Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:41

Саясат

А. Шыкмаматов: Элди алдоого мүмкүн болбой калды

10-мартта Нарын шаарында кымбатчылыкка нааразы болгон жергиликтүү тургундар митингге чыгып, электр кубатына тарифтерди мурдагы калыбында калтыруу, тоо шартындагылар үчүн каралган социалдык жеңилдиктерди сактоо, тоо кендерин сатууну токтотуу сыяктуу бир топ талаптарды көтөрүштү. Бул митингге катышып келген "Ата мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовду сөзгө тарттык.

x
Текст көлөмү - +
- Алмамбет мырза, Нарындагы элди ким чогултуп, ким уюштурду?

- Эртең мененки саат 11де Нарын шаарында 5 миңге чукул эл чогулуп, митингге Нарын шаарынан, Нарындын тегерегиндеги айылдардан келип катышты. Нарындагы элди ал жердеги оппозициялык партиялар, анын ичинде “Ата Мекен”, Социал-демократтар партиялары, БЭКтин мүчөлөрү уюштурду. Анан ал жерде социалдык көйгөйлөрдөн улам элдин арасынан дагы кандайдыр бир лидерлер чыккан. Алар баары биригип, митингди уюштуруу боюнча 23 кишиден турган жумушчу топ түзүлүп, ошолор уюштуруп атышат.

- Чогулган элдин саны канча болду?

- Саны 5 миңге жакын болду, митингге губернатор, облустун бардык активдери толугу менен катышты. Элдин нааразычылыгын, элдин көтөргөн маселесин, көйгөйүн баары башынан-аягына чейин угуп турушту. Бишкектен Акыйкатчы Турсунбек Акун да барды.

- Ошол бийлик өкүлдөрү элди ынындыра турган сөздөрдү айта алыштыбы?

- Албетте бул жерде мурункудай эле бийлик өкүлдөрүнүн башка айта турган сөзү болгон жок, убада менен гана чектелди. Жаңы келген губернатор айтты, мен Арпа, Ак-Сайды, Жетим-Тоону саттырбайм, тарифтерди түшүргөнгө аракет кылам деп. Ал эми эл чурулдап-урулдап, “биз мындай тил эмизген убадаларга ишенбей калганбыз, силер чече албайсыңар, силер эмес Данияр Үсөнов чече албайт, муну бир чечсе президент чечет, президент чечпесе эч ким чечалбайт” деп айтышты. Элди алдоого азыр мүмкүн болбой калыптыр.

- 2008-жылы Бишкек шаарынын борбор аянтындагы апрель митингдеринен кийин ушундай митинг, пикеттерди кандайдыр бир мыйзам жоболор менен өткөрүүгө тыюу салынган эле. Анан Нарында ушунча адам чогулуп, митинг өткөрүп атса, буларга каршы кандайдыр бир күч органдары тарабынан бут тосуу аракеттери болдубу?

- Жок, күч органдары тарабынан тоскоолдук көрсөтүү болгон жок. Эгерде провокацияга барып, же тоскоолдуктарды уюштурабыз, же Түп окуясындай окуяны кайталайбыз десе, аягы жаман бүтмөк. Анткени эл абдан чечкиндүү болуп турду.

- Нарын элинин азыркы таптагы талаптары кандай болуп жатат?


Нарын эли 10 пунктан турган резолюция кабыл алды. Анын ичинде эң орчундууларын айтып кетсек, бул тарифти мурунку калыбына келтирүү, пенсияны көбөйтүү, генерал И.Исаковдун акталышы, ошондой эле Максим Бакиевди дагы бир жумалык мөөнөттө Кыргызстандан чыгып кетсин деген талапты коюшту. Ошол жерде турган аксакалдар ушундай маселени көтөрүп добушка койду эле, элдин баары колдоп кетти. Анан эгер ушул маселелер чечилбесе 17синде биз Элдик курултайга кошулабыз, ага активдүү катышып, мындан кийин бийликтин бир да убадасына ишенбей, чечкиндүү кадамдарга барабыз, жөө жүрүштөрдү уюштурабыз, баарыбыз биригебиз деп атышат.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Эркинбай
14.03.2010 12:47
Сариев Президент болсо,олкобуз алдыга жакшы кадам ташайт.Саясий аренадан баарына орун берилет.Баардыгын унун угулат.Буга элдин акысы бар,кандай гана ойлорду айтса да.Сариев-Президент КР!

кимден: Vesnushka каяктан: Бишкек
13.03.2010 21:37
мен сизди толук колдойм!Сиздин ишинизге ийгилик!!

кимден: Акыйкат каяктан: Нарын
12.03.2010 12:31
Урматтуу достор! Темир да, Алмамбет да кыргыздын татыктуу уулдары. Экөөнү атайлап кайраштырып жатканыңар туура эмес. Бек сага кайрылам. Ак үйдүн заказын аткарганыңды токтот. Бул уят иш. Эл да келесоо эмес, баарын көрүп, билип турат. Ак шумкар бул провокацияга берилбегиле. БЕК кыймылынан баш тартпагыла. Ата Мекен менен Ак Шумкар ынтымактуу, силердин ортоңорго чок салгандарга наалат.

кимден: Асан каяктан: СНГ
12.03.2010 02:04
Жениш досуңду мактабай эле кой-Эл таразы баарына!А Акшумкар-бул нагыз элдик уюм!Баары алдында!

кимден: Жениш каяктан: Бишкек
11.03.2010 15:01
Урматтуу достор! Сариевге салыштырмалуу Шыкмаматов алда канча өйдө жигит. Алмамбет мырза майдаланбайт, саясый ой жүгүртүүсү кенен, бийик. Ал эми Сариев аман эле болсун, гезиттерден аны окуп эле келатабыз да. Алмамбет Атамекен партиясын кыймылдатып жатат, акшумкар эмне болуп калыптыр? Акшумкарды эл колдобойт.

кимден: Барс каяктан: Ала-Тоодон
11.03.2010 10:58
Откондо бир гезит бул жигитти 'Наполеончик' деп мактап-жактап жиберди эле эми ошол атымды актайын деп жатса керек.

кимден: Айбек каяктан: Лондон
11.03.2010 04:07
"Atamekenkg.com" сайты жакшы саясый материалдарды берип жатат. Өмүрү узун болсо экен.

кимден: Бек
11.03.2010 03:31
Самат!Айланайын сен Сариевке айланбай эле кой!!!...Туйтундабай эле...

кимден: Акбар каяктан: РФ
11.03.2010 00:36
Самат жаңыласын!Алмамбет сындаса тик аргумент, далилдерин келтирип сындасын. Ал сөздөрдү мен да окудум-ач кыйкырык экен.Саясий аренадан кубалап чыгыш керек дегенди өзү түшүнөт бекен?Же саясий арена Алмамбеттин жеке менчигине өткөнбү?Саясатчы адам ойду-тоону урдура бербей,эмне деп жатканын аңдап,байкап сабаттуу,негиздүү сүйлөшү абзел.Той-топурда,кечеде,кафеде сүйлөсө бир жөн,а бул жерде,Азаттык радиосунда,адамдын ар-намысына,ишмердүүлүгүнө,партия мүчөлөрүнө,кыргыз жарандарына таш ыргыткандай болуп калган! Эгер өзүнө ушундай жол менен саясатта упай топтогусу келсе
терең жаңылышат!Мен сиздерди сындайын деген ниетим жок,жөн гана саясаттын жазылбаган этикасын сактоого үндөймүн.Аман болуңуздар!

кимден: Айсалкын каяктан: Арчабешик
11.03.2010 00:13
Бек, сиз бир сүйлөө маданиятыңызды көргөзүп койбойсузбу, үйрөнөлү.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)