Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:05

Эл үнү

Жалал-Абад: турак-жай маселеси ойго салат

Жалал-Абад облусунда июндагы коогалаңда үйлөрү өрттөнгөн тургундар жаңы турак-жайды куруу иштеринин кечеңдегенине кабатыр болушууда. Турак-жайсыз адамдар курулуш башталбаганынан улам “күз-кыш айларында кайда жан сактайбыз” деп санааркашууда.

Кыш келгенге турак-жай маселеси чечилеби?
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Зарыл жабдууларды сатып алып, үйлөрдү тургузганга аларда каражат да, курулуш материалдары да жок. Жалал-Абад бийлиги имаратты куруу иштери Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын облуста өткөрүлгөн кеңешмесинде чечилгенин ырастоодо.

Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын облуста өткөрүлгөн жыйынында имараттарды кайра куруу маселеси талкууланды. Турак-жайларды тургузуу каражатын эл аралык уюмдар (35 пайыз) менен кыргыз өкмөтү (35 пайыз), жергиликтүү казына (20 пайыз) жана жабырлануучулар (10 пайызын) өздөрү көтөрөт. Бирок өкмөттөн каражат келе элек.

Жалал-Абад шаар башчысынын биринчи орун басары Алишер Ахмедовдун маалыматы боюнча азыр үй кураар жайлар текшерилип бүттү. Ушул тапта өрттөнгөн жайлар тазаланууда. Тазалоо ишине техника тартыш.

БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссариаты баштаган эл аралык төрт уюм имараттардын 50 чарчы метрине чейинки курулушун бүтүрүүнү чечкен. “Июндагы окуяларда имараттардын өрттөлгөнүнөн мүлк-байлыктарды кошпогондо шаар 250 миллион сомдон ашык зыян тартты, шаарда май-июнь айларындагы башаламандыкта 160 имарат толук өрттөнүп, 16 турак-жай 15 пайыздан 30 пайызга дейре керектен чыккан” дейт Алишер Ахмедов:

- Дирекциянын өкүлү барып атайын карап чыгыш керек. Ал жерде ар түрдүү фундамент бар. Техникалык документацияны даярдап башташат. Убакыт кетип атат. Ар бир үйгө биз бирден жыйынтык чыгарып бере турган болсок созулуп кетет. Ошон үчүн биз бардыгын бириктирип “курулуш баштасаңар болот” деп кат бердик.

Облус тургуну Халдарбай Салиев үстүнө жыйылган чөптөрү менен күйүп кеткен малканасын ким өрттөгөнүн билбейт. Абалынан кабар алган бийлик өкүлдорү берер жардамы тууралуу ага ооз ачкан эмес:

- Түндө уктап аткан элек, ойгонсок жарылып атыптыр. 250 пресс чөп, 100дөй шыйпыр, жыгачтар бар болчу. 17 метрдей жер күйдү. Келип көрүп кетишти, бирок жардам беребиз деп эч кимиси айткан жок.

Өкмөттүн жабырлануучуларга зарыл каражатты берүүнү кечеңдеткен себеби түшүнүксүз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы өкүлү Садыкжан Хаджиматов курулушка ыңгайлуу убакыттын өтүп баратканына, турак-жайсыз адамдар мамлекеттин колдоосу тууралуу маалымдалбаганына бушайман. “Кайрымдуулук жардамы чеке жылытпагандай эле бийлик ээлери үйү өрттөнгөндөрдөн кабар албайт. Табият кырсыгынан жапа чеккендерге мурда таркатылып келгендей, каражаттарды бөлүп берсе, адамдар баш калкасын өздөрү тургузуп алмак” деп сунуш кылды Садыкжан Хаджиматов:

- Үйлөрдү көрүп келдик. Адамдар өздөрү бир нерсе кылып атышат. Акчаны бериш керек элге, бөлүп-бөлүп, биринчилерге бериш керек.

Жалал-Абад шаар тургуну Этибар Камилжанованын үйү өрттөнгөндө көпчүлүк жабырлануучулардай үстүндөгү көйнөгүнөн башка эч буюм-мүлкү калган эмес. Тамак-ашка да каражаты жок, берилген азык-түлүккө ичи чыкпаган аял үйсүз калгандарды кыш камы бөтөнчө көйгөйгө саларын айтты:

- Кандай жашоо шарт болот? Эми биздин үйлөрүбүздү тургузуп берсин.

Анын тагдырлашы Монусхан Абдумажидова өзү чатырда, бала-чакасы чарпая жерде күн өткөрүп, курулуш материалын алайын десе каражаты жок, курула турган үйгө ажыратылган короосундагы жерге үмүттүү тиктеп турарын айтты:

- Жашаганга эч нерсе жок, азыр чатырларда жашап атабыз. Келип жардам беребиз деп атышат, көрүп кетишүүдө. Эки кожолук үйлөр толугу менен күйүп кетти. Баары тең чатырчаларда, же туугандарыныкына барып жашап атышат.

Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция өткөн айлардагы тополоңдо Жалал-Абад облусунда жети жүздөй имарат өрттөлүп, анын 424ү кайра курула турганын жана курулуш иштери жакынкы күндөрдө башталарын 30-июлда билдирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Акылбек каяктан: Бишкек
03.08.2010 16:58
Урматтуу туугандар мен сиздердин шартынарды абдан жакшы билем.Айла жок чыдаш керек.Бир акмактардын жазаган тополонунун негизинде карапайым калкыбыз запкы чегип отурат.Эгерде Бакиевдин туугандары жана аны жактаган ач-көздөр бийликете болбогондо мындай кыйынчылыкта, өртөнүп, өлүп азапты тартпайт элек.Ошондой болсо да бүгүнкү бийликти күнөөлөп, айтканыңарды аткарбасаңар пикетке чыгабыз, бишкеке жөө жүрүш кылабыз деген пикирден алыс болуш керек.Ал ойду запкы чегип жаткан жарандар айтып жатат деген ойдон алысмын.Аларды дагы да болсо элдин ынтымагын бузуу максатында аракет жазап жаткан бузукулардын аракети деп түшүнөм.Президентибиз элдин муктаж болгон маселесин чечүүгө колдон келген аракетин кошуна мамлекеттерге кайрылып жардам сурап жатат.Ал эми өзүбүздүн казынабыздан алып жардам берүүгө шарт жок болуп жатканы баарыбызга маалым.Казынада болгон кыргыз элинин ак мээнети менен чогулган каражатты Бакиевчилер тоноп кетпедиби.Элдин ырыскысын талап тоногон адамдардын урук туугандары, бүгүнкү күндө кыргыз эли кандай ыйлап боздоп турса, алар да ыйлап боздоп калышсын.Ошондуктан кыргызстандын жарандары сиздерди ызгар суукта талага таштабайт, силер элиңерде, жериңерде жашап жатасыңар.Биз силерд ачык асмандын алдында суукта калтырбайбыз.Ар бир үйгө бирден киргизсек да жашап кетебиз.Мамлекет бүгүнкү кыйын ахвалда турганда доо арта бербейлии, туура түшүнөлү туугандар.Эгерде бузукулардын айтканына макул бол турган болсок мамлекет жеттекчилерине доо арта берсек, жаңы бийликти кулатып алсак кыргыз элинин башына карангы түн түшүп башка бир мамлекеттин кол астында көз каранды кул болуп калышынан сактанышыбыз керек.Элдин атына жамынып демократия деп койуп НПОлор, саясатчылар элдин ыркын бузган, өздөрүнүн кара курсагын ойлогондорго ишенбейли.Турмуш өзү көрсөткөндөй Бакиевчилердин кылыгын ойлосонор болот,Чет элде чардап жашап жатышат.Ал эми карапайым элибиз күнөөнү бири, бирибизден издеп акырында эки тууган Кыргыз, Өзубек болуп арыздашып жатып калдык.Урматтуу кыргызстанда жашаган жарандар баарыбыз бир тууган элбиз, балдарыңардын келечегин ойлосок, ынтымакта болуп, мурункудай жашайлы.Ар кандай имиш имишдерге ишенбегиле.Клечекте күлдөп өсүп, жадыраган жаз күнүндөй бейпилчиликте, жакшылыкта жашаарыбыздан үмүт үзбөйлү кыргызстанда жашаган бир туугандарым.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу