Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:07

Кыргызстан

БЭК Ынтымак Курултайына эмес, Элдик Курултайга барат

Ишембиде БЭКтин Улуттук Кеңеши жыйын курду. Анда Бириккен оппозиция өлкөнүн коомдук-саясий, экономикалык абалына баа берип, алдыдагы иш-пландарын тактады. БЭК Элдик Курултай өткөрүү жана Ынтымак Курултайына катышпоо чечимине келди.

Текст көлөмү - +
Бириккен элдик кыймылдын Улуттук Кеңеши президенттик шайлоодон кийин алгачкы ирет чогулуп отурат. Мындай зарылдык учурдагы саясий кырдаалга байланыштырылды.

БЭКтин лидерлеринин ичинен мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун жагдайы, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган Аскер Сотунун аракеттери боюнча адвокат Азимбек Бекназаровдун маалыматы угулду. Исмаил Исаковдон тышкары камакта отургандыгына байланыштуу отурумга Аликбек Жекшенкулов (үй камагында), Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Улан Рыскулов катышкан жок. Дагы эки мүчө - социал-демократтар Бакыт Бешимов менен Кубанычбек Кадыров чет өлкөгө баш калкалап кетишкен.

Улуттук Кеңештин отурумда негизги баяндама жасаган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мамлекет саясий, экономикалык, руханий кризиске кириптер болду деп, муну азыркы бийликтин мыйзамга үстөмдүк кылуу, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу, коррупциялашуу көрүнүштөрү менен негиздеди. Саясатчынын баамында, азыркы бийлик экономиканы улуттун кызыкчылыгына эмес, чет элдик компаниялардын кызыкчылыгына буруп, менчиктештирип, сатып атат:


- Максим Бакиев башкарган агенттик Кыргызстандын бардык тармагын, анын ичинде бечара пенсионерлердин пенсия фондун да башкарабыз, ошондон пайда көрөбүз деп аракет кылып жатат, - деген оппозиция лидери Кыргызстандагы жагдайды мыйзам чегиндеги өжөр күрөш аркылуу жөнгө салууну каалайт:

- Өтө татаал схема түзүлдү. Саясий система мыйзам иштебегендиктен шал болду. Экономикабыз, каржыбыз жарга келип такалды.

Текебаев ушундай шартта президент Курманбек Бакиев башында турган азыркы бийлик анын саясатын эл колдойт деген маанайды түзүү максатында Ынтымак курултайын ойлоп тапты деди.

Оппозиция мындай курултайдан мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына төп келе турган майнап чыгат деп ойлобойт, ошондуктан, ага катышууга караманча-каршы. Ынтымак Курултайына катышуу тууралуу Мукар Чолпонбаев баштаган "Элдик Кеңештин" өкүлдөрүнүн сунушу жыйында колдоо тапкан жок. Мыйзамга каршы аракеттерди бийлик токтоткон шартта гана оппозиция кепке келиши керек дешти Улуттук Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү.

Улуттук Кеңеш оппозиция өз курултайын чакырып, элдин көйгөйүндөгү бардык маселени көтөрүшүн зарыл деп тапты. Бул демилгени БЭКтин бюросу мурдараак көтөрүп чыгып, камылгаларды баштаган.

Элдик Курултайды уюштуруучу комитеттин төрага орун басары Эмил Каптагаевдин маалымдаганына караганда, 17-мартка белгиленген Элдик Курултайга расмий бийликтин саясаты ынандыра албаган коомчулуктун бардык катмарларынын өкүлдөрү чакырылат:

- Биз элдик курултай өткөрүп, бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн ачык айтышыбыз керек. Ачык эле айтпастан өз тилектерибизди ишке ашырышы үчүн, элдин кызыкчылыгын ортого коюш үчүн ачык күрөшүү керек. Ошол демилге саясий бюродо каралган. Бул БЭКтин же ага кирген 20 уюмдун эле курултайы эмес, жалпы элдин курултайы болсун.

Улуттук Кеңеш өз отурумунда алдыдагы негизги максат – элдик курултай өткөрүү деп чечип, анын күн тартибине сунушталып жаткан төрт маселени тең колдоду. Ошентип Элдик Курултай тарифтердин көтөрүлүшүнө, стратегиялык объектилердин менчиктештирилишине, Конституциянын өзгөрүшүнө жана саясий репрессияга байланышкан маселелерди талкууламай болду.

- Мына ошол биз кабыргасынан койгон чоң маселелерге Бакиев даярдансын дагы, өзүнүн курултайынабы же элге кайрылабы – жооп берсин деп атабыз, - деди “Азаттыкка” БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев.

Президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен 23-мартта өтө турган Ынтымак Курултайынын уюштуруу комитети болсо 17-февралда саясий партияларды, оппозиция өкүлдөрүн курултайга чакырып, 2-мартка чейин катталууга мөөнөт берди. Муну уюштуруу комитетинин мүчөсү Сабырбек Аблесов саясий партиялар менен коомдук уюмдардын кайрылууларына байланыштырды:


- Уюштуруу комитетинин жыйынында карадык бул маселени. Анткени катышууну каалаган саясий партиялардан, бейөкмөт уюмдардан кайрылуулар көп болду да.

Айрым талдоочулар болсо бийликтин бул аракетин кеч жасалган кадам деп, оппозиция менен диалог аракетин биринчи күндөн баштабаганына өкүнүч билдиришүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Байэл каяктан: Ыссык-Кол
22.02.2010 22:00
Бакиевдин "Ынтымак курултайына " баргандар дежурный, кошоматчылар жана эл саткычтар деп эсептейбиз. Ошондуктан Бакиевдин курултайына барчулар ойлонгула барбагыла. Силер олкодо болуп жаткан элдин канын соруу, жерди сатуу ж.б макулсунарбы? Эгерде буларга кайдыгер болсонор ошого макул болгондор бара бергиле. Кийин элдин бетин кантип карайсынар. 17-марттагы Элдик Курултайга мен кыргызмын деген баарынар баргыла!! Биз ысык- колдуктор да барабыз.

кимден: Марк каяктан: Кыргызстан
22.02.2010 18:27
Ата-мекен коркунучта!!!
Кыргызстанды Бакиевдерден сактап калалы десек, БЭК уюштурган Элдик Курултайга катышалы!

кимден: Жигит каяктан: Ош
22.02.2010 18:18
Мен Бектин элдик курултайын колдойм. Бул бийлик Кыргызстанга коп жамандыкты алып келди.
1. Казакстан менен мамилебиз бузулуп, чек ара маселеси курчуп баратат.
2. Озбектер менен мамиле бузулуп, чек ара маселеси курчуп, газ берилбей жатат.
3. Россия менен мамиле бузулду. Эми мигранттардын тагдыры эмне болот?
4. Эр азаматтарыбыз камалып чет олколордо кугунтук жеп журушот.
5. Максим Бакиев мыйзамда жазылбаган оорунду ээлеп, элди жеп баштады.
6. Мамлекеттик мулктор болбогон акчага сатылып баратат.
7. Кыргызстанды Арстан деген жырткычтар кайтарып калды

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
22.02.2010 17:26
БЕК УЮШТУРУП ЖАТКАН КУРУЛТАЙДА БИР ГАНА МАСЕЛЕГЕ БАСЫМ ЖАСАЛЫШЫ КЕРЕК,АЛ БИЙЛИКТИН ОТСТАВКАСЫ ! БОЛБОСО БАКИЕВ АНЧА МЫНЧА УСТУВКАГА БАРЫМЫШ ЭТИП ТУРУП ДАГЫ АЛДАП КЕТЕТ,ОППОЗИЦИЯНЫН УЮШТУРУЧУЛАРЫ ЖАЛККАНДАЙ ДЕЛЕ БОЛДУНАР ГО. КАНТИП УШУЛ БИЙЛИКТЕН ЖАКШЫЛЫК КҮТҮП ЖАТАСЫҢАР БИЛБЕЙМ.

кимден: Нургазы каяктан: Сузак
22.02.2010 17:19
БЭКти колдойм жана алардын курултайын элдик деп эсептейм.

кимден: Совет каяктан: ОШ
22.02.2010 16:52
Бул бийлик уюуштуруп аткан Ынтымак курултайы эмес эле кошоматчылырдын курултайы. БЕК туура кылыт ынтымак курултайына барбаш керек, Бийлик ынтымакта жашайбыз дешсе ЭЛ менен БЕК менен, Мыйзамсыз иш аракеттерин токтотуш керек, Элдин менчигин сатпашы керек,И.Исаков,А.Жекшенкулов,Э.Булекбаев,С.Аргынбаев,У.Рыскулов,Балыкчыдагы балдар токтоосуз акталышы керек.
Бирок бийлик ынтымакты кечигип баштады.

кимден: Турат каяктан: Бишкек
22.02.2010 15:27
Дагы канчага чейин чыдайбыз... Ынтымак курултайына кошоматчыларын чогултуп алып жыргай берсин мен элдик курултайга барам. Мен эл мененмин. Жашасын Текебаев, Атамбаев, Бекназаров, Шерниязов ж.б. лар

кимден: Batir каяктан: Batken
22.02.2010 08:59
БЭКти колдойм, элди алдап бүттү бул бийлик.

кимден: Акылбек каяктан: Аламүдүн
21.02.2010 17:04
БЭКтин курултайн колдойм жана катышам,бийлике эч ким ишенбейт менин чычкак улагым дагы алардын курултайына айдасаң барбайт.

кимден: Муктар каяктан: Ош
21.02.2010 16:45
Эй туугандар а бул дейбиз бирок оппозицияга рахмат айтыш керек,себеби булар айтпаса азыр бийлик Кыргызстанды оптом сатып жибергенден да кайтпайт окшойт. Булардан, элден чоочулап секин секин сатып башташты элди алдап, бирикбесек болбойт туугандар жакында Кыргызстан жок боллуп кеткени жатат көр оокат өтө берет кайсыл жерде болбосун, биригели.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине