Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү

Ош: Кыйналган мигрант, акча күткөн ата-эне

25.12.2009

2009-жыл чет жерде иштеген кыргыз мигранттары үчүн оор жылдардын бири болду. Адистер дүйнөлүк каржы каатчылыгы Кыргызстанга дал ошол мигранттар аркылуу таасирин тийгизгенин белгилешүүдө. Жакында эле Кыргызстандын Улуттук банкы кыргыз мигранттарынын өз мекенине жөнөткөн каражаттын көлөмү да дээрлик отуз пайызга кыскарганын билдирди.

“Ата, кризис башталып айлык бербей жатышат…”

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган каржы каатчылыгы Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн миллионго чукул кыргыз мигранттарын да катуу бушайманга салды. Орусиядагы бир нече заводдор, фирмалардын жабылышы, такырбаштардын чабуулунун күчөшүнөн улам кыргыз мигранттарынын бир даары өз үйүнө кайтууга аргасыз болушту. Көпчүлүгү мурдагыдан төмөнүрөк маяна үчүн иштеп калышты.

Бул жагдай өзгөчө мигранттар эсебинен тиричилик кылып келген түштүк аймагынын тургундарынын турмуш шартын бир кыйла начарлатып, жумушсуздардын саны эселеп көбөйүшүнө алып келди.
Сырттан келген каражаттын көлөмү азайганы менен, кыргыз бийлиги кооптонгондой мигранттар массалык түрдө өлкөгө кайтып келишкен жок.


Ош аймагындагы миңдеген үй-бүлөлөр сыяктуу эле Орусиядагы балдарынын эсебинен күн көрүп келген Касым үчүн быйылкы жыл болуп көрбөгөндөй түйшүктүү жылдардан болду:

- Мына, карачы, жалаң эле картөшкөдөн тамак жасап жеп отурабыз. Мурда кризис жокто кемпирим экөөбүздө жүз доллардан акча турчу. Азыр эми жол киребиз да жок отурабыз. Балдарымдан жети айдан бери акча келбей жатат. “Ата, кризис болуп кыйналып жатабыз, айлык жок” дешет балдарым чалып. Бечаралар ишинен да кыскарып кетишиптир.

Бул аймакта Касымдын үй-бүлөсү сыяктуу мигрант балдарынан келчү акчанын көлөмү кескин азайып, кризис кесепетин жон териси менен сезип жаткан бүлөлөр миңдеп саналат.

Расмий булактарда чет жерде иштеген кыргыз мигранттарынын дээрлик 80%дан ашуунун өлкөнүн түштүк облустарынан баргандар түзөрү да айтылып жүрөт.

Беш жылдан бери Орусияда иштеп, тиричилигин өткөрүп келген Кубан бул жыл жалпы эле мигранттар үчүн оор жылдардан болду дейт:

- Орусиянын Тушинский деген районунда көчө шыпырчубуз. Мурдагы жылдары биз сыяктууларга атайын батир берчү экен. Быйыл болсо он бештей адамды бириктирип, жер төлөгө жайгаштырып коюшту. Былтыркыдан айлыкты да бир аз азайтып коюптур. Чынын айтсам, жарытарлык акча деле таппадым.

“Сырттан келген акчанын көлөмү да, суммасы да азайды…”

Кубандын “Азаттыкка” айтканына караганда, быйылкы каатчылык Орусиядагы кыргызстандыктарды бир топ эле убайымга салды. Алар өз үйүнө, жакындарына мурдагыдай акча жөнөтө албай калышканына өзгөчө кабатыр.

“Доскредобанктын” Оштогу жетекчиси Нуржамал Сарыкова бул жылы мигранттардан келген акчанын көлөмү 40%га азайды деп жоромолдоду:

- 40%га азайды десем болот. Мурда Орусия менен Казакстандан тынымсыз акча келип турчу. Азыр андай көрүнүш жок. Келген акчанын көлөмү да, суммасы да азайды.

Сырттан келген каражаттын көлөмү азайганы менен, кыргыз бийлиги кооптонгондой мигранттар массалык түрдө өлкөгө кайтып келишкен жок. Эгер эле андай болсо, өлкөдө жумушсуздук күч алып, Кыргызстанда социалдык жарылуу болот деп адистер коңгуроо кагышкан.
Кыргыз мигранттарынын дээрлик 80%дан ашуунун өлкөнүн түштүк облустарынан баргандар түзөрү да айтылып жүрөт.


Деген менен Оштогу миграция кызматтары дал ошол каржы каатчылыгынын айынан жумушсуз калгандардын көпчүлүгү өз үйүнө кайтып келишкенин, бул жагдай аймактагы жумушсуздар санын эселеп көбөйткөнүн билдиришкен.

Ош шаардык миграция комитетинин мурдагы жетекчиси Нурила Жолдошева «Азаттыкка» буларды айткан:

- Былтыр биз жумушсуздардын санын он миң деп эсептесек, быйыл эми өсүш болуп, алардын саны 17 500дөн ашты. Бул санды четтен кайтып келгендер толуктап жатат.

Ошентип узап бараткан 2009-жыл чет жерде иштеген кыргыз мигранттары үчүн оор, түйшүктүү жылдардын бири болуп калды. Каржы каатчылыгынан сырткары да, бул жылы Орусиядагы такырбаштардын колунан ондогон кыргыз атуулдары каза таап, кыргыз коомчулугунун үрөйүн учурган окуялардын бири болуп калды.

Ошондой эле дээрлик ар бир экинчи үй-бүлө мигранттар эсебинен күн кечирген өлкөнүн түштүк аймагында жашагандар үчүн экономикалык кыйынчылыктар байкалды.

"Азаттыктын" архивинен: Мигранттардын азап менен табылган акчасы

Дүйнөлүк экономикалык кризис үй-бүлөсүнөн узак бозгунда иштөөгө аргасыз болгон миллиондогон мигранттарды дагы кыйын абалга салды. (ZMA)

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Комиссар ОК каяктан: Ош
25.12.2009 22:11
Ээ, мекендештер эмнесин айтабыз?.. XX кылымда биз үчүн эң арзан болгон электроэнергиясынын XXI кылымда мынчалык кымбат болоору Лениндин да түшүнө кирбесе керек. Июль айынан 2 сом болорун айтып жатам да. Кайра XIX кылымга кайтат окшойбуз, отун-тезек жагып. 70 тыйындан төлөөгө толук мүмкүнчүлүгү жок эл эми 2 сомдон төлөөгө мүмкүнчүлүгү жетеби?.. Бакиев мырзанын мындай "сюрпризди" "белек" кылышын эл күткөн эмес эле. Жаңы жылга биз - эл үчүн мурдатан айтпай даярдап койгон чо-о -ң "бадаркеси" го. Максими максым ичип, Данчиги данек чагып, "Ак Жолу" кара жолго айланып, Бишкекти бизнеске, Ошту оптом базарга айлантып коюп, өзү чалкалап, элге чалап ичирген заман келди, туугандар, эртең - 2010-жылдан баштап.

кимден: Кыргызбай каяктан: КР
25.12.2009 17:14
Ушуну билип, көрүп,окуп,угуп,тарифтерди көтөрөм деп турган Өкмөткө,Ажого,Царига мигранттардан "чоң "РАХМАТ"!!!Айрыкча ажодон аябай үмүтүм үзүлдү!Баласынын карьерасы баарынан важно экен.Аттиң!!!
     
Текст көлөмү - +

Эл үнү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат.  Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы.  Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи.  Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Соңку пикирлер: (1232 - жалпы саны)

Тамаша: Мерседести да которуп салбайлыбы ыя:)

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)