Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:39

Эл үнү

Миграция агымы: келгендерден кеткендер көп

2005-жылы 24-мартта Кыргызстан эли жаркын келечектен үмүт этип, аянтта толкуп турганда, алар койгон талаптардын бири – бул өлкөнүн экономикалык абалын оңдоо болгон.

Текст көлөмү - +
Андан бери беш жыл өтүп, миграция маселеси дале курч бойдон калууда. Жакшы иш издеп чет өлкөгө кетип жаткандардын аягы беш жылдан кийин деле сууй элек.

Адистердин божомолунда, акыркы 4-5 жыл ичинде миграция Кыргызстандын экономикасына өзгөчө залакасын тийгизиши мүмкүн. Өлкөнүн Статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 1991-жылдан 2005-жылга чейин мигранттардын саны болжол менен 500 миң кишини түзсө, 2005-жылдан 2010-жылга чейинки көрсөткүч боюнча алардын саны 700 миңден ашык адамды түзөт.

Эмгек, ишке орноштуруу, миграция министри Айгүл Рыскулованын маалыматы боюнча көпчүлүк мигранттар Орусия жана Казакстандан иш издешет.

2006-жылы тобокелге салып, Орусияга жумуш издеп кеткен Кемел Бообеков учурда Москва шаарында унааларды жууй турган жайда иштейт. Кемел азырынча Кыргызстанга качан кайтып келеерин айта албайт:
3-4 жыл мурун мыйзамдуу иштеген эмгек мигранттарынын саны 50 миңден ашпаса, бүгүнкү күндө 250-300 миңге жетти.


- Москвага 2006-жылдын март айларында келгем. Иштеген жерим аябай нымдуу. Азыр күн жылып, аз да болсо билинбей калды. Кышында кыйынчылыктар көп болду. Эки бөлмөлүү батирде жыйырмадан ашык адам жашайбыз. 3 айга гана мыйзамдуу документтин наркы 2-3 миң рублди түзөт. Ал эми жумушка орношуу үчүн өзүнчө документ жасалат. Анын наркы 15-20 миң рубл. Кыргызстандын келечеги жакшы болот деген үмүттө 2005-жыл 24-мартта болгон ыңкылапка мен да катышкам. Бирок өлкөдөгү акыркы кабарларды угуп, кыргыз эли качан бул кыйынчылыктан чыгат деп зээним кейийт. Эми Кыргызстанга барганда иш жок. Бул жакта жумуш оор болсо да алган айлыгыбыз өзүбүздү бакканга жетет.

Кемел сымал өз мекенин сагынган эмгек мигранттардын саны миңдеп саналат. Эмгек, ишке орноштуруу, миграция министри Айгүл Рыскулованын маалыматы боюнча, акыркы 3-4 жыл ичинде мигранттардын саны бир топ өскөн.

- Миграция маселеси такай кыймылда болуп тургандыктан, бир күндө так санын айтуу кыйын. Ошентсе да 3-4 жыл мурун мыйзамдуу иштеген эмгек мигранттарынын саны 50 миңден ашпаса, бүгүнкү күндө 250-300 миңге жетти.

Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясы учурда 17 өлкө менен келишимдин негизинде иш алып барат. 2005-жыл 24-марттан кийин чет өлкөгө бет алган эмгек мигранттардын саны өскөнүн аталган ассоциациянын аткаруучу жетекчиси Майрамбек Жапанов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жазга жакын эмгек мигранттардын саны 600-700 миңден ашат. 2002-2005-жылга чейин пайыздык көрсөткүч кыйла көтөрүлө баштаган. Ал эми 2005-жылдан 2009-жылга чейин мигранттардын саны, тилекке каршы, азайган жок. Ошол эле темп менен өстү. Кайтып келгендердин саны 10 гана пайызды түзөт.

Мындан сырткары 2005-жылдан бери билим берүү тармагында да бир топ программалар киргизилип, чет өлкөдө билим алып жүргөн студенттердин саны аз эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык байланыштар жана инновациялар бөлүмүнүн жетекчиси Сонун Адрешова айтты.
Кыргызстандын келечеги жакшы болот деген үмүттө 2005-жыл 24-мартта болгон ыңкылапка мен да катышкам.


- Орусия жана Түркияда бүгүнкү күндө 4 миңден ашык студент билим алууда. АКШда билим алган студенттердин саны 350 болсо, Малазия, Египет, Иордания сыяктуу өлкөлөрдө жүздөн ашык кыргызстандык студент бар.

Дүйнөлүк Банктын “КМШ мамлекеттериндеги акча которуулар” аттуу отчетуна ылайык, кыргыз мигранттарынын 38 пайызы мекенине айына эки жолу акча которот. Ай сайын жибергендер 19 пайыздан көбүрөөк. Чет жерде иштеп жүргөндөрдүн отуз пайыздан ашыгы үйүнө 50-100 долларга чейинки сумманы жөнөтсө, 150дөн 200 долларга чейин которууга алы келгендер 17 пайызды түзөт экен. Бир жибергенде 2000 долларга жакын каражат которгондор бир жарым пайызга жакын.

"Азаттыктын" архивинен: "Кош кал, Дүйшөмбү"

Жыл сайын миңдеген мигранттар Тажикстандан Орусияга иш издеп кетишет. “Азаттыктын” кабарчысы Александр Кулыгин тажик мигранттары менен бирге ушундай сапарлардын бирине чыккан. ZMa

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нурлан каяктан: Москва
25.03.2010 02:23
Мекендештер! Россияда иштеп Кыргызстандагы үй-жайын оңдоп,ата-энеге жардам берип,ини-карындаштарын окутуп,ушул сыяктуу көптөгөн проблемаларды чечип жүргөн жердештериңерди "саткын",патриот эмес деген сөздөр туура эмес ко!Россиянын паспортун алып жүргөнүбүз менен жүрөгүбүз Кыргызстанда.Кудай сактасын элибиздин башына иш түшсө карап турбайбыз.Жаңылыктарды көрсөң зеениң кейийт.Революциядан 5 жыл өттү эмне жылыш болду.Ата-энелерибиздин жанында калган балдарга ырахмат.Кандай чоң завод,ишканалар токтоп калды. Бекерчилердин санын көбөйтуп жүрө берсек бирөө акча береби.Акаев десек Бакиев андан ашып түштү Америкага жармашып.Россия бар экен бизге жумуш берип атат."Алыскы туугандан жакынкы коңшу"дейт.Россияга жакын болгонубуз туура деп ойлойм.

кимден: Мирбек каяктан: РФ
23.03.2010 19:18
А Президенттин бир да тууганы-жакыны,достору Кыргызстандан кетишпей,май-каймак иштерде иштеп жатат,билим-илимин айтпай эле койоюн!!!...

кимден: Рома каяктан: РФ
23.03.2010 17:39
Элдин оозунда элек жок, демекчи.
КР иштеп кара курсакты тойгозсок болот. БИРОК деген жери бар кара курсактан башка нерселерге муктаж да бар экен.
Мисалы алыс кетпей шаар жергесин алайлы. Ысык суу, муздак суу, электроэнергия, газ, мусор төлөштү айт, анан кийим кече, той туулган күн, жакшылык жамандык күндөр болот, айлык менен эч ким бунун баарын жаба албайт.
Патриот дейсиңер, биздин патриоторубуз газ, эл. сууга жада калса 60 тыйын кошуп коюшту. Пенсияга болгону 200 сом кошту бул элдин үстүнөн күлгөнү. Ишенбесең кошунаңан же досуңан сурачы КР жүргөн акыркы жолу эт, сүт, сары май, каймакты качан жедиң деп.
РФ биз колубуздан келишинче чогултуп өз турмушубузду кичине болсо да көтөрөлү деп келгенбиз.
КАНА БИЗДИН МАМЛЕКЕТИБИЗ РФдагыдай АЙЛЫКТЫ КӨТӨРҮП БЕРСЕ. БААРЫБЫЗ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТСАК КЕРЕК!!!!!!!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.03.2010 16:58
Барсбек Кадамжайдан, жүрү андан көрө Орусияга барып азаматтардын санына кошул, эркекче жан багалы! Элдер сен менен да сыймыктансын.

кимден: Nurlan каяктан: bishkek
23.03.2010 16:20
salam tuuugandar
eki tarap bolboi bir kelishimge chakyram
tuura kee birler kg dan ish tappai aila jokton kg ny tashtap ketip jatat jyrgaganynan tashtap ketken jok da kim ele oz mekenin tashtap ketsin
birok Jusuptun dele sozundo jan bar kee birler kgdan dele ish tabat da birok akchasy koburaak jaka ketip jatat kg nyn kelechegi baarybyzdyn moinubuzda tuugandar!!!!!!!!!!!!!

кимден: Айткул каяктан: Москва
23.03.2010 16:03
Эгер Кыргыздар четке чыгып иштебегенде, көрөт элем, айыл жериндеги жашоо кандай болоорун. Ал жерде отуруп алып сын айткандардын баары ошол, элдин акысын жегендердин бала-чакасы же урук туугандары. Кайдагы 700 миңди айтып жатасыңар эчак эле миллионду ашып кетпеди беле, гражданство алгандардын эле саны 500 миң болуп калды окшойт....

кимден: Барсбек каяктан: Кадамжай
23.03.2010 15:49
Чет өлкөдө жүргөн кыргыз жигиттери азаматсыңар! Кыргызстанда калгандан көрө, эркекче ошентип жан багыш керек. Бул жылдарда өтүп кетет. Өлкөбүздүн баашына ушинтип оор күн түшүп турганда кетпей айла жок. Досторум мен силер менен сыймыктанам, кайсыл жерде болбогула жүрөгүңөр кыргызстан деп согуп, ыйманыңарды бекем кармасаңар болду.

кимден: Сапар каяктан: Казакстан
23.03.2010 15:33
Кыргызстанда калып, нан жегениңерди милдет кылбагылачы. Муну патриоттук деп айтпайт. Мен кайда жашайм ал өзүм чечем да. Патриоттук адамдын ичинде болот. Анан бизди эл душманы кылбай эле койгула.

кимден: Жусуп
23.03.2010 15:24
Силер жакшы экенсиңер, кетип калып, анан патриот болбосом башымды кесип аласыңарбы, билгениңерди кылып алгыла деп төш каккан. Кете бергиле, мекенди таштап. Кара курсакты бул жактан деле тойгузмаксыңар. Өмүрүңөр ушул курсактын аракети менен өтөт

кимден: нур каяктан: москва
23.03.2010 15:20
насирдин айткандарына 100 пайызга кошулам,
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу