Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:17

Саясат

Ж. Сааданбеков: Кыргызстан жаңы жээкке чыгып алды

Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Жумагул Сааданбеков кыргыз-казак алакаларына байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

Кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол" бекети
Текст көлөмү - +
- Кечээ Бишкекте Орусия менен Казакстандагы кыргыз диаспораларынын башын бириктирген «Замандаш» ассоциациясынын кезектеги жыйыны башталды. Ошондо айтылган маалыматтарга караганда, апрель окуяларынан бери Кыргызстандан эмгек мигранттарынын саны мурдагыдан кыйлага көбөйгөн экен. Ошол эле учурда Казакстанда кыргыз диаспораларынын лидерлери, ал жердеги кыргыз эмгек мигранттарынын депортациялануу коркунучу бардыгын айтышууда. Соңку кезде Казакстандын мигранттарга байланышкан чараларын күчөткөндүгү да маалымдалып жатат. Сиз кандай деп ойлойсуз, бул убактылуу эле чарабы, же Кыргызстандагы ички кырдаалды эске алуу менен казак бийликтери кабыл алып жаткан иш чараларбы?

- Булар экономикага, бажы шериктештигине байланыштырып, анан Азия оюндары деген шылтоолорду таап атпайбы. Чынында экономикалык олуттуу себеп жок. Себеби Орусия, Белорусия, Казакстандын экономикасынын алкагында биздин Кыргызстандын экономикасы эки пайызды да түзбөйт. Чындыгында муну эки парадокс менен түшүндүрсө болот, биринчиси, Казакстан байыган, бакубат өлкө катары азыр Борбор Азиядан бөлүнүп туруп атат. Бирок чын-чынына келгенде ички бийлик системасы туңгуюкка келип такалды. Бийлик, система алмаша турган кез келди. Жаңы муундар аябай шишип турган кези.

Ошол кезде капысынан биздин кыргыз революциясы чыга калды, кан төгүлдү, көп азапты көрдүк, көрбөгөнүбүз көп болуп атат. Бирок биз дарыянын аркы жаңы жээгине чыгып алдык да. Авторитардык системадан кеттик жаманбы, жакшыбы, келечекте кандай болот билбейм. Бирок биз жаңы жээке чыгып алдык. Булар аябай коркуп атпайбы, кыргыздын духу болбосун деп атат. Бул жугуштуу, сыныктан башканын бары жугуштуу дегендей. Жаңы өткөөл мезгилинде стимул боло турган фактор деп ал жактагы кыргыздарды кетирип аткан кези. Анан курчап койгон торун карабайсыңбы, Африкадагы банкистандардай кылып, кыргыздар да, казактар да жерге түкүрүп атат азыр.

- Баары бир Казакстан менен Кыргызстанга иштешүүгө туура келет. Жаңы алака түзүү милдети бул жаңы өкмөттүн вазийпасы деп эсептейсизби парламенттик шайлоодон кийин келүүчү?

- Экинчи маселе, кыргыз өкмөтү иштешип кеталабы, муну келечек көрсөтөт. Бирок көбүнесе бул казактардан көз каранды маселе. Себеби казактар транзиттин ээси болуп атпайбы, экономикасы боюнча басымдуулук кылып атат, банк экономикасы үстөмдүк кылат. Булар Борбордук Азиянын интеграциясынын демилгечиси катары сүйлөшөт. Бирок азыр Казакстан интеграциясыз символ болуп калды. Мына өзбектер менен лидерликти талашат, биз менен суу, жер талашат. Башка кандай интеграция болуп атат? Өзүн темир тор менен да курчап алды. Кеп ошондо болуп атпайбы. Ал эми биздин өкмөт эмне, биздин өкмөттүн тиешеси кандай? Казактар Европаны, НАТОну сүйлөйт, бул жактагы кошуналарын чанат. Бул өзү саясий провинциализм деп аталат. Акыры түбү муну келечеги жакшы болбойт. Казактын бийлиги азыр эсине келбесе бул туура эмес иш болуп калат.

- Кыргызстанда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү казак пансионаттарын улутташтыруу керек деген да демилге менен чыгып жиберишти. Муну кээ бирлер популисттик кадам катары баалап жатышат. Ушул фактор дагы таасир этип жаткан жокпу?

-Бул пансионаттар, Каркыра жөнүндө кээ бир биздин улутчул адамдардын сүйлөп атканы туура эмес. Мунун баары мыйзам ченемдүү, ижарага берилген жерлер. Бул жөн эле убактылуу саясатта популисттик упай алып калайын деген сөздөр. Мунун эч кандй орду жок бул жерде.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бактыгул
14.08.2010 21:24
оф,оф булар бир отурушса танк менен да тартып чыга албай калдык ко.

кимден: Gylsana каяктан: Italia
14.08.2010 20:41
Urmattuu Ulan Eshmatovich!Men urmattuu Bybysaranin oi-pikirin okudum.
Chindiginda Jumagul Sadanbekov kandai adam ekenin bilbeim.Menim tuugandarim al kishini abdan jakshi taanishsada: "Al kishi kandai kishi?"- dep suragan emesmin.Eger Bybysaranin jazgani chin bolso anda emi gana al kishinin kandai ekenin bilip jatam.
Al kishige jazaarim ULUTCHUL -degen sozynizgo men karshimin!Eger Karkira jana pansionattar Kirgiztandiki bolso anda al jerde bir gana kirgizdar emes oshonu menen birge Kirgizstanda jashap jatkan bashka ulutttun adamdarida es alishat...Siz Ulutchul degen adamdardin kee biroony men taanijm.,alar akchaga kizigishpai kirgiz Elinin jana Kirgizstanda jashap jatishkan bashka uluttardin ertenkisin oilogon adamdar!



кимден: Бубусара каяктан: Таш комур
13.08.2010 16:31
Бул аксакал Акаев кезинде эле эмес, Бакиев убагында майлуу кызматтарда журду. Азыр да озу партократ болгону менен Диакадемияны мыкчып отуруп берди. Жаштарга орун бошутуу, элге кызмат кылуу оюнда да жок. Баягы эле баягы. акаев, Бакиев, Назарбаев деп эле журот жарыктык киши. Назарбайды мактап жазган китеби эле эмне деген шермендечилик!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)