Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:19

Маданият

Кыргызстанды Испанияда тааныткан кыргыз кызы

Кыргызстандык Анара Тешебаева Испанияда өткөн сулуулар сынагында биринчи орунду жеңип алды.

Анара Тешебаева
Текст көлөмү - +
Орусия менен Испания биргеликте уюштурган сулуулардын сынагында бир гана тышкы сулуулук бааланбастан, катышуучулардын кол өнөрчүлүк жөндөмдүүлүгү да бааланды. Сынактын жеңүүчүсү Анара Тешебаева башка өлкөдө төрөлүп чоңойсо да өз мекени - Кыргызстандын намысын коргоп, атын чыгарды. 

 -
Испанияда өткөн сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болуп таанылып, баш байгеге ээ болгон экенсиң. Чын дилибизден куттуктайбыз. Бул сынак тууралуу кыскача айта кетсең. Кандай өңүттө өттү?

-
Мен Орусиядан болсом да мени кыргызстандык деп тааныштырышты. Ал жактагылар Кыргызстан деген мамлекет бар экенин да жакшы билишпейт экен. Мен аларга колумдан келишинче Кыргызстан жөнүндө айтып берүүгө аракет жасадым. Сынакка 45-50гө жакын ар улуттун өкүлдөрү катышты.

Сынакка Испаниянын белгилүү дизайнерлери катышып өздөрү жараткан, ойлоп тапкан кийимдеринин көргөзмөсү да болуп өттү. Өзүм тууралуу айтып өтсөм, МГУнун дизайнер жана технология факультетин аяктагам. Бул сынакта көп жылдан берки тигип жүргөн кийимдеримди көрсөттүм. Көпчүлүгү кыргыздын кийизинен жасалган жана кыргыз оюмдары түшүрүлгөн кийимдер. Калыстар тобун ушул оймо-чиймелер кызыктырды деп ойлойм.

-
Бул сынакка кандайча катышып калдың? Кыргызстандын атынан чыкканын кыргыз элин абдан кубандырса керек... Сенде кандай сезимдер болду?

-
Мени бул сынакка тааныштарым чакырып калышты. Буга чейин да көптөгөн сынактарга катышып келгем. Ал эми сынакка Кыргызстандын атынан чыкканымдын себеби өзүм башка өлкөдө жашасам да жүрөгүм Кыргызстан деп согот. Кыргызстанга чоң ата, чоң энемдикине барып турам. Мен ар дайым Кыргызстандын атын таанытууга даярмын. Анткени Кыргызстан мага көп нерсе берди, үйрөттү.

- Келечекте Кыргызстанга келейин деген ойлор барбы?

- Мен окуп жүргөндө мамлекеттик практиканы Кыргызстанда өттүм. Мага абдан жакты. Чоң мүмкүнчүлүктөр бар экен десем болот. Ал эми жакын арада барам деп айта албайм. Бирок мүмкүнчүлүктөр түзүлсө жок дебейм.

-Эмнеге кызыгасың? Деги эле келечектеги пландарың менен бөлүшө кетсең?

- Мен искусствого аябай кызыгам. Өзгөчө живописке кызыгам. Менин атам сүрөтчү болгондуктан мендеги талант атамдан берилген деп ойлойм. Бул кесипти аркалап калышыма да атамдын кошкон салымы чоң деп айтаар элем. Сүрөт тартканды, жаңы кийимдерди ойлоп таап тиккенди жакшы көрөм. Бул тармакта өзүмдү дагы да болсо сынагым келет.

Чынын айтсам бала кезимден бери кыялданып жүргөм тилегим бар. Ал өзүм ойлоп тапкан кийимдер сатылуучу дүкөнүм болушун каалайм жана аракет кылып жатам. Бул менин кичинекей сырым эле. Сиздерге гана айтып жатам. Бул тилегимди ишке ашыруу үчүн албетте көп эмгектенүү жана изденүү керек. Азыркы тапта алды менен өз кесибим менен иштөө үчүн жумуш издеп жатам.

- Маегиңе чоң рахмат, ийгилик сага!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Almaz каяктан: usa
28.08.2010 18:45
taanitkani jakwi kuttuktaym, birok Kyrgyzstandi jalpi kyrgyz eli aprel ayinda ele butkul duynogo ele taanitip koygon takwto uje pozdno

кимден: кыргызстан каяктан: кыргызстан
28.08.2010 14:41
жарайсын!оркунун осуп бактылуу бол! келечекте дуйно тааныган дуйного моданы диктовать эткен адистертерден бол.

кимден: NUR каяктан: Tr
27.08.2010 16:15
Jaalganga chanda kelgen jaan eeeeekensin..
aman bol KYRGYZ TUUSSUU jelbiretken kyrgyz kyzy /

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.08.2010 13:27
жакшынакай кара коз картошко мурун кыргыз кыз турбайбы! ой ушинтип эле журсонор жаштар биз сыймыктанып журолу

кимден: kolduk kyz
27.08.2010 06:59
Kuttuktaimyn jana syimyktanamyn!!! Azamatsyz!!!

кимден: Kimiz каяктан: Beshbarmak
26.08.2010 23:40
Tak derjat Karindashim

кимден: Ruslan каяктан: Bishkek
26.08.2010 19:57
Kopton beri mynday kabarga suusap turgan elem! ayabay kubanychtamyn
Anara sizdn jetishkendiginiz uchun!!!! Kyrgyzdyn bir kyzy!!! IYGILIKTER SAGA!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.08.2010 19:45
Азамат!
"Кырган сайын көбөйгөн" деп Манаста айтылгандай Жыл башынан бери кырылып келе жатабыз аны менен бирге кыргыздар дуйнолук деңгээлдеги спортто, маданий иш-чараларда ийгиликке жетишип жатышты эле. эми мынтип дагы бир кызыбыз суйундуруп олтурат.
Бул жакшы жышаан. Анара Тешебаева мен сени куттуктайм.
Эл сыймыгы болуп жүрө бер!
Маңдайыңдан аксын аппак тер.
Учугун улап кыргыздын,
жакшынын кооз гүлүн тер!

кимден: Калмурза каяктан: Кадамжай
26.08.2010 19:00
Кыргыз кызы Москвада жашап, окуп, далее РФ атынан Европага барып, да еще 1-орунду алып, просто молодец аяш кызым, окуп алып аябай сүйүндүк.
Бар бол, бактылуу бол Асатилла атаңдай талантың ташкан инсан болушуңа Кыргызстандагы туугандарың тилектеш.

кимден: Gulumkan каяктан: Germaniya
26.08.2010 18:37
Azamatsyn Anara! Saga iygilik, ken kelechek kaalaim!
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)