Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:47

Илим, билим берүү, IT

Кыргызстанда нанотехнологияларды өнүктүрүүгө каражат жетишпейт

Кыргызстанда нанотехнологиялардын жардамы менен айыл-чарба, өндүрүш, курулуш өңдүү тармактарда оңой, арзан жана бышык каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок нанотехнология тармагын өнүктүрүү үчүн каражат жетишпейт. Булар туурасында 8-июнда Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясында өткөн “Борбор Азиядагы нанотехнологиялардын келечеги” аталышындагы семинарда айтылды.

Текст көлөмү - +
Нанотехнология – бул заттын эң майда бөлүктөрү болгон атом жана молекулаларды изилдеп, аларды өзгөртүп өнүктүрүү аркылуу башка заттарды алуу ыкмасы. Нанотехнологиялар аркылуу химия, ген инженердиги, биология өңдүү тармактарда арзан баада, бекем, бышык каражаттарды алууга болот. Бул түшүнүк алгач 1974-жылы Жапонияда пайда болуп, учурда дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөр эң көп каражат салып, өнүктүрүүгө аракет кылган тармак болуп саналат.

Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин доценти, техника илимдеринин кандитаты Дилара Иманалиева да нанотехнологиялар тармагында нанобөлүкчөлөрдү изилдөө менен кадимки цементтин өзгөчө түрүн табууга жетишкен:

- Вена университетинде жүргүзүлгөн бул тажрыйба цементтин түзүлүшүн изилдөөгө багытталган. Кыргызстандын аймагында оңой табыла турган каражаттарды колдонуу менен түстүү, кооздук үчүн колдонула турган цемент алынган. Натыйжада курулушта цементке өң берүүчү атайын каражаттарды кошкондун ордуна жаңы цементтин түрүн гана колдонсо болот. Нанотехнологиялар аркылуу алынган бул каражаттар аз энергияны талап кылат жана арзан болуп саналат.

Кыргызстанда бул өңдүү ачылыш жана жаңы ыкмалар жыл сайын иштелип чыгат. Буга чейин нанотехнологиялар багытында бир канча илимий иштер жакталып, жетиге жакын илимий ачылышка патент алынган. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химия технологиялар институтунун нанотехнология лабораториясынын жетекчиси Саадат Сулайманкулова нанотехнологиялар тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасында буларды айтат:

- Биз азыр курамында нано кошумчалары болгон майлоочу майларды чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мындан сырткары биз менен кошо тиш догдурлар, медицина кызматкерлери да иштеп жатышат. Алар күмүш менен жездин нанобөлүкчөлөрүн алышып, аны сөөк ткандарын өстүрүү үчүн колдонуп жатышат. Бул ыкма менен колдун, буттун сөөктөрүн калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыркы учурда жумшак керамиканы алуу боюнча тажрыйбалар жүргүзүлүп жатат. Балким келечекте өндүрүп да калышыбыз мүмкүн.

Көпчүлүк изилдөөчүлөр белгилешкендей учурда дүйнөдө жаратылыш ресурстары азайып бара жатат. Алсак жакынкы жылдары суу, күйүүчү май каражаттары калктын муктаждыгын толугу менен канааттандыра албай калат. Бул учурда кошумча энергия жана каражаттарды алуу үчүн нанотехнология тармагы жардамга келет.

Кыргызстанда болсо бул тармакта алгылыктуу иштер жасалганына карабастан теориялык билимди ишке ашырып, иш жүзүндө керектүү каражаттарды өндүрүү мүмкүнчүлүгү чектелип жатат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химия технологиялар институнун башчысы Бектемир Мурзубраимов билдирет:

- Эң негизги жетишпей жаткан нерсе - бул акча каражаты. Экинчиден, жалпы изидөөчүлөрдүн чөйрөсүн көбөйтүү керек. Ал үчүн жогорку окуу жайларда нанотехнология, наноилим боюнча адистерди даярдоону баштоо керек. Анча-мынча компьютерди, информатиканы билген адистер иштеп жатышат. Бирок бул тармактагы анык адистерди да даярдоо керек.

Көпчүлүк кыргызстандык адистер нанотехнологиялар тармагына жетиштүү көңүл бурула турган болсо, бул тармактын Кыргызстанда келечеги кең экендигин белгилешет. Улуттук Илимдер академиясынын илимий кызматкери Жанарбек Жаснакуновдун айтымында, өлкөдө нанотехнологиялар колдонула турган көп тармактар бар:

-Нанотехнологиялар дүйнө жүзүндө бардык тармактарда колдонууга боло турган каражат болуп эсептелет. Себеби бул илимий техникалык процесттин жаңы деңгээли. Кыргызстанда айыл-чарбасында, өнөр-жай тармагында, тоо кен иштетүү тармактарында нанотехнологияларды колдонууга болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Азат
09.06.2010 13:53
Мисалы Индияда жаштардын билим алуусуна конул бурулган. Ал жерде жаштар жаны нерселерди ойлоп таап, жаны ачылыштарды жасаганга аракет кылып жатышат. А биздечи? Менимче нанотехнологияларды онуктуруу учун каражат гана эмес, жаны, жаш, билимдуу кадрлар керек. Ал учун жаштар чет олколорго кобуроок чыгып, окуп келиши керек. Мамлекет да жардам бериши керек.

кимден: Умарали каяктан: Россия
08.06.2010 21:52
Кыргызстанда нанотехнологияны өрчүтүү үчүн биринчи каражат, экинчи кадрлар керек. Студенттер акча берип курстан курска о.туп атышса, кайсы нанотехнология? Нанотехнологиянын жардамы менен бир нерсе чыгарсанар, баасы алтынга барабар болот. же болбосо аны массалык түрдө чыгаруу үчүн, патенттин ээси көптөгөн суммадагы акчаны парага бериш керек. Азыр деле Кыргызпатенттен Жаны аталышын билбейт экемин, кечирип койсуздар) сураныздар эле, канчалаган авторлордун иштери чаң басып жатканын билесиздер... Силерге (Өкмөткө) кресло талашуу, бири-бириңди көрө албай көзүн тазаламай эле... Силерден деле үмүт үзүлүп баратат...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)