Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:11

Кыргызстан

Соттор өз укуктарын коргоп чыгат

Кызматынан четтетилген соттор өз укуктарын коргоп чыгышат. Бул тууралуу кызматтан четтетилген соттордун бири - Жогорку Соттун судьясы Низамидин Азимжанов 3-августта маалымат жыйынында билдирди. Өткөн аптада президенттин жарлыгы менен 26 сот кызматынан четтетилген болчу.

x
Текст көлөмү - +

Мындай массалык түрдө соттордун кызматтан алынышы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Алардын айрымдарына кылмыш иши козголушу ыктымалдыгы да айтылууда.

Кыргызстандын Эмгек сиңирген юристи, Жогорку Соттун судьясы Низамидин Азимжанов кызмат учурунда эч кандай мыйзам бузбаганын ырастап, президент Роза Отунбаевага кат жолдоп, өзүнүн тегерегиндеги ишти текшерип, кайра кызматына коюусун суранууда. Ошондой эле бир убакта 20дан ашуун соттун кызматтан алынышы ушул тармакты аксатып коюшу ыктымал деп эсептейт. Н.Азимжановдун айтымында, кызматтан четтетилген бардык соттор иш билги, тажрыйбасы мол кызматкерлер болгон.   

 

Эскерте кетсек, өткөн аптада Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура тармагын көзөмөлдөгөн мүчөсү Азимбек Бекназаров президент Роза Отунбаева бир катар судьяларды кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгондугун, бир катар соттор адилетсиз чечими менен канчалаган адамдардын тагдырына балта чапкандыгын билдирген эле. Соттордун арасында Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Жаңыл Алиева, Аскер сотунун мурдагы төрагасы Чубак Абышкаев, Серик Абдиев, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Марат Султанов бар экени айтылган.

 

А.Бекназаров Н.Азимжановдун 2001-жылы Феликс Куловдун ишин карап соттоп, генералдыгын алгандыгын, кайра эле 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Ф.Куловду актап чыкканын айыптап чыккан. Ал “өзү соттоп, өзү актоого мыйзам тыюу салат”  деп билдирген.

 

Анктен менен Н.Азимжанов учурунда Ф.Куловдун сотуна катышпоого ниетин билдирип, бирок мыйзамда мындай тыюу жоктугунан улам катышканын айтат.

 

 

- Мен ал сотко өзүм жалгыз катышкан жерим жок да. Ага 12 соттун ичинде катышканын чын. Бирок мен жашыруун болмөдө кандай добуш бергенимди ачыктаганаг укугум жок. Балким мен Ф.Куловду акташ керек дедим, балким мен каршы болдум, аны айтканга укугум жок. Эгер мен ошол учурда кемчилик кетирдим деп эсептесек анда мени 3 жылдын ичинде кызматтан алышы керек болчу да. Бирок андан бери 5,5 жыл өтпөдүбү. Азыр чукуп чыгып атат. Дагы бир нерсе: 2007-жылы мени сот кылып шайлаганда А.Бекназаров депутат болчу. Менин эсимде, ал мага добуш берген.

 

Ал эми Азимбек Бекназаров учурда элдердин көбү сотторго ишенбей тургандыгын, кызматтан алынгандардын көбү Ак үйдүн тапшырмасын аткарып, кызматтан пайдаланган деп билдирген эле. Анын айтымында, бул көрүнүштү сот системасындагы башка кызматкерлер сабак катары кабылдашы керек.

 

- Негизинен коомчулуктун 80-90 пайызы соттордун иштерине нааразы. Биз соттук корпуска “дагы да болсо эсиңерге келгиле, мындан кийин оңолгула, акыйкат, жаңыча чечим чыгарганды үйрөнгүлө, мыйзам чегинде иштөөгө өтөлү” деген чакырык болсун деп эсептеп жатабыз.

 

Сотторго элдин ишеними жакшы эмес экенин тастыктаган Н.Азимжанов, бул маселе сотторду кызматтан алуу менен чечилбей турганын айтат.

 

- Соттордун баары эле күнөөлүү эмес. Арасында бар, тана албайбыз. Кызмат кылгандары, буйрук менен иш карагандары бар. Мен жеке өзүмдү алайын. Мен эч кимдин буйругун аткарган жокмун. Мен сот болуп М.Горбачевдун убагынан бери иштеп келе жатам, Бакиевдин убагында эле келип калган жерим жок. 

 

Деген менен айрым серепчилер сотторду массалык түрдө кызматтан алуу мыйзамдуу болгон менен сот системасы мындан оңолбой турганын белгилеп жатышат. Маселен саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев кызматтан алынган соттордун тажрыйбасын эске албаганда деле сот системасында жоопкерчилик болмоюн абал оңолбой турганын белгиледи.

 

- Кеп адамдарды кызматтан алууда эмес. Ташматтын ордуна Эшмат отурушу ыктымал. Сот системасында ачыктык, жоопкерчилик болуш керек. Адамдардын ордун гана алмаштырып койгондун кереги жок. Эми алардын канчалык тажрыйбасы бар экенин да биз билбейбиз. Ошондуктан айтуу кыйын.

 

Учурда кызматтан четтетилген айрым сотторго иш козголушу ыктымалдыгы да айтылууда. Азырынча тиешелүү органдар бул боюнча маалыматы жоктугун айтышты. Ал эми калган соттор да өздөрүнүн укугун коргоп чыга турганы белгиленип жатат. Мыйзам боюнча сотторду Жогорку Кеңеш дайындайт. Ага ылайык кызматтан четтетилген соттордун тагдырын келе турган парламент аныктайт шекилдүү. 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: клоун
06.08.2010 22:14
Азимбек Бкекназаров сиз өзүңүз таза адаммын деп эсептейсизби
Өз учурунда генпрокурор болуп иштеп жургонунуздо эмне болуп иштен айдалдыныз эле? Эми баары паракор туура эмес чечим чыгарды дейсиз, ушул кепти сизден башкасы айтса да, сиз айтпай эле койсонузчу.

кимден: Улан каяктан: Нарын
04.08.2010 17:39
Экс соттор укугунарды коргойбуз деп атыпсынар,туура коргогула,бирок кантип уялбай айтып атасынар ушуну.Сот болуп турганда канчалаган элдин укуктарын тебелер тепсединер го чиркин,Балыкчыда болгон окуяда корсоттунор го,куноосу,жон гана митингке чыккан адамдарды камап соттоп ийдинер го,силерди азыр соттоп ийсе да аздык кылат.Бекназаровдун сотторду бошоткондугун мен 100% колдойм.Туура кылат,сот системасын туп тамырынан бери алмаштырыш керек,антпесе булар эбак эле чириген,жаны кадрларды коюш керек,мурдагылардын баарысын жумушан четтетиш керек.

кимден: Алмаз каяктан: Чуй
04.08.2010 16:29
Бул аздык кылат сиздерге экс соттор жоопко тартыш керек эле сиздерди, канча бейкуноо кишилерди ыйлаттынар.

кимден: Бир жаран
04.08.2010 15:47
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.08.2010 15:00

чокотерин айтыпсында аты-жону жазылбаган!! чында эле сотто адамдарды оздорнорду коргогондой коргосонор балким коррупция болбойт беле!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.08.2010 15:00
сотто ушундай иш жургузсонор кана...озум дегенде жон эле жанталаштынар го!

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
04.08.2010 13:04
кыргызыстандын баазибир жарандары 20 жылда еле маңкурт болуп бүткөнбү емне. кичине ес акыл болсо кызматынан кетигенге кубанса болот болчу. алар еч качан елдин соту болбогон. болгону кара коомдун соту болуп жүрүшкөнүн билүүсү керек еле. буларды жөн еле кызматтан алып койбостон соттолууга тийишда.кызматынан алып еле тынч койгонуна кош болсун. егер андай кылбай нааразылыкка чыга бергидей болсо бир ооз еле кеп солоп койуп соттош керек. ошол ең туура чечим болуп калмак.

кимден: Абзел каяктан: Бишкек
04.08.2010 09:53
Качанга чейин эле тажырыйбасы жок деп жаштарды четке кагып келебиз, алардын арасынан акылы жетик, билими күчтүү чечкиндүү, жа ңыча ойлонгондору көп аларга жол бериш керек.Сот системасы мүлкүнөн баштап кадрларына чейин чирип бүткөн.Алмаштыруу зарыл, бирок ордуларына жаштар келиш керек "техникалык өкмөткө" окшоп ириген-чиригендер келбесе болду.

кимден: Азамат
04.08.2010 08:50
Азимбек Бекназаровду жактырбасам дагы бул жерде айткан создоруно созсуз кошулам. Мисалы мен юрист жана адвокаттар менен иштейм. Алар мага соттордун(80-90%) коррупциялашканы чын деп айтышат, мен эч шек санабайм. Коп иштер акча жок бутпойт экен сотто. Айласы кеткенде сурайт экен... уят эле ушул сотторго. Эл жон суйлобойт. Арасында бар таза, ага шек санабайм бирок соттордун кобу акча алары белгилуу

кимден: narmat каяктан: bishkek
04.08.2010 08:43
Sottordun tazasy jok.Ar bir oblastagy obl sotko koshup zamdaryny da alysh kerek.Ar byr tarmakty birden karap oturup tazalash kerek.Sottor jegeny uchun bashka tarmaktyn adamdary jep jatat.Baardyk jeshter sottorgo baylanyshtuu bolot.Alar biroolordun juroktorun kyssa alar da akcha tabysh uchun jebeshke ayla tappay kalyshat.Antpese ish bolboyt.

кимден: oshtuk каяктан: korea
04.08.2010 08:16
ishten alsa demek jakshy, tuura ishtebegensiner. baary bilet ISAKOVgo chechim chygarganynardy.andan bashka kanchalagan kynoosy jok insandar zonalarda buzulup kelishti. a kanchalagan banditter adam oltyryp dele boshtondukta kaira ele oz bandittigin atkaryp jyryshot. KUDAIdan korkpoit ekensiner da.anyn aldynda kynoonor ushunchalyk koboigonynon al silerdi tuura jolgo salaiyn dese dagy dele tyrmyshyp atasynar... oi tooboo... akcha degen ushunchalyk zaryl eken da a?...achka kalyp kyinalsanar bir jon.ALLAHdy AKCHAga almashtyryp, oz bergen antynarga tykyryp jiberip, dagy dele tyrmyshasynar. silerdi ozynordy sottosh k-k ele da. kaap...
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)