Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:54

Кыргызстан

Кыргызстандык диний качкындар баш паанек издөөдө

Ноокат окуясынан кийин кысымга кабылып, үй-бүлөсү менен сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун бири - Салика айым Москвадан "Азаттыкка" үн катты.

Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары соттун жанында. Ноокат, 14-май, 2009-жыл.
x
Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары соттун жанында. Ноокат, 14-май, 2009-жыл.
Текст көлөмү - +
- Салика айым, сиздер Кыргызстандан качан, эмне себептен чыгып кеттиңиздер?

- Биз Кыргызстандан 2008-жылы 2-октябрда чыгып кеттик. Себеби милиция биздин артыбыздан түшүп алды. 1-октябрда Ноокатта айт болду. Аким мусулмандардын майрамында аш таратканга уруксатын берген эле. Бирок эртеси күнү майрамдаганы көчөгө чыксак, көчөлөргө ОМОНдорду жайып салган экен. Элди урдуруш үчүн Кызыл-Кыя шаарынан спортчу балдарды алып келишиптир. Мунун баарын бийликтегилер уюштуруп коюп, анан аны кайра “Хизб-ут Тахрир” кылды деп айтып чыкты.

- Ошол Ноокат окуясынан кийин сиздерге кандайдыр бир кысымдар көрсөтүлдүбү?

- Ооба. Биздин артыбыздан милиция кубалады. Майрамга чейин бир эки күн мурун эле милициялар жоолук оронгон аялдардын артынан түшө баштаган болчу. Бирдеме болсо эле “Хизб-ут Тахрир” кылды дешет. Биз бул партияга тиешебиз жок болсо деле кубалай башташты. Үйүбүзгө үч жолу издеп келишти. Жолдошум болсо диний көз карашы үчүн 2 жолу камалган. Анан дагы бизди камайбыз дегенинен качып кетүүгө мажбур болдук.

- Учурда сиздер Москвада кандай күн көрүп жатасыздар, бир жерде иштейсиздерби?

- Москвага келгени бир жылдан бери эч жерде иштей элекпиз. Миграция боюнча кызматка барып жумушка орношууга уруксат алалы десек, бизди кармап берип коюшат. Анткени Кыргызстан бизге издөө салган да. Башка жактарга да чыгып кете албайбыз. Көчөгө чыксак көрүнгөндөн коркобуз.

- Бир жыл аралыгында сиздер жашап жаткан жериңиздерге бирөө жарым издеп келдиби? Ошондой бир көрүнүштөрдү байкадыңыздарбы?

- Издеп эле жатышат. Бир эле биз эмес, бизге окшогондор Москвада өтө көп. Ноокат окуясынан кийин молдолор, жоолук оронгондор бул жакка келип алып, жумушсуз жүрүшөт. Селсаяктардай эле жашап жатабыз.

- Анан кантип күн кечирип жатасыздар. Балдарыңыздарды кантип багып жатасыздар?

- Орустарга рахмат айткым келет. Кээ бир орус кемпирлер нан, тамактарын берип, “силер өз ишенимиңер үчүн жабыр тартып жатасыңар” деп бизди туура түшүнүп жатышат. Биз үйлөрдүн подъезддеринде жашап жатабыз. Балдарыбыз өзүбүз менен бул жакта. Баламды Ноокаттан мектептен “атаң вахабист” деп чыгарып салган, кызыма болсо ушул себептүү паспорт бербей койгон. Эптеп жасалма документ алып жүрөбүз.

- Сиздер Москвадан укук коргоо борборлоруна кайрыла алдыңыздарбы?

- Биз көп уюмдарга кайрылдык. Баары эле “жардам беребиз, күткүлө” дегени менен эч бир жыйынтык жок. Жакында ооруп операция болдум. Акчаны бул жердеги мусулмандар чогултуп беришти. Бириккен улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгына кайрылган элек. Алар бизге “Силерди өзүбүздүн коргоого алдык. Москвада тура турсаңар, анан башка бир мамлекетке жиберебиз” деп справка берген. Бирок бир айда болот дегени менен, мына бир айдан өтүп бара жатат андан башка эч кандай жооп жок. А эгер биз Кыргызстанга кайтып барсак, бизди камап коюшат. Себеби биз хижаб киебиз, намаз окуйбуз, кудайдын бардыгын, кыямат болоорун билебиз. Муну өкмөт түшүнбөй жатат да.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Салиха каяктан: Москва
21.11.2009 11:00
АССАЛОМУ АЛЕЙКУМ Sairaqul.Сиздин мага жазган пикиринизди окудум ракмат! Ал эми менин суролорума жоо беринизчи. 1.Сиз кайжерден келдиниз.2.Бугун кандай иш журутунуз. 3.Эртен кайси жерге дарасыз. 4.Сиздин жашоодан максатыныз кандай. Менин бул суролорду сизге беришимдин максады,диний тушунчонузду билмекмин.

кимден: МАРС каяктан: УЗГЕН
20.11.2009 02:13
Чынында Аллаага каттуу ишенем, бирок молдорго ишенбеймин себеби молдонун айтканын кыл, кылганын кылба дейт ко анткени бүт молдолордун кылганын көрүп жүрөм! Алар айрымдары тобо кылдым,пайдасы болсо күнөө эмес,пайдасы жок болсо күнөө деп эсептейт.

кимден: Sairagul каяктан: Europe
20.11.2009 00:21
Салиха, тушунгон жокмун эмне деп жазганызды. Мынча пикир билдирип калгандан кийин, бирөөгө котортуп болсун кыргызча жазсаңыз болмок, көбүрөөк адам эмне каалап жатканыңызды тагыраак түшүнмөк.

1. Менин жеке пикиримче, Жараткан Кудай ар бирибиздин дилибизде жашайт.Сиз ишенип, башкасы ишенбей коюптур деп айтканга акыңыз жок.

2. Ар ким өзү карманган баалуулукту башка бирөөгө таңуулаганга акысы жок. Өзүңүз ишендиңизби, зиярат кыласызбы, жеке ишиниз, азаматсыз. Юбка кийген Кудайга ишенбей, паранжы жамынган ишенип, адеп-ахлактын туу чокусуна чыгып алдык дегиниз келген го? Жанылышасыз. Сиздин ПРОБЛЕМАНЫЗ өзүңүздүн дүйнө-таанымынызды башкаларга ТАҢУУЛАГЫНЫЗ КЕЛЕ бергендигине экендиги катынызда айкын көрүнүп калды.

3. Кыргызстанда башка мамлекеттерден салыштырмалуу ДИН, УЛУТ, ТИЛ Эркиндиги Кудайга шүгүр, кеңири.

4. "Биз динимиз учун,мусулмонлигимиз учун уз юртларимизни ташлаб мухожирликни танладик , ...а,хам хижрат килган биз учун суннат иншаоллох,сузларимга ааллох гувох аллохуакбар" дептирсиз. Сүннөт деген сөз "АЛЛАНЫН БАШКА салганына КаЙЫЛМЫН" деген сөз. Чындап өзүңүз аткандай диндин курмандыгы болуп кетсеңиз, сүннөт болсоңуз - анда "укугум бузулду" деп жазбайт элеңиз. Анда сиз тооба келтирип, кыбырап жашай бермексиз.

Сөздүн кыскасы, ДИН сиз коргогонго МУКТАЖ эмес, анткени ал ар бир адамдын ЖЕКЕ ИШИ. СИЗ билгенди башкалар БИЛБЕЙ тургандай эле, СИЗ да БАШКАЛАР БИЛГЕНДИ БИЛЕ АЛБАЙСЫЗ.

кимден: Салиха каяктан: Москва
19.11.2009 17:34
Ассаламу алейкум хурматли редакция .Балким айрим Кыргызыстон фукароларига Кыргыз кониституцияси ёкаётгандур лекин копчилик инсонлар (узбек ,кыргыз ба бошкалар)ислом динига ишонганлар ва ишонадилар улар охиратни уйлаб , кечаю кундуз ибодат килиб аллохдан куркан холатта кун яшайдилар.Бизларни бир кунда 24 соат яшашлигимизни худо куронда айтган,пайгамбаримиз Мухаммад с.а.курсатиб куйган.Мен ва турмуш уртогим 24 соатлик кунимизни аллохга богланиб кун курамиз. Шунинг учун биз аллох айтгандек яшаймиз .Мен худо айтгандек яшайман,хижоп кияман,амримаруф киламан,турмуш уртогим хам худди шу йолда юради ,биз худога итоат киламиз.Энди мен мини юбка кийганимда, булар айтган байрамларни байрам килиб юрганимда куёвим аракхор болганида зинокаш болганида угри болганида бизни хечким тегмаган булар эди.Кыргызыстондаги яшаётган 99% одамлари каби яшаб юрган болар эдик ,бу яшов биз учун харом,сабаби биз мусулмонмиз,аклан аллохнинг борлигига иймон келтирганмиз,Кыргызыстоннинг 99% мусулмонлари сингари -онам мусулмон,отам мусулмон-деп куркурона эрчиб мусулмонликни даво килмаймиз.Фойда килсакхам зиён килсакхам биз худога куллик киламиз ва худо айтгандек яшаймиз агар аллохнинг йулида улсак шахиднинг саиди боламиз.Биз динимиз учун,мусулмонлигимиз учун уз юртларимизни ташлаб мухожирликни танладик , шариатта мусулмонга буйрилган, агар бир мусулмонга зиён етаётган болса хижрат килишлик шариатта халол,пайгамбаримиз с,а,хам хижрат килган биз учун суннат иншаоллох,сузларимга ааллох гувох аллохуакбар.Кыргызыстон фукароси бир хоним бизни натогри тушунибди.Хурматли кариндош пайгамбаримиз с.а.в.айтганлар - ШУНДАЙ ЗАМОН КЕЛАДИКИ ,ДИННИ УШЛАШЛИК ЧОГНИ УШЛАШЛИК БИЛАН БАРОБАР-.бу хадис пайгамбаримиз с.а.в.ёлгончи эмас ,хозирги биз яшаб турган тузум хакида айтган..Бизнинг хакимизга дуода булинг,чунки сизхам мусулмон фарзандисиз,мендан катта болсангиз мен учун опасиз,кичкина болсангиз синглимзмз,жаннатта куришгунча хайр.ХУРМАТ ВА ЭХТИРОМ БИЛАН СОЛИХА.

кимден: Sairagul каяктан: Europe
18.11.2009 23:39
Чындыгында түштүктө, айрыкча Ош шаарында экстремисттик диний уюмдардын таасири өзбек туугандардын арасында абдан чоң. Илгери канчалык прогрессивдүү ой жүгүрткөн өзбек жаштары паранжыны таштайбыз деп мууздалып кеткен. Эми , бүгүн кайра аны унутуп калган, адептүүлүктүн эң туу чокусуна чыга калгансып паранжыга өтүп жаткандарды ошол экстремисттик уюмга мүчө экенин ар бир махаласындагы адам билет. "Тойгончо жеп, өлгөнчө карганган" принцибин бул жерде карманып алып, бет тырмачылык кылбоо керек.
Корко турган жайынар жок болсо, эмнеге качып кеттиңер?Кантип эле укук коргоо органдары жөндөн-жөн артыңардан түшүп алышы керек экен? Эмне үчүн Ноокаттын 99% кошо качпайт? Демек алардын чындыгында корко турган жери жок. Эмне үчүн жолдошуңуз эки жолу кармалган? Укук коргоо уюмдары да жөндөн-жөн кармай бербейт да. Мамлекет кризисте десе эле, жамандап жатып алсам кутулам деген айла го. Мен АКШдан да көргөм "Кыргызстанга Анжияндан качып келсек, кыргыз коопсуздук кызматы куугунтук кылганы үчүн качтык" деп жүргөн. Мамлекетти жамандап, "улуттук маселени" апыртып кошо коюп, баш паанек издөө-ооруу боло баштады окшойт?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине