Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Эл үнү

Ош: Жарнактар жайнайт, бирок кайсы тилде?

23-сентябрда мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 20 жылдыгы белгиленген.
Жарыяланган учуру: 18.12.2009

Ош шаар мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адистери түштүк борборунда ондогон мекеме ишканалар кыргыз тил мыйзамын тоотпой жатышканын айтып, текшерүү учурунда 180ден ашуун мыйзам бузуу фактысы катталганын белгилешти.

Жергиликтүү тилчи-окумуштуулар бул аймакта мекеме ишканалар мындай турсун, Ош шаары алигүнчө жайнаган майда-барат өзбек тилиндеги жарнактардан арыла албай келатканына тынчсызданып келишет.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө өзбек тилиндеги анчалык чоң жарнактар жок болгону менен майда-барат, чакан жарыяларды кадам сайын кезиктирүүгө болот. Маселен, «эт сатылат» эмес «гушт сотилади», «нон», «чой» сыяктуу жазуулар жүздөп саналат.
Телеканалдардан өзбекче эле көрөбүз. Жаңылыктарды да өзбекче беришет.


Шаар ичиндеги өзбек коомчулугу жашаган көчөлөрдө кыргыз же орус тилинде жазылган чакан жарнамаларды учуратуу дээрлик мүмкүн эмес, алар жалаң өзбек тилинде жазылган.

Коомду козгогон маселе

Шаар тургуну Жыпара Эшбаева Ошто өзбекче майда барат жазуулардын каптаганы аз келгенсип, күн сайын кечинде жергиликтүү жаңылыктарды да өзбек тилдүү телеканалдардан көрүүгө аргасыз экенин айтат. “Эгерде башка облустардан же чет жерден коноктор келчү болсо, Ошту Өзбекстандын эле бир бөлүгү деп элестетишет го”, дейт Жыпара айым:

- Телеканалдардан өзбекче эле көрөбүз. Жаңылыктарды да өзбекче беришет. Өзбектешип эле баратабыз. Мамлекеттик чиновниктердин иши жок. «Гушт сотилади» деген жазууларды карагылачы - базарларда толуп кеткен. Алыстан бирөө келсе, Ош Өзбекстанга карайт турбайбы деп ойлошу мүмкүн.

Бул аймакта Жыпара сыяктуу эле тамактануучу жайларда же базарларда, эт сатуучу дүкөндөрдө чакан жарнактардын өзбек тилинде жазылышына кейигендер арбын. Бирок көп жылдан бери шаарда туруктуу жашагандар бул көрүнүшкө көнүп деле бүтүшкөнү байкалат.

Демилгелер көп, аткарылганы аз…

Мамлекеттик тил боюнча жаштар комиссиясын жетектеген Кыялбек Акматов Ошто кыргыз тил мыйзамын тоотпогон ишканалар, жеке ишкерлер да көп экендигин, бирок аларды мыйзамды талап менен аткартуу зарылдыгын айтат:

- Негизи биринчи мамлекеттик тилде, анан орус тилинде болушу керек. Бирок азыр дале мыйзам бузуулар болуп жатат. Балким муну үстүртөн бирөөлөр колдойт же тил мыйзамын тоотушпайт. Орус, өзбек тилиндеги аталыштар көп эле учурап атат. Муну көр адамдан башкасы көрүп атат. “Нон”, “сомса”, “гушт” деп өздөрүнүн тилине ыңгайлаштырып жазып алышкан. Эми буга талап керек, талап деле болуп жатат бирок аткартуу зарыл.

Бирок Кыялбек белгилегендей эле «мыйзамды аткартуу зарыл», «жарнактарды толугу менен кыргызчалаш керек» деген демилгелер дээрлик алты-жети жылдан бери эле такай айтылып келет. Андай демилгелер, ураандар Оштогу өзбекче жарнактардын азайып кетишине түрткү болгон жок.
Орус, өзбек тилиндеги аталыштар көп эле учурап атат. Муну көр адамдан башкасы көрүп атат.


Жаштардын өкүлү Мелис Бусурманкулов учурда көпчүлүк жаштар күнүмдүк турмуштук сөздөрдү да өзбекче сүйлөшүп калмай адаты бар экенин белгилейт:

- Достор менен тамашалашканда да «колийсаң» (кандайсың) деп айтып, өзбекче саламдашып калган досторубуз бар. Чынында, Ошто өзбекче жазуулар деле абдан көп да, мисалы мага «чойхана», «сомса» деген жазуулар абдан өөн учурайт. Баарын кыргызчалаш керек.

Коңшу Казакстанда мамлекеттик тилде даярдалган жарнактар кадам сайын көзгө урунат
Жергиликтүү журналист Гүлзат Газиева бир топ жылдан бери Оштогу тил маселесин, дал ушул көрнөк жарнактардын башка тилдерде жазылышын такай иликтеп, чагылдырып келет. Журналисттин баамында, соңку убакта кыргыз тилиндеги көрнөк-жарнактардын саны артып, абал жакшы жагына карай өзгөрүп баратат:

- Көрнөк-жарнактарды которуу иши мурда солгун болчу, азыр жакшы эле иш жүрүп жатат. Көчөлөргө учкул сөздөр, макал-лакаптар жазылып илинип жатат. Бирок кичинекей маалаларда өзбек тилиндеги чакан жарнактарды көрүүгө болот.

Ошентип кыргыз бийлиги бардык министрликтерден тарта, сот, жергиликтүү башкаруу органдарына чейин кыргыз тилинде иш алып барууга үндөп жаткан чакта, Ошто адистер өзбекче жарнактардын саны, тескерисинче, күн санап көбөйүп баратканын айтышууда.

Мындан сырткары Өзбекстандын онго чукул сыналгы-үналгыларын да оштуктар такай угуп-көрүп турушат. Ош бийлиги болсо, дээрлик он беш жылдан бери шаардагы өзбек тилдүү эки телеканалды мыйзамга баш ийдире албай убара тартып келишет. 

"Азаттыктын" архивинен: "Азаттык+": Эне тилди унутпайлы!

"Азаттык плюс" сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мамлекеттик тилдин азыркы абалына арналды.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
     
Пикир
кимден: Alym каяктан: londonistan
10.01.2010 02:28
Bishkekte kyrgyzdar oruscha suyloso ech kanday problema jok! Birok Kyrgyzstandyk ozbekter ozunun ene tilinde suyloshso je oz tilin oz dukondorynde ishtetsa bul chong chatakpy?! Sovettyn ubagynda kyrgyzdarda oz tilin jana madaniyatyn unuttu ele, emi ozbekterdy da mankurt kilib jatbasynarby. Siler ozunar jakshy uyrongula Manas jana Aytmatovtun tilin anan bashqa uluttar ani uyronushot.
Kancha siler kuch jana okmottuk buyruktar menen bizderdy majburdaysynar biz silerdy tilinerdy ushuncha suyloo jok. Emne men oz ene tilimde suylosom kunoobu!? Men Ozbekistandan je bashka jurtton kelgen jokbun silerdyn ata babalarynarga okshop menin ata babalarymda KG jerynda torolushkon.

кимден: Жанызак каяктан: http://www.presskg.com
24.12.2009 20:20
“Жарнак“ деген сөздүн өзү биерде натуура мааниде:
Юдахин бу сөздү "часть от краденого" деп жатпайбы.
Чоротегин мырза, "кыргыз!" деп күйгөнүбүз менен, баары бир пенде турбайбызбы.
Баса, биердеги жазуулардын басымдуу көпчүлүгү кыргыз тилин кемсинтүү экени кашкайып эле турат...

кимден: Таза улутчулдар уюму
21.12.2009 12:23
Немис, берчи колду! Азаматсын! Катырдын.

кимден: Бакиров Жакып каяктан: РФ
20.12.2009 13:24
Кыргыз тилин көтөрүү үчүн депутаттар чиновниктер министирлер өз эне тилинде сүйлөп элге жаш муундарга үлгү берип эне тилине багыт бериш керек а бизде болсо жолдош мырзалар ар бир сөзүндө өзбекче же орусча сүйлөп эне тилин колдонбойт эгер мындай болсо биз эч качан эч нерсеге жетпейбиз эне тили унутулат.

кимден: немис каяктан: Германия
20.12.2009 07:19
Дуйнодогу башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстан деп мамлекет катары аталып, титулдук улут болуп, дуйнолук картада орун алып, корунуп турабыз, бирок иш кагаздарын орус тилинде жургузобуз, орус тилине Кыргызстанда улут аралык катнашу тили деген статус берип койдук. Бардык мамлекеттик чогулуштарды орус тилинде алып барабыз. Бул озу абсурд нерсе!!! Бул деген кыргыз тилине чыккынчылык дегенди билгизет!!! Анан ММКда, эл арасында талкуулап атабыз, эмне учун кыргыз жаштары орусча суйлошуп атышат, патриоттук сезими кайда деп. Ушул кыргыз тилин колдонбой атабыз деп талкуулагандыктын озу айтып турат, кыргыз тили дуйнолук аренда жок болуп кетуу коркунучунда турат дегенди!!! Бул оз эне тилин оз мамлекетинде колодонуу жонундо талкуулап отуруунун озу эле чон уят болот, бул оз эне тили учун намысы жок эл дегенди билгизет!!! Кыргызстанда туулуп-осуп жашаган башка улуттар, кыргыз тилинде суйлошпойт, себеби кыргыз тилин сыйлашпайт. Эмне учун ушундай? Себеби кыргыздар озулору кыргыз тилине кайдыгер мамиле кылышат, кыргыздар озулору кыргыз тилин сыйлашпайт. Бул Кыргызстандын келечеги учун чон проблема!!! Ушул чон проблеманын туп тамыры эмнеде? Бул чон проблеманын тамыры мамлекеттик саясатта жатат!!! Малекеттик саясатты биринчи иретте ким жургузуш керек? Буга малекеттин президенти милдеттуу!!! Бул президент эли-жери жана эне тили учун туура саясат жургузуш керек!!! Малекеттик саясатты туура жургузуудо биринчи иретте ким жоопкерчиликтуу? Биринчи иретте жоопкерчилик малекеттин президентинде, экинчи орунда малекеттик катчыда, себеби булардын туздон туз милдеттери. Кыргыз мамлекети деп аталган олкого, чон ишенич менен эл башчы кылып кыргыз президенттин шайладык, ушуга жараша президент озунун элинин алдында чон жоопкерчилик менен эне тилине мамиле кылууга милдеттуу жана жооп тартыш керек. Кыргыз мамлекети бул Америка эмес да, ар кайсы улуттан тузулгон. Эмне учун биздин президенттер Орисиядан тайсалдап, коркуп, жалтандап турушу керек? Эмне ошончо эле кыргыз эли байкуш, намысы жок элби? Жок, бул деген кыргыз эли туура эмес, коркок, эли-жери учун намысы жок, антипатриот президенттерди шайлап алганбыз, мынакей кыргыз тили учун чон проблеманын тамыры ушунда!!! Бул проблеманы чечиш татаалбы? Жок, жеп-женил эле чечсе болот. Кантип? Кыргызстанда кыргыз тили муктаж тил болуш керек!!! б.а. Кыргызстандын эли баардык жасайын деген ишин кыргыз тилисиз жургузо албагандай болуш керек!!! Кыргызстандын баардык жеринде (президенттин аппаратынан баштап) иш кагаздарды кыргыз тилинде жургузуш керек, президенттик жана бардык малекеттик тузулуштордун, министирликтердин, агентиктиктердин жана ведомстволордун жыйындарынан баштап жонокой чогулуштарга чейин кыргыз тилинде жургузулуш керек, билим беруу системасы малекеттик тилде болуш керек, кыргыз тилин окутуу методикаларын, эрежелерин уйронууну жонокойлоштуруп, окутуу куралдарын кобойтуп, онуктуруп жана кыргыз тилин окутуу сааттарын кобойтуп, Кыргызстанда башка улуттарга жана тилди уйронууну каалочуларга керектуу усулдарды жазып, онуктуруу керек. Ушул жогоруда айтылгандарды эффективтуу ишке ашыруу учун кыргыз мамлекети, анын президенти финансылык каражаттарды аябаш керек. Мен толугу менен ишенем, ушул иш чараларды патроттуулук менен жузого ашырса, кыргыз тилинин аброу пайда болуп, кыргызстандыктар бардыгы кыргыз тилин сыйлашып, кыргыз тили онуго баштайт.

кимден: Нур каяктан: РФ
20.12.2009 04:51
Mart сен чек арадан 1метр отуп туруп аларга кыргызча суйлоп корчу,сага кандай жооп берерин озун деле билесин.Керек болсо озбек расмий бийлиги бир кана Ош эмес буткул туштук регионуна коз артып бир мезгилде биздики болот деп умутонуп ошого жараша саясат жургузуп келет.Бул тымызын экспанция.Алгач тилинди алат,анан дилинди алат,анан паспортуна озбек деп жазылып калганын озун да тушунбой каласын.Болбосо 1989 жылдагы "перепись"теги озбекстанда жашаган миллионго чукул кыргыз кайда кетти? Кыргызстанга болгону 10-15 уй було кочуп келди калганы кайда?Бул озбек бийлигинин астына 100-150 жыл илгери карап жургузуп жаткан саясатынын натыйжасы,жана 200 жылдан кийин Орто Азияда озбекстан деген олконун жашоосунун кепили.Цивилизациялуу олкомун деген Германия да олко ичинде оз тилин жана башка тилдуу элдердин онугуусун контролдоп турат.Биздин бийлик,Улуттук коопсуздук комитетер болсо......уктап жатат.

кимден: Санжар каяктан: Москва
19.12.2009 03:48
Март сен туура айтып жатасын!!! Ооба Ошто өзбек-кыргыз дос-жолдош!!! Бирок...
Бирок тил жөнүндө сөз болуп жаткан соң унчукпай кою уят го Кыргыз болуп... Эң туура козголгон маселе бул айрыкча түштүк жеринде!!!
Эмне үчүн ошол туугандарыбыз кыргызча үйрөнбөйт ыяя? Мен теги эле ошолордун кыргызча таза суйлөгөнүн көрүп-уга элекмин !!!
Кайра тетирисинче биз(түштүк эли) өзбек болуп кеткенибиз калпы ыяя????

кимден: mart каяктан: osh
18.12.2009 15:29
"Азаттыкка" Оштогу жарнактарды текшерүүдөн башка иш калбаган окшойт. Ош эскитен эле өзбек тилинде сүйлөп келген эл, шаарга эми эле келген айылдыктарды эсепке албаса, Ошто сен кыргыз, сен өзбек деген жок эле. Өзбек кыргызды урматтап кыргызча, кыргыз озбекти урматтап өзбекче сүйлөп кетеберет эле. Шаардык өзбектер дагы кыргыздар дагы улутчул эмес, интернационалист, дос, жолдош.

кимден: Таза улутчулдар уюму
18.12.2009 14:41
Ушунун баары мамлекеттин саясатынын жоктугунун белгиси. Бүт дүйнө жүзүндө унитардуу мамлекеттерде аз улуттар негизги улут менен интеграциялашып, анын тилин мамлекеттик тил жана улут аралык карым-катнаштын тили катары кабыл алышат. Бизде болсо мамлекеттик тил боло турган кыргыз тили негизги орунду ээлемек тургай орус жана өзбек тилине басылып калды. Кыргыз музыкасы башка улуттардын чоочун мотиви менен жаңырып кетти. Диний тексттерде арабча сөздөр үстөмдүк кылат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жагында илимий-практикалык иштерге, мыйзамдык-административдик ресурстарга көңүл бурулбайт. Шаардагы маршруттук машинелердин баарында шаардын райондорунун аттары орусча, ичиндеги инструкциялар орусча. Түштүктө көп жазуулар өзбекче. Бул Кыргызстанбы же эмне?
Биз башка улуттардын тилинин өнүгүшүнө каршы эмеспиз. Өз ЖМКларын, театрларын ачып барып көрө беришсин. Бирок Кыргызстанда кыргыз тили бирден-бир мамлекеттик тил катары, улут аралык карым-катнаштын тили катары үстөмдүк кылууга тийиш. Кыргызстандын бир да жеринде менчик формасына карабастан кайсы дүкөнгө, кайсы мекеме-уюмга кирсең дагы кыргызча кайрылсаң кыргызча жооп алгыдай мыйзам болушу керек - тез жардамдан тартып өрт өчүрүү кызматына чейин. Коомдук жайлардагы жазуулардын баары, көчөлөрдүн аттары, кыргызча болушу зарыл. Мыйзам жоболору кыргызча иштелип чыгып, мамлекеттик мекемелердин баарында иш кагаздары кыргызча жүргүзүлүшү керек. Чет өлкөлүк делегациялар менен болгон иш кагаздарынын, сүйлөшүүлөрдүн баары кыргыз тилинде жана ошол ишке тиешеси бар мамлекеттин тилинде теңата жүргүзүлүшү керек. Ошондо гана кыргыз тили Кыргызстанда мамлекеттик тил катары өзүнүн ордун ээледи деп айта алабыз. Азырынча антип айта албайбыз.
     
Текст көлөмү - +

Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.