Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:54

Саясат

М. Аскарбеков: Президент бизди ынандыра алган жок

ЕККУ полиция өкүлдөрүн Кыргызстанга киргизүүгө каршы чыккан топтун өкүлдөрүн кечээ президент Роза Отунбаева кабыл алды. Мындай митингдерди уюштурган жаш активисттердин бири Мавлян Аскарбеков президент аларды ынандыра албаганын айтат.

Митингчилер аянтта ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн өрттөштү, 26-июль, Бишкек.
Текст көлөмү - +
- Сиздер эл аралык полициянын келишине каршы акцияларды өткөргөндөн кийин ар кандай пикирлер пайда боло баштады, буларды кырдаалдын туркташуусун каалабаган күчтөр каржылап атат деген сыяктуу. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Мен тактап айтып кетсем, мен эч кандай партияда, эч кандай уюмда турбайм. Биздин артыбызда эч кандай күчтөр жок жана каржылоо жок. Биз өзүбүз 10, 100, 500 сомдон акча чогултуп, транспаранттарга жана башка керектүү нерселерге жумшап, кыргыз элинин арасынан чыккан жигиттер ушул акцияны уюштуруп алып чыктык. Биз жөнүндө жанагындай сөз чыгаргандар бизди жаманатты кылалы дегендер болсо керек. Мен кепилдик берем, биздин артыбызда эч кандай күч жок.

- Бийлик 52 полиция куралсыз келет, алардын мандаты чектелген, мониторинг, тренинг менен гана алектенишет деп атпайбы. Сиздер кайсы жүйөөгө таянып, каршы болуп атасыздар?

- Биз кандайдыр бир жүйөөгө таянган жокпуз. Биз жөн гана тарыхка таянып, болуп өткөн окуяларды изилдеп, ошонун негизинде биз өзүбүздүн оюбузду айтып жатабыз. Биз барыбыз Югославияда эмне болгонун билебиз. Ал жака дагы НАТОнун байкоочулары келип, отчетторун жазгандан кийин куралдуу күчтөрү кирген. Косоводо дагы ушундай болгон. Мына Мали, Ооганстан 8-9 жыл болду, Иракка да башында байкоочулар эле кирген да. Бизде дагы иштетилген сценарий боюнча мындай иштер өз нугу менен кетип бара жаткандай.

- Кечээ Ош шаарында дагы ЕКУУнун полициясына каршы митинг өтүп, ага бир жарым миңден ашуун адам катышканы айтылды. Бишкекте, Ысык-Көлдө дагы ондогон адамдар катышкан митингдер өттү. Ушинтип нааразы болгондордун саны өсө берсе, эл аралык полициялар келбей калышы мүмкүнбү?

- Биринчиден, кечээ биздин пландар боюнча бул акция бардык облустук борборлордо болмок. Кечээки акцияга Ош жергесинде 3 миңге чукул адам катышты, Таласта да өтө көп эмес сандагы адамдар катышты, Караколдо жана Бишкекте болду. Бул жерде бир эле маселе бар, эгер кыргыз эли жалпы каршылыгын көрсөтсө биздин өкмөтүбүз элдин сөзүн угуп, бул маселени оң жагына чечип бериш керек. Биздин Кыргызстанда бийликтин эң жогорку чеги - эл. Ошондуктан эгер жалпы эл каршы десе биздин президент өз чечимин өзгөртүп, ЕККУнун полициясын Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салыш керек.

- Кечээки митинг учурунда сиздерди президент Роза Отунбаева өзү кабыл алган экен. Ал киши сиздерди ынандыра алдыбы?

- Роза Отунбаевага беш кишиден турган делегация кирип, бир саатка жакын сүйлөшүп отурдук. Бирок биз коюлган конкреттүү суроого жооп ала алган жокпуз жана президент ынандыра алган жок. Ал жерде кыскасы биздин абал оор, эл аралык коомчулук бизди туура эмес маалыматтар аркылуу билип жатат деген сыяктуу түшүнүксүз сөздөр болду. Биз конкреттүү ЕККУнун полициясы кирбесин деген сурообузга конкреттүү жооп ала алган жокпуз жана биз аны терс жооп деп кабыл алдык.

- Мындан ары аракеттериңиздер кандай болот, акцияларды улантасыздарбы?

- Мындан ары да акциялар улантылат. Кудай буюрса биз 29-августта бардык шаарларда, бардык облустун борборлорунда чоң нааразылык акцияларын өткөрүүгө даярданып жатабыз.

- Рахмат маегиңизге.

Тасмада: ЕККУ полициясына каршы Бишкектеги митинг, 26-июль.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Азамат
28.07.2010 15:32
Мекендештер, эч кандай сырткы кучторду киргизбоого бардыгыбыз бекем турушубуз керек. Алар келсе эле бардык проблемалар чечилип калаарына эч кандай гарантия жок. Азыр биздин башкы проблемабыз - мамлекеттик башчылардын чабалдыгында болуп жатат! Ушундай кадамдары менен алар муну уламдан-улам бышыктап жатышат.
Эгерде ОБСЕ гум.жардамды бизди киргизсенер гана беребиз дегендей шарттарды коё турган болсо, анда - экооңордун тен керегинер жок - деп айтышыбыз керек.
Адамдык кылып баягы эле жылуу орундарын корголоп, мындай создорду бугун аларга бийлик айта албай жатса, анда мамлекеттин келечеги жана эркиндиги учун, кыргыз эли чечкиндуу турдо аларга ЖОК дейли!!!

кимден: moskov каяктан: kremlin
28.07.2010 10:20
Salam kirgiz jerdeshterim.OBSE kirbesin deb bardigibiz karshibiz. Birok alar GUMANITAR POMOSH berse unchukbay alvatabiz turabi? Eme akikatka kanday karaysiңar Bardigibiz muslmanbiz deb oto insafi jok ishterdi kilvatabiz.Azir OBSE kirbese alar oylonup kalat emnege bizdi KIRGIZDAR kiritpetat degen oy pikir bolot.

кимден: umar каяктан: alimov
27.07.2010 21:10
Askerbekov pochemu vi protivv obcee po moyimm bez nihh nesmojitt .....

кимден: Тагайбий каяктан: Сеулдан
27.07.2010 20:49
Бизда колдойбуз жана кошулабыз каршылык акцияларга ОБСЕнин полицийскийлери кереги жок, маниторонги дагы жана тренинги дагы кереги жок кичинекей баланы алдагансып куралсыз келебиз жана мандаты чектелуу деп. Мониторинг кылыш учун эларалык коммиссия мучоо болуп киришсин ОБСЕнин кишилери, а эгерде Кыргыз милициясын окуткусу келсе бул тренинги анда биздин Милиция кучторобузду конкурс жарыялап бекер окутуп повышения квалификации кылып беришсин ошол чет мамлекетке барып окуп келишсин. Политический проституция кылбайлы Кыргызстанды бироого коз каранды кылып ОБСЕ акчалай жардам беребиз эгерде биздин полицейскийлер кирсе деп оздорунун условияларын коюп жатса керекта, антип сатылып жардамын албай эле коюш керек бироого коз каранды болбойлу анын акыры эмнеге алып келет ошону ойлойлу Кыргызстандын келечегин ойлойлу бир аз акчага алданбай.

кимден: Тимур каяктан: РФ
27.07.2010 20:37
Салам Азаттык,мен дагы каршымын,полициянын келишине,андай экен 11-15-июнда кайда экен алар,туштон кийин кереги жок алардын.Кыргызстан оз проблемасын озу чечиши керек.

кимден: Murat каяктан: Osh
27.07.2010 19:58
Аллах колдосун!!!

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
27.07.2010 19:58
Аскарбекоб бүт кыргыз жаштары силер менен бирге. керек болсо кыргызыстан жаштарын ак үйдүн астына алып чыгууңа тилектештик!.

кимден: Leitinant MVD KR g.OSH каяктан: Osh
27.07.2010 19:48
Tuura zachem keregi bar bizge OBSSEnin Adamdary, Kyiyn eken 12-13 iiyulda keliwpeibi, Men da Formamdy chechip Oshto Aiyantta bolo turgan Mitingke 29-iiyulda chygam jana kesiptewterim da chygabyz dep jatywat

кимден: Bakay каяктан: Moskva
27.07.2010 18:51
Mavlyan, Ala Toobuzdun tagdirina kaydiger karabay uluu maseleni kotorup chikkanina rahmat.But Kyrgyz eli senin koz karashindi koldoyt.Al emi seni Manas atabizdin arbagi koldosun!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)