Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:48

Эл үнү

Эркин Асаналиев: Нарын элинин үмүтү өчө элек

Өкмөт башчы Данияр Үсөновдун Нарынга сапары, жергиликтүү калктын маанайы тууралуу Нарындагы электр кубаты жана жылуулуктун баасын төмөндөтүү боюнча кыймылдын өкүлү Эркин Асаналиев “Азаттыкка” маек курду.

Нарындагы нааразылык акциясы, 10-март, 2010-жыл
x
Нарындагы нааразылык акциясы, 10-март, 2010-жыл
Текст көлөмү - +
- Нарында марттын этегинде ири нааразылык акция өтөт деп белгиленип жаткан эле. Бул акция качан болот?

Эркин Асаналиев: Бул акция бүгүн (29-мартта) болот. Бул мурдагы митингдердин дагы бир уландысы.

- Маалым болгондой Нарынга бүгүн өкмөт башчы Данияр Үсөнов барат. Бул жолугушууда нарындыктар, дегеле сиздердин кыймыл кандай маселелерди, сунуштарды көтөргөнү жатасыздар?

Эркин Асаналиев: Жалпы кыргызстандыктарга нарындыктардын митингдери маалым болду окшойт. Биздин ошол маселелерибиз ушул күнгө чейин чечилбегендиктен бул митингде да ошол эле талаптар менен турабыз. Биз социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү, бааларды төмөндөтүүнү талап кылуудабыз. Андан сырткары ар бир митингде өкмөт толук чечпегендиктен улам саясий суроолор да кошулууда.

- Сиз Бишкектеги Ынтымак курултайына катыштыңыз, андан тышкары Данияр Үсөновдун жообун да уктуңуз окшойт. Өкмөттүн азыркы турумунан улам тарифтер арзандабайт. Бирок шарты катаал райондордо жашагандарга тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу социалдык колдоо берилет деп айтты. Маселенин ушундай чечилиши сиздерди канааттандырабы?

Эркин Асаналиев: Билбейм, түшүнүксүз. Анткени курултайда бийик тоолуу аймактар үчүн ушундай жеңилдиктер болот деп эч айтылган эмес. Бирок 1-2 күндөн бери тез кыймылдап, өкмөттөн келип, бизде чоң үмүттөрдү пайда кылууда. Анткени күтүп атып абдан кыйналдык. Бүгүн да оң жооп алабызбы деген үмүттө турабыз. Бирок буга чейин канча өкмөт мүчөлөрү, депутаттардан, министрлер келди, бул маселени толук кандуу чечкен эмес, биз оң жооп алалган эмеспиз.

Бүгүн да үмүттө турабыз, мүмкүн президенттин жаңы указы чыктыбы, кандай жеңилдиктер болот... Дегеле бул маселе бизге азырынча түшүнүксүз, эмне деген буйруктар, эмне деген кагаз менен келгендиги бүгүн эл алдында ачык болот.

- Сиздер ушул маселенин чечилишин кандай көрүп атасыздар? Айталы тарифтерди арзандатуубу, же мурунку калыбына келтиреби, же кандайдыр бир жеңилдиктерби?

Эркин Асаналиев: Болжолдуу түрдө тоолуу аймактарга 50 пайыз жеңилдиктер берилет, мурунку баага жакындап калабы деген ойдобуз.

- Сиз Ынтымак курултайынан кийин Д.Үсөнов менен болгон жолугушууга катыштыңыз беле?

Эркин Асаналиев: Жок, Д.Үсөновго алдын ала 20 киши барганбыз, премьер-министр кабыл алган, бирок ал жерде толук кандуу эч кандай жооп берген эмес. Тескерисинче, элге толук жооп бербестен, бизди кайра “эл бузарсыңар” деп узаткан болчу.

- Маегиңизге чоң рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: kontaaji каяктан: bishkek
29.03.2010 18:10
urmatty narindiktar sizderdin problema chechilet.Daniyar svetti naryn uchun arzandatabiz deptir.Al emi Kol ,Chuy jana bashka oblasttardin baasy dagy kotorulot dep kankuulaptyr .Egerde oshondoy bir bolup jaruu , өң kadirloo bolo turgan bolso anda chir chigishi kachpagan nerse.
Biz kolduktor jana bashaka oblasttardin elderi tokol katyndan tuulupturbuzbu.Ushunu biylik bile jursun .

кимден: Кыргыз
29.03.2010 16:44
Жаш балага печенье бергендей болуп Данияр акебиз Нарындыктарды алдайт окшойт эми. Нарындыктар алданбагыла.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу