Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:35

Кыргызстан

Миграция кескин күчөдү

Өлкөдөгү апрель-июнь окуялары миграциянын агымын дээрлик эки эсеге көбөйттү. Ошондой эле Кыргызстандан Казакстан жана Орусияга иштеп кеткендердин арасында ошол өлкөнүн жарандыгын алгандар арбыды.

Алматыдагы кыргыз мигранттары, 2010-жылдын 24-июну.
x
Алматыдагы кыргыз мигранттары, 2010-жылдын 24-июну.
Текст көлөмү - +
Ал эми айрым жерлерде мектепте окуган кыргызстандыктарды мектептен чыгарып салган учурлар да болгон. Мына ушундай жагдайлар соңку окуялардын эмгек миграциясына тийгизген таасирин талкуулаган жыйында айтылды.

Мектепти ушул жылы бүткөн Ош шаарынын тургуну Аскар Орусияга кетүүгө камынып, поезд жана учак билеттеринин баасын караштырып жатат. Ал өлкөдөн убактылуу да кетүү соңку кырдаалдарга байланыштуу экенин жашырган жок:

- Мурда базарда иштечүбүз. Апама жардам берип, соода кылышчумун. Эми тополоңдон кийин баары талкаланган соң жакында Орусияга кеткени жатам. Азыр учакты да, поездди да байкап атам. Билеттер кымбат экен, ошентсе да кетиш керек. Мен кайра келип, мурдагы базардагы ордумду калыбына келтирип иштесем деп ойлоп атам. Кыргызстанда иш жок болгондон кийин тиричилик кылып, эптеп жан багыш керек да...

Оштук укук коргоочу Равшан Гапиров да жакында эле балдарын неберелери менен чогуу Москвага жөнөттү. Бирок ал балдарынын Кыргызстандан чыгып кетүү себеби башкада деп эсептейт. Укук коргоочунун белгилешинче, бул чечим коопсуздук үчүн кабыл алынган:
- Бардыгы кетип атат. Менин балдарым да кетти. Бир балам менен кызым экиден балдарын алып Москвага кетишти. Алардан маалымат алдым, Орусияга жетишиптир.

Мына ушундай Кыргызстандагы соңку окуялардын миграция маселсине тийгизген таасири бүгүн бишкекте өткөн “Апрель-июнь окуяларынын эмгек миграциясына тийгизген таасири” деген аталыштагы жыйында талкууланды. “Замандаш” ассоциациясынын президенти Мухтар Өмүракунов соңку окуялардан улам миграциянын агымы эки эсе көбөйгөнүн жана алардын басымдуу бөлүгүн өзбек тектүү адамдар түзөрүн тастыктады:

- Акыркы убактарда жаштар абдан көп кетип жатат. Алардын арасында өзбек тектүүлөр көп. Андан сырткары Орусияда да эки улуттун ортосундагы арздашуулар да пайда болгон фактылар бар. Тилекке каршы апрель жана июнь окуялары миргацияга терс таасирин тийгизди, миграциянын агымы дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Ал эми Алтынбек Сыдыков Казакстанда иштеген мигранттардын көйгөйүн мындайча айтып берди:

- Чын эле соңку окуялар бизге таасирин тийгизди. Депортациялар күчөдү. Үйүбүздөн балдарыбыз менен чогуу камакка алып барып койгон учурлар болду. Ошого карабай иштеп жатабыз. Миграциялык картаны мурда үч айда алсак, азыр беш күн болуп калган. Бул убакыттын ичинде Кыргызстанга кайра кирип-чыгуу мүмкүн эмес. Дагы бир маселе – базардын жанындагы Дарожник мектебинде окуган кыргызстандык балдарды чыгарып салды. Жакында эле 40 окуучуну жашоого уруксат алгыла, же Казакстандын жарандыгын алгыла деп чыгарып салды. Эми биз өзүбүз аны каалабайбыз деле, бирок алганга мажбур болуп атабыз. Азыр Казакстандын жарандыгын алгандар көбөйдү.

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Тынаев учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана массалык депортациянын саясий өңүтү жок экенин белгиледи:

- Бул мөөнөттү көбөйтүүгө Казакстандын өкмөтү жана миграция департаменти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Ал эми ошол учурда кыргыз эмес, башка улуттар деле депортацияга кабылган. Атайын кыргызстандыктар үчүн болду деген туура эмес.

Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамила Бегиева сыртта, айрыкча курулуш тармагында иштеген мекендештерди Ош жана Жалал-Абаддагы курулуш иштерине тартууну сунуштады.

- Жер ооп кеткен мигранттардын 90 пайызы түштүк жергесинен. Алар бир топ тажрыйба алышты. Бардык учурда жол курганда, курулуш иштерине деле кытай, түрктөрдөн кызматкерлер тартылат. Ал эми биздин жарандарды Москвадан Францияга чейин үйлөрүн ремонтоо үчүн алып кетишет.

Жыйынга Орусия менен Казакстандан тышкары кыргыз мигранттары иштеп жүргөн АКШ, Италия, Чехия, Польша, Түркия өңдүү өлкөлөрдөн да биринчи ирет өкүлдөр келип катышууда. Иш чара 14-августка чейин уланып, анын жыйынтыгында бийликке конкреттүү сунуштар жолдонот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бактыгул
13.08.2010 23:24
Кыргызстандын элчиликтери бир аз да болсо,кочугунорду которуп тышка баш баксанар. Мен бир гана мисал келтирейин.Кыргызстандын Турциядагы элчилиги бир жаш бала консул экен атын унуттум,жанындагы секретарь кыз аман эле болсун,мурду асманда ото орой,телефондо да тын жооп берип койгонго жарабайт.Салам айтсак,тескери карайт мурдун чуйруп.Ото кыжырыбыз келди,телефондо тын жооп берип койсо биз темселеп кундун ысыгында ишибизди таштап барбайт элек ко.Биз да алыста элчилик биздин проблемаларыбызды чечкенге жардам берээр же бир жолун айтып берээр деген умутто барып отурабыз.Тескерисинче тетири карашат.Бетке айткан создун заары жок дейт,кыргыздар чындыгында ичи тар бир элбиз.Ынтымак жок коп жерлерде.Ар ким озу менен.

кимден: алымбек каяктан: москва
13.08.2010 21:37
орустар айткандай ни кола ни двора, ни родины ни флага... не свой и не чужой болуп калдык окшойт. жыргаганыман жылкычы болуптурмун дечу беле кыргызда...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.08.2010 16:04
санап отурсам мен билгенден эле 72 кыргыз тааныш чет олкого кетиптир акыркы 2 жылдын ичинде. 90% иш тапты.окунучтуусу кее бироо келбейбиз дейт

кимден: Гуланда каяктан: Бишкек
13.08.2010 11:06
Туугандар! Эмнеси болсо да ушул жерде туулуп остунор. Эмне, проблема болсо эле оз мекенинерди таштап кете берсенер, анда аны ким чечет? Олкого силер керексинер. Келгиле андан коро мекенинерге кайтып келип андагы буткул иштерди биргеликте чечели.

кимден: Ансар каяктан: Бишкек
13.08.2010 08:31
Миграция процесси- бул бугунку кундогу Кыргызстандын саясый-экономикалык жана социалдык абалынын корсоткучу. Бирок бул корсоткуч- Кыргызстандагы бардык тармактагы онукпой тургай "жылбай" калгандыгынан кабар берген терс корунуш болгондугу зээнибизди кейитип турат. Бугунку кундо дуйнонун торт бурчуна чилдей тараган Кыргызстандык боордошторубуздун-эмгек мигранттарынын келечеги учун ким жооп берет?... Албетте алардын арасында 5-10 пайызына гана жакшы жумушчу орундары менен камсыз болбосо, калган копчулугу адам чыдагыс шарттарда иштеп жургондору да бар. Ошондуктан бугунку кундо элибиздин башында турган адамдарга айтаарым, "ошолорду дагы ойлонуп, Кыргызстаныбыздын бир жаркын келечеги учун кызмат кылып калалы, 20 жыл уктап, ичип жегендер деле жетиштуу го... Мындан аркы ушундай абалды кичинекей мамлекетибиз которо албайт..."

кимден: Аида кыргыз кызы каяктан: Алматадан
13.08.2010 03:45
Саламатсыздарбы! Эми кандай айтсан да баари бир эл кетип жатат дей бербей бийликте отурган адамдар элдин ахыбалын ойлошсо.Кандай болсо да чет жакта жургон жашыбы карысыбы баарыбыз эле кыйынчылыктарды башыбыздан откоруп жатабыз.Окулчулукто иштеген адамдарыбыз кабинетеринде камалып отура бербей чет элде жургон занды билбеген карапайым адамдар менен иштесе жакшы эле болмок.Азыр болсо бул жакта Казакстанда чет жакадан келген адамдарды чыгыарып тазалап атышат ал эми кайра оз жерине кеткис келбегендер канча ушул жакта иштеп жан уясын багып аткандар коп Биздин азыркы жаны бийликке келип жаткан башчыларыбыз эл оюнан чыгып келечекте оз жерибизде да кут берекнин шаны чыгып элибиз тыныч омур сурот деген умуттомун!!

кимден: Актилек каяктан: Россия
13.08.2010 02:02
Кыргызстандын экономикасын дал ушул мигранттар көтөрөбүз! Бийлик болсо кресло стол талашып жүрө бергиле. Ишке жарагандын баары өлкөдөн чыгып кетсе, силердин кимге керегиңер бар. Өзүңөрчө эле жоголот элеңер. Жүрөк ооруйт ойлонуп алып.

кимден: тока каяктан: Москва
12.08.2010 22:29
Эн тан калыштуусу Россия ким болуп иштеерин жна кандай абалда жашап иштеерин билип аныктап албай келген кыргыздарды корсон шумдук, эки ооз орусча соз билишсе алда немедей жакшы болмок эле, кыргызстандын талаасында мал сурап жургонсуп алыстан кыйкырышат эй тиги кочо кайда эле деп,кемпиринен ойдо салпакташат жон эле,орустар коруп булар кайан келген эмеелер деп сурдонуп карашат,метронун ичине тушуп алып арактан басып кыйкырык суроондогон кыргыздардын талаш мушташын корууго болот, аман эле бололу кыргыздар мындай маданят салтыбызды сактасак бироонун жеринен жаман жагыбызды орустардын алды уже биле башташты не только орустар , озбек тажиктерди дегеле мас болуп кочодон жургонду коргон жокмун чын соз
анан дагы Бакиевди колдоп коюшат,Бакиев башынарга алтын уйуп берсе антип Россияны кочосун шыпырбайт элек да туурабы

кимден: кылым каяктан: москва
12.08.2010 20:06
ОШ-ЖалалАбадды курулуш иштерине мигранттар дайар.

кимден: niaz каяктан: piter
12.08.2010 19:52
Апрель окуясынан кийин питерде рекламалык газеталарга жазыла баштады буга чейин өзбек тажик деп келсе эми биз кошулдук бул питер учун уят нерседа анткени эн начар арзан жумушту реклама кылганда кыргызды да десе жаман болот экен буга чейин жок болчу.Бут эле оштон жалалабаддан келди орусияда жыргаган адам аз ойлойт кобу акча коп деп ооба акча рубл коп бирок стройка уборшица хальтура деп жургондор коп бирде акча берсе бирде кечке иштетет да кечинде акча жок эртен кел деп бербей койгон учурлар коп.Жыргаш учун 5-7 ай кыйналыш керек анан жыргаса жыргайт аракетине жараша

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине