Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:46

Кыргызстан

Кыргызстан-НАТО: Кызматташтыктын жаңы жолу

ЖКнын Эл аралык жана парламенттер ортосундагы кызматташтык боюнча комитети 28-декабрда Кыргызстан менен НАТОнун кызматташуусу боюнча атайын кызматкердин макамы тууралуу каттын долбоорун жактырды.

Текст көлөмү - +
Долбоордун демилгечиси болгон Кыргызстандын Коргоо министрлиги НАТО-Кыргызстан кызматташуусунун өлкөнүн аскерий мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга көмөгү чоң экенин белгилеп жатат.

Өлкөнүн коргоо министри Бакыт Калыев НАТОнун бул уюмга кирбеген өлкөлөр үчүн “Тынчтык үчүн шериктештик” программасынын алкагында кызматташуусунун жаркын жактарын белгиледи:

- Биринчиден, биздин адистер окутуулардан өтүшөт, экинчиден, жоокерлерибиздин машыгуусуна көмөк болот. Негизгиси, 2010-жылы ишке аша турган эки тараптуу долбоордун алкагында биздин офицердик курамдан 200 аскерибиз чет тилин үйрөнүшөт. НАТО окутууга сарптала турган үч жарым миңден жети миң долларга чейинки каражатты өз мойнуна алып жатат. Мындан сырткары НАТО офисин жайгаштыруу боюнча маалымат, Казакстанда алар ИИМдин имаратында орун алганы менен, биз Кыргызстанда аларга мындай мүмкүнчүлүк бере албайбыз. Биз азыр аларга НАТОго кирген өлкөлөрдүн элчиликтерин сунуштап жатабыз. Мисалы, АКШ элчилигин.

Жогорку Кеңештин Эл аралык жана парламенттер ортосундагы кызматташтык боюнча комитети долбоор катты жактырып, бир добуштан макулдук беришти. Эми бул долбоор парламенттин ратификациясын гана күтүп турат.
НАТОнун бул мыйзам ченемдүүлүк эмес, зарылчылык болуп турат. Анткени негизги проблема - Ооганстан менен Пакистандагы абал.


Кыргызстандын НАТО менен кандай мамиле жүргүзүүсү зарыл?

Мында эки тараптуу кызматташтыкка НАТО өзү да кызыкдар болуп турат жана жакын турган Ооганстан менен  Пакистандагы абалды карап, кыргыз бийлиги бул шериктикке дароо макул болушу абзел, дейт саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев:

- НАТОнун бул кызматташтыгы мыйзам ченемдүүлүк гана эмес, зарылчылык болуп турат. Анткени негизги проблема - Ооганстан менен Пакистандагы абал. Бирок биздикилер башынан жакшы эле мамиле түзүп башташат. Анан барып эле аркасынан бир нерсе үмүт кылышып, ижара баалары болобу же дагы башка келишимде көрсөтүлбөгөн нерселерди жасап, мамилени бузуп салышат. Кала берсе кайра кууп чыгууга чейин барышат.

Ошол эле учурда Кыргызстан бир уюм менен ага кайчы көз караштагы уюмдун саясатын өлкөгө кучак жайып киргизүүнүн алдында терең ойлонуп иш алып баруусу керек дегендер бар.

- Биз Жамааттык коопсуздук келишим кюмуна мүчө өлкөлөрдүн көз карашын, мамилесин эсепке алышыбыз керек. Буга чейин эле “Манас" базасынын, андан соң Транзиттик борбордун биздин өлкөдөгү макамы мени кооптонтуп келет. Мисалы, Орусияда эгер ушундай чечим кабыл алуу туулуп калса, алар текшерип туруу укугун алышмак. Бизде андай болбой жатат, - дейт Жогорку Кеңештин Коммунисттер партиясынын депутаты Николай Байло.

Деген менен НАТОнун өкүлү 2010-жылда Бишкек шаарында өз ишин баштары айдан ачык болуп калды.

"Азаттыктын" архивинен: АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу сыналгы берүүсү обого чыгарылып, анда АКШнын “Манас” аскер базасы тууралуу олуттуу сын камтылган. Бирок база жетекчилиги жана ала-тоолуктар сын пикирлер менен макул эмес. ES, MiT, SA

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Barsbek Kyrgyyz каяктан: Kyrgyzstan
02.01.2010 23:38
Аскарбек Мамбеталиев:

"- НАТОнун бул кызматташтыгы мыйзам ченемдүүлүк гана эмес, зарылчылык болуп турат. Анткени негизги проблема - Ооганстан менен Пакистандагы абал. Бирок биздикилер башынан жакшы эле мамиле түзүп башташат. Анан барып эле аркасынан бир нерсе үмүт кылышып, ижара баалары болобу же дагы башка келишимде көрсөтүлбөгөн нерселерди жасап, мамилени бузуп салышат. Кала берсе кайра кууп чыгууга чейин барышат." - дептир.

жакпаса, пайдасынан зыяны тийип атса кууп жибериш керек да. Жерибизге кирип жашап атканы пайда таап атканы үчүн ижараны да жеткиликтүү төлөтүш керек. Алар жанынан тоюппу бөлөк жерди коргоп, акча коротуп. Алардын негизги максаттары башка Кыргызстанга жардам берүү эмес.

кимден: Вася
30.12.2009 10:49
Нужно эту статью перевести на русский.

кимден: Таза улутчулдар уюму
29.12.2009 18:21
Биринчиден, экөө тең Кыргызстандын коопсуздугун коңшулардан (мисалы ошол эле Өзбекстандын чегарадагы мыйзамсыз аракеттеринен) коргойбуз деп кепилдик берген эмес, андай келишим да жок. Бизге океандын ары жагынан коркунуч туулган жок, өзүбүздүн эле кошуналарыбыз коркунуч келтирет. Чегараны акырындап жылдырат, элин көчүрүп киргизет, тактала элек жерлерди казып өз билгенин кылат.
Экинчиден, башка бирөөнүн армиясын баккандан көрө өз армиябызды куралдандырып, кийинтип-ичинтип, жакшылап даярдаш керек. Намысы, куралы, аскери, улуттук сезими жана мамлекеттүүлүгү күчтүү улут менен гана башкалар эсептешишет, болбосо ар кимиси келип өз билгенин кылат. Башкалар бизди сактагыдай биздин эч кимге керегибиз жок, башкаларга биз жей турган ашы катары гана керекпиз. Байкайсыңарбы, Орусиядагы такыр баштар чечендерге же дагестандарга даап кол көтөрө албайт, анткени алар биздикилердей болуп качып отуруп бербейт, өлбөгөн жерден калып мушташат, керек болсо башын кесип ыргытат, түрмөдөн да, өлүмдөн да коркпойт, кандан бектен кайра тартпайт, бирин бири сатпайт, өлбөгөн жерден өчүн алат, жазасыз калтырбайт. Башка элдердин үлгү ала турган жерлерин үйрөнүш керек, илгери баланчадай эл экенбиз деп китеп жазып отура бербей.

кимден: Daiyr
29.12.2009 10:08
NATOnu da, ODKBny da alyp kelip, qyrghyz armiiasyn joiuu kerek. Emne keregi bar?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)