Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Ошто алты айда төрөттөн он жети аял ажал тапты

29.09.2009

Он жети эненин өмүрүн алган мындай кайгылуу окуялардын себептерин азыр прокуратура жана саламаттыкты сактоо министрлиги иликтөөдө.

Буга чейин да Бишкектеги төрөт үйлөрүндө бир ай аралыгында эле төрт аялдын өлүмү катталып, коомчулуктун үрөйүн учурган. Өлкөдө жыл башынан бери дал ушул төрөт учурунда каза тапкан ондогон фактылар катталганына эл өкүлдөрү да катуу тынчсызданып, бул көрүнүшкө медицина тармагынын коррупцияга батканын жана дарыгерлердин шалаакылыгын айыпташкан. Адистер болсо, түштүк аймагындагы он жети эненин өлүмүн социалдык турмуштун оордугу, миграция жана адистердин жетишпестиги менен түшүндүрүүшүдө.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов Ошто соңку алты ай ичиндеги он жети аялдын өлүмүнүн себептери дыкат иликтөөгө алынганын маалымдоодо. Жыл башынан бери бул аймакта аялдардын төрөттөн көз жумган окуялары көбүрөөк жүз берип жатышын жергиликтүү дарыгерлер социалдык оор турмуштун жана миграциянын кесепети менен байланыштырып жатышат.

Ош облустук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси, медицина тармагы боюнча облустук координатор Валентина Акимова буларга токтолду:

- Бул он жети аялдын үчөөсү Ош шаарынан, облустан болсо он төрт аялдын өлүмү катталган. Мындай өлүмдүн негизги себеби соцалдык турмуштун айынан, мисалы мен жети аялды билем алар каттоого турушкан эмес. Орусияда, Казакстанда оор жумуштарды аткарып жүрүшкөн. Алар төрөөргө жакын өзүбүздүн районго барып төрөйбүз деп, бирок каттоодо жок болуп, врачтардын кароосуз калышкан. Ошондой аялдар көз жумду.

Бирок ошол эле учурда айрым депутаттар сонку кезде дарыгерлер акчасыз оорулууларга салкын мамиле жасап калышканын, ошол себептүү капчыгы жука үй-бүлөлөр алдын-ала медициналык текшерүүдөн өтүп турууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып чыгышты.

Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнө баш багып төрөгөн аялдардан же алардын жакындарынан дарыгерлер тууралуу сурачу болсоң, алардын негизсиз эле акча сураган жоруктарын айтып берчүлөр четтен табылат.

Нурила ымыркайлуу болгонуна үч гана күн болгон эне:

- Бир аял он күндөн бери дарыланып жаткан экен, бирок төрөт учурунда баласы чарчап калыптыр. Кечээ анын ата-энеси келип аябай тополоң кылып кетишти. Дарыгерлер мени жакшы эле карап жатышат, акча сурашканы тууралуу айтсам, кечээ ремонтко деп 200 сомдон жыйнашты.

Оорукананы аттаганда эле акча сурап башташат деп ак халатчандарга нааразы болгон энелердин бири Айниса апа. Ал өз келинин атайын алыскы Ноокат районунан дарыгерлер мыкты карайт деп шаарга алып келген үмүтү өчүп турган кези:

-Төрөгөндөргө бул жакта жардам берет деген туура эмес экен. Эшиктен кирсен эле акча сурайт, эмне кыласыңар бизден алган акчаны десек, биз эмне жөн эле иштеп жүрөт деп ойлойсуңарбы деп айтышат. Кагаз жазып бергени үчүн эле 200-300 сомдон алат экен. А акчасы жоктор каралбай эле калып жатат.

Жергиликтүү серепчилер сонку жылдары медицина тармагында коррупция кадыресе көрүнүшкө айланып, дарыгерлер акчасы жок адамга кайдыгер мамиле жасашаарын белгилешет. Буга врачтардын айлык акысы өтө төмөндүгү себеп болууда деп айтылган менен, мунун арты мына ушундай ондогон өлүмдөр менен коштолууда дешет алар. Бирок дарыгерлер өздөрү болсо, аялдардын төрөттөн каза табышынын себебине дарыгерлер гана эмес, азыркы социалдык-экономикалык жагдай, жашоо шарттын оордугу негизги себеп болгонун айтышат:

-Үйүндө муздаткычы бош турса, эт көрбөсө, нан менен чай ичип отурса анан аларды аз кандуулуктан дары менен эле айыктырыш мүмкүн эмес да. Эң негизгиси алардын жеген тамак-ашы күчтүү болуш керек да. Боюнда бар аялга анын үй-бүлөсү, жолдошу бардык жагынан калкалап, ымыркайды күтүп, төрөп бере турган аялга кам көрүш керек. Биз врачтар канчалык көзөмөлдү күчөткөн менен аялдын үйүндө эч кандай шарт жок болсо, тамагы начар болсо, биз кандай аракет жумшаган менен деле сактап калалбайт экенбиз да.

Ошентип сонку айларда төрөттөн каза тапкан он жети аялдын өлүмүн азыр шаардык прокуратура жана саламаттыкты сактоо министрлиги иликтеп жаткан учуру. Эл өкүлдөрү болсо бул окуяга дарыгерлерди айыпташса, дарыгерлер өлүмгө дуушар болгон аялдардын социалдык турмушу начар жана оорулуу экенин айтып даттанышууда. Серепчилердин пикиринде, кыргыз өкмөтү медицина тармагын чукул арада реформалап, дарыгерлердин жоопкерчилигин күчөтпөсө Кыргызстанда бул сыяктуу үрөй учурган окуялар дагы байма-бай катталып, ачыка чыгышы мүмкүн.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: КЫРГЫЗ каяктан: ОРДО
12.10.2009 23:40
Доктур "укендерден" сак болуш керек-кыргыздар!
Булардын бизге "Ойюу" тескери!
Мен муну коб жолу оруканалардан байкадым!
Сак болгула кыргыздар, аларга ишенбегиле!

кимден: Жылдыз каяктан: Ош
09.10.2009 11:57
Менин бир кыз, бир уулум бар, дагы уул,кыз төрөйүн деп ойлоп жүргөм, бирок төрөтканадагы абалды, жаңы методду көрүп, төрөбөөнү чечтим. Анткени жаңы метод деген шумдугу мага жаккан жок. Жакында эле бир курбум жаңы метод менен экинчи баласын төрөп "азапты" көрдү. Күйөөсү Россияда болгондуктан,мен өзүм төрөттүм. Төрөтканага эмнеге барганыбызды өзүбүз да түшүнбөй калдык. Андан көрө үйдө эле төрөтсөк жакшы болмок экен. Бир бөлмөдө курбум экөөбүздөн башка эч ким жок, аны өзүм төрөтүп, врачтар болгону бала төрөлгөндөн кийин келип киндигин кесип эле койушту. Курбумдун мүнөзү чортураак эле ал жерде бир күн да жатпай "жаңы методуңар менен мындан кийин төрөтканаңарда өзүңөр төрөй бергиле, силерди мындан кийин желкемин чуңкуру көрсүн" деп баланын киндигин кескен врачка кол акысын карматты дагы,врачтар менен урушуп, төрөп бүтөөрү менен эле баласын машинага салып үйүнө келе берди. Биз төрөтканага барсак,бир бөлмөдө бир жаш келин биринчи баласын төрөй албай апасы экөө бөлмө менен бир болуп бакырып, ыйлап-сыктап кыйналып жүрүшкөнүн көрүп,эмне болуп атат деп таң калыптырбыз. Көрсө байкуш келин "тозоктун" бөлмөсүнө кирип "жаңы метод" деген балээ менен алышып аткан экен.

кимден: Айжан каяктан: Ош
08.10.2009 12:42

2-бөлүгү.
Жок дегенде биринчи жолу төрөгөн аялдарга врачтык жардамын көрсөтүп койушса болот да. Мурда креслого чыгып төрөтүп, бир эмес эки врач, 2-3 мээрбан жанында туруп, аялга жардам берип төрөттү кабыл алышат эле. Анан таң атканда дежурстводо турган врачы болобу, мээрбан эже болобу, санитарына чейин "сүйүнчү"деп доолашып келген туугандардан акча алып жатышты. Аларды карап туруп көңүлүм ирээнжиди. Ошондон көрө үйдө төрөтсөк, кемпир энем ал врач сөрөйлөргө караганда оңой төрөтүп алмак беле деп ойлоп калдым. Эмнеге врачтар мындай кайдыгер, жоопкерсиз болуп калганына таң калдык 100 сомдон ала беришет экен. Анысы мейли,ала беришсин.Бирок төрөттү өз жолунда кабыл алышса болбойбу? Санитаркаларынан баштап врачтарына чейин аялдарга өтө копол мамиле жасашат экен.Сүйүнчүсүн бергенден кийин, Мурда аял менен баласынын ден-соолугу толук калыбына келгенде гана төрөтканадан чыгарышчу. Азыр болсо 2 күндөн кийин чыгарып салат экен. Бирок ошондой мамиледе аял 2 кун эмес бир күн да жаткысы келбейт экен. Чыгып жатканда да врачтарга акча узатыш керек экен. Баланын дарыгерине башка, аялды караган дарыгерге башка акча берип анан чыгардык. Сиңдим төрөгөн күнү дагы бир жаш келин келди. күйөөсү экөө эле келди, туугандары алыста экен. Байкуш келинди караган адам жок. Узун коридордо онтоп өзү таң аткыча басып чыкты. Биз чыгып кетип жатканда да онтоп басып жүргөн. Ал байкуш эмне болду билбейм. Төрөт үйлөрү менен ооруканаларды катуу көзөмөлдөбөсө, дарыгерлердин айлык маянасын оң эмес жүз эсеге кобөйтсөк да оңолбойт. Дарыгерлердин акча алгандарын, аялдарга жасаган орой мамилелерин башкы врач жакшы биле бербейт окшойт, анткени сиңдим төрөгөндөн кийин эртеси келген башкы врач жакшы сүйлөп,эч кандай акча деле сураган жок. Ага абалыбызды айталы деп анан, балага зыян келтирип койбосун төрөт үйүнөн чыккыча унчукпай туралы деп чечтик. Анткени андай учурлар да болгон экен. Анан бир ЧП чыкса башкы врачтар иштен кетип, кылгылыкты кылгандар иштеп, кайра эле ошол иштерди жасай беришет экен.

кимден: Айжан каяктан: Ош
08.10.2009 12:42
Быйыл январда сиңдимди Ош шаардык төрөт үйүнө түшкү саат 12 де алып бардык, (жеке төрөт үйүнө жаткыралы деп акча жок бара албадык) Торөтканага барсак, толгоосу башталганда синдими, күйөөсүн жана мени бир бөлмөг киргизип салышты, "төрөй бергиле азыр жаңы метод, аял өз алдынча төрөшү керек" деп жарым метр эски кездемени берди дагы врач чыгып кетти. Бөлмөдө бир кушеткадан башка эч нерсе жок. Мен врач болбосом, синдимдин биринчи жолу төрөшү, күйөөсү -жаш жигит, баарыбыз ээсибиз ооп эле туруп калдык. Синдимдин толгоосу күчөй баштаганда врачты чакырганы чыксам баары чогулуп чай ичип отурушуптур. "Толгоосу күчөп, кыйналып жатат карап койуңуздар" десем, эч нерсе болбойт, баары кыйналат, баланын башы чыкканда чакырасыңар" деп чай ичип отуруп алышты. Кайра бөлмөгө кирсем, сиңдимден кан кетип полдун баары кызыл жаян кан, күйөө балам коркконунан оозунан соз чыкпай калыптыр, сиңдим оорусуна чыдабай кыйкырат,мен эмне кылышымды билбей айланчыктап, полдогу кандарды аарчып жүрөм. Ошентип түштө башталган төрөтүбуз түнкү саат 2ге чейин созулуп, сиңдимдин алы калбай калды. Ал эмес күйөө бала экөөбүз дагы суй жыгылдык. Ошентип саат 2ден өткөндө баланын башы көрүнө баштаганда коридорго чыгып доктурларды издеп жүрөм, баары жатып уктап алышыптыр, бир палатадан зорго уйкусураган врачты таап чыктым. Ал келгенден кийин бир аздан соң, бала төрөлүп, полго түшүп кетейин дегенде врач араң кармап калды. Синдим полдо төрөдү. (бул санитарияга туура келеби?) Азыр жалпы төрөтканада көз жарыш тозокко баруу менен барабар болуп калганын ошондо түшүндүм. Толгоо узакка созулгандыктан бала көгөрүп кетиптир, башы дагы кымчылып калган. Врачтар аялдарга ушундай мамиле жасашса, анан кантип аларды өмүр сакчылары деп айта алабыз. Менин сиңдимдин ден-соолугу бекем,чыйраак үчүн кудай колдоп өзү да баласы да аман калды. Башкалар да ушинтип төрөп, көз жумуп жатышат да. Ар түрдүү аял болот, жүрөгү начар,же бир жери оорукчандар кантип төрөшөт? Жаңы метод деп аялдар өз алдынча төрөй албай өлүмгө дуушар болуп жатышат. Мурдагыдай эле эски ыкма боюнча төрөтсө болбойбу.

кимден: Майрам каяктан: Ош
08.10.2009 10:22
Адам үчүн эң биринчи ден соолук керек. Бирок учурда адамдар аны унутуп калгандай, алар ден соолугуна кам көрүшпөйт, баарына акча болсо болду. Дарыгерлер курусун, оорулуунун абалы эмес, аларды акча кызыктырат. Өзгөчө, төрөт үйүндө абал чынында өтө начар. Төрөттөн соң эне 2 күн гана ооруканада жатат, эгер бир жери кичине ооруп кыйналса эле операция жасоого шашышат. Анан калса, азыр жаңы метод деп өзүн бир жакын адамы менен бир бөлмөгө камап коюп, ошол жерде өзү төрөйт экен, ошондо эне баласына күйүмдүү болот имиш. Эненин кыйналганы, анын ден соолугу, баланын ден соолугу дарыгерлерди эч качан кызыктырбаганы мени өкүндүрөт. Мен дагы келечектеги эне катары ар дайым коопсузданам. Келечекте шаар ооруканаларына эмес, тааныш эле жергиликтүү райондук төрөт үйүнө барсам дейм.

кимден: Sairagul каяктан: Europa
30.09.2009 14:20
Мен врач эмессмин, бирок көп кайрылам.Врачтар да пациентке караса керек, эгерде эмне десе баш ийкеп олтурса моюнга минип алчулар толтура. Ошол эле учурда, абдан профессионал, акча сурабай эле карай турган врачтар да арбын. Бул кырдаал:
1) Мамлекеттин врачтарга болгон көз жумду саясаты. Адамдын өмүрүнө жооп бере турган кесип ээлерине кантип 1000-3000 сом айлык чегерүү болсун?? Бир врачка орто эсеп менен күнүгө 5 оорулуу келсе, эсептей бер, ар бирөөнө жанагы мамлекет чүмчүңдөп берген акча кандай тыйындан туура келээр экен? Демек,айлык акыны көтөрүү керек, эч болбосо 10 эсе.
2) Же ооруканалардын жетекчилигин ооруканада шарт түзүүгө үйрөтүп окутуу керек. Бирок окутуу үчүн Минздрав өзү бир несре билиши керек.
3) Атуулдар врачка кайрылаардан мурда "Саламаттыкта сактоонун мамлекеттик гарантиялары" деген бир документ бар, ошону бир карап алса, өз укугуңду талашканга оңой болот. Кандай норматив бар, анда эмне дегенин акча сураган врачка сайрап берчи, экинчи оозанбай калат :) Бирок, жөнөкөй эрте-кеч иштеги адам каяктан ошол документтерди окусун. Демек, ошол мини-коомчулукта ким бирөө агартуу иштерин өткөрүшү керек бул темада.

кимден: Жоробаев СС каяктан: РФ
30.09.2009 13:47
Бала төрөй турган аялдардын ден-соолугун сактоодон артык мамлекетте бир да жумуш болбош керек. Бул демография, улуттун ден соолугу, келечеги. Буга кайдыгер врачтар, финансыны ушу тармактан аяган мамчиновниктер катуу жазаланышы керек, бул улуттун алдындагы чыккынчылык. Мыйзамда бул ушундай бааланыш керек, сөзсүз тез мыйзам кабыл алуу зарыл. Себеби мындай акыбал акыркы күндө эле эмес дайыма ушундай болуп келатат. Эненин ден соолугун сактоо керек болсо улуттук идеяга кирет.

кимден: Asya.
30.09.2009 01:58
Akcha berip ozubuz kondurgonbuz bul vrachtardy,bular bilim albai akcha m-n okugan uine saigandy bilishpeit,venandy kaira-kaira saiyp.Kontrolgo barsan taza adamdy ooruluu kylyp jatpaiby bular,uyaty joktor kaida silerdin namysynar.Dokturga bargandan da korkon zaman azyr.Ilgeri vitamin jebei ele 15-16 baldardy torogon.Builik kyrgyzdyn vrachtarynan korkup Germaniyaga kelip darylanyp jatpaiby misaly desek.

кимден: Мелис каяктан: КТР
29.09.2009 21:52
БашПрокурор кана?Опозицияга оперативдүү иштейт-а бугачы?2жүздүүлүк бул!

кимден: алтын каяктан: бишкек
29.09.2009 19:30
Медицина системаны каражат маселесин көбөйтүш керек и контрольду.
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)