Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:57

Эл үнү

Э.Байсалов: Эл ЕККУ полициясы боюнча маалыматтан аксап жатат

ЕККУнун полиция тобуна каршы бир нече митинг өттү. “Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов бул митингдер толук, так маалыматтын болбогонунан улам өтүп жатат деген пикирде.

“Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов
x
“Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов
Текст көлөмү - +
- Сиз Ош, Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуп келген экенсиз. Ал жерде карапайым калк ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизилишине кандай көз карашта болуп атышат?

Эдил Байсалов: Мен Жалал-Абад, Ош шаарларын, тегеректеги айыл, райондорун да кыдырып чыктым. Ал жерде гана эмес өзүбүздүн борбор калаабызда, жер-жерлерде элдин бардыгы толугу менен бурмаланган, туура эмес маалыматка ээ экен. Алардын ою боюнча четтен күчтөр келип эле полициялар биздин үйлөрүбүздү тинтип, бизди камап, элибизге, жерибизге кожоюн болот экен деген бурмаланган маалыматтар тарап кетиптир.

- Демек анда карапайым калкта полиция күчтөрүн киргизүү боюнча толук, так маалыматы жок экен да?

Эдил Байсалов: Карапайым калк эмей биздин белгилүү саясатчылар, жаш активисттер, журналисттер, коомдук ишмерлер да толук маалыматка ээ эмес. Ошондуктан Убактылуу өкмөт тарабынан тийиштүү, өз убагында, так маалыматты берүү боюнча аксап атат.

Бир жумадан бери ушул боюнча коомдо чоң тынчсыздануу, каршы аракеттер болуп атат. Ушул убакытка чейин Убактылуу өкмөттүн жетекчилери, ошол эле Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариевдер айтпады беле, Отунбаеваны биз таштай албайбыз, аягына чейин жоопкерчиликти өз башыбыз менен тартабыз деп. Бирок алар унчукпай отурушат. Бирок бул коллегиалдуу чечим болгондон кийин ошолордун чакыруусу боюнча жанагы топ келатат, бирок булар унчукпай отурушат.

- Ош шаардык кеңеши ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киргизүүгө каршы чечим чыгарган экен. Бул президент Роза Отунбаеванын чечимине каршы келбейби?

Эдил Байсалов: Андай жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктарын так билсе. Анан билбей эле айыл, же шаардык кеңештер тышкы иштер чечимдери боюнча чечим кабыл калса анда кыргыз мамлекетинин иши бүттү. Ошондой толук кандуу маалыматка ээ болбостон, эл аралык байланыштарга, же коопсуздук
маселелер боюнча чечим кабыл алышы, бул албетте биздин Конституцияга да, мыйзамга да жатпайт. Кеңеш депутаттары өз ишин муниципалдык деңгээлде алып бара беришсин, мамлекеттүүлүк иши боюнча президенттин өз мамлекеттик укуктары бар.

Мэр Мелис Мырзакматов боюнча айтсак, бул киши кыйын учурдан пайдаланып, өзүн баатырга айландырып, бүгүн да уктук кеңеш депутаттары тарабынан Эл баатырлыгына көрсөтүлүптүр. Эмнеси баатыр? Миңдеген адам жабыркап жатса, өзү жетектеген шаар өзүнчө эле Сталинградга айланып өрттөлүп жатса, эмнеси баатыр? Кайрадан өз жоопкерчилигин билип, өз ыктыяры менен кызматтан кетиш керек эле. Эми уялбастан кайра баатыр кылып атат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: патриот жигит каяктан: ош
03.08.2010 15:40
уят эле эдил мырза!!! шаар куйуп эл кырылып атканда кайда эленер эми эле козу карындай болуп чыга калдынар!!! азаттыкка жазылган пикрилер боюнча алсак 99 пайыз элдин кыжырын келтирипсиз! ал эми сизди колдогон 1 эле адамды окудум! бул деген анданкоро партияны жаап эл катары эле тирилигн коргонунуз дурус го деп ойлойм!!! окурмандар ким ушул созмду жалган деп тастыктап бере алат!!! урматтуу текшеруучулор ушул макаламды очурбосонор сураныч!!

кимден: Емма каяктан: Кыргызстын
02.08.2010 11:08
Эдил сен кайсыл акчага кааласан чет эдесин, кааласан кырызстандасын? Сени каржылагандар эмнеге кызытар, максаттары эмне- ыя??? Же озун да эч нерсени тушунбойсунбу? Билбесен билип ал Алардын куралдары сага окшогон популисттер.

кимден: Окуучу
31.07.2010 12:03
Эдил мырза, сизде бул мамлекетте келечек жок. Дегеним оруста кеп бар эмеспи "береги честь с молоду" деген. Же жаштык кыласызбы тажрайба жетпей, же эмоцияга алдырасызбы, дегеле сындаганга кыйынсыз. Азыр ушундай аквалда унчукпай эле отурсаныз болмок, анткени эл тындап отурат, кимде ким эмнени айтаар экен деп. Унутпаныз, эл сиздин анча-мынча жорукторынызды билет. Бир кетип каласыз, бир келип каласыз, бул сиздин туруктуу эместигиниз. Чет мамлекетте качкын болуп журдунуз, анан бул жерде бироо айткандай шордуу жаш балдар жанын бергенде келип " с корабля на бал" дегендей туз эле бийликке отурдунуз. Анан эми ал бийликтен кетип бу жерге келип кайра эле ошол ичкен кудукка тукуросуз да. Бийликти сындап коесуз. Ошол эле бийликте журбодунуз беле мына чукулда эле, если мне не изменят память. Мырзакматовду сындап коезус. Мен бул адамды интернеттен эле тааныйм, талкаланган Ош жетектеп атат. Сиз эр экенсиз бир нерсе кылбайсызбы. Эсинизден чыгарбагыла, ал киши сиздин критиканызды дагы эскертет сизге, анткени Кыргызстан алакандай, саясатчылар болсо Бишкеке же Ошко чогулат

