Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 23:50

Эркиндик

Кыргызстандагы кыйынчылыктар менен ЕККУнун эч иши жок

Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (ЕККУнун) Кыргызстандагы элчиси, уюмдун Бишкек борборунун башчысы Эндрю Тесорьер Ошто бир катар бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Өз ара сүйлөшүү учурунда абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Исмаил Исаковдун Алайдагы таламдаштарынын укуктарынын массалык түрдө бузулушу, ошондой эле өлкөдөгү сөз эркиндигинин улам чектелип бараткандыгы жөнүндө кабатырланган пикирлер да айтылды. Диалог маалында элчи мырза жумурият ичиндеги бардык маселелер улуттук деңгээлде чечилиши абзелдигин белгилеп, бул багытта ЕККУ жана анын курамына кирген 56 мамлекет Кыргызстанга таасир эте алышпастыгын билдирди.

x
Текст көлөмү - +
Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (ЕККУнун) Кыргызстандагы элчиси, уюмдун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорьер түштүк баш калаасында бир катар бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн айрым катышуучулары абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Исмаил Исаковдун Алайдагы таламдаштарынын укуктарынын массалык түрдө бузулуп жаткандыгы туурасында маалымдашты эле, ага элчи мырза төмөнкүчө жооп катты.

- Эгерде чынын айтканда, бул менин же биздин ишибиз эмес. Саясатчылардын өз ара мамилесине, ошондой эле өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүгө кымындай акыбыз жок. Ошого карабастан ЕККУнун өкүлдөрү Алайда жергиликтүү бийликтин жана камалган генералдын өкүлдөрү менен жолугушуп, кырдаалга абай салып кайтышты. Албетте, элди түшүнүп жатабыз, бирок Исмаил Исаков кандайдыр бир натуура жорукту жасаса, ал сөзсүз жазаланууга тийиш,- деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорьер.

Анткени менен Алай жергесинин көпчүлүк жашоочулары ЕККУнун өкүлүнүн айткандарын төгүндөштү. Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиевдин айтышынча, жергиликтүү калк аларды бийликтин зордук-зомбулугунан арачалоого батынбагандыгы үчүн эл аралык абройлуу уюмдарга абдан нааразы.

Ушуга улай жолугушуунун катышуучулары өлкөдө сөз эркиндиги улам чектелип бараткандыгына кабатыр экендигин, журналист Алмаз Ташиевди өлтүргөн милиция кызматкерлери шарттуу кесилгендигин, ал эми “Саясат» гезитинин атып өлтүрүлгөн баш редактору Алишер Саиповдун соту Чубактын кунундай чубалып келаткандыгын билдиришти. Бул өңүттө ЕККУнун аракети жетишээрлик эместигин белгилешти.

Бирок Эндрю Тесорьер мындай пикирлерге кошулбастыгын жарыялады: 

- Айтылган маселелер ЕККУ тарабынан убагында бир нече ирет көтөрүлгөн. Ошентсе да, мен билем, дале көйгөйлөр бар. Аны чечүү максатында орчундуу темалардын тегерегинде талкууларды, башка иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Канеткен күндө да, Кыргызстанда сөз эркиндиги канчалык деңгээлде жакшы же жаман деп баа бере албаймын,-деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорьер.

Арийне, жергиликтүү медиа серепчилер аталган багыттагы кырдаал улам курчуп бараткандыгын айтышууда.

Ошол эле учурда президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү Кыргызстан Борбор Азияда гана эмес бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнүн арасында адам укуктарынын корголушу жана сөз эркиндиги боюнча алдыңкы орунда тураарын, айрым эл аралык уюмдардын тетири баасы түккө арзыбастыгын жар салып келатышат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Саламат каяктан: Москва
27.02.2010 01:17
Кыргызстан ОБСЕге мүчө болуп киргенде адам укуктары боюнча, тынч, куралсыз митингдер боюнча, сөз эркиндиги боюнча, соттордун көз карандысыздыгы боюнча ж.б. бир топ милдеттерди алган. Ошолорду Кыргызстан аткарбай атса ОБСЕнин өкүлү алар жөнүндө ачык айтыш керек эле...

кимден: Калыс кыргыз
26.02.2010 22:43
Европалыкта Руандада тутси менен хуту чатагын баштап коюп, согуш башталганда качып кетишкен. Ошондо бир миллион киши кырылган. Ошондуктан бийлик менен оппозиция абайлап иш кылыңыздар айланайындар. Ошого жакын калдык окшойт. Кудай сакта. Эч качан, башка мамлекеттер, жарандык согуш башталса жардам бербейт, коргобойт. Ички иш деп шапалагын жайып сыртка чыга беришет. БУУ да ошентет. Адилеттик менен эркиндикти тебелеп тепсей берсек ошого келебиз. Муфтий аксакал, сиз сектанттарга карата тукуруу сөзүңүздү токтотсоңуз экен. Кудайдан коркуңуз. Оппозиция, сиздер убакытты шаштырбай, бийликке келгенден кийинки милдетти ойлонсоңуздар. Бийлик, сиздер кичине цивилдүү болсоңуздар. Ушундай да болобу - килейген министрлерди балаңызга көз каранды кылып койдуңуз. Өзүңүз эле шылдың болуп атасыз.

кимден: Алатоо каяктан: карапайым
26.02.2010 22:30
Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (ЕККУнун) Кыргызстандагы элчиси, уюмдун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорьердун жогоруда суйлогон созу кыжырымды катуу кайнатты.Бул абройлуу уюмдун кадырын кетирбей ал киши кызматтан кетсин! Чындыкты суйлой албаса, Кыргызстандагы адам укугун коргой албаса кетсин! Кыргызстандан кетсин! Бийликтин кошоматчысына окшоп суйлогонун кара!

кимден: Алатоо каяктан: карапайым
26.02.2010 21:14
Мен мыйзамдын тарапкеримин.Мен мыйзам бузууга каршымын.Карапайым айылдык жумушсуздан баштап, президентке чейин мыйзам баарына бирдей.Мыйзам бузгандар элдин душманы.Баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарымдын чегинде төмөнкүлөрдү элге айткып койгум келет: 1) Кыргызстанда мыйзамсыздык өкүм сүрүүдө. Мыйзамдын эмес, Максимдин үстөмдүгү орун алды. Сталин баласын генералга алмаштырбай койгон эле.Бакиев Генералды каматты. 2) Саясий туруксуздук.Бийлик өз милдетин аткара албай калды.Бийликке элдин ишеними кетти.3) Коррупция.Элдин шору, мына ушунда.Эл паракорлуктун азабын көп тартты.Дагы көп көз жаш төгүлөт.4) Кыргыздын аксакалдарынын үнү чыкпайт.Калыс оюн айткан аксакал табуу кыйын болуп калды.Кыргыздын көбү акчанын кулу болуп калды.Акчага генералын да, Кыргызын да, Мекенин да сатып жиберүүгө даяр атуулдар көбөйүп барат. 5) Мамлекеттин эң оболу территориясы болуш керек.Биздин эл да, бийлик да, оппозиция да бул жөнүндө жетиштүү иш алып барган жери жок. 6) Улуттун саламаттыгы. Акчасы жоктор өлө берсин деген саясат жүрүүдө. Оорунун ар кандай түрү жыл сайын көбөйүп баратат. 7) Билим берүү парага тыгыз чырмалып калды. Билимдин сапаты өтө төмөн. Мындай билим алган жаштар келечекте Кыргыздын чоң кылмышкерлери болуп чыгышат. 8) Адам укугу дешет.Кайдагы укук.Журналисттерди сабаганы, саясатчылардын дайынсыз жоголушу, ж.б.төбө чачың тик турат. 9) Карапайым эл деле патриотизм жөнүндө идеологияга сугарылган эмес. Мекенди сүйүү түшүнүгү элде жетиштүү эмес

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)