Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:22

Маданият

Кыргыз тилден ким кыйын?

2009-жылы кыргыз тилинин 20 жылдыгына арналып жарыяланган “Ырдайлы кыргыз ырларын” республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгып, 15-мартта Мамлекеттик тарых музейинде салтанаттуу иш-чара өттү.

Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгына арналган иш-чара. 23-сентябрь, 2009-жыл
x
Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгына арналган иш-чара. 23-сентябрь, 2009-жыл
Текст көлөмү - +

Кыргыз тилин өнүктүрүү максатында жарыяланган “Ырдайлы кыргыз ырларын” деп аталган 3 айга созулган республикалык сынак аймактар, мекемелер, билим берүү мекемелери, маалымат каражаттары жана журналисттер арасында жүрдү.

 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин директору Азимжан Ибраимов бул сынактын жеңүүчүлөрүн атады:

  

- Аймактар арасында биринчиликти Ош шаары жана Бишкек шаарынын Биринчи май районуна ыйгардык. Экинчи орун Жалал-Абад шаардык мэриясына жана Ош шаардык мэриясына берилди. Үчүнчү орун Чүй облусунун Токмок шаарына берилди. Басма сөз каражаттарынан УТРК, “Рух кенчи”, “Кутбилим” гезиттери жана “Байчечекей” журналы. Журналисттерден Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Эрнис Кыязов, Баратбай Аракеев, Азамат Касыбеков биздин сынактын жеңүүчүлөрү болуп калышты.

  

Каржы министрлиги “Ырдайлы кыргыз ырларын” сынагында мекемелер арасында экинчи орунду жеңип алды. Аталган министрликтин Мамлекеттик тил жана котормо бөлүмүнүн  башчысы Роза Бектурованын айтымында, сынак кыргыз ырларын аткаруу менен гана чектелбей, бир топ номинациялар менен жүрдү:

  

- Биринчиден биздин кызматкерлер мамлекеттик тилде иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча окуудан өттү. Андан сырткары Финансы министрлигинин тарыхында биринчи жолу “Финансы-экономикалык сөздүктү” чыгарууга жетиштик.

  

Мындай сынактар, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин директору Азимжан Ибраимовдун айтымында, кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу, коомдогу ордун бекемдеп аныктоо жана коомчулук арасында, мамлекет ичинде конституциялык даражасын бекемдөө максатын көздөйт.

 

Мамлекеттик тарых музейинде өткөн иш-чарада жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылып, “Манастан”, кыргыз күүлөрүнөн, ырларынан турган концерт өттү. Концерттик аткаруулардын программасы көбүнчө башка улуттардын өкүлдөрүнүн аткаруусундагы кыргыз ыр-күүлөрүнөн түзүлдү.

 

Азимжан Ибраимов мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин алдыдагы иш-максаттарына токтолду:

  

- Буйруса алдыда көп аракеттер бар. Терминдердин сөздүгүн, ошондой эле кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктү кайрадан толуктап чыгаралы деп жатабыз.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
15.03.2010 20:17
Кыргызстан тезинен чек-ара маселесин чечип, такталган жана мыйзам менен бекемделген территориясын элге билдирип, анан территориялык бүтүндүктү башкы максат кылбаса, миң бир жолу жогоркудай сынак өткөрсө да, эгер чек-арада чоң чыр чыгып кетсе, сынагы да, байлыгы да, бийлиги да, саясаты да бир тыйынга тете болбой калат.Территориясы жок мамлекет жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес.Территория башкы байлыгыбыз!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)