Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:28

Эл үнү

Зыянга учураган ишкерлер: “Бизде эмне күнөө?”

8-апрелге караган түнү Бишкекте ири соода борборлору таланып тонолду. Анын кесепетинен жүздөгөн ишкерлер зыянга учурап, бир нече дүкөндөр талкаланды.

x
Текст көлөмү - +
Бир нече жылдан бери ишкерлик менен алектенип келген Жылдыз Иманалиева 2005-жылдын 24-мартында “Дордой-Плазадагы” талап-тооночулукта чоң зыянга учураган. Андан берки беш жыл убакытта Жылдыз айым бизнесин кайрадан өркүндөтүп бир нукка түшүрүүгө жетишкен. Бирок 8-апрелге караган түнү ал кайрадан чоң чыгашага учурады. Бул жолу анын “Караван” соода жайындагы кийим кечелерин тоноп кетишкен.

- Биз экинчи ирээт талап тоноого тушугуп жатабыз. Бул коркунучтуу. 2005-жылдагы тоноочулуктан кийин бийлик бизге эч кандай компенсация төлөгөн жок. Биз бардыгын башынан баштаганбыз. Эми минтип кайрадан чоң чыгымга учурадык. Алган насыяларыбызды кантип төлөйбүз? Кимге жардам сурап кайрылабыз? Менимче, убактылуу өкмөт бул маселени чечип бериши керек. Мен түшүнөм, Бакиев элди ушундай акыбалга алып келди. Бирок мындан ишкерлер жапа чекпеши керек эле.

Жылдыз Иманалиева эмгектенген “Караван” соода жайындагы талап-тоноодон 100гө жакын ишкер жапа чекти. Алардын айтымында, орточо чыгым 10 миң долларга барабар.

Үч уулдун энеси Самира Абдрахманова “биз жеген наныбыздан айрылып отурабыз” деп билдирди:

- Мен Түркиядан товарларымды карызга алып келип турчумун. Эми минтип баарын тоноп кетишти. Аларга эмне деп айтаарымды билбей отурам. Эл-журтума жана убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылат элем: бул эмне деген шумдук?! Ошондо биз өзүбүздүн элибизди өзүбүз тоноп жатабыз. Үй-бүлөбүздү багабыз деген аракет менен кредит да алганбыз. Балдарым да ыйлап жатышат. Жеп турган токочубуздан айрылып отурабыз. Эми эртең ким бизди багат?

Бир түндүн аралыгында баш калаада он чакты “Народный” дүкөндөрү, “Гоин”, “Вефа”, “Бета Сторес”, “Семь дней”, “Лион”, “Караван” соода борборлору жана бир нече майда дүкөндөр тонолуп кетти. Бирок бул баш аламандыкка чейин кээ бир ишкерлер сатыкта турган оокаттарын алып чыгууга жетишкен.

“Дордой Плазада” эмгектенген Асыл Абакированын көңүлү жайдары.

- Мен 7-апрелде түшкө маал дүкөнгө келип, кийим-кечелерди алып чыгып кеткем. Ошондуктан чыгым деле тарткан жокмун. Бул жердегилердин көпчүлүгү оокаттарын алып кетишкен. Кечинде болсо соода жайга кол салуу болуп, бирок алардын аракети ишке ашпай калды. Азыр бул дүкөнчөлөрдү иштеткен адамдар кубанып отурушат. Себеби алар 2005-жылдагыдай чоң чыгымга учурашкан жок.

Бир түн ичинде өткөн талап-тоноочулуктан көптөгөн ишкерлер жапа чегишти. Учурда мындай кырдаалды колго алуу максатында элдик кошуундар түзулүп, алар элди ынтымакка чакырууда. Бишкек шаарынын тургундары мындай баш аламандыкка жол бербөө керек деп билдиришти.
 


Наргиза: Көчөдө өтүп жаткан нааразылык туура эле болду деген пикирдемин. Бирок дүкөндөрдөгү тоноочулук туура эмес. Эми бул чыгамдарды кайра калыбына келтирүү оңой иш эмес. Баш калаабыз талкаланып жатканына кейип турам.

Мирбек: Көчөгө чыккан элдин талап-тоноочулукка аралашканы туура эмес болду. Мындай кадамдар жасалбаш керек эле. Азыр болбосо да кийин өкмөт жабырлануучуларга колдоо көрсөтүшү зарыл деген ойдомун.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
13.04.2010 15:11
Чыныда эле өтө жаман иш болду. Бирок, мен талап-тоноого катышкандардын пикетке чыккандарга эч тиешеси жок экендигине 100% ишенем. Бул криминалдык топтордун колунан келген иш. Мен ишкерлерге чын жүрөгүм менен көңүл айтам. Бирок, кымбаттуу ишкерлер силерге келген кайгы каны төгүлүп биз үчүн , силер үчүн шейит кеткен жигиттерибиздин ата-энелеринин бир тамчы көз жашына татыбайт. Анткени силер тирүүсүңөр, жер үстүндө, жарык күндүн астында басып жүрөсүңөр. Баш аман болсо бардык нерсе табылат. Кыргыздар айтат го "Аманчылык жаманчылыкты жеңет" деп. Силер дагы бул ситуациядан чыгасыңар. Анткени дагы бир жолу кайталайм: силер тирүүсүңөр!!! Муну айткан себебим, соодадан өтөт чоң суммага банкрот болуу менин башымдан да өткөн, андан бери 10 жылдан ашык убакыт өттү. Мен ал ситуациядан чыктым,кудайга шүгүр. Жарык күндү көрүп жүрөм, мен ошого кудайга миң мертебе ыраазымын. Ошон үчүн көп кейий бербейли туугандар. Андан көрө кудайдан Кыргызстандын жаркын келечегин тилейли. Силерге дагы ийгиликтерди каалайм.

кимден: Yrysbek каяктан: Bishkek
09.04.2010 14:36
men eng zhonokoi Kyrgyz atauulumun kudaidan korkup elu chun kyzmat kylgyla mekendeshterim bizge kana bul olko kerek
bashka echkimge kerek echkim karap da koiboit oshol sebepten olkobuzdu saktaily mekenimdi suiomun

кимден: Айгерим каяктан: Казань
09.04.2010 02:12
Кор дуйнону соз кылбай эле койсок болот.Башкалар жакынынан,атасынан инисинен,баласынан айрылып жер кучактап жатканда.

кимден: Merim каяктан: Austria
09.04.2010 01:29
kanchalagan mekendeshteribiz bankrot bolup, jechuu nanynan manday teri menen chogultkan tovarlarynan ayrylyp oturushat, bularda emne kunoo ele je alar satkan tovar Bakievge je anyn tuugandarynyky beleß Jaman ele boldu...

кимден: kubanych каяктан: Almata
08.04.2010 22:53
Urmatuu elim, kelgile baarybyz erkin jashoo, taza biylik, el uchun kuroshup kaza tapkan mekendeshteribiz uchun jatkan jerinde jayluu jana topuragi torko boluusuna dua eteli. Aylanayin kyrgyz kalkym dagy bir jolu kayrat kyl. Duynogo atin chikti demokratiyani danazaladin, tanibagan el basilbagan gezit baraktari kalgan jok bolso kerek. Mindan arki jashoobuz jakshi bolsun. Elibizge kayrat, chydamduuluk jana jani biylikke kelgenderge iyman insap bersin. Tanigan bilgen, tuugan uruk, joro joldoshtorgo aytali talap tonoochuluk toktosun...Kyrgyztanym bul kundor da otot ketet, kayrat kil...
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу