Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Кадыржан Батыров: Албетте Кыргызстанга кайтам


Кадыржан Батыров кайсы бир жыйында сөз сүйлөөдө. (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Кадыржан Батыров кайсы бир жыйында сөз сүйлөөдө. (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Учурда эл аралык издөө жарыяланган саясатчы, Жалал-Абаддагы өзбек маданий борборунун директору К.Батыров Кыргызстанга кайтып келерин айтты.

Бул тууралуу ал "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын өзбек кызматына берген маегинде айтты. Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Украинанын Башкы прокуратурасына К.Батыровду Минск келишиминин негизинде кармап, Бишкекке өткөрүп берүү тууралуу өтүнүч жиберди. Өткөн жумада Интерпол уюму Кадыржан Батыров Киев шаарында экени тууралуу маалымат тараткан.

К. Батыров: "Өкмөттөгүлөр биздин уюшканыбыздан коркуп кетти"

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын өзбек кызматына берген бир сааттык маегинде Жалал-Абаддагы өзбек маданий борбордун жетекчиси, Жалал-Абад шаарындагы Элдердин достугу университетинин түзүүчүсү Кадыржан Батыров – июндагы окуядан кийин кыргыз өкмөтү өзбектердин үстүнөн кылмыш иштерди козгоп, өзбек лидерлердин бардыгын бир баштан камоо аракетин көрүп жатканын айтып, саясий буюртма деп баа берди.

«Убактылуу өкмөттөгүлөр Апрель ыңкылабынан кийин өзбектер канча санда, алардын күчү жана лидерлери кандай урмат-сыйга ээ экендигин жакшы билип калышты. Айрыкча бир катар уюштурган иштерибизиден кийин бул көрүнүп турат. Биз убактылуу өкмөттү колдодук, өзгөчө революциядан кийинки учурда биз колдоп келдик. Ушулар өкмөттү коркутту деп түшүнөм», деген саясатчы азыр да Кыргызстандагы абалга тыкыр көз салып, өлкө ичинен кабар алып турарын айтты.

К.Батыров Кыргызстандагы өзбек улутундагыларга карата кысым мурдагы президент К.Бакиевдин тушунда эле башталып, өзбек улутундагылар көп жашаган облус жана район борборлорунан аларды сүрүп чыгууну көздөгөнүн билдирет.

М. Иманкулов: “Кылмыш кылдыңбы – жооп бер”

Кыргызстандын күч органдары июндагы улут аралык жаңжал боюнча бир катар өзбек диаспора жетекчилерине айып тагып, анын ичинде Кадыржан Батыровго улут аралык мамилени козуткан, массалык башаламандык уюштурган деген негизде кылмыш ишин козгоп, эл аралык издөө жарыяланган.

Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен байланышканыбызда, учурда кыргыз өкмөтү өзбек лидерлерди жоготуунун үстүндө саясий заказ аткарууда деген К.Батыровдун пикирин такыр негизсиз деп четке какты.

Июнь окуясынан кийин ачылган кылмыш иштер конкреттүү кылмыш жасаган адамдардын үстүнөн козголгон. Алардын ичинде өзбек, кыргыз жана башка улуттагы адамдар да бар. Биз ишти карап, тергеп жатканда ким өзбек, кыргыз, орус же татар деп бөлбөйбүз. Ким кылмыш жасаса, бардыгы тең улутуна, жашына жана кимдигине карабай жазага тартылышы керек”

К. Батыров: "Биз автономия талап кылган эмеспиз"


Ал эми “ыңкылаптан кийин түштүктө уюштурулган провокациялык мүнөздөгү окуялар өзбек улутундагыларды жок кылууга – геноцидге батытталган, ага кылмыштуу топтор тартылган”, деген Кадыржан Батыров, июнь айындагы улут аралык жаңжалдын дагы себеби ушундан көрөт.

Буга чейинки маалыматтарда 7-апрелден кийинки Жалал-Абаддагы митингдер учурунда К.Батыров баш болгон өзбек улутундагылар өкмөткө бир катар талаптарды коюп, анын ичинде автономия берүү тууралуу маселе да коюлганы айтылган.

"Биз автономия талап кылган эмеспиз. 20 жылдан бери Жалал-Абад облусунда өзбек улуттук маданий борборду башкарып келем. Мен же менден башка өзбек лидерлери автономия тууралуу ооз ачкан эмеспиз. Эч ким автономия талап кылган эмес", деп К.Батыров Кыргызстанда өзбек тектүүлөр өзүнчө автономия талап кылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

К. Батыров: "Алардын көбү эки жакка тең иштеди"

Кадыржан Батыров өз сөзүндө өзбек улутундагылар 7-апрелден кийин бийликке келген убактылуу өкмөттү колдогон иш-чараларга активдүү катышкандыгын, өзүн болсо убактылуу өкмөт мүчөлөрү колдоп тургандыгын айтат:

"Биздин митингдердин саясий максаты - республикада болуп өткөн революцияны колдоо деп билем. 7-апрелде бийликтен кулаган К.Бакиев качкандан кийин анын бүт тууган-уругу, уруусу, ага-инилери Жалал-Абаддын капшытындагы Тейит кыштагына чогулганын билесиз. Ошол жерде атасынын үйүндө штаб түзүп, улуттар аралык жаңжал уюштурууну көздөгөн эле. Кыргызстанда өзбек-кыргыз ортосунда жаңжал чыгаруу амалын ишке ашыруу үчүн бир катар провокацияларды кылышты. Өзбек калкы муну жакшы түшүнүп, Эл достугу университетинин аймагында бир нече күн байырлап турушту. Алардын максаты ар кандай бузукулуктарга жол бербөө болчу. Революциядан кийин убактылуу өкмөт К.Бакиевдин маселесин кандай кылып чечүүнү билбей турганы эч кимге жашыруун эмес. Мени болсо бир нече ирет Бишкекке чакыртышты".

Буга улай К.Батыров экс-президент К.Бакиев Тейит айылында атасынын үйүндө турганда убактылуу өкмөттүн, күч, атайын кызматтарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн көбү эки тарапка тең иштегендигин кошумчалап: "Алар күндүзү башка телефондо отурса, түнкүсүн экинчи телефон менен К.Бакиевдин буйругун аткарган",-деди.

Т. Тургуналиев: "К. Батыровдун күнөөсү опол тоодой"

Президент Роза Отунбаеванын саясий маселелер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев Кадыржан Батыровдун сөздөрүн четке кагып, "Азаттыкка" буларды билдирди:

- 8-9-апрель күндөрү менен Жалал-Абадда болгом. Ал Убактылуу өкмөттү колдобостон өзүнүн бери эле дегенде бир жарым миңдей адамын чогултуп, кыргыз менен өзбекти кагыштыра турган митингдерди өткөрүп жаткан экен. Ал башталышы гана болгон. Ал эми кийин К. Батыровдун “МезонТВ”, "ОшТВ" деген телеканалдары аркылуу өзбек туугандарды көкүтө турган кайрылууларды жолдоп жатты. Кадыржандын өзбек менен кыргызды кагыштырган күнөөсү опол тоодой. Ал эми өзбек тектүү карапайым тургундардын токсон сегиз пайызы кыргыздар менен согушууну каалаган эмес, каалабайт дагы. (Маекти толугу менен бул жерден окуңуз)

К. Батыров: "Мекениме кайтып барам"

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн кеңеши менен өлкөдөн чыгып кеткендигин айтып келип, К.Батыров анын өкүлдөрү эки ирет президент Р.Отунбаева менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн да ачыктайт.

Ал эми Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аны кармайбыз деп үйүнө барып, тинтүү жүргүзүп, ал тургай бүт оокатын алып кетишкендигин, ошондой эле анын жакындарына, тарапташтарына кысым болуп жатканын да Батыров кошумчалайт.

Белгилүү себептерден улам келе жаткан жекшембиде (10-октябрда) өтчү парламенттик шайлоодо добуш бере албастыгын айткан Кадыржан Батыров, шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесинин 90% кыргыздар түзөт деп сындайт.

Ал маек соңунда Кыргызстанда тынчтык болушун каалап, өзү да мекенине кайтып келип, алдыдагы бир катар иштерди жүзөгө ашырууга ниеттенип тургандыгын билдирген.

Киев К. Батыровду берет, бербейт...

5-октябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Украинанын Баш прокуратурасына эл аралык издөөдө жүргөн К.Батыровду кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылганы кабарланды.

"Интерпол бюросунун маалыматы боюнча К.Батыров азыркы күндө Киев шаарында экендиги такталган. Ошондуктан биз Украинанын Баш прокуратурасына кайрылып, биздин өтүнүчтү тезирек канааттандырууну сурандык",-деди "Азаттыкка" Бишкектеги Баш Прокуратуранан маалымат кызматынын өкүлү Кубаныч Сабиров.

Ал эми Украинанын Башкы прокуратурасы менен байланышканыбызда, Кыргызстандан К.Батыровду Бишкекке өткөрүп берүү боюнча расмий өтүнүч кат келе электиги тууралуу маалымат алдык.

"Эл аралык издөөдө жүргөн адамды Интерпол кармашы керек. Андан кийин кармалган кишини өз өлкөсүнө өткөрүп берүүгө даярдык жүрө баштайт. К.Батыровдун иши боюнча кыргыз тарап анын кылмышка тийешеси бардыгын көрсөткөн бардык документтерди бизге бериши керек. Ошол берилген документтин негизинде сот чечим чыгарат. Ал учурда К.Батыров өзүнүн бардык жарандык укуктарын пайдалана алат. Анын ичинде баш паанек суроо, башка өлкөнүн атуулдугун алуу мүмкүнчүлүктөрүн дагы караштырса болот",-деп билдирди Киевдеги Баш прокуратуранын өкүлү Юрий Бойченко.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG