Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:59

Саясат

Ч.Мураталиев: “Куралсыз, тил билген, тажрыйбалуу адамдар келет”

Кыргызстанга келе турган ЕККУнун полициялык кеңешме тобунун айланасында “Азаттыктын” суроолоруна Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, адис Чоро Мураталиев жооп берди.

ЕККУнун куралсыз полициясына каршы митинг. 26-июль, 2010-жыл
Текст көлөмү - +
- Коомчулукта ЕККУнун полиция кеңешин түштүккө киргизүү боюнча ар кандай пикирлер жаралып, эл арасында ишенбестиктер да пайда болууда. ЕККУнун полиция кеңешинин иш аракеттерине кооптонуу канчалык негиздүү?

Чоро Мураталиев: 7-апрелде болгон тополоңдон бери өзүбүз деле күбө болуп атпайбызбы, эл аралык уюмдардын пайдасын көп эле көрүп жатабыз. Мисалы, жакын арада эл аралык донорлордун кеңешмеси болуп, ошондо түштүктөгү абалды оңдош үчүн 1 млрд. 100 млн. доллар бөлүндү, 30 айдын ичинде мунун баары келет.

Эл аралык полициялар келет дегенине эл бир аз каршы болуп атат. Биз мындан качалбайбыз, анткени Убактылуу өкмөт ушул келишимге кол коюп, макулдугу берилген. Ошондуктан буларды кабыл алыш керек. Булардын ою деле жакшы.

Июнь окуялары боюнча түзүлгөн Улуттук комиссиянын мүчөсү, Тышкы иштер министрлиги өткөн жумада берген маалыматына таянсак, келип аткан күчтөр биздин койгон шартыбыздын бардыгына макул болуп атышат. Мисалы, куралсыз, тил билгендери, тажрыйбасы бар адамдар келишет. Булар Македония жана башка мамлекеттерде ушундай кагылыштар болгон жерлерде болуп, бир далай тажрыйба жыйнаган адамдар экен. Ошон үчүн булардын келгенине макул болобуз го. Анткени келишимге кол коюлуп макулдашып бүтүп калган.

Булардын пайдасын да көрүш керек. Биз өзүбүзчө эле жашай албайбыз да, эл аралык уюмдар менен, башка өлкөлөр менен кызматташышыбыз керек. Тополоңду жалгыз эле өзүбүз токтоткон жокпуз да, элден-журттан жардам келип, ошонун жардамы менен токтоттук.

- ЕККУнун полиция кеңеши тууралуу эл арасына маалыматтын жетпегенинен улам ушундай ишенбөөчүлүктөр пайда болуп аткандыр?

Чоро Мураталиев: Ооба, калың элдин катмарына маалымат жетпей калып, ар кандай сөздөр болуп атат. Ушуну мурдатан жакшылап таратсак боломок экен. Азыр келе турганына жакындап калгандан бери көп сөздөр чыгып атат. Мисалы, жаштар айтып атат, жолду тособуз, киргизбейбиз деп сыналгыдан чыгып атышпайбы. Менимче, бул да туура эмес. Албетте жаштар көп нерсени жасап атышат, тополоңдун аягын тыйышты, дружинник болушту, жардам берип атышат. Эгер ушуну алдын ала болтурбай коюуга жигиттер, жаштарыбыз катышып, ошону болжопдоп өткөрбөй койсо жакшы болот эле.

Жаштар токтоолук кылып, сабырдуулук кылып, ойлонуп иш кылыш керек. Анткени азыр биз өзүбүз кол койгон келишимди аткарбай койсок эл аралык уюмдардын астында уятка калабыз. Өзүбүз Убактылуу өкмөттү бекитип алып каршы чыкканыбыз туура болбойт го деп ойлойм.

- Балким ушул маселени саясий партиялар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир күчөтүп ийиши мүмкүн эмеспи?

Чоро Мураталиев: Шайлоонун астында ар кандай болот, партиядан көп нерсе жок го бизде, 140 партия бар экен. Баарынын оюн билип, ошону так айтууга кыйын, бирок кээ бирлер пайдаланып да кетиши мүмкүн, Убактылуу өкмөттүн жетекчиси өзү эле кол коюп койгон деп. Албетте мен андай ойдон алысмын, алар кеңешип туруп жасашса керек.

- Сиздин көз карашыңызда ЕККУнун полиция кеңешинин киргизилиши Кыргызстанга пайдалуубу, же кандайдыр бир стабилдүүлүктү эле туруктуу кылабы?

Чоро Мураталиев: Биз баарын билебиз деген болбойт. Булардыкын да көрүп кичине үйрөнүшүбүз керек да. Алар келип биздин милиция кызматкерлерине жардам берип, көрсөтүп, өздөрүнүн тажырыйбасын айтып беребиз деп атышпайбы. Кандай болгон күндө да анча-мынча болсо да пайдасы тиет го деп ойлойм.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Altynai каяктан: jazylbagan
06.08.2010 19:51
Emne baarynar ele chochulai beresiner, EKKU nun polisiyalary kelse emne alar bizdi olturgonu kele jatyptyrby,alar kele turgan bolso bizge jakshy kop nerseden jardam korsotushot, bilbegendi yirotot, je emne chondorubuz ozdorunun kylyp jatkan ishterinen uyalyp jatyshaby? Alar bizge karaganda kop nerselerge tajyryibalary oto kuchtuu, men alardyn kelishine karshy emesmin, sebebi alar bizdikilerge okshop ozdorun akchaga satkan adamdar emes.Bizde azyr chyndyk jok bolup ketti.

кимден: moiwik каяктан: biwkek
06.08.2010 13:32
balkim orujiasy jok bolso kiriwsin

кимден: miki каяктан: korea
06.08.2010 07:59
nege myncha ele chochulaisynar,kelse kelip keneshin berip kete bersin.kuralsyz kelse,anan uiuno konok kelse kuup jibergendei uiat bolobuz.Yras okmot kol koigon bolso alar kelipkeneshin berip ketet.Myndaicha aitkanda turist katary.bilbeim bashkanar kandai tushundunor,men jakshy ele oidomun.aita ketsem sherinege kichine oilonup pikir jazysh kerek.

кимден: калыс
06.08.2010 07:48
мына кечинде жынылыктарды кордум. врачтар нааразы болушту "врачи без границ" деген эл аралык уюмга. бул полиция деле жыргатпайт. силер дагы окуносунор. эл деген барометр. аны карап байкап иштебесенер бир балееден чыгасынар. мен муну ойлоп тапкан жокмун, турмуш озу коргозуп атпайбы

кимден: Тaкe каяктан: Ош
06.08.2010 07:44
Бир нeрсe болсо элe, Бaкиeвдeр кылгaн, кээ бир пaртиялaр сaясaткa aйлaндырып жaтышaт, дeп дeжурный соз кылып aлдынaр го. Ушуну токтоткулaчы. Кыргызстaн бир элe УО эмeс. Элдин дa пикири эскe aлынсын. Тополондо УО комeндaнттык сaaт жaрыялaгaндaн бaшкa эмнe кылып койду?

кимден: Ардар каяктан: ОШ
05.08.2010 16:35
Эмне антип миш-миш суйлойсунор,болушу мункун,уйротушу мункун...анда оздоруно каратып алышыда мункундур???ойлонгула,негизи киргизгендин кереги жок,рас так маалымат билбегенденкийин,кайдагы жомокту айтпачы...миш-миш суйлобой!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)