Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:40

Кыргызстан

Уюлдук байланыш да кымбаттады

1-февралдан тарта Кыргызстандагы бардык уюлдук операторлор байланыштын баасын 60 тыйынга кымбаттатышат. Социал-демократтар фракциясы муну Мамлекеттик байланыш агенттигинин колу менен жасалган элге каршы саясат катары баалады.

x
Текст көлөмү - +
Электрге, жылуулукка жана ысык сууга болгон баалар быйылтан тарта эселеп кымбаттаары тууралуу өкмөттүн чечими эл арасын кыйла кызыткан эле. Ошондо эле экономисттер тарифтердин көтөрүлүшү башка тармактарга да таасирин тийгизип, азык-түлүктөрдөн тарта түркүн тейлөө кызматтарынын баалары өсөрүн айтышкан.
Бул - Байланыш агенттигинин демилгеси же буйругу эмес. Жанагы 0,09 цент деген бул тармактар аралык траффик боюнча. Алар байланыштырууга кетет. Бул жерде биз ушул боюнча гана буйрук чыгарганбыз.
К.Кыдыралиев

Кымбаттоо эми уюлдук байланышка да жетти. 1-февралдан тарта Кыргызстандагы бардык уюлдук операторлор байланыштын баасын 60 тыйынга кымбаттатмай болушту.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы уюлдук байланыштын кымбаттоосун, бийлик менен монополист уюлдук компаниялардын жең алдынан сүйлөшүүсү, элди каратып туруп тоноо катары баалоодо.

“MegaCom” компаниясынын маалымат кызматынын өкүлү Оксана Бедаштын айтымында, уюлдук байланыштын баасынын кымбатташына тарифтердин көтөрүлүшү менен катар Байланыш боюнча мамлекеттик агенттигинин акыркы чечимдери себепчи болду:

- Агенттиктин мобу буйругу, бул - байланышка болгон баалардын кымбатташына себепчи болгон факторлорунун бири. Негизи мындай чечимди кабыл алуу, рыноктогу бардык кымбаттоолордон да улам болду. Электр энергиясына, кара майга болгон баалар кымбаттап кетти. Бул биздин иштерге түз таасирин тийгизет. Андан тышкары биз менен кызматташкан бардык компаниялар өз кызматтарын көтөрүштү. Ошол эле маалымат каражаттарындагы жарнак баалары, кире акысы, жабдыктарды алып келчү ортомчу ишканалардын акылары да кымбаттап кетти. Албетте биз чыгашага иштей албайбыз.

Ал эми Байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, уюлдук байланышка баалардын кымбатташына Байланыш агенттигинин эч кандай тиешеси жоктугун, бул – жеке уюлдук операторлордун чечими экендигин билдирди:

- Бул - уюлдук операторлордун өздөрүнүн чечими. Алар өз функцияларын киргизип атышат...

- Демек мунун Байланыш агенттигине тиешеси жок экен да?

- Бул - Байланыш агенттигинин демилгеси же буйругу эмес. Жанагы 0,09 цент деген бул тармактар аралык траффик боюнча. Алар байланыштырууга кетет. Бул жерде биз ушул боюнча гана буйрук чыгарганбыз. Ушул буйрук менен чаташтырып атышса керек...

Ошентип, уюлдук байланыштын кымбатташына Байланыш агенттигинин чечими да түрткү бергенин уюлдук компаниялар билдиришкени менен аталган агенттик кымбаттоого тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Уюлдук байланышка болгон баалардын кымбатташын бийликтен көрүп, уюлдук компаниялар менен келишип алган бийлик адамдары каалагандай бааны көтөрүп, кызылдай акчага туйтунгусу келишкени айтылууда. Мындай билдирүү менен парламенттин Социал-демократтар фракциясы чыкты. Фракция жетекчиси Роза Отунбаева буларга токтолду:

- Эми мына уюлдук байланышка келди кезек. Уюлдук байланышта ар бир чалуу үчүн силер дагы 60 тыйындан төлөйсүңөр. Ар бир телефон чалуу үчүн. Ушунчалык тариф көтөрүлүп атат. Алкымы тойбой атат булардын. Бир жагынан бюджетти жабыш керек. Экинчи жагынан жанагы бизнес топтору менен биздин өкмөт биригип алып, пулду бөлүшүп аткандагысы...

Эскерте кетсек, жаңы жылдан тарта мурда 70 тыйынга турган электр энергиясы 1 сом 50 тыйынга көтөрүлүп, эки эсе кымбаттады. Ал эми ысык суу менен жылуулукка болгон баалар 5-10 пайызга чейин көтөрүлдү. Тарифтердин кымбатташын утурлай өлкөдөгү түрдүү тейлөө кызматтарынын, товарлардын да баалары өсө баштады. Эми кыргызстандыктар уюлдук телефон менен ар бир сүйлөшкөнүнө мурдагыдан 60 тыйынга көп төлөшмөкчү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: патриот
20.02.2010 15:23
24 до саат 12 де Билайндын алдына жаштар акция уюштуруп жатышат, 60 тыйынга -жок деген. Кимдер бироо ушул коюлган маселеге кошулса, келгиле...

кимден: Абзалбек каяктан: Бишкек
01.02.2010 19:02
Жөн эле "кымбаттатып атышат"- деп эле айта бергенден көрө, бир дурусураак изилдөө жүргүзсөңөр боло. Бизде монополияга каршы деген уюм бар, алар не деп атат? Бул монополиялык компаниялардын ээси кимдер? Элден укканыбызга караганда уюлдук телефондордун ээси Максим Бакиев экен. Ушул чынбы же төгүнбү? Төгүн болсо анда чыныгы ээси кимдер? Эл үчүн жашайбыз деген өкмөт менен Партия неге унчукпайт?

кимден: Эрмек каяктан: Ош
01.02.2010 12:20
...кымбаттатып, эл үчүн иштеп жатат

кимден: Oljobay
28.01.2010 11:05
Emi baary bulardyn kolunda emesbi!60 tyiynga emes 600 tyiynga kymbattatsa da baikysh kyrgyz ailasy jok ishtette da!Aman bolgula ee!!

кимден: Kesha! каяктан: Borbor
28.01.2010 00:37
Doni (Usonov) ushul temany sen kotorup chykkansyn. Sen kudaidan korkpogon kaapyrsynby? Jakynda torolgon imirkailarga dagy €/$ toloibuzbu. Sen azyr ozundu ministirlerdin ishterin kritikalap elge korsotup jatasyn. Birok munun baary jasalma ekenin sokur kishi dele sezse kerek. Bakiev jazynda good bye bolso dep tileyli.

кимден: MARATIX
27.01.2010 23:37
ozdon chikkan jat jaman degen ushu go. Telefon suyloshuulor globaldik duynodo arzandap atsa al emi bizde bolso kimbattap bashtagan go. Azamatsinar AKjolchular azamarsinar MAKS MARAT DANİYAR....
Angekten kacsan donggokko.

кимден: Мурат
27.01.2010 22:04
Мына Россияда уюлдук байланыш минутасы 0,01 тыйынга чейин түштү.А ар бир кошууга бир тыйын да алышпайт.Бу Кыргызстанда өз билемчилик ойной берет тура.Антимонополдук комитет каерди карап отурат?Корккондугу билинип турат.Арзыматтар.

кимден: Шеримбек каяктан: Бишкек
27.01.2010 20:56
Эмне, Максим "бийлик" болуп калганбы. Тээтиги орус Князев ачык эле "Максимдин Россиядагы бизнеси" - деп коркпой эле айтып атпайбы, а биз, кыргыздар эмне эле "бийликтики" деп тергеп атабыз? Кыргызстандагы кыймылдаган бизнестин баарын Максим алганы жалганбы? Эмне учун анда баардык бюджеттик акчалар Азияуниверсалбанкта сакталат? Анын ээси ким? Т айсалдабай так айтпайлыбы.

кимден: Актилек каяктан: Тоо Таш.
27.01.2010 20:06
Уюлдук байланыш барган сайын баасын арзандатып, жаңы тарифтерди сунуштап турушат экен го. Бизде эле баары теңирден тескери кеткени эмнеси? Же кыргыз кыйынчылыкка канчага чыдайт деген илимий эксперимент өткөрүп атабы кимдир бирөө? Же Бакиевтер кожоюндарына жакпай калып, элдин күчү менен бийликтен айдаганы калдыбы? Эл өнүгөбү баарын эле кымбаттата берсе. Эгер кымбатчылыктан өнүгө турган болсок менде жакшы сунуш бар. Ичкен сууга, дем алган абага деле баа коюп же салык салып койсоңор, "өнүгүп" кетели. Анан ошол суу менен абанын экологиялык тазалыгын эске албай арзандатып жибербесеңер. "Өнүгүүбүзгө" өбөлгө жакшы болсун. Акыры башта бир өлүм, өнүгөөрбүз же өлүп тынаарбыз. А силер кымбатчылык жасай бергиле. Экспериментиңердин жыйынтыгын да көрөөрсүңөр буйруса.
"Европаны бир нерсенин карааны аралап жүрөт" дегендей, Кыргызстанды да бир караан аралап жүргөнсүйт. А силер ага карабай, жааган жамгырга, карга, шамалга, күндүн нуруна, булуттун көлөкөсүнө, көл дарыялардын шапатасына, бак дарактын саябанына, кыргыз атуулдугуна, кыргызча ат койгонго, менчик малдын сүтүнө, жүнүнө, уктаган уйкусуна, көргөн түшүнө, эки адам бири бирин жактырышып калса алардын сүйүүсүнө, махабатына, адамгерчилигине, улууну урматтого, кичүүнү ызаттого, үй-бүлө күтүүгө, балалуу болууга койчу деги баарына баа коюп сата бергиле. Биз чыдай беребиз, чыдай беребиз, чыдай беребиз....

кимден: CENEK каяктан: ROSSIA
27.01.2010 07:02
Uiulduk nelefondun baary bilikke tieshelyy. Myndan bashka da chon-chon ishkanalardy da menchiktep aldy. Biylik kaalagan baasyn koio beret.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)