Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

"Жерүй" алтын кенинин лицензиясы алынмай болду


“Жерүй” алтын кенинин жумушчулары өкмөттүн ишкана лицензиясын жокко чыгаруу токтомуна нааразы болушууда.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, ишкананын лицензиясын жокко чыгаруу токтомун кабыл алууга (2008-жылдын октябрь айындагы №3) лицензиялык келишимдин шарттары “Жерүй” ишканасы тарабынан аткарылбаганы негиз болгон. Мындай демилгени Жаратылыш ресурстары министрлиги көтөрүп чыккан болчу.

Эми бул маселени иликтеп, карап чыгуу ушул министрликке тапшырылып отурат. Бирок ишкана кызматкерлери лицензияны жокко чыгаруудагы негизги жүйөөлөр чындыкка коошпой турганын жана бул маселени жаңы Жогорку Кеңештин талкуусуна коюну талап кылышууда.

Ишкана кызматкерлеринин бири Каныбек Кушубаков 22-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “Жерүйгө” кеткен жол оңдолуп, бир топ объекттер, ошол эле оорукана курулганын белгилеп өттү. Анын айтымында, учурда компаниянын алтын иштетүүчү фабрикасын ишке киргизүү үчүн негизги иш кагаздары жана долбоорунун дээрлик 70-80 пайызы бүтүп калганын кошумчалады.

- Фабриканын привязкасы деле бүтүп калат. Ал типовой долбоор. Ошону жасасак бир жылдын ичинде алтын бергенге деле мүмкүнчүлүгүбүз бар деп ойлойм. Дагы бир варианты бар – жолдон грунтту Кара-Балтага ташып, тез аранын ичинде алтын берип, облусту камсыз кылып, дегеле Кыргызстандын бюджетине чоң суммадагы киреше алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эмнегедир бул токтомду Убактылуу өкмөт шашылыш кабыл алып атат. Жаңы өкмөт келсин, жаңы бийлик келип да ошол токтомго кол коюш керек эле.

Инвесторлор күтпөйт

Ал эми “Жерүй” компаниясынын эмгек кошуунунун төрагасы Зулумбек Нурусбаев ишкананын лицензиясын алуу аракеттери шашылыш жүргөнүнө тынчсызданып, мунун айланасында саясий оюндар болушу ыктымал деп болгоодо.

- “Жерүй” алтын башынан эле чатак менен келатат да. Азыр эл да, жумушчулар да тажап бүттүк. Шайланган партияларга кайрылат элек да. Бул жерде дагы деле мурдагыдай саясий оюн болгондой, ушул система ушундай эле кете бере тургандай сезилип атат. Инвесторлор өздөрү өкмөткө алты айдын ичинде алтын бере баштайт элек деп айтышты. Соттошсок биз убакыт өткөрүп утулуп атабыз.

Инвестициялык келишим шарттарын аткарбагандыгы үчүн буга чейин “Жерүй” ишканасы менен иштешкен австралиялык, британиялык компаниялардан лицензиялары тартылып алынган. Ушуну менен бешинчи инвестордун лицензиясы жокко чыгарылганы турат.

“Жерүйдү” ишетүү лицензиясы учурда казакстандык “Визор” компаниясынын колунда. Анын жетекчиси Майкл Сауэр мурдарак лицензияны жокко чыгарууну негизсиз деп баалап, алтын кенди иштетүү үчүн миллиондогон доллар сарптагандыгын ырастаган эле. Эми “Жерүйдүн” 400 чамалаш жумушчуларынын атынан келген топ минтип нааразылыгын билдирип чыгууда.

Жер алдындагы алтын ээсин табабы?

Анткен менен Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министрлигинин статс-катчысы Наби Эшназаров “Жерүй” алтын кенине кетчү жол азыноолок оңдолуп, айрым бир кошумча жумуштар аткарылганы болбосо, инвестициялык келишимде көрсөтүлгөн негизги иштер жасалбаганын, кен иштетүүчү комбинат менен уулуу зат калдыктары сакталчу тосмо курулбаганын ырастады.

- Инфраструктурасы жок болгондон кийин булар ар түрдүү жолдор менен чындыкка туура келбеген сөздөрдү айтып жатышат. Мына, мисалга алсак, ошол эле руданы “Макмал” комбинатка ташып өндүрсөк деген, экинчиси Кара-Балта тоо-кен комбинатына ташысак деген. Булардын баары ойго келбей турган нерселер. Андай болсо алтындын баасы эмне гана болуп кетет.
Орозбек Дүйшеев

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, “Жерүйдү” эбак эле жаап, лицензиясын жокко чыгарыш керек эле. Орозбек Дүйшееев бул компания иштебей тургандыктан Кыргызстан кеминде 10 тонна алтындан кур калганын айтат.

- Муну биз алда качантан бери айтып келатабыз. Бирок кандайдыр бир себептерден ушул убакка чейин созуп келди. Жакында Талас элинин жашоочулары менен жолугушуу уюштурганбыз. Алардын бардыгы колдоп атат. Ишке кирбей көп жылдан бери, Талас облусу эң кеминде 12 млн. доллар жоготту, Кыргызстан казынасы бери дегенде 10 тонна алтын албай калды. Ошондон улам бир топ киреше кирбей, көп кишилер жумушсуз калды. Мунун аркасында атактуу чет элдик фирмалар турган. Ошондуктан бул туура деп эсептейм, ал тургай кечигип жасап атат.

Талас облусунда жайгашкан “Жерүй” алтын кени 1968-жылы ачылып, иштетүүгө алгачкы лицензия 1993-жылы берилген. Алтындын запасы жана аны ишетүүгө даярдыгы жагынан бул “Кумтөрдөн” кийин экинчи орунда турат. Адистердин эсептөөсүндө “Жерүйдөгү” алтын запасы 79 тоннадан ашуун деп айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG