Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:07

Саясат

Аликбек Жекшенкулов акталабы?

Биринчи май райсоту 1-мартта мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун иши боюнча өкүм чыгарышы күтүлгөн. Бирок түрк ишкерин өлтүргөн деп айыпталгандардын биринин адвокаты келбей калып, сот 3-мартка жылды.

Текст көлөмү - +
Аликбек Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова бардык тагылып жаткан айыптарды жокко чыгарып, А.Жекшенкуловду актоону соттон суранмакчы.

Мурдагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу экс-министрдин тапанчасы менен түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген айыптын негизи жок экенин, андыктан аны алып салуу керектигин айтып, Кытай грантын максатсыз пайдаланды деген экинчи айып боюнча А.Жекшенкуловду шарттуу төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Мурдагы тышкы иштер министри, оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов өзүнө койулуп жаткан эки айыптар негизсиз экенин билдирип келет:

- Кытай тарап эч кандай жооп берген жок, мөөнөт болсо аяктап келе жаткан. Ошондуктан биз ал эшиктерди алмаштырууга аргасыз болдук. Картон кагазынан, 4 мм. калыңдыкта жасалган эшиктер мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган орган болгон Тышкы иштер министрлиги үчүн жарабайт эле. Бул министрликтин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган. Ал эшиктер бүгүнкү күндө да министрликтин кампасында жатат.

Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова саясатчыга коюлган бардык айыптарды алып салууну соттон өтүнгөнү жатат. Анын айтымында, айыптар боюнча далилдер толук келтирилген эмес. Адвокат түрк ишкерин өлтүргөн чыныгы кылмышкер табылган да, изделген да жок деген пикирде.

- Бүгүн сот өз өкүмүн чыгармак. Мен да даярданып келдим эле. Тилекке каршы, сот жараяны жылдырылып калды. Мен Жекшенкуловго тагылган бардык айыптар боюнча аны актоону сурайм. Бирок соттун чечиминен эч нерсе күткөн жокмун. Кудайдын өкүмүнөн эч нерсе күтпөгөндөй, азыр соттун өкүмү да ошондой болуп калды.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Ажыбай Калмаматов оппозиция лидерлеринин бири А.Жекшенкуловго карата сот иштери боюнча эч нерсе айта албай тургандыгын, бул бир гана соттун укугу экенин билдирди.

- Ар бирибиз өзүбүз билген намазыбызды окуп, билген ишибизди кылышыбыз керек. Азыр сот туура эмес кылды же туура соттоду деп өкүм чыгара албайм. Бул соттун гана укугу.

Оппозициялык саясатчылар сотко келген жок. Бул тууралуу "Элдик кеңеш" кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаев мындай дейт.

- Азыр биз барсак да, барбасак да бийлик эч нерсеге карабай өзү билгендей чечип калбадыбы. Ошондуктан эч ким барган жок.

А.Жекшенкулов министр кезинде Кытай грантын пайдаланууда кемчилик кетирген, сыйлыкка алган тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атылып өлтүрүлгөн деп айыпталууда. Жекшенкулов муну жокко чыгарууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: немис каяктан: г
06.03.2010 20:15

Оппозициянын коп мучолору эмне учун элдин ишеничине ээ эмес? Себеби булар, копчулук учурда, озунун жеке пайдасын ойлошот, эптеп бийликке жетип, бийликтин бир бутагын башкарсам, ичип жесем деп. Ушундай лидерлер мансапкор, кошоматчы, оз элине душман жана чыккынчы болушат. Ал эми жалпы элге кандай оппозиция керек? Эл башкарган лидер болуш учун, биринчи ирээтте олконун, элинин-жеринин камын ойлош керек, анын уй-булоосу экинчи плаанга отуп калат, себеби эл чон ишенич кылып элдик лидерден копту умуттонушот, ошого элдик лидер татыктуу жана чон жоопкерчиликтуу болуш керек!!! Анын уй-булоосу, тураа созду айтып, колдоп туруш керек (мисалы, элге уят болбой иште, элдин-жердин намысын корго деген сыяктуу). Элдик лидердин миссиясы озгочо болот, жалпы элдин ичинен тандалган, ички дунуосу жаркыраган жана таза, озгочо касиети бар адам болот. Эдик лидер болгонго жараша, бийликте иштеп турганда, эли-жери учун корунукту, пайдалуу иштерди жасап, чыныгы патриот экенин кундон-кунго, дайма далилдеп туруш керек, ошондо элдин баркына жана сыйына ээ болот жана дайма элдин колдосунда болот. А. Жекшенкулов Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда, бийликте иштеген. Кандай элибизге, жерибизге пайдалуу жана корунуктуу иштери бар, ошол жонундо кимде кандай маалымат бар, болушсонор, жалпыга белгилуу болсун. Ошондо, анан айталы, бул кандай оппозиция жана лидер экенин.

кимден: kyrgyz каяктан: Mıgrant
04.03.2010 22:15
Alikbek Jeksenkulov Kochkorgo jakin adamdarin jonotup, 4-5 ayildin aksakaldarina koy soyup siylap batasin alish kerek. Oshondo gana bul kishinin bagi achilat.Menin bul sozumdu diplimat baykege jetkizip koygulachi tuugandar.

кимден: Эркин каяктан: Туркия
04.03.2010 16:17
Биз өзү Кыргыздар өтө кызыктуу келебиз Аликбек мырза абдан билимдүү сылык жакшы кишилерден мен аны жакындан тааныйм,эми туугандар саясатчылар башын сайып эл деп жүрүшөт мына Текебаев Бекназаров Атамбаев Жекшенкулов Исаковтор биз аларды колдошубуз керек булар эл деп өздөрү жакындары камалганы камалып жок болгону жок жатышат,үй-бүлөсү чачырап качканы качып камалганы камалып жатат анан биз олтуруп алып ар нерсени жаза бергенибиз туура эмес.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: ЕС
03.03.2010 21:23
Аликбек кыйын деле дипломат эмес. Андайлар азыр толтура. Кеп анын амбициясында болду. Кызматтан кетсе бийлике сес көрсөтө баштады. Эми менде бир суроо:-оппозициялык ишти баштадыңбы,акырына чейин болобу? Болбосо анда эмнеге баштады?

кимден: Алчагүл каяктан: Бишкек
03.03.2010 20:59
Аликбек мырза! Кайратыңыздан жазбаңыз, сиз кыргыздын чыныгы уулусуз, элге кылган кызматынызды эл унутпайт! Сиз Бакиевдерди жеңесиз!

кимден: Кыял каяктан: Ош
03.03.2010 20:06
Урматтуу окурмандар! Мен силерге таң калам, сөзсүз эле Жекшенкуловду түрмөгө отургузгуңуз келип атабы? Кээ бирөөлөр куру сөз менен кыйкырып чыкса ле кыйын болуп калабы.Мен Жекшенкуловду да, Исаковду да сыйлайм, экөө тең кыйын экен, бийликке ийилген жок. Ар бирөөнүн орду бар, бирөө жакшы дипломат, бирөө кыйын генерал .Кыргыз эли мындай жигиттер менен сыймыктаныш керек жана колдош керек!

кимден: Азат каяктан: Бишкек
03.03.2010 17:40
негизинен Медер туура жазган,бирок Жекшенкулов оппозиция болор алдында ушундай болорун билген да ал адам билимдүү баарын түшүнөт мунун айынан туугандары жакындары жабыркашын,эми өзү баштады аягына чейин турганы жакшы го кыйынчылыктар да өтөт

кимден: Медер каяктан: Москва
02.03.2010 23:46
Албетте бүт баарыбыздын туугандарыбыз бар, Аликбектин бир баласы баш калкалап башка мамлекетте баш паанек издеп жүрөт, инисине карата козголгон иш азыркы убакытка чейин созулуп келе жатат, убагында ал дагы 4 ай абакка камалып чыккан, башка туугандарын жумуштан алып тынышты. Коркконунан бийлик менен сүйлөшүпалды деген пикирге кошулбайм, себеби СНБнин абагында 6 ай жатыш да оңой эмес. Үйдө отуруп башкаларды сынаганга баарыбыз эле кыйынбыз...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине