Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:06

Саясат

Жалал-Абад: Коменданттык саат бүттү, абал кандай болот?

1-июнда Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда өзгөчө абал алынганы менен жарандар бул аймактар тынч болооруна көп ишенбей турушат. Алар аймакта эл тынчтыгын бузууга кызыкдар ар кандай күчтөр кайра баш көтөрүшү ыктымалдыгына кооптонот.

Аскерлер жана милиция кызматкерлери өзгөчө абалдын алынышына арналган жыйында, Жалал-Абад, 1-июнь
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Убактылуу өкмөттүн үч облустагы өкүлү Исмаил Исаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда өзгөчө абал жоюлганы менен элдин коопсуздугун облустагы тартип сакчылар көзөмөлдөөрүн билдирди.

Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков облуста кооптонбой жашоого негиз бар болгонун, тынчтыкты сактоого бийлик колдон келген аракетин жумшай турганын, ошол эле учурда облуста жашаган ар бир адам да коопсуздукту сактоого аракет кылышы керектигин айтты:

- Бүгүнкү кырдаалда 100 пайыз бардыгын сактайбыз деп айтуу кыйын. Себеби мурунку системаны каалагандар, кайра келебиз дегендер, аларга акча тараткандар арабызда бар. Элдин кооптонгону туура. Бирок ошого карабай элдин коопсуздугун сактап бергенге бүгүн биз колдон келген аракеттерди жасайбыз.

Жалал-Абад шаар тургуну Кубаныч аскерлер көчөлөрдү кыдырып, тынчтыкка абай салып турса элдин көңүлү ток болмоктугун айтып, өкмөттүк куралдуу күчтөрдүн облус борборунан кеткенин туура көргөн жок:

- Коменданттык саат маалда элдин көңүлү ток болчу. Рефрендумга чейин улайт экен деген сөз да жүргөн. Ушундай болсо жөнөкөй элге ишеничтүү болот экен, аскерлер жүрөт, демек биздин сакчылар бар экен деп коркунуч жок. Ичи ачышып калгандан чыгабы деген кооптоону адамдарда бар.

Кубанычтын пикирин облус тургуну Сабыр да кубаттады:

- Коменданттык сааттын мөөнөтү бүттү. Бирок карапайым элдин арасында мурдагыдай көзөмөл болбогондон кийин чыр-чатак, же коопсуз окуялар болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова коменданттык сааттын токтотулганына кубанганы менен элди тынчсызданткан жагдайларды да ортого салды. Анын баамында, облус калкты өз кызыкчылыгына пайдалануучу адамдар менен кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн арылган жок:

- Эмнегедир мен кооптонуп турам. Себеби бүгүнкү күндө кылмышкерлер өтө активдешкен. 14-май, 19-майда болгон окуялар элдин арасында бири-бирине билинбесе да карама-карышылыкты туудуруп койгон. Ошон үчүн үчүнчү, бешинчи күчтөр деген, Жалал-Абад облусунун элин өзүнүн максатында пайдалангысы келген саясатчылар, инсандар да аябай көбөйүп кетти. Элдердин бийликке анчалык ишеничи жок. Тынч уктап жактанга мүмкүн эмес. 

Өзгөчө абал киргизилгенден бери облустагы укук коргоочу “Адилеттик” уюмуна бир нече адам өз укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Уюмдун маалымат катчысы Абдымалик Шариповдун ырасташынча коменданттык саатты кур дегенде бир айга узарта турса болмок. Анткени Сузак районундагы Кызыл-Байрак айылынын тургундары менен Ноокен районундагы Бүргөндү кыштагынын жашоочуларынан ал аймактарда болуп жаткан мыйзамсыздыктар, зордук-зомбулуктар тууралуу кайрылуу түшкөн.

Коменданттык саат мезгилинде өкмөттүк күчтөрдүн жол тоскон өкүлдөрү кош бойлуу аялын төрөт үйүнө жеткирген адамдан да акча алышкан. Чыр-чатак чыгаар жайларды изилдеп, жаңжалга шыкак болгон адамдарды жазага тартпаса тынч жашоо мүмкүн эмес, дейт укук коргоочу Абдымалик Шарипов.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: кыргыз
04.06.2010 13:19
УО мучолорунун "ичи отуп" кетсе деле же катураак "осуруп" койсо деле Бакиевке шылтап коймой адаты элди тажатып ийди окшойт. Бакиевчи куч, учунчу анан бешинчи куч деп отура бербей жумушунарды кылсанар боло айланайындар! ич ара акча талашынарды да койгула. ал акча атанардан же ЭНЕНЕРден калган мурас болсо дагы!

кимден: Жалалабат
04.06.2010 13:03
кыргызмынга жооп: Келжирек создорду айта беруудон тажабадыкпы?! Бакиевчи лер деген дежурный создорду болду кылалы эми. Жалалабатта акчага сатылгандар кеткен Бакиевдер менен кошо же кысчу жерин кысып калышкан. 19-20 майда тоолук таза кандуу кыргыздар жыйналган болчу! ал жерде кеми 8000 эл чогулган. КТР 1500 деп айтты. абал тынч дегенге да кошула албайм элдин кыжырдануусу таркай элек! ГАИ лердин эле куну тууду! Комменданттык саат деп коюп элдин акчасын соруп жатышат куну деле туну деле. урматту УО Жалалабат элин кордобогулачы сураныч. эл менен эсептешип койгула. Элге кош мамиле эмне менен бутоорун озунор деле жакшы билесинер

кимден: Шерзод каяктан: Узген
03.06.2010 21:18
Бишкектик кыргызмын деган йигитга, Оллох рози булсин сендан,хакикатни гапирганинг учун рахмат

кимден: жылдызбек каяктан: жалалабат
03.06.2010 15:57
озбек тилин конституцияга киргизуу чон катачылык, бул кадам абалды дагы курчутушу мумкун.

кимден: кыргызмын каяктан: Бишкек
03.06.2010 14:00
Дж-абадда комендаттык саатты дагы 1 айга жок дегенде созуш керек болчу!!! Себеби тушунуктуу го озбектердин бул жерде эч куноосу жок, баарын тополон кылчууларды унутуп калдынарбы?? Бахыйевдер , - "кыргызстанды канга чомултом" деген создорун унутпагыла!!! жана анын айбан куйруктары- манкурттары анын акчасына сатылгандар баарын канга чомултуп бийликке кайтып келууго даяр!! Ошон учун сак болгула карапайым кыргыз калкым!!!

кимден: Рашид каяктан: Ош
03.06.2010 00:01
Кыргыз эли эч качан кечирбейт КюБатыровту! Кыйын болсо Озбекстанга барып бийлике суйлоп корсун! Кана ошондо эркек экендигин коробуз.Жон эле журбойбу? Жалал-Абадтыктар алга!

кимден: Эсен каяктан: Жалал-Абад
02.06.2010 19:24
Жалал-Абад шаары азыр тынч, эч кандай ар светофордун жанынан өзбектер тоспойт. Мындай сөздөрдү ушакчылар, чагымчылар таратып жатат.

кимден: кыргыз каяктан: Бишкек
02.06.2010 12:05
Жалал-Абадтыктар менен байланышсам айтышты:- Оз жерибизде кенен баса албай калдык деп. Ар бир сфетофор сайын озбектер курал менен тосушуп, текшерип жатышты дейт. Алар куралды мечитке сактайт экен жана Кыргызстанда жашаган ар бир озбекти куралдандырган дешти. Кудай сактасын 91 жылдагы Ош окуясы кайталанбасын. ВП сураныч убагында туура чечим кабыл алып коопсуздукту камсыздоо зарыл. Мен чон рахмат айтамын Азаттыктын жамаатына.

кимден: Афлатун каяктан: Бишкек
02.06.2010 11:58
Коменданттык саатты жайга чейин узартуу зарыл болчу негизи. тиги Батыров болсо Дубайдан туруп каалаганын жасай берет акча менен. Кыргызстанда 1 млн. озбек барда, а бул ото чон курал Батыровго, кааласа озбек автоном област кылып алат.
Кечее болсо КР Конститутциясын 3 тилде жарыялашты. Бул мен ойлойм эн чон ката, кыргыз жана орус тилинде жарыялаш керек болчу. Бул да болсо чон негиз акция жасаганга. Эмнеге ойлогон жок ушуну ВП КР.

кимден: ТУП каяктан: ТУП каркыра
02.06.2010 11:13
Колдуктор, озгочо туптуктор Исмаил абаны колдойт! Исмаил - КЫРГЫЗ жеринин алгачкы кыргыз президенти болот!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)