Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:10

Эркиндик / Сөз эркиндиги

Марат Токоев: “Эмоцияга алдырган учурлар болду”

Кыргызстандагы соңку коогалуу окуялардын маалымат каражаттарында чагылдырылышы жана буга байланыштуу медиа тармагындагы аткарыла турган иштер тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Кыргызстанда акыркы мезгилдерде болуп өткөн окуялар учурунда журналисттер чынында эле кооптуу-экстремалдык шарттарда иштеп атышты. Маалымат айдыңында эмоцияга алдырган учурлар да болду. Ушундай экстремалдык шарттарда татаал маселелерди чагылдыруу чеберчилиги кандай болду деп ойлойсуз?

Марат Токоев: Кыргызстанда биз ушундай экстремалдык абалда иштеп жүргөнгө көнүп деле калдык. Бирок биздин жалпыга маалымдоо каражаттары бул жагынан кичине чабалдыгын көрсөтүп атышат. Өзүңөр айтып кеткендей, эмоцияга алдырган учурлар болду, бир жактуу материалдарды берип койгон учурлар болду. Жалпысынан алганда биздин гезиттеги материалдар абалды курчутпай, бир калыпта кармап тургандай иштеди деп айта албайм.

- Бул багытта кандай иш-чараларды алып барыш керек деп ойлойсуз? Балким тренингдерди уюштуруу, окутуу, же башка бир программалар?

Марат Токоев: Бул жакта көп эле пландарыбыз бар. Биринчиден, журналисттерге сөзсүз түрдө окуулар керек болот, экстремалдык учурларда кантип иштеш керек, анан кантип чагылдырыш керек. Өзгөчө акыркы кезде араздашууларга түрткү болбогондой, бирок ошол эле учурда маселени кабыргасынан койгондой кылып улут аралык мамилелерди кандай чагылдырыш керек? Тилекке каршы, Оштогу окуялардын алдында пландаштырып аттык эле, бирок бул окуялар пландарыбызды артка жылдырып койду. Бирок июль айында ошол иштерди алдыга жылдырабыз деп ойлойбуз.

- Бир катар адистер кыргыз тилиндеги ММКлар ушундай этностор аралык татаал маселелерди эле эмес, саясий-экономикалык маселелерге келгенде да бир аз өксүп келатканын айтышат. Коомдук пикирди калыптандырууда ММКлардын ролу чоң. Балким кыргыз тилинде жазган журналисттерди даярдоого, окутууга көбүрөк көңүл бөлүш керектир?

Марат Токоев: Акыркы жылдары кыргыз тилдүү журналисттерди окутуу жагына өзгөчө көңүл бурулуп келатат. Себеби мурда жалаң эле орус тилинде окууларды өткөрүп келген уюмдар деле азыр сөзсүз түрдө кыргыз тилдүү окууларды жүргүзүүгө көңул бурушат. Андан сырткары биздин уюм жалаң эле кыргыз тилинде окууларды өткөргөн. Бирок ушул окуудан өткөн балдар кийин ЖМКга келгенде кандай иштешет, окуудан алган билимин колдоно алышабы? Кеп ушунда болуп атат.

Мойунга алыш керек, азыркы учурда ушундай окуудан өткөн балдардын баары тең эле ЖМКларга келгенде алган билимдерин толук-кандуу колдоно алышпайт. Биринчиден, буга редакциялык саясат да, ошол учурда эле гезиттин ээлери жолтоо кылат.

- Бирок окутуулар башталгандан тарта журналисттердин кесиптик чеберчилиги боюнча өзгөрүүлөр барбы?


Марат Токоев: ЖМКларда жакшы иштеп аткан балдар бар. Акыркы учурда үмүт бере турган нерсе: мурда окуу өткөрүп атканда жаңы нерсени уккандай болуп эле карап турушса, азыр болсо окуудан өтүп аткан балдар өздөрү да тренерлердин айткан көп нерселери менен макул болушуп, алар менен талашып-тартышып, алардын да жаңы талаптарды алдыга жылдыруу боюнча аракеттери көрүнүп атат. Менимче, бул жакшы жышаан.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.07.2010 04:50
Чырмашевага.
Ай сен кайдан пайда болдун? Жерден, асмандан?
УОтту кетирип ордуна озун келейин деп жатасынбы? Жээ Д.Медведевди
чакыралыбы окмот башчылыка? Ойлонуп суйло,тушундунбу? Сендейлер пикир бергенден алыс болсун.Чырмалгандар.
Биринчи жакшылап оку,соз,талкуу эмне жонундо.

кимден: Канатбек каяктан: Бишкек
01.07.2010 16:07
Эл аралык стандарт, дүйнөлүк практика деп жатып,улуттук өзгөчөлүктөр, улуттук бийиктик,улуттук ар-намыс дегенден кур калдык. Бир кездеги улуттук улуу дөөлөттөрдү элге жеткиликтүү тилде бере алган Каныбек Иманалиев, Кубат Оторбаев, Жыргалбек Касаболотов, Кайрат Иманалиев,Эльмира Ажыкановалардын ордун "эки элди бириктирбеген, эки айылды эриктирбеген" чалагайым, ыргып секирген чагымчыл журналисттер баса баштады.

кимден: кыргыз жараны
01.07.2010 10:18
" Эл созу" 5 бет, 25 ,июнь,2010 гезити:
"Басма соз эркиндигин эске алып,оз ой пикирлерин калтырган жарандардын макаласына орун берууну туура кордук" деген шылтоо менен
Элдик Кенеш кыймылынын координатору Ашырбек Болотов жазып чыккан " Теке "Зордук" " деген макаласын чыгарышты.
Тан калганым "Эл созу" гезити басма соз эркиндиги жонундо мыйзамды толук билишпейт ко деген ой келди. Озун сыйлаган редакция мындай " провакаторлук" макаланы жазып чыкпайт эле.
Ал эми Ашырбек Болотов агай: 1) " Ооба,мындай текезордук даражага жетиш учун Текебаев коптогон жылдар бою талыкпастан машыгып келген" деп ачыктан -ачык акылы жетиле элек баладай ат коюп,мазактап жатат.Бул мыйзамга каршы келет.
2) "Бул Текебаевдин......... конститутция жазууга укук турмай,тируу журууго укугу барбы деген суроону озуно бербегендиги.Бечераны ташбаранга алып салбай кыргыз эли озубуз да куноолубузбу? " деген суйлом-чакыруусу менен Кыргызстандын жаранынын омуруно кол салуу боюнча чакырык жазап жатат деп билдим.Бул да туздон-туз мыйзамга каршы келет.Демек макаланы жазып чыккан Ашырбек Болотов да, анын макаласын жазып чыккан "Эл созу" да мыйзам алдында жооп бериш керек деп ойлойм.
Бул менин Кыргызстандын жонокой жараны катары ой-пикирим.Бул макалага соззуз турдо конул буруш керек.

кимден: Чырмашева
30.06.2010 23:59
Убактылуу окмот отставкага кетсин, берген убадасында турсун. Шайлоо август айында отсун.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.06.2010 16:46
кыргызча гезиттер кандайдыр бир ушакты жарыя кылганда өзгөчө этият болушса жакшы болот эле. Көбүнчө ушакты текшербестен эле жарыялап жиберип, анан эле бизди сотко берип атат, кысым көрсөтүп жатат деп чалкасынан түшүп калышат, догурунуп. көп кыргыз тилиндеги гезиттер "желтая пресса" гана болбой, аналитикага дагы көңүл бурушса жакшы болоор эле.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)