Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Б. Орунбеков: ЭлТР коомдук телекөрсөтүү деген атты актаган жок


Бакыт Орунбеков
Бакыт Орунбеков

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Өмүрбек Текебаев УТРКны коомдук телекөрсөтүүгө айландыруу иштери башталганын, үч ай аралыгында ал ишке ашып калышы ыктымалдыгын айтты. Бул маселе боюнча медиа эксперт, УТРКнын мурдагы байкоочулар кеңешинин мүчөсү Бакыт Орунбековду “Азаттыктын” түшкү түз обосунда сөзгө тарттык.


-УТРК үч айда коомдук телекөрсөтүүгө айланат деген канчалык реалдуу азыркыдай шартта?


- Биринчи кезекте бул бийликтин ниети, каалоосу, тилеги болуп атат. Бул жакшы көрүнүш. Эгерде ниет, тилек кылса бат эле ишке ашат деп ойлойм. Антени УТРКны коомдук телекөрсөтүү кылуу боюнча идеялар мурунку бийликтин тушунда эле, 2005-жылдын апрель айларында дал ушул күндөрү аябай бышып жетилип, коомдо талкууланып, аракеттер болгон. Баардык процедуралардан өтүп, бардык документтер даярдалып мыйзамга ылайык үч тараптан 15 адам шайланып келип парламент аркылуу биз даяр болуп, алгачкы жыйынын өткөргөндө, мурдагы бийликтин токсоолдугу менен, алардын шайтан оюндары менен бул идея ишке ашпай орто жолдо калып калган. Коомдук телекөрсөтүү жөнүндөгү документтер даяр, менин колумда да бар. Ошондо байкоочулар кеңешинин мүчөсү катары алгам. Баары экспертизадан өтүп, адистердин колунан өтүп демокартиялык принциптерге, мыйзамдарга ылайык келип даяр турат. Муну аракет кылса жакын арада үч ай эмес, бир айдын тегерегинде эле ишке ашырса болот деген ойдомун.

- УТРКда ошого мүмкүнчүлүктөр канчалык, коомдук телекөрсөтүүнүн деңгээлине чыгууга Улуттук каналдын жамааты канчалык даяр деп ойлойсуз?

- Жамаат ошондо эле даяр болчу. Ал жерде турган жетекчилик дагы, азыркы иштеп аткандар бир топ өзгөрүп, жаш замандаштарыбыз да келди, азыркы замандын талабын да түшүнүп турат. Азыркы бийлик айтып атпайбы биз демократияга кайра барабыз, демократияны орнотобуз деп. Демократияны орнотуунун негизги көрсөткүчү - дал ушул коомдук телекөрсөтүү. Ошол мамлекеттен каржылаган телекөрсөтүүдө жалпы коомдун бардык ой-пикири айтылып туруш керек. Демек бул маселе ишке ашат деген менин чоң ишеничим бар.

- Канткен менен бизде ЭлТР телеканалы расмий түрдө коомдук телеканал деп аталат. Ушул канал коомдук телекөрсөтүү деген атты канчалык актады?

- Эч актаган жок. Бул жерде демократиялык принциптердин бири дагы жок. Жөн эле кагаз түрүндө, формалдуу түрдө коомдук телекөрсөтүү деп атап койгон, анын жетекчисин дагы президент шайлаган. Анан кийин коомдук телекөрсөтүүнүн байкоочулар кеңешин дагы атайын тандалган, кайчы пикирлерди айтпаган аксакалдардан, аттуу-баштуу адамдардан шайлап койгон. Мен билгенден ЭлТРдин байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү уставда жазылган боюнча чогулуп, теленин келечеги, тагдыры жөнүндө бир дагы жолу жыйналыш жасап көз караштарын айткан жок, мен аны уккан жокмун. Ошондуктан ЭлТР телекомпаниясы мамлекеттик бийликтин колундагы экинчи канал боюнча эле иштеп келди. Бул жерде эч кандай коомдук телекөрсөтүүнүн принциптери иштеген жок.

- Бакыт мырза, коомдук телекөрсөтүү демилгеси мурдагы бийликтин тушунда да козголуп, бирок ишке ашпай калганын айттыңыз. Эгер азыр бул ишке ашып калса, эми өлкөдө телекөрсөтүү багытында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

- Чоң өзгөрүүлөрдү жасаш керек. Телекөрсөтүүнүн өзгөрүшү менен биздин элдин аң-сезиминде өзгөрүү болот, аң-сезиминде революция болот. Маалымат деген эмне? Анын баа-баркы, сапаты, башка нерселери болуш керек. Коомдо ар кыл пикирлер бар да, ошонун баарына мүмкүнчүлүк бериш керек. Бизде болсо мурда Ак үйдөн чыккан, Ак үйгө жаккан, Ак үйгө ылайык гана маалыматтар болуп келбедиби. Демек коомдук телекөрсөтүү деген идеянын өзү жакшы. Анткени бул биз эле ойлоп чыгарган нерсе эмес да, бул алдыңкы демократиялык мамлекеттерде иштеп, тарыхта өзүн сынаган, тастыкталган, өзүн актаган принцип болуп атпайбы. Ошондуктан биз бул жолго өтүшүбүз өтө зарыл деп ойлойм.

- Рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG