Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:36

Эл үнү

Орусияда мигранттар үчүн патенттик система киргизилет

Өткөн айда Казакстан Кыргызстандын 500гө жакын жаранын чыгарып салган. Башка өлкөлөрдө жүргөн мигранттардын абалы да жеңил эмес. Мына ушул маселе боюнча Эмгек жана миграция министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова өткөн жумада Казакстанда болуп, аталган өлкө жана Орусиянын миграция министрлери менен жолугуп келди. Анын жыйынтыгы тууралуу Бөдөш Мамырова “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Астанадагы сапарыңыздын жыйынтыгы кандай болду? Мигранттардын иштөөсү үчүн укуктук шарттар түзүлчүдөйбү?

Бөдөш Мамырова: Өзүңөргө белгилүү болгондой, ЕврАзЭСтин алкагында ага мүчө болгон алты мамлекеттин кезектеги кеңешмеси Астанада өттү. Ошого катышып келдим. Анда социалдык суроолор боюнча чоң эл аралык конференция өттү.

Негизинен жыйынтыкты жаман деп айтуудан мен алысмын. Анткени Орусиянын миграция боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Рамадановский өзү келип, ошол жыйынга төрагалык кылды. Ошол жерде биринчи эле биздин койгон маселебиз мигранттар болду.

Орусия тараптан көп деле кыйынчылык болбогону менен биз дагы бир жолу тактап алдык, алар айтты патентттик системаны киргиздик деди. Ошол патентти мигранттар алат да, катталып, жумушка уруксат албай эле патентти сатып алып ошонун негизинде өздөрүнүн жумуштарын жасай берет деген жакшы нерсени айтты. Бул Мамлекеттик думадан бекитилип, 1-июлдан ишке кирет.

- Сиздин эсеп боюнча Орусияда, Казакстанда канча мигрант иштейт? Алардын 27-июнда боло турган референдумда добуш беришине шарт түзүп жатасыздарбы?

Бөдөш Мамырова: Менин экинчи эле койгон маселем - Орусиянын жана Казакстандын жетекчилигине да биздин алдыда боло турган референдумду өткөрүүдөгү алардын жардамы, башкача айтканда, ошолордун коопсуздугун камсыз кылып берүү.

Так болбогону менен бизге жеткен маалыматтар боюнча 350 миңден ашык адам Орусияда жүрөт, 60 миңге жакын Казакстанда. Анын 23-30 миңи Алматыда, калганы Астанада. Референдум Астана менен Алматыда өтөт, ал жерде даярдыктар болуп атат. Ал эми Орусияда үч гана жеринде өтө турган болду: Москвада, Екатеринбургда, Новосибирскиде. Анткени бул шаарларда мигранттар жыш жайгашкан. Ошол себептен референдумду өткөрүү боюнча жоопкерчиликти Тышкы иштер министрлиги алган. Бирок биз ошого жардам берип, мигранттар биздин колубузда болгондон кийин алардын бардыгын толук кандуу катыштыруу, алардын добуш берүүсүн камсыз кылуу биздин милдетибиз.

Башка жактарда деле бар, Орусиянын булуң-бурчтарында көп да. Эгерде башка жактарда да бекеттерди ачып, силер мигранттардын добуш берүүсүн камсыз кыласыңар десе биз андан деле качпайт элек.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Pandoradan
11.06.2010 13:09
Саламатсызбы Бодош абже! Килтейген министирликти жетектеп туруп патент алып эле иштей берет деп жаш бала алдагансып урдуруп коюпсуз го, ал эми иш жузундо андай эмес го. Билбейм 1нен кийин эле ошондой болуп кетсе жакшы болмок, болбой калса абдан уят болуп каласыз го. Орустарда иштеген мигранттардын маселесин чечимиш болупсуз, а казактарда иштегендер учун эч кандай соз жок или казактар мени тоготбой койду деп айткандан уялдынызбы. Мурдагы 3айлыкты кайра калыбына келтирип берсениз казактарда иштегендер учун улкон жакшылык, эрдик жасамаксыз. Биздин эл башылар качан чындыкты айтып баштайт болдукен, же дагы 10жыл антип минтик деп эле ордокторду таптап журо беришеби.

кимден: Мигрантжан. каяктан: москва.
10.06.2010 23:59
паттент сатып алып оз иштерин кыла берет деп айтканынз жакшы. Разрешение на работунун ордуна паттент сатып алып иштешибизге мен толугу менен кошула албаймын андай болбой калдыго.

кимден: Кыргыз Жигит
10.06.2010 22:44
Кыргыздардын РФ гражданство алгандарынын саны 500 000 ашса ашты бирок кемибейт.Алар шайлоого катыша албы же жокпу? Эмне учун электрондук шайлоо уюштура албайбыз чет олкодо жургондор учун мисалы ... 3 шаардагылар катышса шайлоого катышат элем деп кайсыл кыргыз 1000км басып жол кире коротуп шайлоого барат... Эч бир бийлик так миграннтардын санына кызыкдар болгон эмес. Мигранттар дайыма эле плацдарм шайлоону бурмалаганга...

кимден: Мигрантбек каяктан: Россия
10.06.2010 16:29
Бул айым туура Эмес тушунуптур,Патент алып иштоого келгиндерге,Жеке квартира ремонттосо жеке уй ээси учун,Же майып,оорулу адамды карап тейлесе,таксоват этсе,,.бир адамдын сыртта бакчасын-дачасын кайтарып ,короо жайын тазаласа ж.б.ушул сыяктуу иштерге патент берилип 1000 рубл,бир айга иштей алат! Жогорудагы категориядагы мигранттар,1-июлга чейин эч бир документсиз эле иштеп келишкен эле Жашаган жери тууралуу Паспортун 3-айга каттатып- Регистрациясы болсо эле жетиштуу болот эле! Ушул кундо,Жогорудагылардан башкалар созсуз турдо "Разрешение на работу»алып анан иштоого акылуу! Бул законду эч ким колдонуудан чыгарабай эле кучундо турат,ошон учун да коп мигрант кыргыздар РФ граждандыгын алууга мажбур болууда!Ошондуктан бул айым тейлеген МИНИСТИРЛИК ушул багытта ,ушул маселенин асты –устундо иштесе,ишин жургузсо кыргызга пайдалуу болор эле!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу