Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 23:48

Эркиндик / Сөз эркиндиги

ММК: Сабырдуулук таңкыстыгы

Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуяларды жана андан кийинки абалды чагылдырууда жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттары калыстык, акыйкаттык жана бейтараптуулук принциптерин кармана алышкан жок.

Текст көлөмү - +
Медиа мейкиндигиндеги мындай жагдайды талдаган эксперттер жергиликтүү журналисттер улутчул сезимди козуткан материалдарды берүүгө жол берсе, эл аралык кабарчылар такталбаган жана бир тараптуу маалыматтарды беришүүдө деп мүнөздөштү.

Өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуялардан кийин жергиликтүү маалымат каражаттарында бир жактуу жана улуттук сезимди күчөтүүгө өбөлгө түзгөн мазмуундагы материалдар үстөмдүк кылууда. Бул багытта маалымат каражаттарына даттанууларды кабыл алуу жана этика боюнча коомдук комиссия айрым телерадио жана гезиттик материалдарды талдоого алууга киришти.

Медиа өкүлчүлүктүн жетекчиси Акмат Алагушев улуттук кызыкчылыктарга байланышкан маселелер боюнча жергиликтүү гезиттер ортосунда кайым айтышуулар да орун алып жаткандыгына басым жасады.

- Кыргызча жазган пресса менен орус тилдүү гезиттер бөлүнүп алышып, кайым айтышкан учурлар катталууда. Кыргыз менен киргизге бөлүнүп жатышат. Ар бир гезит бири-бирине айыптоолорду коюп жатышат. Мына байкалып жатат тигил “Форум”, “Алиби” сыяктуу гезиттер менен “Вечерний Бишкек” гезитинин ортосунда “сайгылашып” кетип жатышат. Макалаларды атайын лингво-филологиялык, психологиялык экспертизаларга бердик. Азыр күтүп жатабыз, жыйынтыгы чыкса анан кандайча жазылган, чен-өлчөмгө туура келеби ошол боюнча бүтүм чыгарабыз.

Май айынын аягында кыргыз тилдүү “Алиби” гезитине "Тейитте кыргыздын туусу өрттөнүп, боз үйү күйгөн" деген аталыштагы макала жарык көргөн. Макала Жалал-Абад шаарындагы облустук акимчиликти басып алган Бакиевчилерди сүрүп чыгарышкандан кийинки Кадыржан Батыровдун жактоочуларынын мурунку президенттин киндик кан тамган айылы Тейиттеги аракеттерине арналган.

Макаланын автору Назгүл Мамытова андагы материалдын мазмунунда улуттук сезимге ойногон жагдайлар болгон эмес деп эсептейт:

- Тейиттеги К. Бакиевдин үйүнө өзүм барып, сүрөткө тарткам. Ичинде усталар үйдү кайра тургузуп жатышыптыр. Алар менен жолугуп, алардын баары менен пикир алыштым. Алар үйдүн үстүндө Кыргызстандын желеги илинип турганын айтышты. Короонун ортосунда боз үй турчу экен. 7-апрелден кийин К. Бакиев ошол боз үйдө журналисттерге маек берип жаткандыгын баардыгы эле көрүшкөн. Ошол боз үй өрттөлүптүр. Туу менен боз үйдүн өрттөлгөнү бул менин өзүмдүн көзүм менен көрүп келген нерсе. Бул боюнча улуттар аралык араздашууга чагым кылган деле эч нерсе жазган жокмун ал жерде. Өзүм мурда уккан жагдайды өз көзүм менен көргөндөн кийин эмоцияга алдырып жазган учурлары болушу мүмкүн.

Анткен менен медиа талдоочулар мына ушуга окшогон маалыматтар ал канчалык чындыкка жакын болгондугуна карабастан улуттук сезимди козутууга өбөлгө түзүшү мүмкүн деп белгилешет. Ошондуктан серепчилер мындай аялуу теманы жазууда этияттык керектигин эскертишет.

Медиа талдоочу Турат Акимов июнь айынын биринчи жарымындагы коогалаңды чагылдырууда жергиликтүү маалымат каражаттарынын кармангандыгы кырдаалды сактап калды деген ойдо.

- Эгерде чындап эле биздин прессада иштегендер жанын сабап, “кыргыз эли кырылды”, “мекен эне чакырат” деген сыяктуу ураандар менен көп нускада гезиттерди басып, телерадиого бере баштаса согуш күчөмөк. Эгерде келип түшүп жаткан сүрөттөрдү, видеотасмаларды келген бойдон чыгарып койсок мамлекеттибиз эмне болот эле? Ошондуктан ар бир сүрөт, ар бир сөздү азыр журналисттер ойлонуп туруп чыгарууга мажбур. Анкени ушундай кырдаалда элге ар кандай таасир бериши мүмкүн.

Буга карабастан жергиликтүү кыргыз тилдүү гезиттердин беттеринде чатакташкан тараптардын бир жагынын гана арыз-даттануулары үстөмдүк кылган учурлары аз эмес. Муну жергиликтүү журналисттер жаңжалдан кийинки кырдаалда экинчи тарапка өтүп барууга мүмкүн эместиги менен байланыштырышат.

Журналист Назгүл Мамытова айрым эл аралык маалымат каражаттарынын бир жактуу маалымат таркатып жаткан учурлары жергиликтүү журналисттердин бейтараптуулугунун жоголушуна өбөлгө болууда деп белгиледи:

- "Фергана.ру", "Сентразия. ру" сыяктуу маалымат агенттиктери каалаганын жасап, каалагандай кылып берип жатышат. Чет өлкөлүк маалымат каражаттары Кыргызстанды сыйлабагандыгынан ушундай болуп жатат да. Ошону көрүп туруп чыдабай кетет экенсиң. Анан биз дагы баягы бейтараптуулук, калыстык деген чен-өлчөмдөрдү башынан аттап кетүүгө мажбур болот экенсиң.

Кыргызстандын башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, бул аралыкта улуттар аралык араздашууну козуткан маалымат таратуу беренеси боюнча  жергиликтүү маалымат каражаттарына каршы бир дагы кылмыш иши козголгон эмес. Бирок маалымат каражаттарына даттанууларды кабыл алуу жана этика комиссиясы бул багытта айрым гезиттерге коомдук негизде эскертүү болгондугун жарыялаган.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Азамат каяктан: Бишкек
02.08.2010 18:04
Назгүл азаматсың, ушунуңдан жазба

кимден: Дүйшөн каяктан: Бишкек
02.08.2010 12:57
Окуп көргүлө ишенбесеңер.№398 18-24-июнь, 2010-ж.
Темир Назаров: “Мен Оштун борборунда жашагандыктан, эмне болгонун өз көзүм менен көрдүм. Баарынан да менин көзүмчө бир кыргыз жигитти атып салышканда, кадимкидей каным кызыды. Мунун баарын көрүп туруп чыдай албайт экенсиң. 3000дей кыргыз чогулуп, колубузда курал деле жок, айры, орок, балта алып, кадимкидей салгылаштык.

кимден: Шукур каяктан: Ош
02.08.2010 10:34
Ош коогаланы боюнча кыргыз журналисттеринен бир гана Назгуль Мамытова коркпой ачык жазды. Эми ошол эжеге асылгандары уят эле иш.Жалал-Абадда, Ошто коогаланда элдин мунун угуп журду.Анык патриот экен. Керек болсо туштуктук журналисттер да ооз ача алган жок. Эгерде Назгуль эжеге каршы чабуул башталса Ош Жалал-Абад жаштарын эч ким баса албай калат.

кимден: Дүйшөн каяктан: Бишкек
01.08.2010 12:21
Кыргызстандын башкы прокуратурасына:
Улуттар аралык араздашууну козуткан маалымат таратуу беренеси боюнча "Супер инфо" гезитине чара көрүңүздөр.Анткени ал газета коогалаң болуп жатканда ырчы Темир Назаровдун интервьюсун берген. Анда улуттук араздашуу чагылдырылган.
Ал эми Т.Назаров өткөндөгү депутаттык ат салышууда Акжол партиясы үчүн иштеп "Атамекен менин рекламама рекламасын жабыштырып коюптур" - деп КТРден Текебаевди сотко берем деп чыккан.
"Супер инфо" болсо Текебаевдин аялынын офисинде жайгашкан.Ошон үчүн Текебаев байма-бай гезитке чыгып турат.

кимден: ПАТРИОТ
29.07.2010 10:27
Назгул Мамытованын айтканы эн туура!

кимден: Коз карандысыз аналитик каяктан: Ош
28.07.2010 20:31
Журналист Назгүл Мамытованын айтканы чыркыраган чындык.Эл аралык маалымат каражаттар бир тараптуу маалымат бере беришсе, чыдамы кеткен Кыргыз жаштары мындан ары да ар кандай кадамдарга барышы мумкун.Биз жаман иш кылбасак да мокочо болуп таанылып жатабыз.

кимден: eldar каяктан: tr
28.07.2010 20:19
Chet eldik jurnalistter biz jonundo abdan kop jalgan maalimattardi jariyalashti Kochodo korgondor bizdi jirtkichtar dep ele karap kalishti Bizdin MMK lar tingiliktuu video je surottordu jariyalap koygongo jaragan jok. Biz da koldo bolgon jeteersiz maalimattar menen dagi dele alarga karshi turganga araket kilip tuurasin tushundurgongo araket kilip jurobuz. Bul mumkunchulukton paydalangan fergana ru siyaktuu sayttar kaalaganin kilip jatishat.

Онлайн шерине