Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

«Докем эл-жер деп жүрүп өттү дүйнөдөн”


30-майда Ала-Арча көрүстөнүндө Дооронбек Садырбаевдин эстелиги ачылды. Салтанатта чыгып сүйлөгөндөр Дооронбек Садырбаевдин коомдук жана маданий активдүү ишмердигин жана мамлекет алдында сиңирген эмгегин баса белгилеп сүйлөштү.

Дооронбек Садырбаев ондогон даректүү жана көркөм фильмдерди тарткан чебер режиссер жана бийликтин катасын көзүнө айтып сындаган депутат катары кыргыз элинин эсинде калды. Дооронбек Садырбаев өткөн жылы 27-майда Чүй облустук ооруканасына оор абалында түшүп, бир күн өтпөй каза тапкан. Көзү тирүү болгондо быйыл жылы 70 жашка чыкмак.


Үсөн Сыдыков, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы:


- Кымбаттуу замандаштар, урматтуу туугандар! Мындан бир жыл мурун бизге баарыбызга кымбат болгон агабыз Дооронбек Садырбаевди узатканбыз. Бүгүн бир жылдан кийин балдар, жеңем, үй-бүлөсү, тууган-урук эстелик коюп, жалпы журтчулукту чакырып, жоро-жолдошторун, кесиптештерин, бирге жүргөн замандаштарын чогултуп, эстелигин ачып отурабыз. Биринчиден, жеңе, туугандары рахмат, агамдын эстелигин тургузуп, ушул жерде ушул кишинин атын атап эскерип атканыбыз бул чоң нерсе.

Бүгүн туугандары Докемдин кандай киши эле, бул киши ким экенин мен айтпасам да баарыңар жакшы билесиңер. Кайсы мезгил болбосун калыстыктан тайбаган мыкты кыргыз азаматы болчу. Жашаса болот эле, шум ажал Кудайым кимге кандай өлчөйт ошого байланышту экен, мына былтыркы жылы биздин арабыздан алып кетти. Докемдин бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп, кандай жүргөнү жөнүндө гезиттен деле, теле, радиодон, көп жерден жоро-жолдоштору, жакын саналаштары эскерип дайым бул кишинин атына бир топ нерселерди айтып, жакшы пикирлерди туудуруп жүрөт.

Мен айтаар элем, айрыкча бул киши менен иштеген киностудиянын, телевидениенин кызматкерлери, парламентте депутат жоро- жолдоштору, туугандары, баардыгы Докемдин атына бир топ сөздөрдү, каалоолорду айтып, үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп жүрүшөт. Ошон үчүн бүгүнкү жакшы кишинин келип эстелигин ачканда дагы бардык биздин Кыргызстандын чөлкөмүнөн атуулдар, мыкты кыргыздын каймактары келип катышып отурат. Ушундай үй-бүлөнүн көңүлүн көтөрүп, эстелик ачканга келгениңерге биз туугандардын атынан чоң ыраазычылык билдиребиз. Чоң рахмат.

Алмаз Атамбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери:

- Урматтуу туугандар, мен ушул жакка келатып эки нерсе эстеп кеттим аксакалабыз жөнүндө. Эсимде бар, 2007-жылы “Реформа үчүн” кыймылы чечим кабыл алып, өкмөт түзөлү, өкмөттө чогуу иштейли деп. Ошондо Дооронбек аксакал мага айткан, балам жалгыз болсоң дагы бар, кыргыздын биримдиги үчүн, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп кетпесин, элди сактап калыш үчүн бар деп айткан. Мен айткам Доке аксакал, жаман атуу болом, элден чыгам деп. Ошондо бул киши айткан, жаман аттуу болосуң, мүмкүн элден да чыгасың, бирок мамлекеттин кызыкчылыгын өзүңдүн кызыкчылыгыңан өйдөрөөк койгун, бар деп батасын берген.

Бизге азыр абдан Докебиздей аксакал жетишпей атат. Ошондо дагы эсимде, Докенин артынан эки-үч кыргыздын залкарлары кетти. Ошондо бир жолдошум келип айтты, кара, Докебиз жерибиз-элибиз деп кайгырып, ооруп өтүп кетти. Ал эми буларды карасаң Совет өкмөтү болобу, Акаев өкмөтү болобу, Бакиев заманы болобу жыргап эле өттү, мүмкүн булардыкы туурабы деп.

Аны да көп ойлондум, бирок мындай жооп бар, эмнеге биздин турмуш барган сайын онолбой баратат. Анткени Докебиздей кыргыздын аксакалдары таптакыр эле азайып калды. Мына мен Докебизди кыргыздын Бакай бабабызга, Кошой бабабызга теңейт элем. Анткени бул кыргыз жери, эли үчүн өмүрүн, ден-соолугун берди.

Бир кыргыз эли, кыргыз жери карызбыз бул инсанга. Мен терең ишенем убакыт келет, Доке аксакалдын эстеликтери керек болсо эң чоң көчөлөргө тургузулат. Көрбөгөн өмүрүн балдарына берсин, жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун, ыйманы жолдош болсун. Биз дайыма эскерип жүрөбүз, эч качан унутпайбыз аксакалыбызды.

Роза Отунбаева, ЖК депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү:

- Көз ачып- жумганча бир жыл өтүп кетти. Келе турган дагы көп адамдар бар эле, Докем кыргызча да, орусча да сөздү таап, сөздүн түбүнө жетип, ушундай бир жүрөктөрдү баарыбызды жалындатып жазган адам эле, көп талант эле. Мындай талант азыр жок десек деле болот. Анткени режиссер, драматург, саясатчы болгон ар бир адамдын эле колунан келбейт.

Менин эсимде, 2004-жылы ноябрда “Ата журт” деген кыймыл түзүп, ошол заманда эң мыкты депутаттар топтолуп ошол замандын режимине каршы баарыбыз турдук эле. Докем экөөбүз ошол кыймылдын лидерлери болдук эле. Докемдин деле жашы келип калган, бирок эч чарчабачу. Кыргыз дегенде жүрөгү катуу согуп турчу.

Февраль айында мен Ноокенге шайлоо убагында келип калдым. Мен шайлоодо иштеп жүрсөм, Докем чалып, тамагы кыркылдап, Роза кел, келбесең болбой калды, менин бир эле инструментим бар, менин колумда акча, бийлик мага каршы иштейт, азыр үнүм чыкпай калды, азыр жеңиш керек болуп атат деп чакыртты эле.

Ошондо бир тобубуз Сакалдыга келсек, бул адам саясатта да абдан креативдүү адам эле, Сакалдынын жолунун кесилишинде бозүйдү коюп коюптур. Эмне себептен ошол жерде, анткени жолдун кайсы жагына барсаң да ошол боз үйгө такаласың. Баары эле клубдарды, чоң үйлөрдү, байлары кафе алышат. Ал эми Докем болсо бозүйдү коюп коюптур кычыраган кышта, ал жерге буржуйканы күйгүзүп коюп, китептерин коюп коюп чоң агитация жүргүзүп атыптыр. Элдин баары ошол жака келип атты. Ошондо канча бийлик менен күрөшүп атты.

Докемдин турмушунун баары эле күрөш болчу. Элдин баары колдоп, ошол шайлоодон утуп чыкты эле. Докем революциянын башында турган адам, Докем Кыргызстан азаттыкта болсун, эгемендүү болсун, кыргыздар сабаттуу болсун деп өмүрүн берген адам. Ушундай жалындуу инсан, жүрөгү күйүп турган адамдар кыргызстанда көбүрөк болсо, Кыргызстан кыйла жакшы жашайт элек.

Бүгүн Докемдин бир жылдыгы болуп атат, айтып атабыз Кыргызстандын 21-кылымдагы эң чоң талантуу инсаны десек жаңылышпайбыз, чынында кыргыздын баары ушинтип ойлойт. Докемдин бир жылдыгына теле болсунбу, өкмөттүн гезити болсунбу, бул улуттук инсан деп буга көңүл бурса эмне болот эле, эмнеге андай жок бүгүн. Ошондуктан мен кайрат элем. Докем Кыргызстандын сыймыгы, Докемдей жүрөк болсо Кыргызстан гүлдөйт эле. Докен, сен жоксуң, жетпей атасың биздин турмушка, топурагың торко болсун, жайлуу жат ушул жерде .

XS
SM
MD
LG