Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:01

Саясат

Ө. Текебаев: Бийлик тобокел механизмден баш тартты

“Ата Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаевдин баамында, президенттин убактылуу милдетин аткаруучуну Президенттик Кеңешме тандоого укугу жок деп чыгарган Контитуциялык Соттун чечими - бийлик тобокел чечимден өзү баш тартып жатканын билдирет.

Текст көлөмү - +
-Конституциялык Сот Президент милдетин аткаруучу жаңы коллегиялык орган аркылуу аныкталыш керек деген сөздү айтты. Ал кандай орган болууга тийиш? Бул орган Конституцияда жазылыш керекпи?

- Конституциялык Соттун судьялары талкуулап жаткан кезде айтылгандай, элдин атынан президент жана эл тарабынан шайланган парламент гана сүйлөй алат. Президенттин убактылуу милдетин Жогорку Кеңештин өкүлү төрага, же болбосо эл шайлаган эки орган бирдиктүү түзгөн өкмөттүн башчысы гана кыска убакытта алып барышы мүмкүн. Мындан башка коллегиялуу орган түзүү, ал органдын табиятын өзгөртпөйт. Анткени эл түз шайлаган гана орган болуш керек.

Бул деген сөз алар өзү бул механизмден баш тартып калды дегенди билдирет. Анткени бул тобокел механизм, президент өзү жокто иштебей турган механизм, президент өзү жокто ака менен үкө, тага менен жээн мушташа турган механизм.
Президент аны Ынтымак курултайы аркылуу түзөм десе, же болбосо үй-бүлө мүчөлөрүнүн өкүлдөрү менен гана түзөм десе жаңылат. Бул коллегиялуу органдын табиятын өзгөртпөйт. Эң негизгиси эки ай мурун президент өзү киргизген нормасынын туура эмес экендигин Конституциялык Сот көргөздү. Бул деген сөз алар өзү бул механизмден баш тартып калды дегенди билдирет. Анткени бул тобокел механизм, президент өзү жокто иштебей турган механизм, президент өзү жокто ака менен үкө, тага менен жээн мушташа турган механизм. Мына ушул механизмди киргизип алып, кайрадан андан баш тарткандын айласын издеп отурушат.

-Өмүрбек мырза, сиз айткандай, төрага менен өкмөт башчыны андай укуктардан Конституциялык Сот ажыратып койду окшойт. Бул норма Конституциянын жетинчи статьясына каршы келет деп корутундусунда айтты. Бул кандай болот эми?

- Ал ажыраткан жок. Конституцияга өзгөртүү, түзөтүүлөр парламентте талкуу учурунда демилгечинин макулдугу менен өзгөрүшү мүмкүн дейт. Эми кайсы багытта өзгөрөрүн парламенттин талкуу убагында биз көрөбүз.

-Талкуулагандан кийин ал өзгөрсө, демек Конституцияга кайра жиберилиш керек да ал маселе, же референдумга коюлабы?

-Тилекке каршы, азыркы Конституцияга өзгөртүү, түзөтүү киргизүүлөр жөнөкөйлөтүлгөн. Мурун Конституцияга киргизилген норма талкуу убагында өзгөрбөйт эле. Азыр президенттин макулдугу менен талкуу камырдай болуп каалаган жагына өзгөртсө болот. Мына ушул жол менен өзгөртүшү мүмкүн. Бирок Жогорку Кеңеш аркылуу  май айында кабыл алынып бүтөт. Президент өзү убада берген алты айдан четтеп, биз алты ай Конституциясы жок, Конституцияны бузуу жолу менен жашап калып отурабыз. Муну тез өткөрүү үчүн балким референдум жолу менен дагы Конституцияны кабыл алууга аракет кылып көрүүлөрү мүмкүн.

-Өмүрбек мырза,  кечээ күнү сиздердин Бишкек шаардык Кеңешке талапкер кылып көрсөтүлгөн Ишенбай Кадырбеков 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Буга кандай баа берип жатасыз?

- Мен бул өкүмдү Исмаил Исаковго берген өкүмдөй эле саясатчыларды коркутуу амалы деп эсептейм. Ишенбай Кадырбековго коюлган негизги айыптоолор жокко чыгарылып, болгону шалаакылык дегенге окшогон статьялар коюлуп, жок дегенде алты жылга деп эркинен ажыратылды. Бул балким жакында боло турган парламенттик, же президенттик шайлоодо аттуу-баштуу адамдардын ага аралашпай калышына болуп аткан алдын ала амал болушу мүмкүн.

-Маегиңизге чоң рахмат.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: данияр каяктан: япония
24.01.2010 23:20
Элге бир да тыйын пайдасы жок бийликтеги чиновниктер качан бийликтен кетесинер?!!! Бишкектин мэри гана иштеп атат, калгандарынар чонтогунорду толтуруп, бизнесинерди калкалап, жер сатмак тугул, жерди эли менен кошо бер 10 сом кобурооок берем десе, сатып деле жибериш силердин колунардан келет.
Силер деги качан тойосунар? Бирок пендесинер да, топурактан башка эч нерсеге тойбойсунар! Эми бир гана патриот бар, ал Урмат Барктабасов - Кыргызстанды саздан чыгарса, бир гана ушул жигит чыгарат. Урмат Барктабасов кайдасың?!!!!!

кимден: Adik каяктан: Stocholn
23.01.2010 23:52
Bygynky kyny konctitusia bolboi ele xanctitusia bolup kaldi,BAKC-MAKC kandai dece oshondoi kilip jasap berishet,emne ychyn degende baardigin Bakc cottordu bekitken.Tekebaeb tuura aitip shatat,kilgilikti kilip koiushup emne kilarin bilbei jatishat,emne ychyn degende meelerin akcha ele basip kalgan.Bakyt mirza Stocholmdan ubakit bolso maga ushul pochtaga chigip koiocyzbu,Maks-0479@mail.ru

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
23.01.2010 20:04
Көрдүк байкуш карыяны, жашын төгүп ыйлаган
Көрдүк бүгүн Падышаны өз элини кыйнаган
Каркыраны, Ысык-Көлдү тартуу кылган кошунага
Кыргыз калкым сыймыктанып, ыйык тутуп сыйлаган.

Кыргызстанда Конситуцияны тебелеп-тепсеп, атадан балага бийлик өткөрүүгө болгон акыркы кездеги далалатттар чындыгында эле ар бир КЫРГЫЗМЫН деген атуулду тынчсыздандырбай койбойт. Элдин оозуна алынган адамдарды эле куугунтуктап, карайлап турган элге өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып бааларды көкөлөткөн акыры жакшылык алып келбейт. Эсиң барда этегинди жап дешет кыргызда. Элге каршы жасалган ар бир кадам - кылмыш. Конситуциянын гаранты болгон мамлекет башчысы Президентибиз өзү аны сыйлабаса эч ким сыйлабайт. Кылымдарды карыткан кыргыз элимдин аксакал карылары, бөйтөйгөн бөбөктөрү ыйлабасынчы. Элибиздин турмушу оңолуп, биздин көчөдө да той болсунчу. Курултайды анан көрө жатаарбыз...



кимден: Күнболот каяктан: Бишкек
23.01.2010 18:42
Биз азыр кандай гана айтпайлы, мамлекетти туура башкаруунун формаларын изилдеп, улам кемчилигибизди толуктап жаткан учурубуз эмеспи. Мүмкүн, өз иш багытында Бакиев жаңылануун кетирген кемчиликтеринен улам жолдорду издеп жаткандыр. Конституцияны өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү менен эл үчүн эмне зыяны болот, же амал менен жеке үй бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштелип жатканын, же өз кызыкчылыгын коргой турган өзгөртүүлөр болуп жатаарын көзгө көрүнтүп айтып бербегенден кийин миң сындасан да суу кечпейт. Текебаев Өмүрбек мырза, чындыгында такшалган саясатчы. бирок, бийликтин бир топ бутактарында көп иштебегендиги мени кээде ойлондурат. Экинчиден, интелект денгээли да абдан жакшы эмес. Кыргызстанга азыр интелегент, дипломат киши президент болсо жакшы болмок. Маселен интелеги Акаев Аскардыкындай, дипломаттыгы Ишенбай Абдразаковдой, амалдуулугу Бакиевдикиндей, көз карашы менен каалоосу Текебаевдин өзүнүкүндөй болсо Кыргызстанды оңдоп койсо эң сонун болот. Кыргызстанды 20 жылдан бери жеп эле жатышат, ошондо да түтүп жатат го чиркин. Жебей, салым кошсо дүркүрөгөнү турат.

кимден: Дани
23.01.2010 09:11
Көчкү жүрөбү же жок болуп кетеби. Элге ишенбеш керек да таянбайш керек.

кимден: Сансызбай каяктан: Бишкек
23.01.2010 08:48
Бакиев келгени биздин Конституция бала бакчанын оюнчугундай болуп калды. Мурун оппозиция мешайт этип иштетпей атат дечү эле, биздин Президент. Азыр эч ким тоскоолдук кылган жок. Парламентке толугу менен өзүнүн кишилерин отургузду. Анан дагы эле өзү-өзүнүн чапанына чалынып Конституцияны дагы кыйнап жатат. Дегеле бул бийликтин иштегенге жөндөмү жок болсо керек деген ойго келесиң.

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
23.01.2010 04:37
Сайдин-Ушулардын курултайы чыныгы курултай болот дейсизби? Өз жаатын чогултуп, айыл-өкмөттөрдөн бери дежур аксакалдарды алдырып келип курултай өттү кылат.

кимден: Болот каяктан: Москва
23.01.2010 01:00
Омурбек Чиркешевич, озу баш тарткандыгы тууралуу баамыныз
ото туура. Адатынча ойлонбой. ойлоно албай, макул деп коюп, кийин
бул жобо озуно кандай коркунуч алып келеерин тушунгон сыяктуу,
же жакшы санаалаш бироо жарымы чечмелеп бердиби, айтор кайра
тартты. Болбосо биздин соттор оз атасынын окумуно деле чечим чыгарып береери ачык эмеспи.
Эми сиз канткен менен эмгеги синген юрист эмессизби, ыгын таап алиги эки илимдин доктору, жаңы доордун илимий негиздоочусу Курманов дегенге айтып коюңуз, колтугунда олтурган, атактуу юрист Баекова башында турган кездеги КС 2007 жылкы, ноябрь
жана декабрь конституциясы боюнча чыгырган чечимине ылайык
азыркы парламент болумуш алдагы озгортуулорду кабыл алганга
укугу жок. Ошол соттун чечимин карап корбойсунорбу? Ал жерде,
Референдум менен кабыл алынган озгортуулор, референдум менен гана озгортулот деп жазып беришпеди беле. Ошентип эми озулорунун тузагына, озулору келип тушподубу.
Ал эми дагы бир референдум жарыяласа талпагы ташка жайылаары турган иш
болууга тийиш.

кимден: Сайдин каяктан: Туркия
22.01.2010 22:04
Ары-бери урунуп, азыркы бийликтин айласы кетип жаткан учуру. Эл алдында тугонуп бараткан авторитетин оңдош учун Курултай чакырып жатышат. "Элди бир алдаса болот, эки алдаса болот, а бирок ар дайым алдоого болбойт" - деп айткан экен бир акылман. Садыркуловдун, Кыдыралиевдин, Павлюктун олумдору, куноосуз Исаковдун жана башка адамдардын камалышы бийликтин нагыз жузун ачып таштады. Эл тоодогу калың жааган кышкы карга окшоп турат, кокус бир каттуу ун чыкса эле кочку журуп кетчудой....
Омурбек агай, сизге чын ден-соолук жана узак омур тилейм. Биздин
куйуп турган умутубуз болуп турасыз. Аман болуңуз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине