Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:30

Саясат

Максим Бакиев Лондондо Березовскийди коргогон адвокаттарды жалдады

Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиев 13-июнда Лондондон анча алыс эмес майда аэропорттордун биринде кармалган. Ушу тапта ал Британиядан саясий башпаанек алуу аракетин көрүп жаткан кез.

Максим Бакиев
Текст көлөмү - +
Ал максатта Максим убагында орусиялык олигарх Борис Березовскийди Москванын каарынан калкалап калган адвокаттык контораны жалдаганы маалым болду.

Максим Бакиевдин ишин Лондондо саясий башпаанек издеген бай жана таасирдүү адамдардын укугун коргоо жагынан аты чыккан Carter-Ruck аттуу адвокаттык фирма алып барат. Бул фирма убагында орусиялык олигарх Борис Березовский, бир катар араб шейхтери, чечендердин бозгун лидери Ахмед Закаев жана башка мурдагы мамлекет башчылары, саясатчы, бизнесмендерге юридикалык жактан жардам берип, Британияда туруктуу жашоо шартын түзүп берип келатат.

Маселен, Березовскийди Москва кайра кайтарып берүүнү талап кылганда, Женева келишими баш болгон эл аралык документтерге таяп, олигархты сотто калкалап калган. Carter-Ruck жалаң гана саясий башкалка издегендерди коргоого адистешпейт, анын башкы жетишкендиги - өзүлөрү тууралуу жарыяланган маалыматка арызданып, прессадан акча өндүрүп алууну каалагандардын таламын сотто талашуу жагынан атагы алыска тараган.

Боб Стюарт
“Эмне үчүн Максим Бакиев башкалка издеп дал Британияга барды?” – деген сурообузга британ парламентинин мүчөсү, жакында Кыргызстанга келип кеткен Боб Стюарт төмөнкүдөй жообун узатты:

Максим Бакиевдин кийинки тагдырын сот гана чече алат. Ага окшогон адамдар эмне үчүн Британияга барышат? Анткени алар ошол жакта бейкапар жашай алам деп ишенет. Бирок дайыма эле алар ойлогондой боло бербейт. Сот кандай чечим чыгарса, дал ошондой болот”.

Ошентип, мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевге Британияда башпаанек берүү ишин мындай иштерге дасыккан адвокаттык фирма колго алды. Атын атабоону өтүнгөн Лондондогу коопсуздук компаниясынын кызматкери: “Лондондун тегерегиндеги аймакты камтыган картаны ачып көрсөңүз, Максим Бакиев эмне үчүн Фарнборо деген чакан шаарчага учуп барды деген суроого жооп табасыз. Анткени дал ушул аэродром Борис Березовскийдин вилласына эң жакын жайгашкан, ошондуктан экөөнүн байланышы бар деп кээ бир Лондондук маалымат каражатары жазганына ишенем”, - деп кошумчалайт.

Таирбек Сарпашев
Максим Бакиев менен орусиялык олигарх Борис Березовскийдин байланыш-катышы бар экени 2006-жылы кыргыз парламентинде чуу чыгарып, кызуу талкуу болгон. Ал кезде Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп турган Тайырбек Сарпашев кызуу талкуу аягына чыкпай калганын айтат.
 
Биз айтылуу “Матрешка” чатагын иликтеп жатканда парламент дагы эки тапшырма берген. Березовский менен байланышты тактап бергиле, анан буюртма киши өлтүрүү көбөйүп кетти, аны да иликтегиле деп. Биз болгону Еленин деген ысым алдында бир киши чек арадан өтүп, кийин кайра чыгып кеткенин тактаган маалымат алалганбыз. Бирок аэропортко орнотулган видеокамераларга жазылган тасмаларды карап чыгып, ошондой ысым алдында Березовский келип кеткен деген кынтыксыз далил таба алган эмеспиз, ошол иш бүдөмүк бойдон калган”, - дейт мурдагы депутат Т.Сарпашев.

Эмнеси болсо да, чет элдик байкоочулар Британия Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берээринен ишенич жокко эсе деген пикирде. Ал үчүн Кыргызстан менен Британия ортосунда айыпталуучуларды экстрадициялоо тууралуу келишимге кол коюлушу керек. Эки өлкө ортосунда андай келишим жок. Андай документ жок учурда Кыргызстан - кайтарып берүүнү суранып жаткан айыпкердин күнөөсүн таасын далилдеп, ал мекенине кайткандан кийин жарандык укуктары сакталып, мыйзам эч жеринен бузулбаарын кепилдеши керек.

Дал ушул маселеге келгенде, Кыргызстандын кайсы бир айыпталуучуну Лондондон өткөрүп алуу мүмкүндүгү өтө төмөн, дейт Москвалык эксперт Владимир Прибыловский:

Максим Бакиевге кандай олуттуу кинелер тагылса да, Англия аны Кыргызстанга баары бир өткөрүп бербейт деген ойдомун. Анткени биздин өлкөлөрдө түрмөгө түшкөн киши аман калаарына эч ким кепил боло албайт. Орусияда түрмөгө түшкөндүн өзү барып турган азап-тозок. Кыргызстандагы жагдай андан көп деле айырмаланбайт”.

Москвадагы “Панорама” маалымат борборунун жетекчиси Владимир Прибыловский көп жылдардан бери саясий бозгундардын тагдырын иликтеп келатат .

32 жаштагы Максим Бакиев Кыргызстанда өзүнүн шериктери менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты мыйзамсыз которуп алып, өз кызыкчылыгында жүгүрткөн жана кийин жакында өлкөдө болгон кутумчул окуяларга кыйыр тийешеси бар деп айыпталууда. Мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин экинчи уулу бардык айыптоолорду четке кагып, күнөөм жок деп актанып келатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Akma каяктан: Bishkek
25.08.2010 09:02
Баарынан дагы кудайдын сотунан коркуш керек бул адам. Баарыбыз убктылуубуз, чынбы адамдар, баарыбыз бул жашоодон өтүп кетебиз, өлбөчүдөй болуп байлык топтоп, адамдарды курал катары колдонгону туура эмес деп ойлойм.

кимден: Take каяктан: T.Korea
24.08.2010 16:54
jan duinobuz ooruitda kylmyshkerge jazasyn berbese,yraiyn kara..

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
24.08.2010 12:21
Максим кыргызыстандын жараны жана кыргызыстанда кылмыштарды өткөргөн ошол үчүн кыргызыстанга алып келип кыргызыстанда соттош керек. жок андай болбойт деп келүүдөн баш тартат екен сыртынан соттоп өкүмүн угузуш керек. аны кыргызыстанга алып келүүнүн деле кажети жок. кыргызыстан ел жери үчүн чексиз кылмыш өткөзүп күнаасү күчирип болгусуз. ошого ала тоо жеркесинде жазасын алса жер убалын кантебиз. аныда ойлошубуз керек. өкүмөткө айтар сөз алып келебиз деп жүрбөй еле сыртынан өкүмдү угузушуңар керек. ал атасы өкөө кыргыз элинин түбөлүк душманы. алар таарат, туңу түкүрүк качасы болуп кылмыштуу кебетеси сайдын кара ташынан тургузулуп тааратканалар менен акилет орундарына койулушу керек.ошону менен бирге ар жылы 4-айдын 7-күнүн кыргыздар кылмыштуу кебетелерге кектенип какырынып-чимкиринип өтүү кыймылын уйуштуруп ултуук идологийага айлантуусу керек.бул иш-чаараны элдик добушка койуу жолу менне ишке ашырып түбөлүк кол тийгисиздик өкүм кылып жаратуу керек. мундай болбойт екен кыргызыстанда кылмыштуулуктун артына чекит койголу болбойт.

кимден: Бабай каяктан: раша тудей
23.08.2010 20:24
Максим! Верни Кыргызстану

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)