03.2010 02:34
TEKEBAEV MENEN TOPCHUBEK TURGUNALIEV
palitik emes artis bolup ishtesener ordunardy tapmak ekensiner
monolog deklomasialardy jakshy aitat okshoisunar chamasy

bugunku ajolorgo airykcha opozitsia
eldi dulukturgondu toktotkula
seravno kim kelse da zaman ozgorboit poka
opur topurda adam olup ketpesin ili grajdandyk sogush chygaryp jiberbegile
tursunbai bakir uluu menen temir sarievtin ele sozu salmaktuudai
beknazarov uialsa unchukpai ele jurso bolot ele
aksy okuiasyn aityp koiosunar dagy

кимден: Maratix каяктан: TR-BATKEN
25.03.2010 13:51
Аргасыздан оппозиция колдойм бирок анын да колунан эч нерсе келбейт деп ойлойм. Бакыйыпты тонкоргондо деле ордуна ким келет Текебаевби, Анын адилеттүүлүк менен иштешин ким кепилдик бере алат. Кепилине деле ишенбейм, кыз маалында баары жакшы жаман катын кайдан чыгат болот. Макул аны ажо кылалы, ал болбой калса Темир Сариев ал да болбой калганда Роза эже. Ушинтип алмаштыра берели. А бирок орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Бизге жаш лидер керек анын чыгышына али бар, болгону ошого дейре кыргызстанды жеп бүтүрүшпөсө деген тилектемин. Анын үчүн да аргасыздан оппозицияны колдойбуз. Бакиев деле убагында элдин мүдөөсү менен келген. Бизге башка президент эмес, конкреттүү план керек, туңгуюктан чыкканга шоола керек, жол керек, оппозисиянын Бакыйып бийликке келгенде деле эч кандай планы болгон эмес азыр да жок. Башкысы кыргыз эли эмне үчүн жашап атат айткылачы мамлекетибиздин улуттук идеологиясы эмне? Бизден артта делген тажиктер деле рогун гесин өздөрү кура баштады а бизчи? Кайран кыргызым, боордош казагын да боорго тепкенининин жалгыз себеби да шалаакы саясат кылып атышат бийлик, Казак-Кыргыз бир туугандыгы 2 президенттин мамилеси менен чектелгис чоң, а бирок ким болбосун дайым өз өлкөсүнүн кызыкчылын ойлойт. Коңшулар менен жакшы мамиледе болуу керек. Ажобуз ушул 5 жыл ичинде канча жолу башка мамлекетке зияратка барды. Акаев убагында 91-05 жылдары арасында бир да жолу өзбек президенти Каримов менен көрүшкөн эмес деп билем. Кыргыз-казак бир тууган өзбектерди ким тууган деп куру кыйкырыктын кереги жок, өзбек да жат эмес аны менен да жакын болуу керек, БИРОК эч ким УЛУУ КЫРГЫЗ элинин кызыкчылыгынан өйдө боло албайт. Туура саясат жүргүзө алуу керек а биздики шалаакы саясат үйдө баатыр жоодо жок. Андыктан аргасыздан оппозисияны колдошубуз керек.

кимден: куттуубек каяктан: Москва
23.03.2010 22:45
татыктуу призидент качан турат мен ишене алалбай калдым кандай гана болбосун таза бийлик болушун каалайм кыргызстандан кабар алсам жүрөгүм дүрт этет

кимден: Тургунбай каяктан: Ош
21.03.2010 16:29
Али менен мени кызматтуу кылгысы келген Алатоолук мекендешиме:
Мен кошоматчы эмесмин! Оз ою, турмуштук коз карашы бар кишимин. Кызматым да бар. Кун сайын 5 маал намаз окуп, кыргыз-мусулман бир туугандарыма дуба багыштап, Президентиме ынсап тилеп, Атажуртума кызмат кылып келем... Дубанын касиети, керемети сонун. Колунуз, унунуз жетпеген жерге дуба жеткирет. Президентти каргай бербей ага ынсап тилейли. Кудай ынсап берсин! Президентке да, Текебаевге да, баарыбызга Кудай ынсап берсин! Бири-бирибизди душман санабай чогуу бололу! "Душмандардын арам оюн ондо, планын буз!" деп Жаратканга дуба кылалы! Жан дуйнобуздун абалы чатак экенин баарыбыз журок тупкурунон сезип эле турабыз. Бирибиз американын, бирибиз россиянын, дагы бирибиз кытайдын же, пакистандын мээси менен ой-жугуртуп алакандай кыргызды алтымышка болуп салбадыкпы. Арыбызга келели!!! Кантип дейсизби?! Дуба кылып!!! Жакшылыктарга дуба кылып!!! Аталарыбыз "Бата менен эр (Эл) когорот" деп бекеринен айткан эмес чыгар.

кимден: патриот каяктан: Бишкек
21.03.2010 00:12
Мен оз эли жерин суйгон адам катары, кээ бир пикирлерди окуп олтуруп, оз пикиримди жазбай коё албадым. Ариде адам оз абийрине таянып иш кылат эмеспи. Кандай пикир айтса ар кимдин оз эрки дечи бирок, каратып туруп калп айткан бийликти колдоп жаткан пикирлештерге акылым айран. Ар нерсенин чеги болот, кошоматчылыктын да. Алды артына карабай эл ырыскысын саткан бийликтин кантип, кайсыл эс акыл менен колдойсун достум ? Ар-намысыбызга качан келебиз достум ? Катуу тийсе капаланба достум.

кимден: Айта албайм каяктан: Ала Тоо
20.03.2010 20:43
Оштон Тургунбай акага! Сиз фамилиянызды, дарегинизди так айтсаныз. Бакиев сизге жакшы кызмат берет деп терен ишенем. Айтмакчы, мен кечирим сурасам, мага деле кызмат берет. Бирок абийиримди кызматка алмаштыргым келбейт.

кимден: Касымов Нурбек каяктан: Бишкек
20.03.2010 16:35
Тукем туура айтат! Эмоцияга берилбей ак-караны туура баалашыбыз керек. Бийликтегилерди беш жыл мурдагылар менен салыштырып болбойт. Бир акылман "кайсы бир маселени чечуу учун чечим кабыл алынмайынча ал иш ката бойдон катып тура берет" деген экен. Азыркы бийлик реалдуу чараларды, эрктуу кадамдарды жасап жатканын баалашыбыз керек. Буга да саясий эрк, моралдык дух керек. Салабаттуу Чечимдердин кабыл алынып жатканына кубанышыбыз керек. Акаевге окшоп ар бир туйундуу маселени жымсалдап, шокоттоп, элге жек корунуп калбайын деп коркуп, улам эртенки кунго жылдырып, жылымылык саясат жургузуунун одуна чечкиндуу кадамдары жасап жатканы жакшы нерсе.

кимден: АЛИ каяктан: БИШКЕК
20.03.2010 01:32
ТУРГУНБАЙГА ОКШОГОН КОШОМАТЧЫЛАР КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДУШМАНЫ!!!

кимден: Айгерим Мурзакасымова каяктан: Россия
19.03.2010 23:27
Бийлик калыс болбосо эл нааразы болуп чындык учун чыккандары эрдик. Бирок кайсыл эр азамат ошол элге чын дилинен кызмат кылып кыйналган элге куйор ата уулу корунду, кеп ошондо.

кимден: Тургунбай каяктан: Ош
19.03.2010 16:18
Менин коз карашыма кайдыгер карабаган Азамат менен Раткумга рахмат! Форум деген Азаттыктын окурмандарынын денгээлин баалай турган тузум эмес деп эсептеймин. Эптеп сындоо учун жеке денгээлге асылбай коз караштарыбызды жаза берели, туугандар. Калганын окурман озу баалап-ченеп алат. Сиздин да, менин да оюмду озгортпостон бат-бат чагылдырып жаткан Азаттыкка таазим.
Ал эми Текебаевчилерге нараазы пикирим дагы деле озгорбойт. Ал киши жана ал кишини жактаган кишилер Кыргызстаныбызга эмне иш кылып берди. Созсуз бийлик болсо гана атажуртка кызмат кылып, бийлик болбосо бут тосо бериш керекпи? Бийликсиз деле бир топ атуулдар окмоттук эмес уюмдары аркылуу кзмат кылып жатышат. Адам пейилинен табат... Ал киши пейилин ондобосо созсуз (!) жамы журттун убалына орттонот. Чыныгы лидер болсо эмнеге Президенттик шайлоого катышып, кубатын сынабады? Мейли шайлоого ишенбеди дейли, а эмнеге азыркы бийликтин программасына каршы оз прораммасын сунуштай албай жатат. Турмуш койгойлорун отуз жылдан бери саясатта жургон Текебаев гана эмес, саясаттын "С"сын да тушунбогон айылдагы дыйкандар да санап бере берет. Кептин баары кырдаалдан чыгуунун айласын табууда болуп жатпайбы? Айласын качан гана Ажо болгондо жарыялаймын деп ичи тардык кылбай чыныгы патриот болсо азыр деле жар сала бербейби. Агуйдон башка жерде да эч кимге милдет кылбай, тошун какпай эле Атажуртка кызмат кылып жаткандар толтура. Кыскасы, чыныгы патриот ооз коптуруп сын айткандар эмес, жалпы коомго таза жолду корсоткондор деп эсептеймин.
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук