Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 14:38

Эркиндик

Ноокат окуясы боюнча Жогорку Cоттун чечими чыкты

Жогорку Cот Ноокат окуясы боюнча буга чейинки сот өкүмдөрүн салыштырмалуу гана өзгөртүп, алды 20, арты 9 жылга кесилгендердин жаза мөөнөтүн 2 жылдан 5 жылга чейин гана кыскартты. Соттолгондордун туугандары болсо Жогорку Сот чечими да акыйкатсыз болду деп, нааразылыктарын айтып жатышат.

Ноокат окуясын боюнча ишти караган соттук курам
Текст көлөмү - +
Соттун чечимине ылайык толугу менен акталгандар болгон жок. Буга чейинки Ноокат райондук жана Ош облустук сотунун өкүмдөрү боюнча эки гана өзгөрүү болду. Маселен Кылмыш жаза кодексинин 174-беренеси (мүлктү атайлап талкалоо, кыйратуу) кылмыш ишинен алынып салынды. Мындан тышкары кодекстин 156-беренеси (жашы жете элек өспүрүмдөрдү кылмыш жасоого тартуу) боюнча айыпталган он үч адамдын ичинен он бири толугу менен акталды. Жыйынтыгында арыз менен кайрылгандарга чегерилген жаза мөөнөттөрү орто эсеп менен эки жылдан беш жылга чейин кыскартылды.

Кыргыз-Ата айылынын 70 жаштагы тургуну Жибек апа соттун өкүмүнө нааразылыгын мындайча билдирди.

- Адам өлтүргөндөргө сегиз он жыл беришет. Биз өзүбүз жоош экенбиз, пикетке да чыкпадык, ишендик. Биринчи өкүм ал болду, экинчи өкүм бул болду. Алдап келип отуруп бүгүнкү чечим такыр туура эмес болду. Балам 16 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Бир милицияга түшүп көргөн эмес. Башында ага он алты жыл беришкен, эми он төрт жылга кыскарды. Туурабы ушул? Акыйкаттык кайда?

Жогорку Соттун чечимине нааразы укук коргоочулар бейкүнөө адамды Хизб-ут Тахрир кыймылынын шылтоосу менен жоопко тарта берсе болот турбайбы деп кабатыр. "Ачык позиция" коомдук уюмунун жетекчиси Дмитрий Кабак буларга токтолду:

- Эгер адамдар негизсиз дооматтар менен бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып жатса, анда Жогорку Сот мындай кемчиликти оңдошу керек эле. Бирок тилекке каршы Жогорку Сот муну көз жаздымда калтырды. Бул мени абдан тынчсыздантат. Демек, ар бир атуулду хизбутчу деп туруп эле камап салса болот экен да. Бүгүнкү күндө ар бир адам кооптуу абалда экени сот жараянынын жыйынтыгы менен тастыкталды.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова Ноокат окуясы боюнча камакка алынгандар сабоолорго кабылып, күнөөлөр кыйноо жолу менен мойундарына илингенин айтат. Ал эми мамлекеттик айыптоочу, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын ага прокурору Жорокул Кубатов болсо, айыпталып жаткандар мыйзамдын чегинде жазасын алышканын белгилеп, райсот менен облсот туура чечим чыгарганын билдирди:

- Алдын-ала териштирүүдө, соттук биринчи инстанцияларда мунун бардыгы каралаган. Анча-мынча катуу сүйлөп койгондор болгондур, эми андайлар боло берет да. Көпчүлүгү күбөлөрдүн, адистердин маалыматтарынын корутундуларынын негизинде булардын күнөөлөрү далилденген. Кыйноолор тууралуу маалыматтарды бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү соттолгондордун бир туугандарынын, жакындарынын айткандарынын негизинде гана билдирип жатышат, ал эми кылмыш ишиндеги материалдарга эч кимиси таянган жок.

13-май күнү эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму Ноокат окуясы акыйкатсыздыктын үлгүсү болуп калбашы керек деген билдирүүсүн таратып, айыпталуучуларга жасалган кыйноо фактыларын эске алуу менен кылдаат иликтөөнүн жүргүзүлүшүн талап кылган.

Өткөн жылдын 1-октябрында Орозо айт күнү Ноокат районунун борборундагы аянтта массалык башаламандыкты уюштуруп, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн өзгөртүүгө чакырык жасашты, диний каршылыкты жаратты деген айып тагып, 32 адам камакка алынган эле.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Акылбек каяктан: Бишкек
21.05.2009 16:35
Биздин чирип бүткөн сот системабыздын колунан келгени ушул да. Өздөрү бутунун учунан кекиртегине чейин арам акчага тоюп алып, анан бирөөнү соттоп жаткандарына жол болсун. Баары бир үстүбүздө аллах турат, адилеттүүлүк сөзсүз болот бул жашоодо болбосо аркы жашоодо

кимден: жаран каяктан: Кыргызстан
21.05.2009 13:44
Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов сыяктуу инсандар да убагында "эл душманы" аталып атылып кеткен. Алар да кийин акталбадыбы. Булар да азыр эл душманы аталып кийинчерээк "баатыр" деген наам алышат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.05.2009 01:15
Менин Ноокаттагы тааныш адамдардан укканыма караганда бул окуя Хизб-ут Тахрир кыймылынын мүчөлөрүнүн аракети менен жасалган. Анын үстүнө, Ноокат районунда ошо диний кыймылга өткөн адамдардын саны башка жактагыларга салыштырганда бир канча эсе көп экен. Эгерде ошол окуядан улам улуттар аралык жанжал чыгып кеткенде канча адам набыт болот эле. Бир жагынан бул сот "показательный процесс" десек да болот. Тизгинин тартыш үчүн жасалган аракет. Жоопко тартылышы керек, ошол уюштуруучулар (10-15 жыл болбосо дагы 2-5 жылга).

кимден: руслан каяктан: кемин
20.05.2009 22:35
Дмитрий мырза туура айтат, адилет беш миллион кыргызда болбосо бир оруста бар окшойт.

кимден: Акбар каяктан: РФ
20.05.2009 22:32
Урматтуу Президент! Амнистия берип койсоңуз!!!

Онлайн шерине