Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

Казакстан: Кыргыз мигранттарына “депортация” чабуулу башталды

Казакстанда кысым-кыйноого кабылган кыргыз мигранттары 1-февралда Бишкекте көчө акциясын өткөрүшкөн

Казакстанда кысым-кыйноого кабылган кыргыз мигранттары 1-февралда Бишкекте көчө акциясын өткөрүшкөн

11.02.2010

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Казакстандын Тараз калаасында иштеген кыргыз мигранттары массалык түрдө мекенине кайтарылып жатканына тынчсызданууларын билдирип чыгышты. Эл өкүлдөрү өлкөнүн миграция министрлигин бул жагдайга көңүл бурууга чакырып, казак бийликтери менен чукул арада сүйлөшүү зарылдыгын белгилешти.

“Үй-бүлөм Казакстанда, өзүм Кыргызстанда”

Казакстандын Тараз шаарында базарда соода менен алектенген Супатай дээрлик бир айдан бери өз үйүндө жумушсуз отурат. Бирок анын үй-бүлөөсү Казакстанда калган. Ал эрте менен күндөгүдөй эле базарга соода кылганы келгенде милициялар кармап “мындан ары базарда соода кылууга укугунар жок” деп Кыргызстанга чыгарып жиберишкен.

-Базардан эле кармап документтерди текшерди, анан сотко алып барып эртеси Кыргызстанга жөнөтүп жиберишти. Мени менен дагы 8 бала келди. Баарыбызды Таразда мыйзамсыз жүрөсүңөр деп айыпташты. Бала-чакам ал жакта калды, өзүм минтип жумуш жок үйдө отурам.

Казак бийлигинин мындай аракети миндеген кыргыз мигранттарынын жүрөгүнүн үшүн алган сыяктуу. Муну мигранттар өздөрү “депортация чабуулу” деп атап коюшат. Алар тиричилик кылып келишкен өлкөсүнөн “куулбаш” үчүн милицияларга сураган акчасын беришчү. Эми казактардын жарандык алгыла деген талабы коюла баштагандан бери, мигранттар массалык түрдө Кыргызстандан каттодон чыгып казак жараны болууга кезеке турушту.

Өлкөдөн куумай дагы күчөйбү?

Тараз шаарында кыргыз мигранттарынын укугун коргоп келген “Манас-Ата” коомдук уюмунун “Азаттыкка” билдиришинче, Казакстандын күч органдары, миграция кызматтары учурда кыргызстандыктарды дыкат текшерүүгө алып, аларга 1-мартка чейин утурумдук жарандык алгыла деген шарт коюшкан. Аталган коомдук уюмдун өкүлү Жанат Алжанова буларды айтты:

-Эгерде 1-мартка чейин утурумдук жарандык алышпаса, анда өлкөдөн чыгарууну күчөтөбүз дешти.

Азаттык: - Жанат айым айтсаңыз, казак бийлиги эмне себептен улам ушундай кадамга барып жатат деп ойлойсуз?

-Чет өлкөлүк жарандар ишкердик менен алектенүүгө болбойт деген буйрук бар экен.

Азаттык: -Буга Кыргызстандын миграция кызматтары кандай жардам берип жатат?

-Эч кандай жардам жок. Мигранттардын тагдыры кыйын болуп жатат. Базарлардын ээлерине да айттык, силер иш берүүчүлөрсүңөр, жардам бергиле дедик. Силер Бакиевге чыгып айткылачы, канчалаган кыргыздар кыйналып жүрүшөт.

Эртеңки тагдырына кабатыр болгон айрым мигранттар Казакстандын соңку аракетинен кийин кыргыз аткаминерлеринин эшигин каккылоого өтүшкөндөй. Алардын тынымсыз кайрылууларынан улам 11-февралда Жогорку Кеңеш да бул маселени карап, өлкөнүн миграция министрлигин кыргыз мигранттары чыгарылып жаткан Казакстандын шаар бийликтери менен сүйлөшүүнү, маселени чукул арада жөнгө салууну тапшырышты.

“Ак жол” фракциясынын өкүлү Улукбек Ормонов:

-Биз миграция министрлигине тапшырманы бердик. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Азаттык: -Эмне себептен улам Казак бийлиги ушундай кадамга барып жатат деп ойлойсуз?

-Билесиңер, азыр кыргыз-казак мамилеси абдан жакшы. Ал эми азыркы жагдай белгилүү бир министрликтердин, аткаминерлердин эле иши го. Бирок азыр иш-чаралар көрүлүп жатат, бул маселе февраль ичи чечилиш керек.

Ормонов, казак бийлиги кыргыз мигранттарын массалык түрдө мекенине кайтарбайт деп ишенээрин кошумчалады. Ал ортодо миграция министри Айгүл Рыскулова Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Бейбит Исабаев менен жолугушуп, Казакстанда иштеген кыргыз ишкерлеринин ишмердүүлүгү тууралуу жана соңку жагдайлар боюнча өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Роза Даудова жолугушуу тууралуу буларды айтты:

- Жолугушууда Казакстандын базарларында соода сатык менен алектенген ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды. Соңку окуялар да айтылды. Айгүл Рыскулова кыргыз жарандарынын Казакстанда каттоо тартибин, ишкердик менен алектенүү келишими тууралуу айтты. Бейит Исабаев дагы учурда казак өкмөтү дал ушул маселени чечип жатканын белгиледи.

Роза Даудованын айтымында дал ошол Казакстандын айрым шаарларында кыргыз мигранттары басмырлоолорго дуушар болуп, өлкөгө күч менен кайтарылып жатышы тууралуу кыргыз парламенти казак парламентине, өкмөт башчы Үсөнов Казакстандын өкмөт башчысына кайрылуу жолдоду.

Ошентип, Казакстандын күч органдарынын кыргыз мигранттарын үйүнө кайтаруу аракети кыргыз бийлигин заматта дүрбөлөңгө салып, жүздөгөн мигранттарды дароо нааразылык акциясына чыгууга мажбур кылды.

Талдоочулардын белгилешинче, эгерде бийлик мигранттардын бейпил иштөөсүнө шарт түзбөй, миңдеген мигранттар мекенине кайтып келчү болсо анда өлкөдө жумушсуздук күч алып, социалдык жарылуу болушу толук мүмкүн.

Азаттыктын архивинен:

Мигранттардын азап менен табылган акчасы

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Медер каяктан: Астана
19.02.2010 07:56
У.Ормоновду отставкага!Себеби реалдуу ахвалды билбейт-демек мындай чиновниктин эмне кереги бар???...

кимден: Жоодарбек. каяктан: Астана каласы.
17.02.2010 23:02
У.ОРМОНОВго жана Атка минерлерге кыргыз мигранттары нааразыбыз!!!Себеби болуп жаткан "депортация"чабуулу токтомоктургай кайрадан күчүнө кирип кыргыздардын шаштысын алып болду!!!Эгерде бул маселени тез аранын ичинде чечпесеңиздер канчалаган жараандарыңыздар жумуштарынан ажырап калыштары мүмкүн,жумушсуздук эмнеге алып бараарын билесиздер!!!Бүгүнкү ишти эртеңки күнгө калтырбай ойгончу кыргызым!!!

кимден: Esen каяктан: France
16.02.2010 06:31
Migranttar kaytip kelse oppozitsia küchtönöt antkeni jumushsuzdardyn sany köböyöt anan oshondo biylik el menen esepteshe bashtayt dep oyloym.

кимден: jonokoi каяктан: germania
16.02.2010 02:15
kurguz elin oilogon adam taptakur ele jok kaldu kurguz elini kelechegi oilogon jaschtar chogulbailubu

кимден: kyrgyz bala каяктан: moskva
13.02.2010 16:18
U.Ormonov sen bizdi sorotpochu kolunan ech temke kelbeyt.Sen tushunboisun,akchany algandy gana bilesin.saga okshogondor biylike kelip ushul akybalga kelip oturabyz.

кимден: Мигрант каяктан: Тараз
12.02.2010 14:44
У.Ормонов!го!Сен бизди күйдүрбөчү,мамиле жакшы деп!!!Силер бизди күйдүрүп бүттүңөр ооз менен орок оруп!!!

кимден: Асыл Абдыразакова каяктан: Ош шаары.
12.02.2010 14:19
Ошол Казакстандагы жердештерибизге биздин жогорку кеңеш сүйлөшүү жүргүзүп канткенде да шарт жаратып беришсе,же өз жерибизде завод,фабрикларды ишке киргизип өз жерине кайтып келген мигранттарды иш менен камсыз кылсын.Болбосо чооң тамаша (чыр -чатак) жаралышы турган кеп.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)