Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:52

Кыргызстан

Улуттук комиссия: Түштүктөгү тополоң окуялар алдын ала даярдалган

Кыргызстандын түштүгүндө июнь айында болуп өткөн окуялардын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн Улуттук комиссия эки жумалык байкоолорунун болжолдуу жыйынтыктары менен тааныштырды. Анда 11- июнда башталган жаңжал өзүнөн өзү чыкпагандыгы, абдан мыкты даярдалганы айтылат.

Ош шаарындагы калабалуу күндөр
Текст көлөмү - +


Июнь айында Ош жана Жалал-Абад аймактарында болуп өткөн жаңжалдын себептерин, кесепеттерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын болжолдуу жыйынтыктарына караганда тополоң окуялар жөн жерден чыккан эмес, ал түгүл абдан мыкты даярдалган иш-чара болгон.

28-июлдан 9-августка чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында иш алып барган комиссия мүчөлөрү мындай жыйынтык түштүктөгү окуяга күбө адамдар менен сүйлөшүү жана окуя болгон жерлерди байкоодон кийин келип чыккандыгын билдиришет. Аталган комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, окуяларды уюштурууга Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана кандайдыр бир өлчөмдө Жалалиддин Салахуддиновдун да катышы болгон:

- Бул ишти уюштургандар өзбек туугандардын лидерлери болуп калды. Анан кыргыз туугандар бул нерсеге жооп кылып коюшту. Бул нерсе бүгүнкү күндө ачык айкын десек болот.
Бул ишти уюштургандар өзбек туугандардын лидерлери болуп калды. Анан кыргыз туугандар бул нерсеге жооп кылып коюшту.

Мындан сырткары окуяларга Бакиевдин жакындарынын, ар кыл экстремисттик уюмдардын да салымы болгондугу айтылат. Комиссия эмне үчүн бул окуяга жол берилгенин, эмне үчүн курал-жарактар элдин колуна өтүп кеткенин аныктоо үчүн иш-аракеттер уланып жаткандыгын билдирет.

Ошол эле учурда адам укуктарын коргоо боюнча Human Rights Watch уюмунун Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалга байланыштуу жасаган баяндамасында окуялардын жетиштүү деңгээлде изилденбей жатканы сынга алынган.

- Тилекке каршы, биз мыйзам бузган адамдарды жоопко тартуу жана окуяларды изилдөөгө болгон чыныгы аракеттерди көрбөй жатабыз,- деп белгилеген  аталган уюмдун изилдөөчүсү Оле Солванг.

Кара-Суу району, Ош облусу
Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигин жана түштүк аймакта иштеп жаткан эл аралык уюмдарды бардык жарандардын укугун коргоого, чыр-чатактарды алдын алууга чараларды көрүүгө, ар кандай арыз, даттанууларга көз салып, кечиктирбей иликтөөгө үндөгөн. Ошондой эле түштүктөгү башаламандыктарда куралдын элдин колуна өтүп, өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп, же кокустуктан өзбектерге каршы чабуулдарга аралашып кеткени айтылган.

Абдыганы Эркебаев курал-жарактарды элдин колуна өткөрүп жибергендиги үчүн айрым кызматкерлердин күнөөсү бар экендигин, бирок аларды ар кыл чабуулга аралашты деп айыптоого негиз жок экендигин билдирет:

- Айрым аскердик бөлүктөрдүн, алардын командирлеринин жана ички иштер органдарынын да күнөөсү бар. Куралды тарттырып жиберишкен. Антпеш керек эле. Ал куралдарды бүт дүйнө көрдү, БТРге минип алып көчөдө эл жүрдү. Ушундай мыйзамсыздык болуп кетти. Бирок аларды атайылап жалаң эле өзбек тарапка кирди деген туура эмес.

Абдыганы Эркебаев Human Rights Watch уюмунун баяндамасында туура жерлери менен катар талаштуу да жерлери болгондугун белгилейт.

Жалал-Абад, 17-июнь 2010-жыл
Түштүктөгү коогалаңдын себептерин, кесепеттерин аныктоо боюнча улуттук комиссия кыргыз, өзбек, дунган, орус улутундагы отуз көз каранды эмес коомдук ишмерден түзүлгөн. Улуттук комиссия Кыргызстандын түштүгүндөгү иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын ушул жылдын сентябрь айынын жарымынан кийин жарыяламакчы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: ainash каяктан: Osh
26.08.2010 15:42
Tushtuktogy koogalan mezgilinde ozbek uluttundagylar uiloruno SOS dep jazyp algandarynyn sebebi emdene eken Ushunu bir izildegen adam boldy beken. Emne uchun alar darbazalaryna, tamdarynyn bashyna chon kylyp SOS dep jazyp alyshkan. Ushul nerseni bir dagy ozbek uyu kalbai jazyp alyshkan. Bul nerse menen alar kimge signal berip jatyshty eken. Ushul nerseni Azattykt izildep korboit beken. Rakhmat.

кимден: Begimai каяктан: Bishkek
26.08.2010 13:32
Murda ele dayardalgani sokurga dele korunup turgani chin..jada kalsa chet olkodoku ozbek ulutundaki jurnalistter Oshto dayar turgan..murdatan chakirilgan..Bishkekten bir jurnalist bara elekte Rossia Turkiyada kirgizdr genosit kilip atat dep chigipatti..oshol jurnalistterdi da surakka alish kerek ozu..

кимден: Akma каяктан: Bishkek
26.08.2010 09:18
Кыргыз элиндей кең пейил эл жок ааламда, Кыргыз элимдин актыгын тарых көрсөтөт Ак ийилет, бирок сынбайт деген кеп бар эмеспи, көрөсүңөр го туугандар Кыргыз элинин аты эч качан жаман атка конбойт, мейли азыр Кыргыз эли жаман атка коно берсин, бирок келечекте баары аныкталат, Кудай өзү эле таразалап коет. Биз адамдар өзүбүздүн мыйзам менен жашоого аракет кылабыз, бирок ааламдын мыйзамы деген бар ага эч ким эч качан каршы чыга албайт.

кимден: БОРООН каяктан: ЭЛ
19.08.2010 17:41
Жогоруда аты аталган,деген улутчул –сепаратистер,саясий сокурлугу болсо, да ашынган улутчулдугу- амбициясы башынын -чачыннан ашып озбекти да кыргызды да канга бойоп,качып кетишти,Комиссия бул сепаратистер кайсыл булактан коогаланды акча каражат ,курал жарак менен камсыздаганын аныктаганга,активдуу уюштуруучуларын жогорудагы башчыларына кошуп аныктаса,Негиздуу ,комиссия акыйкат сунушун берсе Эле чон ишти Кыргыз элине жасаган болот эле.Ошондо калган кылмышкерлерди табууу жоопкерчиликке тартуу ,куч МВД,СНБ жана Сот -прокуратура кучу менен бул кандуу кагылышты атайын уюштургандарды жазалаганга урунтуктуу негиз болуп берет эле,ощондой эле улутчул-сепаратистерге -сырткы кучторго да Кыргыз Эли ,Бийлиги оз-ЭЛ _Жерин коргой алаарын бышыктаарын корсотот эле дунуйого!Комиссия документтештирип куру созун бышыктаса жанжалдын жабыркагандар да ырхматын айтып,Бул маселеге Укуктук-адамдык –акыйкат баа берилсе жакшы болот эле!Бул ишти Эркебаев чечкиндуу кадам жасап,Элди Тынчтандырып жардамы тийсе деген тилектебиз!

кимден: Мирлан каяктан: Ош
19.08.2010 12:49
Чындыгын айтыш керек да коркуп учунчу куч дей бербей Кайдагы жанын зорго алып калган Бакиевге шылтабай. Ошто жашаган сокур адам дагы билет Кимдер тарабынан кандай даярдалганын...

кимден: mura каяктан: USA
18.08.2010 19:41
Emi anyn jakshi dayardalganyn baary ele bilet, kunooluulordu taap jazalabaysinarby?!!!! Kop suyloy berbey! Kolunardan bok dagy kelbeyt, anan jakshi suyloysunor arkaysinin bashin!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Кыке каяктан: Ош
18.08.2010 18:34
Наконец то признали, что события в Оше были тщательно подготовлены. Ведь кадыржан батыров и иномжан абдрасулов (даже не хочется писать их имена заглавными буквами) за 3-4 дня до конфликта проводили собрания среди узбекского населения и это показывали по местному узбекскому телеканалу. Так почему же правоохранительные органы и органы безопасности не предотвратили эти события, почему же даже когда началось кровопролитие не пытались задержать организаторов, может быть действительно кое кто из ВП был в ладах с кадыржаном батыровым.

кимден: нурлан каяктан: москва
18.08.2010 17:45
кимден: Патриот каяктан: Бишкек
17.08.2010 20:25 Почему такие беспорядки вообще допустили в Оше? Вопрос в этом, а не в том, кто первым начал.

Потому что милиция была деморализована после апрельских событий,она затолько защишалась даже после избиения своего начальника(Начальника ГУВД г. Ош),хотя должна была силой разогнать толпу применяя спецсредства и даже боевое оружие.Если бы милиция в ночь 11 июня разогнала бы узбекскую толпу,кыргызы не поднялись бы,трагедию можно было предотварить.

кимден: Рус каяктан: Ош
18.08.2010 13:29
<Асыл Анкара> никто нехочет помогать марадерам.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.08.2010 12:53
Кыйын Болуп Бакивдердин куноосун изилдей бербей мамлекети жакшылап башкарып алса болмок УО колунан коконун иши келбей жатат
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине