Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Базанын айланасындагы батыл билдирүүлөр


Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов 29-апрелде «Манас» аба базасы боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун ырастады. Кечээ Пентагондун пресс-катчысы кыргыз бийликтери менен «Манас» абамайданын мындан ары пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдө азыноолок жылыштар байкалып калганын билдирген.

АКШнын коргоо министрлигинин пресс-катчысы Жеф Морел 28-апрелде журналисттер алдында кыргыз бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжасы жакшы бүтөрүнөн үмүт кылып отурушканын билдирген.

- Биз “Манас” боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз жана анда авиабазаны мындан ары пайдалануу боюнча айрым жылыштар байкалып калды.Биз макулдашууга келебиз деп үмүттөнүүгө негиз бар.

Пентагондун пресс-катчысынын маалымдашынча, Ооганстанга жүк ташып жеткирүүнүн башка жолдору да иликтенүүдө.

- Кийинки кездери Ооганстанга ташылчу жүктөрдү жеткирүүнүн мүмкүн болчу башка жолдорун да иликтеп жатабыз. Бул жаатта аскердик эмес жөнжай жүктөрдү ташып жеткирүүнүн башка жолдорун таптык.

Кошмо Штаттардан чыккан андай маалымат чындыкка коошпостугун 29-апрелде Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов ырастап, азырынча “Манас” боюнча башка өлкөлөр менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун билдирди.

- Өкмөт тарабынан бир да кишиге андай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укк берилген эмес. Бир да киши, менин андай сүйлөшүүлөр болуп жатканы жөнүндө маалыматым жок. Мен айтып коеюн, келишимдерди жокко чыгаруу жөнүндө мыйзам бар, ал иштеп жатат. Ага эч ким өзгөртүү киргизе элек. Бул көз караштын айлансында аркыл чайкоочулуктар бар.

Игорь Чудиновдун баамында, кыйладан бери талаш чакырып келаткан бул маселенин эки өңүтүн тактап, ажырымдап алуу зарыл.

- “Манас” абамайданын жөнжай жүктөрдү ташып жеткирүү үчүн пайдалануу – бул бир маселе. Ал эми аскер базасы, эларалык конвенция боюнча аскерлердин курал-жарагы менен ээн-эркин жүрүшү, чек ара, бажы режимдери – бул таптакыр башка маселе.

Кыргызстандын өкмөт башчысы кимдир бирөөлөр кайсы бир өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатканын билбей тургандыгын жарыя кылардан он күн илгери ушундай эле маалыматты Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысы Адахан Мадумаров да ырастаган.

- Кыргызстан жетекчилиги же башка өлкө жетекчилери тарабынан андай сөз болгон эмес. Бул жерде Николай Николаевич (Бордюжа, Орусия коопсуздук кеңеш катчысы—Азаттык) коалициялык күчтөр менен андай макулдашуу Орусия менен түзүлгөнүн ырастап кетти. Андай макулдашуулар Казакстан, Тажикстан менен түзүлдү. Кыргызстан өзүнүн бүтүмүн чыгарды. Тийиштүү чечим кабыл алынды. Бүттү ушуну менен.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Кыргызстан орусиялык кредитти алыш амалында “Манас” абамайданындагы эларалык авиабазаны чыгаруу чечимин кабыл алгандан кийин геосаясаттагы оюн башка нукка бурулуп, ага таасирдүү күчтөр кошулду.

- Бул жерде дүйнөлүк саясаттын таасири деп эсептесек болот. Андай таасирге эч ким туруштук бере албайт. Анын үстүнө ага биздин кичинекей мамлекеттин аргасы да, күчү да жок.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” таңкы маегинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы жөнүндө кабардар экенин билдирген. Ө.Текебаевдин айтуусунда, “АКШнын “Манас” аба базасынын Кыргызстанда калуусу дагы үч жылга узартылды деген маалымат менде да бар. Буга АКШ бийлиги кыргыз бийлигине берчүсүн бергенден кийин жетти, деген да маалымат бар”.

Кыргыз өкмөтү “Манас” абамайданындагы эл аралык антитеррордук күчтөрдүн авиабазасын чыгаруу чечимин кабыл алганын ушул жылдын 3-февралында президент Курманбек Бакиев Москвадан жарыя кылып, 19-февралда парламент коалицияга кирген өлкөлөр менен түзүлгөн ортолук келишимдерди жокко чыгарган. Ошондон бери америкалык тарап сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, кыргыз тарап эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун айтып келишет.



АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

XS
SM
MD
LG