кимден: кактус каяктан: мактус
31.07.2010 10:04
Эдил бай кыргызда бир кеп бар: Бышкан ашка сынчы коп деген,- Силерге бироону эле сындатып койсо Сага окшогондорго.Андан башка колунардан эчтеме келбееерин турмуш озу айгинелеп койду. Сага окшогон куру-демеократтан горо, батыштын гранттары менен чонойгондор, конечно , Силер ошолордун берген акчасын акташынар керек,ошого сен бут аракетин жасап жаткан чыгарасын. Силерге окшогондорго койсо эртен батыштын бутун талаптарын аткарабыз деп жатып кыргызстанды жок кыласынар.
Эдил мырза мен Сиздин энилип бир тал терек тигип кой демекчимин, себеби Силерге окшогондор сайраганынар менен ошол бир тал тиккенчеликда кызматынарды эл коро элек.

кимден: патриот каяктан: бишкек
31.07.2010 09:42
Эдил деги жошоону билет бекен, туштуктун эли туйшуктуу эл болот, жумуш коп, менин балалыгым тамеки менен пахтанын ичинде откон, лагерде эс алуу дегенди билген эмеспиз, апаларыбызга жардам берчуубуз, сабактан кийин, жайкысын толук уктачуу да эмеспиз, тан зардан талааага чыкчыбуз, анан эле даяр нерсеге келип алып тигинтип ооз коптуруп суйлогонун кормон кыжыр келет экен, 90 жылдарды дагы эскерип койгула, канчалага жаш жигиттер орус армиясынын запкысын жеген, андай кыйын экенсинер Москвадагы посольствонорду ондоп койбойсунарбы?!, пара алгандан болок эчтеке иш кылбайт, кыргыз жеринде деле кыргыз кор болсо, болок жерде деле кор болсо эмне деген жакшылык

кимден: A-Z каяктан: KANT
31.07.2010 09:29
Эмнегедир Эдил Байсаловго эч эле ичим жылыбайт да...

кимден: Ырыс
31.07.2010 07:52
Эдил, сен озунду билип алчы, макулбу? Сен деле партияны бир жумада тузо койбодунбу. Анан тан калабыз да кулобуз кенедей Кыргызстанда 200 партия бар деп. Сен мисалы башка саясатчылардан эмне айырман бар? Аларды сындап отурасын.Жеке сен эмне кылып койдун элге? Полицейскийлерди киргизсин деп отурасын, мен билип эле турам эмнеге экененин. Сен Батыштын созун суйлогон жигитсин. бирдеме болсо биринчи качасын. ээ шордуу 87 бала 7 апрелде олгон. Азыр уйлорундо балдары менен чай ичип отурат эле да. Пайда батасы жок силерге окшогон саясатчылр бийликке келерин билгенде Бакиев эле журо берсе болмок. Лидерле силер болсонор эмненин ичинен чыгаар экенбиз. бироон барып акча сурайсын жалдырап(ооба жалдырап) экинчин полиция кирсин деп лобби кыласын.. ээ Атаганат.. Азаттык муну чыгарып койгулачы отуном силерден

кимден: Улукбек Бакыев каяктан: Москва
30.07.2010 22:23
Ошто жашап Ошто иштеп жургон Мелис Мырзакматов Оштуп койгойлуу маселелерин сенден жакшыраак билет жана кыйын кундордо жардам берген ал баатыр эмес качып жан багып юийликти кулаткандан кийин келген сен баатыр болмок белен????Эл туушунбой жатат деп озунду акылдуу сезбегин эл сенден жакшв тушунот ЕККУнун келиши эмне алып келерин.Азыртан элди манкур ойлойсун эртеге башчы болсон элге таптакыр кун жок окшойт.Сендейлерден Алла сактасын!!!

кимден: ош каяктан: рос
30.07.2010 19:29
Эдил Байсалов сиз ушинтип суйлоп жатсаныз, сизден граммотный политик чыкпайт, Ош, жалалабадта жонокой карапайым адамдар олуп жатканда кайда журдунуз эле, кыргыздар олуп жатканда келип жардам бербейт белениз, бир политик басып келбей койду туштук регинго, эч кандай мамлекет башчылары 3 кун чечим чыгарбай койду Ош,Жалалабад ситуация боюнча. Мэр Мелис Мырзакматов кыргыздардын авторитетин, аброюн сактап калды (он граммотно поступил),..Эдил Байсалов мырза озунуз уялыныз.... Суйлосо соз болот деп суйлой беребениз, ЭЛ КОРУП ТУРАТ, УГУП ТУРАТ....

кимден: Алмаз каяктан: Бишкек
30.07.2010 19:26
Эдил мырза - накта эр жүрөк. Эч кимден коркпой, айтат! Криминалга да каршы убагында чыккан, азыр да чокчолой-баатыр мырзакматовдорго каршы чыкканын колдошубуз керек!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу