Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:47

Саясат

Оморбай Нарбеков: “Кыргыз элинин ынтымагы ыдыраган жок”

Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, Убактылуу өкмөттүн иш-аракеттери, алдыдагы пландары тууралуу “Азаттыкка” академик Оморбай Нарбеков маек курду.

Ала-Тоо аянтында окко учкандарга куран окулууда.
x
Ала-Тоо аянтында окко учкандарга куран окулууда.
Текст көлөмү - +
- Белорус президенти Александр Лукашенко экс-президент Курманбек Бакиевге баш паанек берип, бийликти алмаштырган кыргыз оппозициясын айыптады. Буга сиздин пикириңиз кандай?

Оморбай Нарбеков: Мен өтө терс карайм. Себеби Лукашенкону биз билебиз. Ал жеке бийликти өткөрүп келген, дагы өткөрө бере турган адамдардын бири. Лукашенко үчүн ата-энесинен да бийлик кымбат. Болбосо Орусия, Казакстан, АКШ кабыл албай койгон Бакиевге баш паанек бергени бул - дүнүйө чегиндеги туура эмес иштердин бири деп эсептейм.

- Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен Өзбекстандын лидери Ислам Каримов жолугушуп, Медведев “Кыргызстанда ушул тапта мамлекет жок” деди. Ал эми Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кетрин Эштон да Кыргызстандагы Убактылуу өкмөт өзүн тез арада мыйзамдаштырышы керектигин айтты. Буга утурумдук өкмөттүн жообу кандай болот?

Оморбай Нарбеков: Сөзсүз реакция болот. Себеби Кыргызстанда элдик бийлик бар. Убактылуу өкмөт деген убактылуу өкмөт. Кыргызстандын бийлиги - кыргыз элинин бийлиги. Ошон үчүн кыргыз эч качан өзүнүн бийлигин башка кишилерден сурабайт, аларга көз каранды да эмес, муктаждыгы да жок. Керек болсо биз ооган элиндей болуп Кыргызстанды колдоп, коргоп беребиз.

- Александр Лукашенко баш паанекберген Курманбек Бакиевге кандайдыр бир жоопкерчиликке тартуу аракети болобу?

Оморбай Нарбеков: Сөзсүз, бизде эл аралык норма, эл аралык мыйзамдар бар. Биз эл аралык мыйзамдарга кайрылып, Бакиевдердин бардык кылмышын, кыргыз айткандай колу менен жасаганын моюну менен тарттырганга аракет кылабыз. Бул - кыргыз элинин талабы.

Мен Кыргызстандын бардык атуулдарына кайрылат элем: мекен тагдыры коркунучта, мекен тагдыры кыргыздардын колунда. Кайдыгер эмес, кыргыз бойдон калабыз деген жарандардын бардыгы бүгүн комитет болобу, коом болобу, коргоо комитетин уюштуруп, бардыгыбыз бирдей туруп беришибиз керек. Кыргыз эли оогандардан күчтүү, муну бардык мамлекеттер билиши керек.

- Учурда түзүлгөн социалдык, саясий, экономикалык кризистен чыгуу үчүн Убактылуу өкмөт кандай чечкиндүү чараларды көрүшү керек?

Оморбай Нарбеков: Убактылуу өкмөт 10-15 күндүн ичинде өтө чоң маселелердин барын чечип койду. Күпүлдөп аткан Бакиевдер электр кубаты арзандабайт, дагы кымбаттайт, бардык нерселер кымбаттайт дегенди Убактылуу өкмөт 10 күндүн ичинде кайтарып, орду ордуна коюп койду. Ошон үчун Убактылуу өкмөттүн да программасы бар, элдин пикирин, сунуштарын жыйнап атат.

Жакын арада ар кимибиз өзүбүздүн колдон келишинче салымды киргизип, мамлекетибиз гүлдөгөн, өскөн, өнгөн мамлекетке айланарына сөз жок. Бирок кыргыз элине дагы бир жолу айтайын, “мага кызмат жетпей калды, менин үйүм жок эле” деп отура бербей, пикеттерге чыга бербей, азыр аракет кылышыбыз керек. Биз четтеги элдерге биримдигибизди көрсөтүшүбүз керек, кыргыз элинин ынтымагы ыдыраган жок, биз бир муштум болуп турабыз, Медведевге жооп беришибиз керек.

- Жалал-Абадда бүгүн Бакиевди колдоочулар дагы митинг өткөргөнү жатат. Ошондой эле жер басып алуучулар күчөп атат. Буга кандай дейсиз?

Оморбай Нарбеков: Мен дагы бир жолу айтып коеюн: кыргыздын бүт байлыгы кыргыз эли үчүн. Басып алуунун кереги жок, мыйзам чегинде байлыктардын бардыгы тегиз бөлүштүрүлөт. Мына кыргыз олигархтарынын ашып кеткен байлыктарынын бардыгы четинен элге берилип атат. Ошон үчүн элим, мындай мыйзамсыз жолдорго барбайлы, мыйзам чегинде ар бир адам өзүнүн үлүшүн алат. Басып алуучулук, пикет дегендерди токтолу да, Кыргызстанды сактап калалы. Бир гана маселе - Кыргызстанды сактоо керек. Баарыбыз ошого аракет кылалы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Сейит каяктан: Туран
21.04.2010 19:01
Кыргызстан болүнгөнү калды деп элибизди сыйлабагандар (душмандар) өзгөчө ыракаттанып жатышат. Күлкү келерлик нерсе. Ар мамлекеттин өзүнчө проблемалары жетиштүү. Россияда түндүк кавказ, Өзбекстанда Самарканд, Бухара, Кыргыз ферганасы ж.б проблемалары. Түндүк-түштүк деп болүнгөнгө экономикалык да, саясий да ж.б негиз жок. Жерибиз баарыбызга, урпактарыбызга да жетет. Ушу кезде кыргыз өкмөтү, атайын кызматтар чет мамлекеттер жүргүзүп жаткан пропаганданы тескөө, таасирин азайтуу иштерин жүргүзүү зарыл иш деп эсептейм. Урматтуу академик Нарбеков элибиздин ынтымагы ыдырабаганын туура байкаптыр.

кимден: Кыргыз каяктан: Екатеринбург
21.04.2010 17:29
Омарбай аке аша чаап мактап жатас опазиционерчи окмотту кана элди тынчтандыргандары дагы деле тынчыбай жатат Жалал Абадта алар оздорунчо портфел болуштуруу мн алек вообще озу кыргызга авторитети бар лидер жокпу кыргызстанды алдыга суроп кете турган албетте азыркы Бакиевден, самозванецтерден башка булар го элдин конулунон калган адамдар.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)