Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:47

Кыргызстан

Нарын: Мектеп рэкетчилигине каршы “Демилге”

Нарын шаарында окуучулар арасындагы рэкетчиликке каршы “Демилге” аттуу усулдук борбор ачылды. Мындай борборду түзүү демилгесин шаар милициясы бул көрүнүш эпсиз жайылып бараткандыктан көтөрүп чыкты.

Милициянын маалыматына ылайык, Нарында жети жаштан он жети жашка чейинки балдардын дээрлик сексен пайызы рэкетчиликке кабылат
x
Милициянын маалыматына ылайык, Нарында жети жаштан он жети жашка чейинки балдардын дээрлик сексен пайызы рэкетчиликке кабылат
Текст көлөмү - +

Шаардагы № 2 Чкалов атындагы орто мектептин атын атагысы келбеген бул окуучусу рэкетчиликти кадимки көрүнүш деп эсептейт. Окуучулар арасында “салык” деп аталып, чоңураак, алдуу-күчтүүлөрдүн кичүүлөргө көрсөткөн ар кыл үстөмдүгүн эрөөн-терөөн деле көрбөйт:

 

 - Андай “салыктар” көп эле болот. Бизден улуулар бизге салып эле жүрөт. Аны төлөп бербесек, бизге эле жаман болот. Эми азыр чоңоюп калдык. Биз дагы кичүүлөргө салып жатабыз.

 

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, шаарда жети жаштан он жети жашка чейинки балдардын дээрлик сексен пайызы рэкетчиликке кабылат. Бул көрүнүштүн кайгылуу окуялар менен коштолгон учурлары да жок эмес.

 

Алтынбек аттуу окуучунун айтымында, мектеп рэкеттеринен кордук көргөн балдар адатта эч кимге арызданып кайрылбайт:

 

 - Токтогул атындагы мектепте 7-класста окуйм. Бизге чоң балдар 50-100 сомдон “налог” салышат. Биз аны таап бере албай, мугалимге кайрылалы деп, айта албай коркобуз. Айла жок таап беребиз. Анкени алар сабашат.  

 

Алтынбек шаарда мындай окуучуларга жардам бере ала турган “Демилге” аттуу борбордун ачылышы тууралуу азырынча кабары жок.

 

Нарында Чкалов мектебинин имаратында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) көмөгү менен ачылган “Демилге” аттуу борборго калаадагы баардык окуучулар кайрыла алышат. Андан сырткары өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор, ыктыярчылар жана башка каалоочулар үчүн керектүү маалыматтар сунушталат. Интернеттин кызматынан пайдалана алышат.  

 

Бирок борбордун ачылышы менен эле калаада рэкетчиликтин азайып кетишинен күмөн санагандар көп. Антсе да жакшы үмүт артып тургандар жок эмес.

 

Турдубүбү Шамуратова көптөн бери мугалим. Анын пикиринде мындай аракеттер менен мектептердеги бул кооптуу көрүнүштү азыраак азайтууга болот:

 

 - Менин кызым 11-класстан окуйт. Мен кызымдан “ай, рэкет деп, бири-биринен акча сурайт экен, ушуну билесиңби”, деп сурасам, “апа, билем, алар бизден да, кыздардан да сурайт”, дейт. Эми жанагы дилгирчилер иштеп кетсе, милициянын формасы болот, кандайдыр бир сүрү болот. Таптакыр эле токтоп, рэкет жоголуп кетпейт албетте. Кичине басаңдашы мүмкүн.

 

Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын  орун басары Каныбек Чолпонбаевдун айтымында, балдар арасында рэкетчиликти кылмыш орун алгандан кийин милициянын имаратында эмес, ага чейин күрөшүү жемиштүү болот:

  

 - Чыр болгондон кийин ошол жерге келбей, чырга чейин, ага жеткизбей биз балдарга туура түшүндүрүп, алдын алалы  деп жатабыз.

 

Айрым талдоочулар мектептердеги рэкетчлик барган сайын коомдогу коркунучтуу-кооптуу көрүнүшкө айланып баратканын эскертип келишет. Жакында эле өлкөнүн Акыйкатчы институту мындай көрүнүш айрыкча Бишкек менен Чүйдү каптап баратканына кабатырланган.

 

Ички иштер министрлиги сабактан качкан балдарды мектепке кайтарруу боюнча октябрь айында атайын иш-чара өткөрүп, жыйынтыгында рэкетчилик кылды деген айып менен он бир кылмыш иши козголуп сотко жөнөтүлгөнүн билдирген.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: patriot каяктан: korea
10.11.2008 18:36
En tuura ish!! Men koldoym, mynday kylyp azirtan chara koldonboso erten bir tuugan bir tuugandy olturo bashtayt. En tarbiyasizdik al reketchlik. Kolunan ech nerse kelbegen bey becharalar ozunon kichinelerge osentip nalog salat. Eger bul nerseni azir tezinen jogotposok Kyrgyzstandyn kelechegy oor. Andan koro siy urmat jakshy koruunu uyronboybu. okuusun kelechekte adam bolom dese, men 100% koldoymun.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)