Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:23

Эл үнү / Коом

Жер басып алууну көздөгөндөр тынчый элек

Бишкектин түндүк тарабындагы айдоо аянттарын бөлүп алууну көздөгөндөр бүгүн да айлампа жолго чыгышты. Алар бүгүн негизинен кечээки тополоңдо камалган жүздөн ашуун кишини бошотуу талабын коюшту. Митингчилер менен милиция ортосунда тиреш чыгып, абал сүйлөшүү аркылуу жөнгө салынды.

Жер басып алганы чыккандардын тополоңу, 2010-жылдын 19-апрели.
x
Жер басып алганы чыккандардын тополоңу, 2010-жылдын 19-апрели.
Текст көлөмү - +
Түшкү саат 12ден өткөндө Бишкектин түндүк тарабындагы айлампа жолдо учурда миңге жакын митингчилер менен атайын даярдыктагы 300 чакты милиция кызматкерлери тирешип калды. Милиция митингчилерди бир топ артка сүрүп келди. Бул жерге чогулган жер басып алуучулар кечээки тополоңдо милиция кармап кеткен жүздөн ашуун адамды бошотуп берүүнү талап кылышты.  милициянын өкүлдөрү жер ээлеп алууну көздөгөндөрдүн топ башылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын окуянын чордонунда жүргөн кабарчыбыз билдирди.

Көп өтпөй жер басып алууну көздөгөндөр ичинен 10 адамды өкүлдүккө шайлашты. Эми алар тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Алар бүгүн кечээки тополоңдо кармалгандарды бошотуу талабын койгону менен жер маселесин чечип берүү талабынан да кайта элек. Ушундан соң гана милиция менен митингчилердин тиреши токтоп, кырдаал калыбына келе баштады. Саат түшкү бирге чукул жол ачылып, автоунаалар өтө баштады. Бирок митингчилер дале тарай элек.

Маевка айылында болсо бүгүн эртең менен өткөн түнү өрттөлгөн үйлөрдүн жанына айылдын түрк улутундагы тургундары чогулушкан. Айыл тургундары "Азаттыктын" кабрчысына кечээки тополоңдо 7 үй өрттөнүп, бир канча турак-жай жана автоунаалар талкаланганын айтышты.  Жабыр тарткандар менен бүгүн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчал жолугушуп, убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү аркылуу кырдаалды жөнгө салууга аракеттенээрин билдирди.

Бул арада айылдын кире беришинде учурда төрт чоң автобуста атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери турушту. Берки тарапта чогулган кыргыздардын өкүлдөрү болсо айылдын түрк улутундагы тургундарынын айрымдары кечээ өздөрү ок атып, кырдаалды курчутуп жибергенин белгилешти.

Кечээ аталган айылдын ылдый жагындагы айдоо аянттарын жүздөгөн тургундар ээлеп алууга аракет жасап, жердин ээсибиз деген тарап менчигин коргоп калууга чыгышкан. Натыйжада эки ортодо чыр чыгып, тополоңдо жалпысынан 5 адам каза тапканын бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Тасмада: Маевкадагы 19-апрелдеги тополоң

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нурбек каяктан: Жалалабад
22.04.2010 20:32
Менимче, азыркы бийлик алсыз болуп жатат. Отунбаеванын ордуна Бекназаровду коюп чечкиндуу кадамдарга барыш керек. Анткени азыркы бийликтин ичинен коркпой чечкиндуу болуп жатканы ошол киши болуп жатат. Жалалабадды дагы ошол киши Асанов экоосу тынчытып жатышат. Ал эми калганы Ош Жалалабадка басып барган жок. Ошондо дагы туштук да тынчыйт эле.

кимден: saf каяктан: turkiya
21.04.2010 18:13
5 jil murun timele bir davaat degen nerse ckikti ele elderdi dinge chakiru degen,osol kezde katinin baldarin oygo tastap alip 40 gundop 60 gundop eldi dinge chakirip iymanga kelgile dep osolor emi kayda kalisti osolor emi chikpayisnarbi mayefkaga barip emi davatinardi jazabaysinarbi sakalinardi sapsaytip uzun goynoktordu kiyip alip iymanga emi chakirbaysinarbi...

кимден: Жан
21.04.2010 16:50
Урматуу кыргыз эли! Бакиевди да кетирдик эми кимди кетирмекчи-синер ? Же кыргыз эли бири-бирибизди кырып жокболмойунча тынчыбайсынарбы дуйного атыбыз чыгып шерменде болуп жатабыз ушундай тополондо башка мамлекет колсалып басып алса отурабыз ошондо алакандай жергеда ээ болбой ,кыргыз элим силерден суранарым ынтымака келгиле демекчимин жок дегенде кичинекей балдарыбыздын келечегин ойлогула.

кимден: Муса каяктан: Kz
21.04.2010 02:20
Мал ээсин тартат деген эми африкадай бийлик байлык жер талашып уруу урууга болуп тытышабыз

кимден: Emne boldu elime каяктан: USA
20.04.2010 20:09
Emne boldu menin Kirgiz elime? Emne minday barbardik nerselerdi kilip jatishat, madaniyttuu turdo chechilse bolboybu?Bul kilgan ishteri abdan uyat dep esepteym. Fashist bolboylu anda ech jerge batpay kalabiz.
Bul ishte Bakiyev'din da kolu bar dep da oylonup kettim, tutruktuu bir biylik bolturbay eldi elge sogushturushu da mumkun.
Kudayim, sen Kyrgyzstanga jardam bere koy.
"Atin chykpasa jer ortto" degen makal ushuga delet, dengeelibizdin kanday ekenin korgozup jatabiz...Abdan okunuchtuumun bolgon okuyalarga.

кимден: Бишкектик
20.04.2010 19:14
Франциялык Арслан даана провокатор экенсин. Эч нерсени тушунбой эле эмнелерди жазып атасын? Же атайын кылып атасынбы? сен да жооп бересин, сендейлер бут жооп беришет. Шашпагыла. Шишинер толду.

кимден: Tilek каяктан: Moscow
20.04.2010 19:08
Биринчиден ИИМ ге Кенешбек Дуйшебаевге окшогон адам керек ошондо гана Оз нугуна тушот деп ойлойм. Экинчиден Кыкелер ойлонгула дуйнолук денгээлде авторитетибиз тушуп жатат, бизиди мамлекет катары корбой калышты! Жер талашкандар биздин кайрылуубузду окубайт болуш керек кайрылганда деле, кайрылгым келет чондорго, болуп бергиле жер Маевкадан эмес Ата-Беиттен!!!!!

кимден: Кыргыз атуулу каяктан: Кыргызстан
20.04.2010 18:54
Урматтуу КЫРГЫЗДАР чындап айтканда азыркы жазап жаткан ишинер ото эле уят,озубуздун кайсыл денгээлде экенибизди буткул дуйного корсотуп,озубузду ото эле ылдый тушуруп жатканыбызга чон салымыныздарды кошуп жатасыздар.Бул аракетериниздерге буткул дуйнодон чон ыраазычылык алабыз.Дагы бир жолу Кыргыздар акча,бийлик,мансап учун бири-бирибиздин жерибизди тепселеп,озубуздун эле туугандарыбыздын уйлорун орттоп,дукондорун тоноп, адам деген нерсеге туура келчу эмес иштерди кылаарыбызды дагы бир жолу далилдедик.7-8 апрелеьде коздору отуп кеткен биздин эр азаматтарыбыз-Ушу Кыргыздар бизден кийин же ушул тонкоруштон кийин ушундай итчилик иштерди жазасын-деп окко тошторун тозуштубу же бири-бири менен кырылып,жок болушсун-деп тошторун тозуштубу,Кыргызстанды тоноп-талап жок кылыш учун тошторун тозуп каза болуштубу?Эй Кыргыздар козунорду чонураак ачып,эмне кылып жатканынарды жакшылап карап коргуло.Силерге азыркы убактылуу окмот кыргызча айтып жатпайбы:-Силер талашып жаткан жерлерге коп кабаттуу уйлор тушот-деп тушундуруп жатпайбы.Ошол уйлорго силер кирбесенер да силердин тууган-туушкандарынар,балдарынар жашайт.Макул ошол силер талашып жаткан жерлерди окмот берсин дейли.Ошол жерлеге силер кепедей болгон уйлорду салып,озу эле ырайы кетип турган борбрубуз Бишкектин ырайын дагы кетиресинер да.Силерге Кыргызстандын келечеги эч кереги жок экенин озунуздор корсотунуздор.Эптеп эле мага жакшы болсун,менин курсагым тойсун деп жатасыздар ал эми эртен,бурсугуну эмне болот мага чын журоктон баары-бир деп жатасынар.Эгер мен туура эмес айтсам урматтуу окурмандар мени тууралап койгулачы.Менин бул жазгандарымды билимдуу сапаттуу адамдар окуйт деген ойдомун.Ал зми кочодо жер талашып,элдин уйун орттоп-тоноп жургон адамдар интернет эмне экенин бир жалгыз кудай билет.

кимден: Атабек каяктан: Сибирь
20.04.2010 18:46
Кагылайын калк эми тополонунарды бутту кылгылачы,калганын жаны келген окмотко койгула,окмот чечсин.Уй уйунорго барып тиричилигинерди кылгыла эми жазгы иштер да башталып калды!

кимден: Акылбек каяктан: Египет
20.04.2010 18:26
Ассаламу алейкум Кыргыз элим!
Биздин кыргыз эли атам замандан бери бирдикте, ынтымакта жашап келген элбиз. Эч убакта бирин бири сатпай ошол эле учурда оз менкенибизге оз динибизге кыянат кылбай келе жатабыз. Ал эми бугунку куну кандайдыр адамдык сапатын жоготкон адамдарга окшоп баратабыз. Жогорудагы окурмандар айткандай Кыргызстан кайгыга батып эр азамат уулдарын жоготуп, экономикасын жоготуп отурган кезде оз элибизди озубуз талап жатканыбыз бул ото томон экенибизди билдирет. Эн негизги айта турган нерсе Кудайдан коркушубуз керек, эртен эле олуп анын астына барганда бардык кылган иштерибизге жооп беришибизди унутпасак жакшы болот эле. Ал эми улутчулдук маселесине келсек Кудай астында да Мыйзам астында да баарыбыз бирдейбиз, эгер биз ушундай боло берсек албетте бизди башка элдер жаман ойлоп калат. Мен Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттагы боордошторго айтат элем: " Жаман адамдар бардык эле элде бар биздин жаштарды кечиргиле, буларды же шайтан азгырды же болбосо шайтантдын кейпин кийген майтан адамдар азгырды ".
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу