Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:29

Эл үнү

Жалал-Абад: кооптонгон, бирок үмүтү өчпөгөн эл

Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда базар, мекеме-уюмдар иштегени менен эл кооптонуу сезиминен арыла элек. Облуста май-июнь айларында болгон тополоңдон калган жарааттын карттары көпкө барып айыгат шекилдүү. Адистердин болжолунда, Кыргызстанда тынчтыкты сактап калуу үчүн күзгө белгиленген парламенттик шайлоону таза өткөрүү зарыл.

Жалал-Абаддагы элдешүү жыйыны, 2010-жылдын 17-июну.
x
Жалал-Абаддагы элдешүү жыйыны, 2010-жылдын 17-июну.
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Май-июнь айларындагы окуялардан кийин облуста эки элди жараштырууга кыйла аракеттер жасалды. Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон аймактарында элдешүү салтанаттары өттү.

Июндагы коогалаңда жүздөгөн жеке менчик үйлөр менен мамлекеттик ишканалар өрттөлүп, таланып-тонолгон. Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, облуста 70 адам набыт болгон. Бейрасмий маалыматтар боюнча, набыт болгондордун саны мындан да көп болушу ыктымал.

Элдешүү иш-чаралары максатына жеттиби? Коомдук ишмер Максат Абдыкаимов мындай иш-чараларга көңүлү толбогонун билдирди. Анын айтымында, эл арасында коркуу сезими дагы эле бар, калкты ушак-айың сөздөр дүрбөтүүдө. Максат Абдыкаимовдун баамында, базарлар иштеп, унаалар жүргөнү менен мекеме-ишканалар, жеке менчик ишкерлер толук иштей элек:

- Жарашуу иштерин өткөргөнү менен кооптонуу бар. Азыр эки эл бири-бирине ишенбей калды. Себеби элдин жүрөгүнө Оштогу окуялар, жаман имиштер сиңип калды. Карапайым эл деле бири-бирин жек көрүү менен карап атат. Бала-чака багыш керек, жашоо оор. Ошондуктан айласыздан бири-бири менен макулдашууга келип турат. Мекемелер иштеп атат деп айта албайм. Себеби банкрот болуп калган. Иш жүрсө 30 пайыз мекемелерде гана жүрүп аткандыр.

Облус борборунда абал салыштырмалуу туруктуу. Жалал-Абад шаарынын тургуну Салияхан Ходжаева кошуналары менен катташып, кыргыздан куда-сөөк күткөнүн, көйгөйү жок жашап, кимдин болсо да тилегени тынчтык экенин, көчөлөрдө баштагыдай тосмолор жоктугун айтат:

- Кошуналарыбыз жакшы, эми тынч жашайбыз. Биздин көчөлөр тосулган жок. Биз урушпай эле бири-бирибиз менен кирип-чыгып, куда-сөөк күтүп жүрөбүз.

Башаламандык маалында Сузак районунун Сузак айылы бийликке, тартип коргоо уюмдарына да ишенбей, айылга кире бериш жолдун бардыгын тосуп алган. Жаш балдар менен аялдар, кары-картаңдар айылдан чыгып кетип, эркектер гана калган. Ушу тапта жол ачык, унаа каттап, эки улут соода-сатыгын бирдей жүргүзүп, абал кыйла турукташып калды.

Сузак айылынын тургуну Жалил Сапаровдун көз карашында, психологиялык жагдайлар бар, анткени, кыргыздар да, өзбектер да бирдей жабыр тартып, жакындарынан ажырашты. “Эл ичинде мындан ары чыңалуу болбосу үчүн октябрь айына белгиленген парламенттик шайлоо таза, партиялардын чыры жок өтүүсү абзел” дейт айыл тургуну:

- Азыр эч бир көчөлөрдө тосмолор жок. Турмуш мурдагы калыбына түшкөн. Бирок жалпы психологиялык учурлар бар. Ал акырындык менен кетет. Кечээки окуялардын көңүлдө калган изи турат. Алар жакындарын жоготушту. Бул нерселер 1-2 күндө өтүп кетпейт. Кырдаал барган сайын жакшы жагына ооп атат. Алдыда саясий өнөктүк турат, шайлоолор. Саясий партиялар кандайдыр бир башка нерсени баштап жибербей, элдин ичинде жакшынакай жүрүп берсе эле, калганы жакшы болуп кетет деген ойдобуз.

Ушу тапта эл арасындагы ынтымакты сактоо үчүн Жалал-Абад шаарындагы диний кызматкерлер улутка бөлбөөгө чакырган акция өткөрүүдө. Ал тууралуу билдирген Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Сулайман Үсөнов ар түрдүү чагым сөздөрдүн уусу күчтүү болуп, ага жарандар бат ишенип, чочулап жаткандыгын билдирди. “Бирок эл аралаш жашоодо, ишкерлердин деле иши жүрүүдө. Көптөгөн жеке менчик ишканаларда кыргыз-өзбек жарандары чогуу эле иштеп жүрүшөт, аларды улутка бөлгөн эч ким жок. Элди той-аш, үйлөнүү тойлору да бириктирүүдө” деген пикирин ортого салды Сулайман Үсөнов:

- Эки элдин ортосунда бул окуядан кийин тез эле стабилдүүлүккө келүү кыйын. Бирок мурункудай эле акыбалга келүүгө чоң салымдар, кадамдар жасалып жатат. Жалал-Абад облусунун диний кызматкерлери акция жүргүзүп атат, чоң плакаттарды илип атышат. Элдер негизинен руханий байлыгы аз болгондуктан ар кандай чыр-чатактарга, чагымдарга, сырттан болуп аткан сөздөргө тез үгүттөнүп кетип, корккондор да бар. Ишкерлерге эч кандай тоскоолдук жок. “Газпромдо” Кадыржандын адамдары жүрөт. Убактылуу өкмөттөн суранып кетет элем, ушул кишини кармап жоопкерчиликке тартса.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.07.2010 12:32
k.батыровдун акчасы коп, ани эч ким камай албайт, урматтуу кыргыз элим...акча коп деген эмне экенин тушуносунорбу? ал бардыгын сатып алат! любой кыргыз чиновникти сатып алат, анткени бизде коррупцияга баары белчесинен баткан. биздин чиновниктер арзан, коп болсо жуз мин доллар, а намыс жок! жалан ушундай акмактар учун биз кыргыздар жарымыбыз талаада журобуз, жарымыбыз бул жерде башаламандын арасында калдык..

кимден: zamir каяктан: жалалабат
30.07.2010 08:59
Сулайман аке туура айтат, Кадыржанды УО эстен чыгарып койду. бирок азыр деле кыргыз озбек бири бирине чочулоо менен карайт, баарыбир мурдагыдай болуш кыйын го.

кимден: Жалалабат
30.07.2010 03:13
к.батыровду кармоо эмне учун кечендеп жатат?
Ушунун айынан Ош окуялары чыгып отурат. Муну кармоо, камоону Жалалабат эли 18-19 майда эле талап кылды эле. Ошол талап аткарылбагандыктан биз ушул каргашалуу окуяларга кабылдык.
Убактылуу окмот мурунку бийликтен оч алуу менен гана алек болуп атат. Антпесе к.батыровдун кыргыз элинин астында Бакиевтерден куноосу кобуроок.
Бирок канткенде да к.батыровду кармап жазаламайынча эл талабынан кайтпайт.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу