Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,4825
KGS / 
EUR
60,246
KGS / 
USD
44,736

Сөз таануу

Саясат

М.Конгантиевге сөгүш жарыяланды

Ички иштер министри М.Конгантиев

28.01.2010

28-январда өкмөт жыйынында премьер-министр Данияр Үсөнов кадр саясатында кетирген кемчилиги үчүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге сөгүш жарыялады.

Өкмөт башчы министр Конгантиевди өткөн жылкы Петровка окуясына тиешеси бар деп кызматынан алынган Москва райондук милициянын башчысы Жеңиш Жоробековду Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин орун басары кызматына дайындашын сынга алып, буга президент Бакиев да нааразы болгонун айтты.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов Петровка жаңжалына тиешеси бар деп кызматынан алынган Жениш Жоробековдун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматына дайындалып калган себебин президент Курманбек Бакиев текшерүүгө алууну тапшырганын айтты.
Кадр тандоодогу кетирген кемчилигиңиз үчүн мен сизге сөгүш жарыялайм.


Премьер-министр Петровка окуясынан 9 ай өтпөй подполковник Жоробековдун Бишкек шаардык милиция башчысынын оң колу болуп калышын министр Конгантиевдин кемчилиги деп баалады.

- Албетте бул жерде өлкө башчысынын ачууланганынын себеби негиздүү. Менимче эми ички иштер министринин буйругун жокко чыгарып, кандайдыр бир башка да чара көрсөк туура болот болуш керек. Эмне, башка кадрлар жокпу? Эмне үчүн өкмөт жетекчилиги сиздин чечим тууралуу эч нерсе билбейт? Кенешип иш жасаш керек болчу.

Данияр Үсөнов министр Конгантиевден эмне үчүн мындай кадрды жооптуу кызматка дайындагынын сурап кайрылды. Ички иштер министри өз жообунда Петровка окуясын оппозициялык күчтөр уюштурганын белгилеп, Жеңиш Жоробековду Бишкек шаардык милициянын башчысынын орун басарлык кызматына татыктуу деп эсептерин айтты:

- Бул кызматкер буга чейин Бишкек шаардык кылмыш издөө бөлүмүндө иштеген. Уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеген. Ал бир жылдан бери бош жүрөт, бул да чоң жаза деп ойлойм. Мен анын профессионал, тажрыйбалуу кадр экенин эске алып, шаардык милициянын башчысынын орун басары кылып дайындадым. Мен бардык сынды кабыл алам, бул маселе боюнча жоопкерчиликти да алууга даярмын.

Кадр саясаты жана окуянын башаты

Министрдин жообуна канааттанбаган өкмөт башчысы Конгантиевдин буйругун жокко чыгарууну жана кадр саясатындагы кетирген катачылыгы үчүн ички иштер министрине сөгүш жарыялоону өкмөт өкүлдөрүнүн добушуна койду. Бирок каржы министри Марат Султанов Молдомуса Конгантиевдин мыйзам бузбаганына токтолуп, сөгүш жарыялоого караманча каршы чыкты.

- Мен ойлойм азыр ички иштер министрине сөгүш жарыялоонун кереги жок. Министр өзүнүн катасын мойнуна алды. Албетте президенттин тапшырмасы абдан маанилүү, бирок ички иштер министри мыйзамды бузган жок да, Данияр Токтогулович.

Марат Султановдун сунушу көпчүлүк өкмөт мүчөлөрү тарабынан колдоо таап, премьер-министрдин Конгантиевге сөгүш жарыялайбыз деген оюн колдогондор өтө эле аз болду. Бирок өкмөт башчы өз укугунан пайдаланып, ички иштер министрине сөгүш жарыялады.
Эмне үчүн өкмөт жетекчилиги сиздин чечим тууралуу эч нерсе билбейт?


- Мен премьер-министр катары өз укугумду пайдаланып, силердин кимиңерге болбосун сөгүш жарыялай алам. Молдомуса Ташболотович, мен ишенем бул сиздин ишиңизге берилген баа эмес. Кадр тандоодогу кетирген кемчилигиңиз үчүн мен сизге сөгүш жарыялайм.

Ошентип өкмөт жыйынында Петровка окуясындагы шалаакылыгы үчүн деп айыпталып кызматынан четтеген Жеңиш Жоробеков жаңы эле отурган Бишкек шаардык милициясынын жетекчи орун басарлык кызматынан алынып, аны дайындаган министр Молдомуса Конгантиевге сөгүш жарыяланды.

Өткөн жылдын апрель айында Петровка айылында 4 жашар кыздын зордукталышынан улам чоң жаңжал чыгып, кылмышка тиешелүү адам 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми жаңжалды уюштурган деген айып менен айрым оппозициячыл саясатчылар ушул күндөрү да абакта кармалып келет.

"Азаттыктын" архивинен: Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо

Чүйдүн Москва районундагы Петровка айылынын тургундары 27-апрелде чогулуп, тестиер кыздын зордукчусун айоосуз жазалоону жана жекшембиде кармалган айылдаштарын бошотууну талап кылышты. Милиция шектүү кишини камакка алганы кабардалды.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Эля каяктан: Москва
30.01.2010 18:48
Анча-мынча чоңдорубузга мына ушундай сөгүш да жарыялап турбаса болбойт. Аны туура эле көз караштар менен карап, кабыл алышыбыз керек го деп ойлойм. Өлкө башчыбыздын учурдагы жүргүзүп жаткан саясатын баалайм.

кимден: Болот каяктан: Чуй
30.01.2010 16:53
Ай Иман Кабылбек ушул Конгантиев Жоробековко окшогон милициянын жетекчилердин айынан кылмыштуулук көбөйүп жатат анан бир жерден кара түтүн чыкса оппазиция боло береби ар ким өзүнүн кемчилигин мойундаш керек,таза жетекчи келмейинче бардак боло берет, бизде жакшы оперлер жакшы тергөөчүлөр бар алардын чөнтөгү жука таанышы жок көтөрүлбөйт. Мен конгантиевдин коомдук жардамчыларын билем күбөлүгүнө мактанып жүрөт

кимден: Иман каяктан: Бишкек
30.01.2010 16:27
Бул дүйнөнү жалган дүйнө дегенине дагы бир жолу ишенип күбө болуп отурам... Петровка айылында болуп өткөн окуяга эч кандан милициянын тиешеси жок деп айтсам жаңылышпайм, мунун баары саясий бир оюн. Оппозициянын чыгарган оюну, бирок байкуш биздин элдин аң сезимин ушунчалык төмөндөтүп койгонун бийликтин да ошондой эле оппозициянында күнөөсү. Элге берген убадасында да аны угуп укканына ыраазы болгон КЫРГЫЗ элини көрүп эле байкоого болот. Эки дөө урушса чымын өлөт болуп калды окшойт Бишкек ИИМ окуясы. Жоробековду дайыма эли-жерине, өзүнүн кызматкерлерине камкоор киши катары таныйм, иштеп кеткен жерлеринен жылуу сөздөрдү угабыз. Бул тууралы чечим туура эмес болуп калды... Усеновдун оюна да келген эмес бул киши да, окуя да. Анын эмне жумуш кылып жүргөнүн жалпы эл көрүп атпайбы. Башка глобалдуу иштерди кылса болмок... Кайран элим ыйлам сен үчүн.

кимден: Кабылбек каяктан: Бишкек
30.01.2010 13:37
Мен билгенден ИИМдин министрлик кызматын аркалагандардан Абдыбек Суталиновдон кийин эң татыктуу жана чын-жүрөктөн берилип иштеп жаткан М.Конгантиев деп эсептейм. Ал кыргыз элинин патриот уулдарынын бири. Ойлобогула, менин Конгантиевге эч кандай тааныштыгым жок. Кызматкерлер үчүн кылган камкорлугунан жана өзүнүн профессионал экенин коөрсөтүп жатканынан айтып жатам.

кимден: Рус... каяктан: Бишкек
30.01.2010 12:33
Эгер ички иштер министри өзү кетирген кадрды кайра мен жаңылып калыпмын деп жумуш ордуна алып келсе, болгондо да жооптуу Бишкек шаардык милициясынын башына. бул деген абсурд да. Башка министрлик болсо ии дейт элек. бул жерде ички иштер министрлиги жөнүндө сөз болуп жатат. ал эл жердин коопсуздугун ойлош керек да. Арман деген жазуучубуз Ж.Жоробековду аябай жакшы кадр болчу кыргыз бийлигиндеги маврлар аны жумуш ордунан алып салды деп жазыптыр...
Биринчиден М.Конгантиев Петровка окуясы тууралуу эч жыйынтык чыгара албагандыгы үчүн аны жумушунан алган да туурабы. демек ал ишти жөндөп кете алган эмес. ошондуктан алынды. андай шалаакы мамиле кылган жетекчилерди жумшунан алыш керек. Бул жерде Үсөнов туура кылды. А Берки М.Султанов Конгантиевди жактаганы эмнеси. ким ката кетирсе ал өз жазасын алыш керек.

кимден: Арман каяктан: Бишкек шаары
29.01.2010 17:49
Интересно, но факт, что и сотрудники МВД становятся инструментом политических игр. Хотя основным поводом для событий в с. Петровка является не изнасилование маленькой девочки, а социально-экономические и политические предпосылки. Непонятно и то, что Джоробеков стал предметом торга между властью с одной стороны, а с другой оппозицией и интриганами в самой системе МВД. Он кто? Видный политический деятель или занимал ключевую должность в стране? В стране безработица, Бишкеком правят ОПГ. А вы господа чиновники и марионетные журналисты устроили на нем ПИАР. Вы ли будете бороться с преступностью или ваши дети?!
В жизни все больше и больше удивляешься, что справедливости не бывает. Снять с работы парня, на которого надеялись и верили его товарищи и руководство, который своим трудолюбием и порядочностью пользуется не прорекаемым авторитетом. Джоробеков стал разменной монетой на требование не здоровил сил в нашем больном обществе. Мавры сделали свое грязное дело и его отстранили от работы. Наверное, только в сказках добро может победить зло.
В стране состоялся очередной триумф зависти и злобы над непорядочностью и профессионализмом. Когда простого парня выбравшего своей профессией органы внутренних дел и собирающего по крупинке свой авторитет на грязное общество, которое готова раздавить и делая это не осознавая, что этим самым мы даем дорогу «оборотням» в погонах.

кимден: кыргыз каяктан: Ош
29.01.2010 17:41
ЭЭ Молдомуса акемин башына да кара булут айланып калган го ээ.Болбосо Данчик акем жөн жерден сөгүш жарыялабайт эле. Максим Данчиктин колу менен өзүнө жакпаган министирлерди четинен жок кылып жатат го дейм. Курманбек "атасына" Молдомуса баласы көп эле кызмат кылды эле. Көрө жатарбыз Молдомуса мырзанын ордуна Максимге жакын генерал келет го.Кыргызым эмне болду сага ?!Кыйынчылык башыңа түшкөндө колтугуна башынды катып коңулдан чыкпай калдың го?! Же жашасын Бакиевдер!!!Ура!Ура!Ура! деп олтура берелиби?!Кыргызга кошоматчылык жарашпайт! Келгиле кошомат эмес кыргыздар чындык,адилеттүүлүк үчүн күрөшөлүчү!!!

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия, Москва шаары
29.01.2010 16:13
Ошентип кичине сүр көрсөтүп турсаңыз Данияр Токтогулович. Болбосо алар түрмөдөн чыккандарды да туура бийликке алып келип коюулары мүмкүн. Бул деген маскарапоздук эмеспи өздөрү кызматтан алып, кайра чоңураак кызматка койгон.Карышкырга кой кайтартпагыла...

кимден: Жаныш каяктан: Ош
29.01.2010 15:38
Булардын иши сөгүш менен бүтөт эл дегендер сегиз жылга кезилет кызык

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
29.01.2010 12:33
Туура бул жерде Молдомусанын деле күнөөсү бар, бирок өкмөт ар бир министрликтин дайындаган кадрларына кийлигише берсе эмне болот?. Же Даниярдын ал жерге дайындаганы башка кадры барбы?
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)