Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:16

Кыргызстан

Каржалган мигранттар өкмөткө кайрылды

Казакстанда иштеген жүздөн ашуун кыргызстандык мигранттар Бишкекте нааразылык акциясына чыкты. Алар Казакстанда соңку бир жылда соода кылууга таптакыр мүмкүн болбой калганын айтып даттанышты, бул маселени чечип берүүгө бийликке эки жумадай убакыт беришти.

Текст көлөмү - +
1-февралда акцияга чыккандардын айтымында, Казакстанда чет өлкөлүктөргө соода кылууга уруксат берилбей, мигранттар мыйзамсыз иштегенге аргасыз болууда. Казак тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мигранттарды кармап кубалап, убактылуу камоочу жайларга камаган учурлары көбөйдү.

Алматада базарлардын биринде соода кылган Мелис аттуу жигит Казакстандын милициялар жүдөтүп, кыйнап жибергенин, бул маселени кыргыз өкмөтү кийлигишип чече алабы, же жокпу деген суроого жооп алганы келгени айтты:

- Бизге экинчи сорттогу адамдардай мамиле кылып жатышат. Казак милициялары алтүгүл боюнда бар аялдарды, апаларды сүйрөп камашат.

Сагындык Чомоев да Казакстанда соода кылат. Анын айтымында, мигранттар көйгөйлөрүн айтып бир нече жолу кыргыз бийлигине арыз менен кайрылышкан. Бирок жооп болгон эмес:

- Бул жерге азыр соодагерлер гана келди. Куруучулар болсо калды. Бирок баардыгында бирдей көйгөй. Эгер ошол маселени бир ыктай кылып чечип берсе жакшы болот эле. Бул жеке эле мен үчүн, же тууганым үчүн эмес, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жакшы болот эле.

Мигранттар бийликке арыз-дартын айтып, маселени чечүүгө эки жума убакыт беришти. Арстан Турдумаматов алар Казакстанда мындан ары соода кылууга уруксат берилеби же жокпу деген түз суроого жооп күтүп жатышканын, болбосо Казакстандан миңдеген мигранттар кайтып келип өлкөдө абал курчуп кетиши ыктымал экенин эскертти:

- Бул маселенин чечилишин дагы эки жумадай күтөбүз деп атышат. Бул убакыт аралыгында чечилбесе анда баардыгыбыз келебиз. Биздин маселебизди чечип, соода кылууга уруксатты алып берсин. Бизге ошол эле керек. Биз мамлекеттен акча сурабайбыз.

Нааразылык акциясына чыккандар менен эмгек жана миграция министри Айгүл Рыскулова жолукту. Чогулгандарга алардын маселелери курулай эле сөз болуп калбашы үчүн атайын кат жазып, эмгек укугу бузулган фактыларды тизмектеп көрсөтүүсүн сунуштады:

- Бул иштер сот менен каралып атат да, туурабы? Алар “мына мыйам бузуу бар, соттун чечими боюнча доо арыз жазгыла”, деп туруп алышы мүмкүн. Ошон үчүн биз Казакстандагы Кыргызстандын элчисин, тышкы иштер министрин чакырып, расмий түрдө өзүбүздүн позициябызды билдиришибиз керек. Ошон үчүн бизге фактылар керек.

Айгүл Рыскулова кечке маал мигранттар менен дагы бир сыйра жолукту. Ал Алматыдагы консул менен сүйлөшкөнүн билдирип, Казакстанда кыргыздардын соода кылуу маселеси жакын арада оң жагына чечилиши ыктымал экенин айтып, казак милициясынан запкы жеп каржалган мигранттарга үмүт берди.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Гүлнара Дербишова кыргыз парламенти өткөн жылдын аягы жана ушул жылдын башында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдерди карап ратификациялаганын айтты. Депутаттар кыргызстандык мигранттардын арыздарынан улам бул маселени бир нече жолу карашканын, бул жаатта чынында эле көйгөйлөр бар экенин баса белгиледи:

- Эмгек укутарын бузуу, маянаны бербей койуу учурлары дагы эле бар. Эмгек жана миграция министрлиги биз бул маселени толук көзөмөлдөп атабыз деп жооп берип жатышты. Бирок эгер эл көтөрүлүп атса, бул анда алардын акыркы аргасы болуп калды окшойт. Ошон үчүн биз депутат катары ошол келишимдин аткарылышын сөзсүз түрдө көзөмөлдөп бекемдешибиз керек.

Көз карандысыз талодоочулар кыргыз бийлиги расмий Астана менен теңата сүйлөшө албайт, ошондуктан көп маселелер кыргыз тараптын пайдасына чечилбейт деп сындап келишет.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда элүү миңдей кыргызстандык жаран жашап эмгектенет. Өлкө экономикасына мигранттардын кошкон салымы опол тоодой экени белгиленип жүрөт. 

Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дүйнөлүк каржы каатчылыктын айынан өткөн жылы мигранттар маселеси ансыз да оорлой түшкөнүн белгилешет. Эл аралык кризис тобу четте жумуш кыскарып мекенине кайткан мигранттар көбөйгөнүн, акча которуу да азайганын маалымдаган. Ушундан улам аймакта эмгек базарлары реформалоого муктаж экенин айткан. Болбосо ишсиз мигранттар карайлап өз өлкөсүндө да жумуш таппай туруксуздук пайда болушу ыктамал экенин баса белгилеген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Aibek каяктан: germania
16.02.2010 02:41
EEE kurguz elim bilbeisdinerbi je bilmeksen bolup atasunarbu bizdin byt 70% biiliktegi adadar diplomdu satup algan iiiiiiiii oscholor emnei bilmek ele alr emnei korso oschony kulat da jana karap koronor bizdin baarduk atka minerler biznesmender biroo da oz baschun ischtetip ookat kulgandardan emes degi ele biznezmender satup para almaidan baschka ech nerseni bilbeit da

кимден: Мигрант каяктан: Москва
11.02.2010 21:26
Жакында эми орустар кууйт. Коробуз ошондо мигрантар барып Бийликтегилерди кууганда. Чыдоонун да акыры болот. Ар кимиси Акаевдей болуп качканда,.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
02.02.2010 19:41
Кайдагы Дербишеваны айтып жатасынар.
"Ак Жол" партиясын кимдин "кол куурчак театыры" экенин билбейсинерби.
Ар жакта манжалар кыймылдабай калса, кол куурчактар жансыз эле чупуроктон жазалган солокоттор.
Анан алардан эмнени кутуп жатасынар.

кимден: немис каяктан: Германия
02.02.2010 11:55
Кыргыздарды ушинтип сандалтып, ар кайсы өлкөлөрдө укуктарын тебелетип коюп, мурдакы бийлик дагы мындай маселени ойлогон эмес эле, азыркы бийлик деле ойлобойтко. Алар бөтөн жерде жыргаганын басынып жүрүшкөн жок да, өзүнүн жеринде оокат кылайын десе, жашоого ылайыктуу жумуш жок болсо, айла жоктон болуп атат да. Ал эми кыргыз бийлиги өзүнүн чөнтөгүн кантип толтурушту эле ойлоп отурса, ушундай учурда, өзүнүн эли башка улуттарга күнкор болуп жүрө беришет, анан эмне кылышат, айла жоктон да. Казахстандан эле 50000 миң кишинин саны айтылып атат, алар Кыргызстанга кайтып келсе эмне болот? Кыргызстанда аларга Казахстандагыдай айлык маяна бере алгыдай жумуштар барбы? Мына алар кайтып келишсе, ошондо Кыргызстанда даана саясий абал өтө курч болот. Алар кыргыз өкмөтүнөн акча сураган жокпуз деп атат, алар соода кылганга мыйзамдуу укук алып бергиле деп атат. Азыркы бийликтин акылы болсо, кыргыз мигранттарга жардам берет, акылы болбосо, аягы эмнеге алып барат ал түшүнүктүү эле го баарына...

кимден: Баки каяктан: Баткен
02.02.2010 09:19
Ысык-Көлдөгү жерлерди арендага берүүдө жан талашып шашылдынар эле, ушундай маселелерди Казак өкмөтүнүн алдында койсоңор боло, депутат айым Г. Дербишова. Унчукпайсыңар. Рыскулованын колунан эмне келет? Сүйлөсө эле асмандан сүйлөйсүңөр, андан көрө ушул мигранттардын маселесин чечип бергиле.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)