Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:29

Эл үнү

Маевкада үч үй толугу менен өрттөлдү

Маевка айылындагы 19-апрелдеги тополоң жана бүгүнкү кырдаал тууралуу аталган айылдын өкмөт башчысы Азиз Сейталиев “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- 19-апрелдеги тополоңдун кесепеттери боюнча эң соңку маалыматтар кандай? Анын жыйынтыгы толук чыктыбы? Канча адам майып болду, канча турак үй зыян тартты?

Азиз Сейталиев: Кечээки тополоңдун жыйынтыгы боюнча биз атайын комиссия түзүп, 17 үйдү текшерип чыктык. Ошол 17 үйдүн 3 үйү толук күйүп кеткен. Калган үйлөрдүн айнектери, эшиктери сынып, бир үйдө чөп толугу менен күйүп кеткен. Калган үйлөр таланган-тонолгон, эшик, терезелери сынган. Бир үйдүн үч букасын алып кетиптир.

- Жабыр тарткандардын улуттук курамы кандай? Баары Кыргызстандын түрк улутундагы жарандарбы, жа башка улуттун жарандары да барбы?

Азиз Сейталиев: Жабыр тарткандардын баары түрктөр. Анын ичинен бирөө түндө кайтыш болду.

- Сиз жергиликтүү тургундарды айтып атасыз, ал эми митингчилерден да жабыр тарткандар барбы?

Азиз Сейталиев: Митингчилерден да жабыр тарткандар бар. Азыр биз алардын кайсы ооруканага барганын тактап атабыз. Ал боюнча азыр менде так маалымат жок. Бирок менин билишимче тогуз адамды кечээ кечинде тез жардам менен шаардык ооруканаларга алып кетишкен, биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер 50дөй адамдын жеңил жаракаттарын таңып, амбулатордук жардамын көрсөтүшкөн.

- Айылыңыздарда түрк улутундагы канча тургун бар?

Азиз Сейталиев: Биздин айыл көп улуттуу. Бул жерде 400-500дөй түрк жашайт. 3 миңдин тегерегинде орустар жана 1200дүн тегерегинде ар кандай калктар: булар казак, өзбек, дунгандар. Анан 1 жарым миңдей кыргыз жашайт.

- Биз билгенден чатак турак жай үчүн жер алуу мүдөөсү менен чыккандар айдоо аянттарды ээлөө аракетин жасагандан улам болду. Түрк улутундагы мекендештерибиз ошол жерлерди качантан бери иштетип келип, кандай жагдайда алышкан?

Азиз Сейталиев: Маевка айылында илгертен эле орустар менен түрктөр отурукташып, колхоз, совхоздордо иштешкен. Анан колхоз тарагандан кийин ошолорго жер үлүшүнө бөлүнүп берилген. Алардын бардыгынын документтери бар. Анан кийин басып алуучулар келип, жер үлүштөрүн басып алышты.

“Биздин 7 сотиктен жерибиз жок, булардыкы 1-2 гектардан жери бар экен, ушул жерден бизге жеке үй курууга мүмкүнчүлүк бергиле” деген шарттарды коюшкан. Бул боюнча
азыркы убактылуу өкмөттүн комиссиясы түзүлгөн, курамында 19 адам бар. Ошол комиссиялар бир айдын ичинде баарын карап чыгып, элге жообун беребиз деген. Бирок алар ал шартка макул болбой, “чечпесеңер кум, таш түшүрөбүз” деп өздөрүнүн шартын коюшкан. Жыйынтыгын 19-апрелде өзүңүздөр көргөндөй, акыры ушундай болуп кетти.

- Демек бул жерде талаш ижарага эмес, менчикке берилген жер үлүшкө жасалган кол салуудан чыгып жатабы?

Азиз Сейталиев: Ошондон болуп жатат. Анан улуттук кагылышуунун болуп кетиши боюнча ар кандай сөздөр айтылып атат. Бизде толук маалыматыбыз болбогондон кийин андай-мындай деп айта албайбыз.

- Сиз өзүңүз, менимче, толук аралашып жүрдүңүз болуш керек. Жер алуу мүдөсү менен чыккандардын жүрүм-турумунан, кебете-кешпиринен эмнени байкадыныз, атайын уюшулган топ эмес бекен?

Азиз Сейталиев: Бул өзү 9-апрелде башталган. Кечээ күнгө чейин мен өзүм кошо аралашып, күндө аппарат мүчөлөрү, депутаттар, район, облустан келген өкүлдөр менен кошо барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, “бул жер үлүшкө берилген, муну алууга болбойт, биз комиссия түзүп атабыз, мыйзам чегинде карайлы, силерге бөлөк жактан берилиши мүмкүн” деп бардык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик. Бирок булар тарабынан эч кандай катуу сөздөр айтылган жок, эмоция болгон жок. Бирок биз “талаанын чекесине тургула, аралабай, тебелебей, ал жерде күздүк буудайлар бар, беделер, арпалар бар” деп суранып аттык. Бирок ага карабай кээ бир жерлери тебеленип кетти. Бирок эл тарабынан анчалык нерсе байкалган жок.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: акыл каяктан: туркия
27.04.2010 19:05
эгер балдарыбыздын келечегин ойлонолу десек туштук тундук дебей биринчиден оз арабызда ынтымактуу болуп жана кырг-да жашаган башка улуттагы элдер менен да жакшы мамиледе жашашыбыз керек. дуйнодо ар бир калк озунун кадыр баркыны, тагдырыны, келечегини озу белгилейт. ар кимдин чет жерлерде окуган, иштеген, дайыма жашап калган уй булоо мучоолору же туугандары бар, аларды да ойлош керек

кимден: jika каяктан: Moskva
22.04.2010 02:15
Kyrgyz elim bizde oilonu sezim bar,ertenki kundu oilonoilukchu.Ech ubakta bir gun menen jawo bolboit.Biroonun koz jawy,kargywy menen kelgen nerse buirubait. Ustudo Kudai korup turat ar kyimylybyzdy tarazalait.Ozubuz alakandai elbiz tunduk tuwtuk ekige bolungonu az kelgensip uluttar arasynda yntymakty buzup atabyz. Chet olkodo okup,iwtep jurgondorgo oto ele tataal boldu.Kyrgyz elim oz kadyr barkybyzdy ketirbeilikchi.Uwul surangan talaptarynardyn baaryn zakon cheginde chechse bolot go,emnege bir nerse kerek bolso talap-tonop,syndyryp-talkalap kalabyz/myndai iwke ayal zaty da aralayp jurot.Kop tykurso kol bolot degendei,kyrgyz elim birigip yntymaktuu iw kylailyk.UO 5kiwinin araketi myndai tataal uchurda azdyk kylat.Kyrgyz elim suranych, akylybyzga keleilik ertenki kunu kech bolup kalat.TEREN OILONOILUK,ZAKONDORDU OKUGULA SAABATSYZDYGYNARDY JOIGULA!!!

кимден: rat каяктан: tushtuk koreya
21.04.2010 15:35
Yrmattyy tyygandar silerge koreyalyk kyrgyzdardan kayrylabyz: emi azyrky jagdaydy korup tyyrasynar Kyrgyzstanybyz jok bolup ketyy dengeelinde tyrat. Tyshtyk tyygandarybyzda tynchybai kayra -kayra kotorylysh kylyp otyrat.Tyygandar mnogy azyrky biylikke bir mymkyndyk berbeylikbi, kichine ishteshsin,anan talap koyolyk chogyy biz dagy koshulabyz. Eger atkarbashsa anan ar- kanday kadamdarga baralyk.Zakondyy kadamdarga jasaganga yironolyk,azyr emne kylyp jatasynar byt talap tonop jatabyz,mynday nerselerden japailyk deyt elem.Bashka el emne deyt kyrgyz ozun ozu tonop jatat dep.TYYGANDAR ANDAN KORO KYRGYZ ELIN TYNCHYLYKKA CHAKYRYP YNTYMAKKA CHAKYRYP JAKSHYLYK JASAGANGA YIRONOLYK.Bolboso koreyaday bolyp bolynyp ketebiz!!!!!!!

кимден: isku каяктан: Germanija
21.04.2010 13:48
Мекендештерим, эмнеге оз кадыр баркынды озун тушуруп, өз элинди өзүн тоноп жатасын?Канча жердештерибиз ден соолугунан уй жайынан ажырап жатат?Ойгонолучу....
Бул КЫРГЫЗ ЭЛИНИН байлыгын оз колубуз менен жок кылып жатабыз дегенди тушундурот...... Элибиздин биринчи пейли ыйманы онолбойунча жакшы жашоону кутуу кыйын болуп калды .

кимден: кыгыз баласы каяктан: кыргызстан
21.04.2010 12:43
кайран кыргыз балдары. Өз жерин өздору басып алып жаткандарына таң берем. Акаев менен Бакиев башка өлкөлөргө сатып жиберген жерлерди барып басып алса ырахмат айтат элем. Бишкек шаарын айланасын карагылачы, анстеле шаарга окшобой 19-кылымдагы айылга окшоп калганын. Дээринде болсо жаштар ойгоноор деген үмүтөмүн.

кимден: кеша каяктан: баткен
20.04.2010 23:39
кыргыздар жинди болдубу еми кичине басылсак болот ушу кетиште 1айда кыргызстан жок болот
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу