Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

А. Атамбаев: Бул бийликтин бети жок


БЭКтин төрагасы А. Атамбаев СДП фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыраткан парламент чечимин айыптады.

- Алмаз мырза, сиздин партиянын парламенттеги фракциясынын мүчөсүнүн депутаттык кол тийбестиктен ажыратылышы тууралуу кандай пикир айта аласыз?

- Азыр Балыкчы ишинде коюлган дооматтарга далил таба албай, тескерисинче четке кагылып атат, керек болсо күбөлөр тарабынан дагы. Ошондуктан Кадыровду камап, элди коркутайын деп атат да. Керек болсо мына депутатын да камадык, каалаганыбызды кыла беребиз деген коркутуп-үркүтүү да. Кадыровду камап, зомбулук кылып, андан да бир көрсөтмө алайын деп атабы, балким.

Негизги күбөлөр айтып атышпайбы, бизди өлөрчө сабаган, момундай кылабыз деп айткан, ошон үчүн жалган көрсөтмө бергенбиз деп. Бул бийликтин бети жоктугун көрсөтүп атат. Кудайдан да коркпогондугун көрсөтүп атат. Билебиз, эч кандай шайлоо болгон эмес. Баладай болуп шайлоо болот деп ишенгенибизге мен дагы бир жолу өкүнүп атам. Бул бийлик турганда шайлоо эч качан болбойт.

- Сиз Кадыровдун өзү менен сүйлөштүңүзбү? Ал өзүнүн ишин караганда парламентке келген жок. Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев тергөө иштерине тоскоолдук кылган үчүн биз ушундай кадамга барууга аргасыз болдук, бул саясий буюртма эмес, бул менин түздөн-түз милдетиме кирет деди...

- Эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Тергөөчү чакырса барып аткан. Мен аны билем. Өзүм айткам, чакырса барып тургун деп. Адвокаты ооруп калды. Бирок тергөөчүлөргө айткан, мен өзүм келип атам, айыксын, анан көрсөтмө берем деп. Чакырганда барып атты.
Комиссияда ушунун баарын айтып берген. Бул жөн эле сөздөр. Бийликтин мындан аркы максаты бирөө. Мен кыргыздын макалын айткым келет: “Уурдаган кыз уурдабаган кыздын бетин тырмайт”. Булар – уурулар. Эл бардыгына чыдайт деп бетин тырмап атат.

- Башкы прокурордун айтымында Кадыров камакка алынышы, баш коргоо чарасынын өзгөрүшү мүмкүн экен...

- Кол тийбестикти ошон үчүн эле алып атат да, сабап, коркутуп жалган көрсөтмө алайын деп. Болбосо, Кадыров бир жакка качып кеттиби? Балыкчыга барып, сотко кайра-кайра катышып көрбөдүмбү. Булар чындыкты табайын деген ою жок. Шайлоого ким тоскоолдук кылды? Бийлик кылды. Ким бурмалады? Бийлик бурмалады.

- Социал-демократтар мындан ары кандай аракеттерди көрөт? Жаңы кадамдар болушу мүмкүнбү?

- Албетте. Мен фракцияны чогултуп атам иш бөлмөмдө. Ушул маселени карайбыз го.

- Анын чечимдери жөнүндө алдын-ала айтуу мүмкүн эмес го. Ошондой болсо да бийлик менен сүйлөшүү маселеси козголуп аткандай маанай түзүлүүдө. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- Бийлик менен сүйлөшө турган бирден-бир маселе - саясий репрессияны токтотуу экендигин БЭК шайлоодон мурда эле жөнөтпөдү беле. Бирок бийлик ар кайсы шылтоо менен сүйлөшүүдөн баш тартпады беле. Шайлоодон мурда жөнөтүлгөн сунуш азыр деле бар да. Бекназаров кат аркылуу жөнөткөн. Бирок бийликтин сүйлөшүүгө, элди угууга ниети азырынча жок го. Элди сындырып, талкалап, камап, ушундай жолго чыгайын деп атат. Ал деле аягында бийлик үчүн жакшы бүтпөйт.

- Демек, сүйлөшүү боюнча ошол эле ойдо туруп атасыңар, эгер тең ата сүйлөшүү болсо, барасыңарбы?

- Жок. Албетте, чечимди БЭКтин бюросу кабыл алат. Эгер сүйлөшүүгө барсак да, репрессияны токтотуу боюнча гана сүйлөшүүгө барышыбыз мүмкүн. Бирок бул маселени бюро карайт. Ушундай маселени дүйшөмбү күнү бюрону чогултуп карайбызбы, көрөбүз.

Мен айткам балдарды түрмөдөн чыгаруу үчүн ар кандай сүйлөшүүгө даярмын деп. Бирок ал сүйлөшүүлөр БЭКтин бюросунун чечимине ылайык ачык-айкын болот.

XS
SM
MD
LG